п»ї

Маршрутка менен жүргөн жана байлыкка умтулбаган Султан Каримов
Өзү уйгур болсо да, кыргызча түш жоруган ырчы мырза Султан Каримовду кепке тартып, анын үй-бүлөсү, чыгармачылыгы жөнүндө кеп козгодук.

- Султан байке, чачыңызды дагы деле өстүрүп жүрүптүрсүз го. Жаш кезиңиздеги имиджиңизди өзгөрткүңүз келбей жатабы?
- Чачымды өмүр бою узун алып жүрөм. 1974-жылдан бери ушул чач жасалга менен эле жүрөм. Ар бир адам өзүн күзгүдөн көрүп, эмне жарашат, эмне жарашпасын билиш керек. Мен атайын бирөөнү туураган эмесмин. Менден кийин Леонтьев чыкса, "Султан Каримов Валерий Леонтьевди туурап жүрөт", - деп чыгышты. Мен ага чейин эле ушундай алып жүргөм. Валерий мени туураса керек. (Күлдү)
- Чачыңызды химияга бересизби, же өзү эле ушундай тармалбы?
- Химияга да берем, түз да алып жүрөм. Кызым мага жарашкандай кылып чачымды жасап берип турат. А өзүмдүн чачым тармал.
- Балдарыңыз өз-өзүнчө үй-бүлө күтүп, очор-бачар болуп калышса керек. Алар эмне менен алек?
- Алар окуудагысы окууда, жумуштагысы жумушта. Ар бири өзүнүн иши менен жүрөт. Өз-өзүнчө толук кетишкен жок.
- Келинчегиңиз Мухабад эже өзбек кызы, сиз уйгур уулу дегендей, үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
- Мухабаддын атасы уйгур, бирок паспортуна өзбек деп жазып коюшкан. Менин биринчи паспортумда да кыргыз, кийин паспорт алмаштырганда уйгур деп жазып коюшкан. Андан кийин дагы алмаштырсак, өзбек деп жазып коюшту. Ошентип отуруп, акыры уйгур деп жазылып калды. Акырында кыргыз боюнча эле калтырып койбойбу дедим. Балким, эч ким тийишпей калат болчу.
- Сизге ким тийишип жүрөт?
- Былтыркы Ош окуясынан кийин кээ бирлер тийишкендей болуп атышпайбы. Эми аларга өзбеги деле, уйгуру деле бирдей көрүнүп атса керек. Башка уйгурлар Кыргызстанга чет жактан келген болсо, менин жети атам ушул жерде төрөлүп-өскөн. Каракол, Жети-Өгүздүн уул-кыздары болгон. Кийин өзүмдүн атам-апам экөө тең Жети-Өгүзгө коюлду. Кыргызстан эл ассамблеясында 25 жылдан бери катышып келе жатам. Ал жактан уйгур диаспорасына да кошулуп, жалгыз гана уйгур диаспорасына эмес, жалпы ассамблеяга катышып келе жатам.
- Уйгурча билесизби?
- Ооба, уйгурча эркин эле сүйлөйм. Айылда өскөндүктөн уйгур тилин билчү эмесмин. Бул жакка келип, ассамблеянын атынан катышканда, уйгурча да ырдаш керек дегенинен уйгурча үйрөнүп, ырдай баштадык. Бирок, кыргыз тилинде кенен ой жүгүртөм.
- Үйдө кыргыздын салтын кармайсыздарбы, же өзбек менен уйгурдукунбу?
- Негизи, биз "интернационал" үй-бүлөбүз. Туугандардын арасында ар улуттун өкүлдөрү бар. Кыргыз, өзбек, казак, поляк, орус, украин, уйгуру да бар. Уйгурлар менен катташсак, уйгурча тособуз, өзбектерди өзбекче, кыргыздар келсе кыргызча узатабыз. Бирок, мусулманчылыкты карманабыз.
- Былтыркы шайлоодо "Ата Мекен" аттуу ырыңыз "Ата Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы гимни болуп жүрдү эле. Өмүрбек Чиркешович өзү суранды беле?
- Былтыр "Ата Мекен" партиясы ал ырымды гимн катары ырдап жүрүштү. Үгүт-насаат иштеринде чыгармачыл топтор менен ырдап жүрдүк. Жалгыз гана мен эмес, мен "жылдыз" дегендин баары биз менен чогуу жүрдү. "Ата Мекен" партиясы ырдын авторунан сураптыр, а мени чакырып калышты.
- Быйыл кайсы талапкерге ырдап берейин деп атасыз? Өмүрбек Текебаев да талапкерлигин койбодубу, же а кишиге эле ырдайсызбы?
- Билбейм, азырынча эч ким чакыра элек.
- Убагында сизди сызга отургузуп, акча алып, чет өлкөгө качып кеткен досторуңуз Кыргызстанга келип карызын төлөштүбү?
- Жок, ошол боюнча келишкен жок. Көрсө, мени гана эмес, көптөгөн адамдарды сызга отургузуп кетишиптир. Ошол боюнча дайын да жок, аларга алып берген акчанын процентин төлөп жүрүп, акыр аягы толук кутулгандай болдум окшойт.
- Аш-тойдун убагы башталып калбадыбы, тойго "ставкаңыз" канча?
- Мен көп ырчылардай болуп "потолок" теппейм. Кудай берген нерсени, кайра эле өзү алып коёт. Ар бир нерсени өзүнүн өлчөмү менен пайдаланышыбыз керек. А мен "гибкиймин". Байыраак болсо өзүмдүн баамды айтам, алар өз баасын айтат, ошентип ортодон бир баа чыгат. А бирок, биздин жаңы чыккан ырчыларга окшоп 2 ырга миң доллар албайм. Учурунда биз өкмөткө ырдап жүрдүк. Жетекчилерибиз бизди тойго чыгарчу эмес. Кийин байкасак, концертке келбей калып планды толтура албай калабыз деп тойлорго чыгарчу эмес экен. А азыр болсо, өздөрүнүн баасын өздөрү бычып калышпадыбы.
- Өмүр бою өкмөткө иштеп келдиңиз, эмне үчүн азыркыга чейин Эл артисти наамын ала элексиз?
- Менин иштегениме 37 жыл болду. 27 жыл иштегенимде Эмгек сиңирген артист наамын алдым. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов, Казат Акматович Акматовдор мени азыркы "Ак-Кеме" мейманканасында Ч. Төрөкуловичтин "Да" деген журналынын презентациясы болуп, ошол жерге ырдап бер деп чакырып калышты. Барсам эле мени алып баруучу кылып коюшту. Журналын таратып жатканда:"Кол коюп бериңизчи?"-десем Ч.Төрөкулович: "Биздин Эмгек сиңирген артистибиз", -деп көптөгөн элчиликтердин алдында айтып салды. Анан мен:"Жок, агай, кечиресиз, мен али Эмгек сиңирген артистин ала элекмин, бирок көптөгөн эл аралык конкурстарга катышып келгем", - десем, "Кандайча, мен кичинекейиңден бери ырдаганыңды билем го, биздин биринчи курам менен жүрчү эмес белең?" - деп калды. Андан бир жыл өтпөй эле Маданият министрлигине чакырып калышты. Ошондо эмгек сиңирген артисти наамын Гүлнур Сатылганова мени менен чогуу алган. Ч.Төрөкуловичтин журналынын бет ачарына катышпай калсам, мүмкүн, ал наамды да албай калмакмын. 2006-жылы Эл артисти наамына документтерди тапшыргам. Анан улам эле чийип салып атып, акыры Ардак грамотасын берип коюшту.
- Ошончо жылдан бери өкмөткө иштеп келесиз дагы, маршруткада жүрөсүз, машина алганга акчаңыз жокпу, же айдагандан коркосузбу?
- Жалдагы кабат үйлөрдүн биринде, эки бөлмөлүү батиримде жашайм. Эки уул, бир кызым, неберелерим менен чогуу турам. Маршруткада жүргөндөн болсо тартынбайм. Кээ бир жаштар таанып эле тура калышат. А кээ бирлери мостоюп отура беришет. Машинам бар болчу. Анан ушул жылдын май айында кырсыктап калдым.Буюрса жакында маниша алганы жатам.
- "Кайсы бир концерттен чыккандан кийин А. Иманалиеванын машинасында кетип баратып урушуп кетип, Султандын мурдун кан жалатып сабаган", - деген имиштердин чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак?
- Бир чыр болуп кеткен. 2005-жылдары белгилүү бир депутат концерт берип, концерттен кийин чай ичип отурганда мага сөз берип калды. Ошондо Айчүрөк: "Султан байке, сиз кимсиз?" -деп калды. "Мен Султан Каримовмун",- дедим. "Жок, сиз өзүңүздү ким деп ойлойсуз, мисалы, мен таза кыргызмын", - деди. "Казат Акматович айткандай, мен уйгур элинин кыргыз уулумун деп жүрөм. Сен азаматсың, бирок кыргыз элине сенден кем эмес кызмат кылып келе жатам",- дедим. Ошол учурда улуу депутатыбыз өзүн ыңгайсыз сезип калды. Анан эле эшиктен күйөөсү Таалай келип отуруп калса, ага да сөз берип калды. Ошондо Таалай орусча тост айта баштаганда мен да жөн турбай: "Мына, кыргыз элинин орус уулу сүйлөп атат",-деп калсам эле, Айчүрөк: "Вы болтаете то что не надо",-деп жаны кашайып калды. Чыккандан кийин машинага отурдук. Анан сөздөн-сөз чыгып отуруп, бурулуп айтып калдым: "Ай, Айчүрөк, элдин арасында эмнеге андай сөздөрдү сүйлөйсүң?!"- десем эле айкырып кирди. Мурда чырга жакын деп угуп жүрчүмүн. Бирок, карындашыма кылгандай мамиле кылчумун. "Мүмкүн, мен сенден көбүрөөк кызмат кылгамын"-десем, "Уйгуруңа кетпейсиңби анда",- деди. Ошондо: "Бул сенин жериң эмес, кудайдын жери, жер жарылса сенин кайсы улут экениңди сурап койбойт",- дедим. "Сенин машинаң жок, андай-мындай, керек болсо сенин жашыңа келгенде мен Эл артистин алам", - деп кирди. Мен:"Бербесе да ыраазымын",- дедим. Жүк ташыган бир баласы биз менен машинада отурган. Анан Айчүрөк мени жаакка чабайын деп келатканда, колун кайрый кармасам эле, "колум-колум" деп калса, тиги баласы мени көзгө бир коюп калды. Анан машинанын ичиндегилер арачалап калышты. Бирге иштеген балдарынын баары эле эмне үчүн бат эле кетип калат деп жүрчүмүн. Көрсө, анын кыялына чыдабай кетип калышчу тура деп ойлонуп калдым.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??