п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Чимириле бийлеген бийчилер

"Башында 14 бала
менен топту түзгөм"
Ырчыларыбыздын гана көркүн ачпастан, кыргыз элибиздин намысын коргоп көптөгөн чет мамлекеттерди кыдырып, ал гана эмес борбор калаабызда өтүп турган чоң-чоң концерттерди шаңга бөлөгөн "Рахат" бий театрынын жетекчиси маданияттын мыкты кызматкери Асанов Камчыбек Жумакадырович бизде конокто.


"Дудук кыздарым көптөгөн гран-прилерди жеңип келет"
"Рахат" бий театры 1996-жылы "Сейтек" балдар борборунун жардамы менен ачылган. Ал убакта өзүм "Ак марал" бий ансамблинде бийлечүмүн. Ага кошумча бош убактымда балдарга сабак берейин деп башында 14 бала менен бул топту ачкам. Алар менен 9 жыл чогуу иштешип, өзүнчө "Рахат" бий театры болуп бөлүнүп кеттик. Жыл сайын 100дөн кошулуп отуруп учурда окуучуларымдын саны 300гө жетти. Булардан тышкары № 21 мектеп-интернатындагы дудук кыздар менен 5 жылдан бери иштешип жатабыз. Алар такай майыптардын конкурстарына катышып, Гран-прини алып келе жатышат. Жаңы ачылганда жалаң элдик бийлерди бийлесек, азыр чет элдик бийлерди дагы камтып жатабыз. Биз 4 жаштан баштап балдарды кабыл алып, 25 жашка чейинкилер гана сахнага чыгып бийлешет. Андан жогорулары арыктайбыз деп өзүлөрү үчүн келип үйрөнүшөт. Ушул убакка чейин 5 жолу бүтүрүүчү кыздарды узаттым. Кыздарым бийлеп, татынакай болуп жүрүшкөндүктөн, баары тең бүтөрү менен турмушка чыгып кетишет. Учурда 10 күйөө балам бар экен. Мындан тышкары, бий театры болгондуктан, бий жагынан 2 спектакль койдук жана С. Раевдин атынан "Элдик театр" деген наам алдык. Бул биздин эң бийик жетишкендигибиз деп эсептейм.

"90 миң сом беришти"
Бизге 15 жылдан бери эч ким жардам берген эмес. Көбүнчөсү ата-энелердин жардамы менен эле башка чет жактарга чыгып жүрөбүз. Тойлорго барып бийлейбиз. Мисалы, бир бийди баланын санына жараша 1500 сомдон 2500 сомго чейин бийлейбиз. Түшкөн акчаларга формаларыбызды жаңыртып тигип турабыз. Быйыл эле 15 жылдыгыбызга карата парламенттен 90 миң сом чогултуп, имаратыбыздын арендасын бекер кылып беришти. Ал үчүн ыраазычылык билдирем.

"Эски бийди алып чыгам"
Менин эң биринчи максатым-кыргыз бийин өнүктүрүп, өөрчүтүү. Жалгыз өзүм көп иш алып бара албасам дагы, болушунча кыргыз бийин элге таанылтайын деген оюм бар. Андан тышкары, бир жаңы бийдин үстүндө иштеп жатам. Мурда унутулуп калган "Тай жор" деген кыздар сынып бийлеген бий бар да. Муну казактар алып кетип калышкан.Биз дагы алардан калбай элге алып чыгыш керек болуп жатат.

"Кыздардын чачтарын кыркууга тыюу салам"
Бизде тартип аябай күчтүү. Анткени, кыздарды катуу кармабасаң чар жайыт болуп кетет. Мисалы, эстрадалык бийлерди бийлеген кыздар менен элдик бийлерди бийлеген кыздардын айырмасы өтө чоң. Эстрадалык бийди бийлеген кыздар өзүлөрүн заманбап алып жүрүшөт. Ал эми элдик бийлерди бийлеген кыздар чачтарын тыкан өрүп, белдери ичке, созулуп жүрүшөт да. Алардын түшүнүгү дагы башкача болуп калат экен. Эң башкы тартибибиз келгенден баштап чачын кыркпай, окууну калтырбаш керек. Бизге көбүнчөсү биринчи класста киришет дагы, 11-классты бүткүчө биз менен бийлешет. Ошондуктан, бул жак экинчи үй-бүлөсү болуп калат десем болот. Учурда 18 кыз улуу топто бийлешет. Аларды дагы бир катуу тартип менен кармайм. Эгерде сабакты көп калтырса, бийден алып салсам эле, өзүлөрү түзөлүшөт. Булардын эң корккону-бийден алынып калуу. Дагы бир жери сахнада биринчи катарга туруп бийлөө үчүн көп аракет кылышат. Эгерде жакшы бийлеп аракет кылышса жана сабакты калтырышпаса, биринчи катарга чыгарам.

"Эки кызым Филиппин өлкөсүндө бийлейт"
Алдыга суурулуп чыккан кыздарым бар. Мисалы, "Береке" бий ансамблинин жетекчиси Айнура-менин биринчи бүтүрүүчүм. Азыр көп артисттердин артынан бийлешип жүрүшөт. Дагы көп кыздарым "Ак марал" бий тобуна кетишкен. Эки кызым Филиппин өлкөсүнүн театрында, Москвада, бий жагынан иштешет. Ал эми калгандары ушул жакта эле чакан бий топторун ачып, жаңыдан иштеп жатышат. Алар өзүмдөн чыккандан кийин кийимдерин тигип берип, жардам берип турам. Башында бардык эле кыздарым мага мугалим болуп беришет. Тажрыйба топтогондон кийин башка топ ачууга жардам берем. Мен ага каршы эмесмин, анткени, кыргыз бийи чоңоюп, өнүгүш керек.

"Ошко бий театрын ачсам деп жүрөм"
Таласта "Көктөм"деген бий ансамбли бар. Ошолорго бийди жылына эки жолу барып үйрөтүп келем. Алар дагы фестивалдарда алтын медаль алып жүрүшөт. Андан тышкары, былтыр Ошко барып, бий тобун ачайын деп жаткам. Анткени, фестивалдарга барып, кыргыз бийине өзбек бийин аралаштырып салышканын көрүп эле жүрөм. Ошондуктан, ал жакка ачып, бир аз түздөйүн деген оюм бар болчу. Бирок баарын даярдагандан кийин төңкөрүш чыгып кетти. Азырынча ал оюм токтоп турат.

"Кичинекей балдар менен ар бир күн кызык"
Менде кичинекей балдар көп болгондуктан, алар менен ар бир күнүң кызык да. Бир окуя эсиме түшүп кетти. Сахнага чыгарда кыздардын чачтары бирдей өрүлүп, тегиз болуш керек да. Кээ бир кыздардыкы кыскараак болсо, кийме чач кошчубуз. Анан бир жолу сахнада бийлеп жатсак, бир кызыбыздын чачы ыргып кетип жатпайбы. Көрүп олтурган балдар "оо, фонограмма" деп кыйкырып жатышат. Негизи, бийчилерге фонограмма колдонгонго уруксат. Анткени, дайыма жаныбызга оркестрларды алып жүрө албайбыз да. Угуп алып аябай күлгөнбүз.

"Костюмдарды өзүм тигем"
Кийимдерди өзүбүз тигебиз. Башында кийимдерди сатып алуу кымбат болгондуктан, жумасына 3 жолу кийим тиккен кружокко жазылып алгам. Өзүм дагы сүрөт тартчумун. 3 айдын ичинде кийим тиккенди үйрөнүп, өзүм үлгүсүн чийип тиге баштагам. Эң биринчи сахнага кийип чыккан кийимдерибизди дагы өзүм отуруп тиккем. Өзүбүздөн тышкары, Алматыдан заказдарды кабыл алып, тигип беребиз. Азыркы убакта тигүү цехин ачып, кыргыздын оюмдары түшүрүлгөн кыргыз көйнөктөрүн тигип, башкаларга таратууну пландап жатам.


Келсин Мурадил кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??