п»ї

Келдибек Ниязов:
"Бир орус итин көлгө киринтип атыптыр"
Куйкум сөздүн чебери, куудул Келдибек Ниязов менен ат жалында интервью.
- Келдибей агай, жай да бүтүп баратат, кайсы жерлерге барып эс алганга жетиштиңиз?
- Куда-сөөктөрүмдүн баары Алматыда. Алар чакырганынан Алматыга барып келдим. Ал жактан келип, Ысык-Көлдүн Сары-Ой деген айылындагы "Жеңиш" деген пансионатында байбичем, неберем болуп эс алдык. Баары ойдогудай экен. Бассейни да, ваннасы да бар экен. Жер астынан чыккан суусу муундарга, аялдарга абдан пайдалуу экен. Токмоктук дунган туугандар көлгө эмес, ошол суу үчүн барышат экен. Бир ок менен эки коёнду атышат экен. Көлгө түшүп, кайра келип ванна алышат экен. Көлгө түшүп атсак эле, бир орус жигит итин салып кирди. Анан Алтынбек деген куткаруучу бала бар экен. Ал барып айтса, киши катары укпай койду. Кубан деген олбурлуу жигит барып: "Эй, эмне минтип атасың, акмак?! Бул жерде адамдар түшүп атат, балдар түшүп атат"- десе,ал:"Билгениңди кылып ал, мен органдын кишисимин", - деп тирешип калышты. Тарагандан кийин астын тосуп "рахмат" десем, "Көрдүңүзбү, аксакал, балдар түшүп атса, итин салып атат. Анан бирдеме болсо эле жергиликтүү эл күнөөлүү болуп жатып калабыз. Бул да эч нерсе эмес, жакында эле бир казак жигит көлгө заара кылып, "Эй, акмак, дааратканага жетпей калдыңбы?"- десе, "Бүгүн көлүңө, эртең сенин башыңа ушатам",- дептир. Анан мушташып кетип, тигини кыргыз балдар өлтүрүп коё жаздаптыр. Чоңдун баласы экен, тигил жактан кийлигишип атып эч жакка жазылбай калган дейт. Дунгандар кетип атканда бөтөлкө жыйнап жүрүшүптүр. Менде көп болчу, берип атып, "муну эмне кыласыңар?" десем, суу толтуруп кетебиз дешти. Көрсө, ал суу беттеги безеткилерди күүп түшөт экен. Көлдөн келип, Жумгалга Куйручуктун тоюна кеттим.
- Куйручук демекчи, тойдо калыстар тобунда отурдуңуз эле, сиздин баамыңызда той кандай өттү?
- Той укмуш деңгээлде өттү. Эсил кайран СССРдин убагында Суусамырда, Аксыда, Ак-Сай, Арпада малчыларда ушундай укмуш тойлор болчу. Өкмөттөн бир тыйын албай, Жумгал районунан чыккан кыйын азаматтар он машина коюшту. Президент да барып ыраазы болуп келди. Көп эле тойлордо калыс болуп катышып жүрчү элем. Бу саам да маданий бөлүмдү Тенти Мураталиев башкарып, 3 сахна орнотуп, ортоңку чоң сахнада куудулдардын конкурсу, бир четинде манасчылар, бир четинде төкмө акындар, бир жагында сулуулар конкурсу өтүп жатты. Мен куудулдар конкурсунда болдум. Какеев Аскар, Тенти Мураталиевич, мен, Жамбыл, анан Нарындын куудулу Замирбек калыстар тобунда отурдук. Күмөндөр жеңип, машинелүү болду.
- Тойдо тополоң болот эмеспи, тополоңго кабылган жоксузбу?
- Кайсы иш болбосун жакшы жана жаман жагы болот эмеспи. Тополоңдон кудай сактасын, бирок тойдо да туура эмес иштер болуп атты. Жигиттер келип: "Куйручук атанын тоюн биз берип атабыз, ошондуктан, баш байгени Борончуга эле берип койгула", - деп атышты. Анан биз: "Конкурс деп жазылса, калыстар тобу деп бизди алып келсеңер, анда бизди келтирбей эле ошол жактан эле берчүңөрдү берип койбойсуңарбы?" - деп кыжы-кужу менен барып, анан алардын арасынан, калыстар тобу кандай чечсе, ошондой болот деп барып аягында Күмөндөр баш байгеге ээ болду. "20 жылдан бери Борончу Куйручуктун атын өчүрбөй келатат", - дешти. Мунусу кичине туура эмес болуп калды. 90-жылдары филармониянын астында биз "Куйручук" театрын түзгөнбүз. Анан ошого мен жетекчи болдум.1994-жылы Шаршенов каза болгуча "Куйручук" театры болуп жүрүп, кийин Борончу "Куйручук" тобу деп уюштуруп кеткен.
- Куудулдар бири-бириңиздерди мыкты билет эмессиздерби. Куйручук атанын куудулдугу гана эмес, боло турган нерсени алдын ала айткан олуялыгы да болгон дешет.
Куйручук атабыздын бир жагы күлкү жанрына жакындаса, экинчи жагы бул кишиге шыбага, таланттын баарын берген экен. Бу киши төкмө акын, манасчы болгон, эңишке түшкөн, күрөшкө чыккан, куудулдук, пародист да болгон, кемпирлердин, баланын ыйлаганын, кыз-келиндердин күлгөнүн туураган. Эң негизгиси, бу киши олуя болгон экен. Астын көрө билген Ванга сыяктуу болгон. Куйручукту убагында баалабай, барк албай калган экенбиз. 1940-жылы эле каза болгон да. Согуштун чыгарын дагы беш жыл мурун айткан экен. "Батышта бир алаамат болот дагы, жаш азаматтарыбыз кетип, көбү кайтпай калат", - дептир. Өзү каалаган адамга бата берчү экен дагы, анын батасы төп келчү экен. Анан кызыгы бата бергенден кийин өзү каалаган нерсени алчу экен. Коюңдун арасында 3 жыл туу калган боз кой бар, ошону алам, же жылкыңдын арасында тай, жылкың бар, ошону алам дечү экен.


Төлөбүбү
Касымалиева




  Ыр маек

Айпери Кулбаева:
"6 жашыман мектепте "Манас",
дастан айтып жүргөм"
Учурда жеңил-желпи ырлар көбөйүп кетпедиби. Бирок, алардын арасында салмактуу ырларды ырдаган жаш кыздарыбыз да бар. Репертуарында жалаң гана салмактуу ырлар өкүм сүргөн ырчы кызыбыз Айпери Кулбаева бизде конокто.
- Айпери, сынактарга катышып байгелүү болуп атканыңды эле угуп калабыз, деги жайында эс алдыңбы?
- Бул жайда чыгармачылыгымда бир топ өзгөрүүлөр болду десем болот. Жайдын көбү эле ар кандай сынактар менен коштолуп, сыйлыктарга ээ болдум. 14-15-июнда Ош шаарынын мэри патриоттук ырлар боюнча республикалык конкурс жарыялап, Бурул Стамкулованын "Эгемен элде салтанат" аттуу ырын аткарып 3-орунга ээ болуп, 50 000 миң сыйлык утуп алдым. 8-9-июль күнү Ош облустук администрациясы тарабынан уюштурулган Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына арналган ырларынын конкурсу болду. "Махабат жөнүндө баллада" деген романсы менен экинчи орунга ээ болуп, 20 000 сом сыйлык алдым. Кудай буюрса, сентябрда да Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына карата республикалык конкурска жолдомо алып, ага даярданып атам. Бурул Стамкулованын "Адамзат", Рыспай Абдыкадыровдун "Биз экөөбүз" аттуу ырларына клип тарттырып бүттүм. Эс алуу тууралуу айтсам, керемет көлдөн келгениме бир жума эле болду.
- Ырларыңдын көбү салмактуу эмеспи, ырдап атып үнүң жетпей, тамагың буулуп калбайбы?
- Жок, үнүм бүтүп деле калбайт. Мен ырды тандаганда, биринчи учурда ырдын сөзүнүн мааниси менен обонунун шайкештигине карайм. Ошондуктан, мен үчүн жеңил эле. Эски, кыргыз жыттанган ырларды жакшы көрүп, аракет кылып, эмгектенип ырдайм. Репертуарымдын 90-95 пайызы-салмактуу кыргыз ырлары. Азыркы акындар менен иштешпейм, жаш обончулардан Алишер Тоотаевдин 2-3 ырын ырдап жүрөм. Репертуарымды, негизинен, үчкө бөлөм: эстрада, комуз жана аккордеон, эстрада-фольклордук. 80 ырдын тегерегинде ырым бар. Аккордеондун коштоосундагы 22 ырым камтылган жыйнак чыкты.
- Эмне үчүн Бишкекте болгон концерттерден көп көрүнбөйсүң?
- Мен ОшМУда окутуучу болуп иштейм. Андан сырткары, театрда актриса болуп эмгектенем. Түштүктүн эли ЭлТРди көп көргөндүктөн, мен ал каналдан чыгып турам, мени таанышат. Жумушуман да бошой албай калып көп жерге бара албай атам. Азыр аспирантурада да окугандыктан, өзүмдүн иштерим менен да көбүрөөк алек болуп калып атам. Мени чакырышса келмекмин, бирок азырынча андай официалдуу чакыруулар боло элек.
- Ушунун баарына кантип жетишем деп атып, жеке жашооң көмүскөдө калган жокпу?
- Жеке турмушка убактым жок. Азыр карап турсак улуттук колоритке көбүрөөк басым жасалып атканы туюлуп жатат. Мурдагы жеңил-желпи ырлар көп ырдалбай, эски ырларды жаңылап жатышат. Бара-бара бардыгы комузга, улуттук аспаптарга кайрылышат. Өзүмдүн үнүм элдик үн болгон үчүн эстрадалык-фольклордук стилди тандагам.

Сайра Сопушева




  жылдыз төлгө

23-августтан
30-августка чейин
Кой. Бул аптада татаал кырдаалдарга туш болушуңуз мүмкүн. Ошондуктан, ар бир кыйындыкты жеңе билиңиз. Бирок аптанын аягында бардык иштериңиз сиз каалагандан дагы кызыктуу болорун жылдыздар эскертишет.
Букачар. Аптанын башында күтүлбөгөн жакшы жана жаман кабарларды угасыз. Ага сиздин ашыкча эс алып койгонуңуз себеп болот. Бирок сиз бардык иштериңизди жакшы жакка бурганга күчүңүз жетет.Андан тышкары, сизден кесиптештериңиз бир гана жардам күтүшөт.
Эгиздер. Бул апта сизге бардык жагынан ийгиликтүү болот. Сизде көптөн бери ойгонбогон идеялар пайда болуп, аны ишке ашырууга болгон күчүңүздү жумшайсыз. Ал эми жеке жашооңуз тынч, өз нугу менен кете берет.
Бөйөн. Бул жума өзүңүздүн эмоцияларыңыз менен сезимдериңизди талдап чыгууга ыңгайлуу. Аны жакын адамдарыңыздын көмөгү жок иликтеп чыгыңыз. Анткени, башка адамдардын кеңеши сизди жаман жолго алып барып, же ийгиликтүү жолдон адаштырышы мүмкүн.
Арстан. Финансы жагынан көп суммадагы акча коротуп, бир аз маанайыңыз чөгүшү мүмкүн. Ага кейибей, ден соолугуңузга кам көрүңүз. Андыктан, эс алып келүүгө убакыт келди. Жакын адамдарыңыздын коштоосунда болсо, бул эс алууңуз мындан дагы жакшы, кызыктуу өтөрүн жылдыздар эскертишет.
Бийкеч. Өз каалаган ишиңизди аткара албай, сиз каалабаган иштер кыйнап аткарууга мажбур кылат. Бул иштин аягы сиз каалагандай болбосо дагы, башка пландарыңызды ишке ашыра бериңиз.Анткени, ар бир аткарган ишиңиздин жыйынтыгын эмки жумада ийгиликтүү аласыз. Сүйүктүүңүз менен тоо коюнунда эс алууну унутпаңыз.
Тараза. Апта башында жакын адамдарыңыз менен таарынышып кетишиңиз мүмкүн. Бирок ал үчүн кайгырбай, тескерисинче, аларга күтүлбөгөн белектерди берип кубантыңыз. Ага кошумча сүйүү жаатында дагы таанышуулар болот. Аны кармап калуу сиздин колуңузда.
Чаян. Бул жумада көп элдин көңүл борборунда болуп, активдүү иш алып баруудан жана куру сөз айтып ишендирүүдөн алыс болуңуз. Ага бош убактыңызды коротуп, кийинки жумада кайгырганча, кесиптештериңиздин кандай иш алып барып жатышканын иликтеп чыгыңыз. Анткени, бул сизге кийинки жумада ийгилик алып келет.
Жаачы. Материалдык жактан ийгилик сиз тарапта болот. Андан тышкары, көптөгөн идеяларды ойлоп таап ишке ашыра берсеңиз болот. Бирок ал идеялардын ичинен эң жакшысын тандап алыңыз. Анткени, ар бир идеянын жаман жана жакшы жагы бар экенин унутпаңыз.
Текечер. Ааламга болгон көз карашыңыз өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, жакын адамдарыңыз сиз ойлогондой адам болбой, маанайыңыз чөгүп, кайгырасыз. Андан тышкары, эки адамдын ортосундагы өчөшкөн учурларга сиз ортомчу болуп калышыңыз ыктымал.
Суу пери. Чыдамкай болуңуз. Анткени, материалдык жактан кичине күтүлбөгөн кечигүүлөр болуп жатат. Бул сиздин жетекчиңиз тарабынан дагы болушу мүмкүн. Ал эми жеке жашооңузда эс алууга убакыт табыңыз. Бул кийинки жумага жаңы дем-күч менен келериңизге жардам берет.
Балык. Ойлонуп иш кылыңыз. Бардык иштериңиз тез аранын ичинде ийгиликке жетем деп аракет кылганыңыз менен ишке ашпайт. Анткени, физикалык жактан жетишпейсиз жана эмоцияларыңызды кармай албагандыктан, жаңы пландарыңызга тоскоол болот.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??