Өнөрүң болсо өргө чап

Эргешова Уулкан, тикмечи :
"Биздин тиккен топуларыбыз Германияга, Италияга кетип жатат"
Биз коомубуздагы ар кандай талант ээлерин изилдеп келебиз. Бул жолу кыргыз топуларын, чыптамаларын келиштире тиккен Эргешова Уулкан Шүкүралиева менен болгон маекти сунуштайбыз. Биз жогоруда аты аталган эжеге жолукканыбызда сүйлоп жатып эле, аз убакыттын ичинде эки чыптаманын тигилишин көргөзүп берди. Чебер, уз эженин колунан жасалган шөкүлөсүн кийип көрүүгө да жетиштик. Анда эмесе, биздин жылуу баарлашуубуз сиздердин назарыңыздарда.

- Тикмечиликке кызыгууңуз эмнеден улам арта баштады?
- Зейне деген курбу кызым бар, ошол аркылуу ушул жерде туруктуу иштеп калдым. Алгач жөнөкөй эле кийимдерди тигип жүрдүм. Кийинчерээк өзүм ойлоп таап, кыргыз топуларын тиге баштадым. Мен өзү компьютердин окуусун бүткөм. Бирок, Жалал-Абаддан келип эле ушул тикмечилик жакка иштеп кеттим. А компьютерге болсо таптакыр кызыкпайм. Бир-эки жолу курбу кызым көргөзүп берди, "мындай болот" деп, анан эле бардыгын үйрөнүп алдым. Атайын деле окуган жокмун. Өзүмдүн талантымдан, шыгымдан ушундай өнөргө ээ болуп турам.
- А эмнеге жалаң гана кыргыз топуларын тигесиз?
- Азыр жаштардын талабына жооп беришибиз керек да. Бул мага абдан жагат, ошондуктан, болушу мүмкүн. Ар бир кесип ардактуу да. Мен эң биринчи апалар үчүн атайын элечек жасагам. Аны болсо ажыга бара турган апабыз алып кеткен, "абдан сапаттуу тигилген экен" деп. Ошондо абдан кубангам, чын эле мен жакшы тигеминби деп. Азыр андан дагы башкача элечектерди тигип, ал жакшы көрүнүш үчүн атайын шурулар менен кооздоп, чет жакка жиберип турам.
- Улуттук кийимдерди артисттер гана сахнага кийип чыгып, кайра сандыгына салып коёт эмеспи. Азыр булардын өтүшү кандай болуп жатат?
- Бүгүнкү күндө бизге абдан көп заказдар түшөт. Айрыкча, жаштардын кызыгуусу күндөн-күнгө артууда. Биздин тиккен топуларыбыз Түркияга, Германияга, Италияга кетип жатат. Ар кандай кооз оюуларды Айна деген кыз бар, бардыгын ошол түшүрөт. Андан сырткары, жаш жубайлар да атайын үйлөнүү тойго арнап шөкүлөлөрдү тиктирип кетишет. Көптөгөн бийчи топтор да сахнага кийип бийлегенге деп, же ырдап чыгабыз дешип окшош кылып кыргыз көйнөгүн, кыргыз топусун, кыргыз оюулары түшүрүлгөн чыптамаларды бизге келип өзүлөрүнө ылайыкташтырып тиктиришет.
- Чет жакка кеткен топуларыңыз кайра жарабай калып келбейби жана бир топуну тигиш үчүн канча убакыт кетет, канча акча болот?
- Жок, биз ар бир тигишине, сапатына, жасалышына көңүл бурабыз, антип кайра келбейт. Биздики кымбат болгонуна карабай алуучуларыбыз көп. Улам жаңы жасаган топуларым, чыптамаларым ЭлТР каналынан кантип жасалгандыгы кетип турат. Алар өзүлөрү келип тартып кетишет. Эми ар кандай, мисалы, жөнөкөй топу тиге турган болсом, ага аз эле убакыт кетет, акчасы деле 300-400 сомго чамалап калат. Бир күндө отуздан ашык топуларды тигем. Чыптама, көйнөктөрдү өзүмдүн убактыма жараша тигем. Гүлзан деген эже баарын бычып берет, а мен болсо машинага салып келиштире тигип коём. Башка дизайнерлерге караганда меники айырмаланып турат. Эгер Кыргызтанда сатыла турган болсо, анда бир көйнөк шөкүлөсү, чыптамасы кошулуп бир жарым миңдин тегерегинде болот. Орточо эсеп менен андан да жогорку баадагылар бар.
- Уз, чеберлер үчүн атайын сынактарга катышасызбы?
- Ооба, бир жолу топуларды шурулар менен кооздоп, сынакка катышкам. Ошондо экинчи орунга илингем. Ал жерде кыргыз оюуларын ар кандай кылып жасаш керек болчу.
- Топуларыңыздын башында үкү бар экен, бул эмнени түшүндүрөт?
- Булар ар биринин жасалышына карата болот. Биринчи жипке жакшынакай кылып ороп алам, андан кийин кылдаттык менен топулардын башына тиге баштайм. Бүткөндөн кийин өзүнө жарашыктуу болуп калат. Муну жөн эле карап тигип кете албайсың, ага да өзүнчө ой жүгүртүү керек. Топулардын ичине калың катуу кагаз (картон) салып, тышын өзүмдүн чеберчилигим менен ар кандай оюуларды түшүрүп, же болбосо шуруларды тагып кооздоп чыгам. Сиз айтып жаткан үкү бизге Кытайдан келип турат.

Жылдыз
Абдыкерим кызы




  Ой да, сенин үнүңдөн

"Ырчылык менен кош айтышкан күндөр өттү…"
Учурда салттуу музыканы өркүндөтүүгө бүт дитин жумшаган нукура кыргыз ырчы кыздарыбыз саналуу. Кыргыз жыттанган ырларды кеңири элге таратып келген, "Ысык-Көл -2011" конкурсунун дипломанты, ырчы кызыбыз Кенже Көбөкова:

- Кой кайтарып чоңойгондой сезилесиз, жанга жагым үнү сонун ырчы кыз кандай ата-эненин тарбиясын алды экен?
- Ооба, Нарындын Эмгекчил айылынын таза абасын жутуп, улак-козулар менен чогуу чоңойгом. Ата-энем колхоз-совхоздун малын кайтарышар эле. Апамды чыгармадагы "Телегейдей" эле элестетчүмүн. Менин ата-энем быйыл 70 жашка таяп калышты. Кубанычымды-кайгымды тең көтөрө алган ата-энем. Бар байлыгым- асыл энем, алтын атакем.
- Сиз обон чыгарып да жүрөсүз, эргүү кайсы маалда келет?
- Мен, негизи, адамдарга таарынганда ыр жазууга "илхом" пайда болот. Катуу кайгырсаң обондор көбүрөөк келет. Мен элдин тагдырынан алып ырдын текстин, обонун чыгарам. "Кечиккен сүйүү" аттуу ырым да өзүмдүн жана жакын адамымдын жашоосунан алынган.
- Оюңузга келген обондун ыргагы кантип эсиңизде сакталат?
- Мен обон жазарда токтоно албай, ошол кезди кармап калганга аракет кылам. Эң жөнөкөй жолу уюлдук телефонго комуздун коштоосунда жаздырып калам.
- Уюлдук телефон жок маалда кандайча обонуңузду кармап калат элеңиз?
- Ал убакта магнитофонго жаздырып алчумун. Же болбосо обонду комуздун добушуна салып эстеп коём.
- Ырчылык өнөр тубасабы же…?
- Менин ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип кетишим дээримден болсо керек. 4 жашымдан баштап "Ай чыкты карачы" деген ырды ырдай берчүмүн. Отургучту бийик сахна элестетип үстүнө чыгып алып, үйдөгүлөргө ырдап берчү экемин. Бир убактарда ырчылык менен коштошкон күндөр да болду. Бирок кайра эле чыгармачылыктын чыйыр жолундамын. Канча жыл бою ырчылыктан баш тартпа, акыры кайрылып келишиң толук мүмкүн.
- Азыр "ишиң жок болсо ырчы бол" деген сөздү көп учуратабыз. Сиздин музыкалык билимиңиз барбы?
- Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтун бүтүрдүм. Салттык-музыка бөлүмүн ийгиликтүү аяктагам. Устатым- КРнын Эл артисти Роза Аманова.
- Чет жактарга да өнөрүңүздү тартуулагансызбы?
- Мен студент кезде Австрия, Турцияга барып келдим. "Жаштарга", "Күйдүм чок", "Гүл" аттуу ырларды тартуулап келдим. Комузума көңүл бурушуп: "Тогу жок эле иштей береби?"-деп таңданганына бир чети күлкүм келген. Кичинекей аспаптан ушундай үн жаңырабы дешип тан беришкени эсимден кетпейт.
- Кыз менен баланын ортосунда достук болушу мүмкүнбү?
- Мындайды эки жактан тең алып кароого болот. Биринчиси кыз менен баланын ортосундагы достук бара-бара чоң сүйүүгө айланып кетиши ыктымал. Экинчиси достуктан улам, доско чындап күйгөндүктөн, акыры достугуң бир туугандык сезимге айланары бышык.
- "Ушул сапатымдан арылсам болор эле" деген мүнөзүңүз бардыр?
- Мен бардык адамдардын мүнөзүн өзүмдөй көрө берем. Ишээнчектигимден жапа чегем. Ошол нерсе мени көп түйшөлтөт.
- Искусство адамы болгон соң, театрга барып турасызбы?
- Биз студент кезде театрга көп барчубуз. Мага классикалык чыгарма У. Шекспирдин "Король Лирь" спектакли абдан жакты.
- Моданы кууп кийинесизби?
- Мен моданы такыр кубалабайм, алгач жарашыгына басым жасайм. Мендей салттуу ырларды ырдаган ырчылар биринчи кезекте улуттук кийимге көңүл бурушары абзел. Колунан көөрү төгүлгөн чебер Сайра Момунбаева ырчы эжебизге кийим тиктирип кием.
- Эмне себептен көпчүлүк ырчы айымдар жалгыздыктан жабыркашат?
- Айымдар сүйүүдө көп азап чегишет. Себеби, алар бирди сүйүп, ошол сүйүүсүн жүрөгүнө бекем сакташат. Элдин ырчыларды жеңил ойлогонуна көп кейийм. Ырчы айымдардын тагдыры татаал болуп калышынын себеби, кээ бир адамдардын туура эмес көз карашынан улам болсо керек.
- Баамымда "эркек мүнөз" окшойсуз?
- Ооба, менин ушул мүнөзүмдөн улам мырзалар мага сөз айткандан коркушаттыр. Болочок жолдошум менден өйдө болушун каалайм. Себеби, эрки бош мырзаларды жактыра бербейм.
- Өнөр адамдары ар тараптуу болот эмеспи, ырчылыктан башка кандай өнөрүңүз бар?
- Мен актрисалык кесипти да аркалап келе жатам. 2004-жылы Нарын театрында бир спектаклге даярдык көрүп жатканбыз. Жыпар аттуу санаалаш курбум мени сооротуш керек эле. "Букей, заман оңолот, кайгырба"-дегендин ордуна "Курсагың ачтыбы?"-десе, экөөбүз тең боорубуз эзилгенче күлүппүз. Күлкүбүздү тыялы десек токтоно албай, режиссёрубуз Кенжегул Меңдибаировдон тил укканбыз. Ушул тапта режиссёр Ырыс Окенова тарткан "Талаш тагдыр" тасмасында Бермет аттуу дизайнер кызды, баш каарманды ойноп жатам.
Динара Асылбекова