п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Обон почта
ОП-181-01. Салам, "Обонушка". Мээримин төгүп бизге дайым, балам деп жашайт ар дайым. Ооруп калса баласы, көзүнө жаш алып калат апасы. Күлүп калса баласы, кубанып калат апасы. Жакшы болсун дейт апасы да, атасы. Жакшы болсо баласы, көтөрүлөт ата-эненин кадыр-баркы. Ар дайым ата-энелерибиз аман болуп, бар болушсун. Касиет 95, Он-Бир-Жылга
ОП-181-02. Сүйүү деген бала эмес, алдай турган. Сүйүү деген малай эмес, жалдай турган. Сүйүү деген адамдын ак жылдызы. Бирин-бири өмүр бою чанбай турган. Гүлжамал 96
ОП-181-03. Кана, кана 94төр, барсыңарбы? 94төр, алга. СМСти тынбай жазгыла! Бегайым 94
ОП-181-04. 94-жылкыларга абдан чоң ысык салам. Бар болгула, аман болгула, анан дагы унутпагыла, силер-суперсиңер. Бегайым 94
ОП-181-05. Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы бүткүл 94төргө ысык, жалындуу салам. Силер-суперсиңер. Бегайым 94
ОП-181-06. Тата Улан байкеге суроо: Эмнеге маскаңызды албайсыз, үйүңүздөн чечип эле жүрөсүзбү? Фатима
ОП-181-07. Ырчылардан эң жаман көргөнүм: Б. Бадыева, Тата Улан. Эң жакшы көргөнүбүз: Урмат, Неля, Элиза, Дайыр И. Фатима, Марат
ОП-181-08. Салам айтам, бардык быйылкы бүтүрүүчүлөргө. Ишиңерге ийгилик каалайм. Айбек
ОП-181-09. Дүйнөдө ичи тарлык көп болот экен ээ, достор? Фатима, Марат 97
ОП-181-10. Салам, СМСчилер. Мен баарыңарды келе жаткан 31-август майрамыңар менен куттуктайм! Зарина
ОП-181-11. Кыргыздар качан оңолобуз, качан? Парламентте отурган бир да депутат бизди ойлобойт, өз чөнтөгүн ойлойт да, башка неге жарамак? Гули 96
ОП-181-12. "Обондун" тарыхы мага кызык болууда,- деп Гули 96.
ОП-181-13. Ырчы айым Максим тууралуу маалымат берип койгулачы,- деп Гули 96.
Толук аты - Марина Абросимова. Ал 1984-жылы 24-июнда Татарстандын Казань шаарында төрөлүп-өскөн. Ал эми ага Максим деген псевдонимди кичинесинде кошуна балдар ыйгарышкан. Анткени, ал балдарга окшоп кийинип жана балдар менен гана ойногондуктан, өзүнүн Марина аттуу ысымы унутта калган. Жалгыз агасынын аты дагы-Максим. Апасы тарбиячы, атасы болсо машинанын тетиктерин оңдоочу адис. Ал ырчылык карьерасын 1998-жылы баштаган. Учурда эң популярдуу, бала кыял ырчылардын бири.
ОП-181-14. Улуттук каналда: "Баланча мындай деди, түкүнчө мындай сунуштады"-деп, депутаттардын сөзүн, майда-барат иштерди чыгарышпасын. Анык чечим, анык сөз, жакшы жаңылык, жаңы кадам болсо экен. Күйгөн жүрөк
ОП-181-15. Куудулдар жогорудагы чоңдорду мыскылдабаса дейм. Лейлек, Күйгөн жүрөк
ОП-181-16. Улуттук каналдан саясат жөнүндө азыраак берилип, кыргыз тилинде көбүрөөк болсо, таланттуу жаштарга билим тууралуу көп берилсе дейм. Күйгөн жүрөк
ОП-181-17. Салам, "Обондун" жалпы жамааты. Орозо кармагандар болсо, орозоңуздар кабыл болсун. Жаратканым сиздерди колдосун. Сиздерди колдогондор көп болсун. Жамандык болбой жакшылыктар гана болсун. Өмүрүңүздөр дайрадай узун болсун. Ата-энеңиздер дайыма жаныңыздарда болсун. Жаратканым өмүр бою сиздерге ыраазы болсун. Дагы бир жолу орозоңуздар кабыл болсун. Касиет 95, Он-Бир-Жылга
ОП-181-18. Урматтуу депутаттар, силер элди ойлойсуңар, туурабы? Эгер чындап эле кимиңер ойлосоңор, ордуңарды бошоткулачы? Анткени, бизге 120 эмес, 30 эле депутат жетишет. Мамлекетти жеп койдуңар го. Карызга баттык, ойлонгулачы, суранам. Күйгөн жүрөк
ОП-181-19. Баарына салам,- деп Оштон Гули 96.
ОП-181-20. Салам, "Обончулар". "Пуссикет Доллс" группасы жөнүндө толук маалымат берип койсоңуздар суранам,- деп 79-мектептен Назима.
"Пуссикет Доллс" бий тобун 1995-жылы америкалык популярдуу Робин Антин деген хореограф түзгөн. Робин топко бийге шыктуу деген кыздарды чогулткан. Топтогулар популярдуу болгонго чейин бир топ кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүшүп, Лос-Анжелес шаарындагы престиждүү клубдардын биринде кыздарга эл алдына бийлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кыздардын бийлегендери клубдун кожоюну менен ал жерге эс алганы келген коноктордун купулуна толот. Ошондон соң топко кызыккандар чыгат. Ошентип, аз убакыттын ичинде "Пуссикет Доллс" Голливуддун белгилүү бий тобуна айланат. Топтун бийчи кыздары бир нече жыл бою Памела Андерсон, Пинк, Перис Хилтон аттуу белгилүү жылдыздар менен бир сахнага чыкканга жетишишет. Ушундан уламбы, же ырчылар менен аралашып калгангабы, айтор, кыздар өздөрү ырдап чыгууну чечишет. Бул идея топтун жетекчиси Робин Антинге да жагат. Кыздарга жакшы ырларды жаздыруу максатында Робин топ менен иштеше турган үн жаздыруучу компания издей баштайт. Бирок көп өтпөй бийлеп жүргөн кыздардан мыкты ырчы чыкпасын ойлоп, Робин топко ырчылык талантка ээ кыздарды кабыл ала баштайт. Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен топко 25 кыз келип кеткени маалым. Учурда топто Жесика, Кармит, Эшли, Кимберли, Мелоди жана Николь Шерзингер деген сулуу кыздар ырдап келишүүдө. 2005-жылы алгачкы "RCD" деген альбомун жарыкка чыгарышып, 2006-жылдын акыркы айларында топтун "Buttons" деген ыры хитке айланган. Топтун эң көрктүү, биринчи жүзү болуп эсептелген Николь Шерзингер 1978-жылы 29- июнда төрөлгөн
ОП-181-21. Жаңы-Жолдун 96-жылкы кыздарына салам. Курманбекова Элнурадан
ОП-181-22. Кандай "Обон". Нурлан Насип жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы?0779105ххх
"Обондон"жооп: Урматтуу окурман, Нурлан Насип жөнүндө №164 саныбызда маалымат бергенбиз.
ОП-181-23. Салам, достор, мен бүгүн жаңы кошулдум. Айжан 96
ОП-181-24. Сүйүү мынча адамга азап берет? Бакыт менен кайгыны кошуп берет. Кайгыда калды менин күндөрүм. Бакытты сүйгөнүмө тилеп келем. 0778657ххх
ОП-181-25 . Аскат, 25-август туулган күнүң менен! Бактылуу, таалайлуу, ден соолуктуу, өмүрлүү бол. Жараткан сага жалаң гана жакшы нерсени тартуу кылсын. Жүзүңдөн жылмаюу, жүрөгүңдөн ыйман кетпесин. Айгүл
ОП-181-26. Мен Таш-Көмүр шаарындагы туугандарым Куту, Курман, Токо акелериме жана бир туугандарыма, апам Атыр жана атам Токторбайга салам айтам. 0779942ххх
ОП-181-27. Жети кабат асмандан парз кылынган бул намаз, окубасаң моюнга карыз кылынган бул намаз. Оо дүйнөгө барганда суралуучу бул намаз. Айсалкын
ОП-181-28. Акылай: Бир ак гүл жөнөттүм, тамырында сый, сабагында ыйман, жытында бейиш. Жүзүң нурга толсун, баскан изиң ийгиликтүү болсун. Туулган күнүң кут болсун! Айгүл
ОП-181-29. Акылай, 23-август туулган күнүң менен. Атыңа затың жарашкан акылдуу, ата-энеңе кайрымдуу, өмүрлүү жана баарыбызды сүйүнткөн кыздардан бол. Бар бол, аман бол. Айгүл
ОП-181-30. Канатсыз учуп кеткен элесиңди, кайтарып бир өзүмө бересиңби! Кайрадан мен өзүңдү сүйөм десем, кайрылып сен, жалгызым, келесиңби? Эди 92
ОП-181-31. Арууке, кандайсың? Ушунча таш боорсуңбу? Эмне чалсам, албайсың? Эди 92
ОП-181-32. Арууке, сени аябай сагындым, сени сүйөм. Эди 92
ОП-181-33. Салам, "Обон". Мен силерге жаңы кошулуп жатам. Эди 92
ОП-181-34. Ким Ина жана Мин Суён жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Элиза
"Обондон"жооп: Урматтуу Элиза, булар жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-181-35. Уулубуз Жумадыл, кызыбыз Асема-силер биздин бактыбыз, сүйүүбүз, жарыгыбыз, эркелетер эрмегибиз, ширинибиз. Силер бактылуу балалыкта өскүлө,- деп Каныбек, Нургүл.
ОП-181-36. Салам, "Обон". Реп ырчысы Тимати жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, суранам. Рахмат. Казак кызы Амангүл
Тимур Юнусов 1983-жылы 15-августта Москва шаарында эң бай бизнесмендердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жылдыз белгиси боюнча арстан болгондуктан, достору анын жаман мүнөздүү эркек экенин бетине эле айтып келишет. Атасы Ильдар татар улутунан болсо, апасы Симона еврей кызы. Ошондуктан, эки кыйын улуттун каны бириккендиктен, Тимати кичинесинен эле өжөр жана аракетчил бала болуп өсөт. Ал эми жалгыз иниси Артём Тиматинин жолун жолдоп, учурда ырчы болууну самап келүүдө. Чоң апасы жана апасы музыка чөйрөсүнө жакын адамдардан болгондуктан, Тимати дагы музыкалык училищадан билим алган. Ал эми чоң атасы аны гитарада ойногонду 4 жашынан баштап үйрөткөн. Учурда Тиматинин "Black star by TIMATI" деген кийим сатуучу дүкөнү, "Black club" престиждүү түнкү клубу, "Black october" деген рестораны бар. Мындан тышкары, машинасынын көбүнөн алардын үлгүлөрүн өзү дагы унутуп калат экен. Ал эми ырчылык чыйыр жолун баарыңыздарга эле белгилүү болгон "Фабрика звёзд" теле берүүсүнөн баштаган. Учурда бойдок. Бирок жакынкы аралыкта үйлөнөт деген эл арасында имиштер чыгууда.
ОП-181-37. Оштук досулям Кенжегүлгө бакыт каалайм. Номериме СМС жазып койчу,досям менин.



Казак кызы Амангүл
ОП-181-38. Менин жалындуу саламым "Обон" гезитинин экс-СМСчилери: Жанусь Роза, Айгөлөк, Абда, Барби, Нурзат 90, Барчынай, Таалай, Э. Дима, Билал козу, Табигат сырдуу Алтынайга жолдонот. Силерди аябай сагындым. Окуп калсаңар байланышкыла. Казак кызы Амангүл +77759458108
ОП-181-39. Сени сүйөм жүрөгүмдөн. Айта албаймын, сени сүйөмүн деп, сүйгөнүм. Сүйгөнүм, сүйгөнүм, эх сүйүү, ушундай да армандуу сүйүү болобу? 0779973ххх
ОП-181-40. Кызжибек, бактылуу бол. Сүйгөнүңө жет. 0779973ххх
ОП-181-41. Кымбаттуу менин алтындан ашкан Батма жана Зуура эжемдин келе жаткан 30-август боло турган туулган күндөрү менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Ошондой эле 25-августта боло турган Санжар жездемдин туулган күнү менен куттуктайм. Теңир бере берсин, тегеренип келе берсин. Кудайым сиздерге өмүр, бакыт, ден соолук берсин. Дагы бир жолу туулган күнүңүздөр менен,- деп сиздерди сыйлап жүргөн сиңдиңиз Кызжибек.
ОП-181-42. Кеңеш айыл округунда салыкчы болуп эмгектенген Эштаева Буалманын …
ОП-181-43. Сүйүү болсо ичи тардык болбосо. Сүйгөн жигит өз тагдырын ойлосо. Сүйдүрүп коюп кыздарды. Арасатта таштап койбосо. Jaina kg. Guli
ОП-181-44. Салам, "Обон". Кара-Дарыядагы ата-энеме, бир туугандарыма, досторума жана Семетейге чоң салам. Мен силерди жакшы көрөм. Феруза
ОП-181-45. Кара-Шаар айылына чоң салам. Нурайка
ОП-181-46. Кеминдик аяшым Медетбек менен 6-ноябрда таанышканбыз, Кочкор мейманканасынын жанынан. Мага чал. Досуң Райбек, 0551054083
ОП-181-47. Нарындык досум Тукаш, "40 летте" иштешкен досуң Рысбүбү. Мага чал. 0551054083
ОП-181-48. Ала-Бука районунун Тельман айылындагы А. Ботоев мектебинин 96ларына супер салам. Гүлжамал 96
ОП-181-49. Сүйүү балдай даамын чындап татканга. Сүйүү кымбат кадырына жеткенге. Сүйүү сырдуу сүйгөн билет кадырын. Сүйө албасаң кетет жарым акылың. Гүлжамал 96
ОП-181-50. Ак сүйүү мендеги, ачкычы сендеби? Бир келген жашоодо, бактыбыз биргеби? 0773618ххх
ОП-181-51. Беш-Бурхан айылындагы 9-а классынын 96-жылкы кыздарына Шарипадан ысык салам. 9а-классы-суперлер. 0778980ххх
ОП-181-52. Жаш болсом да жаратканга жалбарам. Жолум татаал, бирок жашайм, жашап жүрөм. Бирок тагдыр бирөөгө караңгы кылып жаратканда, билип көрүп жүргөн адамдарга жарыктырмын. 0773575ххх
ОП-181-53. Мен ким элем, арзуусу алыстарга учкун сымал. Чачылган жан элем, эми минтип олтурамын майып болуп. Ар бир жанга тең келбесем да, мен ушундай жан элем. Жаратканым көздөн алды, сыр бербей сокур кылып. Ар пендесин сынайт тура, бир нерсеге муктаждыкты жаратып, жашоом татаал. 0773575ххх
ОП-181-54. Алтыным, сени кайдан көрдүм экен. Көргөндө неге көңүл бурдум экен? Түшүнүп мен баарысын билип туруп, эмнеге сени катуу сүйдүм экен? Айнур, 10-"б", мен сени сүйүп калдым. Казармандан Мирбек
ОП-181-55. Урматтуу "Обон" гезитинин жамааты жана окурмандары, менин бере турган суроом: урматтуу Тата Улан мырза, Астанага концерт коюп келиңизчи, суранабыз. +770565хххххх
ОП-181-56. 2011-жылы №87 мектепти бүтүргөн 11-класска чоң салам. Өзгөчө Султан, Жылдыз, Андашка салам. 0700006ххх
ОП-181-57. "F4төгү" төрт бала жөнүндө билгим келет. 0779654ххх
"Обондон" жооп: Булар тууралуу өткөн сандарыбызда кеңири маалымат бергенбиз.
ОП-181-58. Кучагың жайчы суранамын. Сен үчүн куштай болуп коноюн, мен дайыма. Мен сени сүйгөн элем бир убакта, кантейин азыр сен жоксуң менин жанымда. Алтынай
ОП-181-59. Салам, "Обондун" жалпы жамааты. Мен футболчу Криштиану Роналду жөнүндө билгим келет. 0779316хх
Криштиану Роналдунун толук аты-жөнү Криштиану Роналду душ Сантуш Авейру. Ал 1985-жылы 5-февралда Португалиянын Фуншал шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Жозе Диниша Авейру 2005-жылы каза болгондон тарта апасы Мария Долореш душ Сантуш Авейру учурда эң биринчи колдоочусу болуп келген. Криштианудан тышкары, апасы эң улуу байкеси Угуну жана эки эжеси Эльма менен Лилиан Катяны тарбиялап келүүдө. Ал эми футболдук таланты жана кызыгуусу атасынан калган. Анткени, атасы "Андоринья" деген белгилүү футбол клубунун биринде администратор болуп иштеген. Ошол жактан биринчи спорттук карьерасын баштаган. Көп жыл талыкпай даярданып жүргөн жаш футболчу 1995-жылы гана "Спортинг" футболдук командасы менен келишим түзүп, биринчи оюнунда эле өзүн мыкты деңгээлде көрсөтө алган. Ошондо гана аны Португалиянын кичине составына кабыл алышкан. Ал эми чоң аренага 2003-жылы Португалиянын намысын коргоп чыккан. Ал жактан дагы өзүн жакшы жактан көрсөтө алгандыктан, ушуга чейин эң популярдуу футболчуларга биринчи орунду бербей келет. 2010-жылы күтүлбөгөн жерден ата статусуна ээ болгонун сүйүнчүлөгөн. Бул элдин баарын бир четинен таң калтырса, бир четинен кызыктырган. Анткени, баланын энесинин атын атоодон баш тарткан. Учурда баласы атасына окшоп топту ойногонду жакшы көрөт экен.
ОП-181-60. Ар бир мусулман элинин жүрөгүндө ыйман жашасын. Кудай ар дайым биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, бизди колдосун. Айзада
ОП-181-61. Урматтуу кыргыз элим, Кыргызстан кыйын, татаал күндөрдү башынан өткөрдү. Азыркы өкмөт эмне иш жасады, эмнени кыйратты? Былтыр Ата-Бейитте 7-апрелде өлгөндөрдү жерге берип жатканда ант ичишти эле, канчалаган убадаларды берип. Бирок эч нерсе аткарбады? Келгиле, Адахан Мадумаровго мүмкүнчүлүк берели да, колдойлу! 0770371ххх
ОП-181-62. Айдана, 21-август туулган күнүң менен! Бактылуу бол! Эжең Алия
ОП-181-63. Президенттикке жулунгандар 80ге жетти. Мен булардын элге жакшылык алып келерине ишенбейм. Бул талапкер сөрөй немелер мынчалык неге жулкунат? Демек, буларда бир мандем бар, бизге Акаев, Бакиев үйрөтүп кетпедиби, элге эмес ар ким өз кызыкчылыгына иштегенди. Бул жагдай элге эң жаман коркунучту пайда кылууда. Ушундан улам менин оюм бул шайлоонун шайтан оюнун дагы бир жыл токтото турсак жакшы болор эле. Ага чейин элдик эң мыкты, чыгаан эл башчы чыгат деген ойдомун. Шашылбайлы, эми жаңылсак, андан көрө Р. Отунбаева бир жылга ордунда эле калсын дейли. Илбирс
ОП-181-64. Ысык-Көл областындагы Түп районунун Токтоян айылынын 10-классына салам.Окууңарга ийгилик жана орозоңуздар кабыл болсун. Мукашова Алия Мирбековна 96
ОП-181-65. Актриса Гүлнур Асанова жөнүндө толук маалымат берип коюңуздарчы, сүрөтү менен. Айдар
Туулган жылы-1988-жыл, 20-январь
Туулган жери -Аксы району, Кербен шаарчасы
Бою-168 сантиметр
Салмагы-50 килограмм
Параметри -82-60-90
Тажабай көргөн тасмалары - "Ак кеме" жана "Уркуя"
Кумири -Таттыбүбү Турсунбаева
Баалаган саясатчысы- Мелис Эшимканов
Үй-бүлөдө 3 бир тууган. Байкеси жана эжеси бар. Эжеси мамлекеттик кызматта иштейт. Байкеси чакан бизнес менен алектенет.
ОП-181-66. Урматтуу Тата Улан,орозо кармадыңызбы жана орозого көз карашыңыз?0770371ххх
ОП-181-67. Казарман, салам. Бактыяр кушу
ОП-181-68. Кара түстөгү Мерседес S 500 (дипломат) үлгүсүндөгү Vip салондуу машина тойго айдап кызмат кылууга даяр. Эгерде кааласаңыздар, 0556-18-18-84 номерине чалыңыздар.
ОП-181-69. Жалал-Абад шаарында жашаган байкем Автандилди келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Базаркул
О П-181-70. Токто жаным, кетпе сени сүйөм. Эгер көрсөм башка менен оттой күйөм. Суранам дагы бир келчи кайра мага, билесиң жүрөк сыздайт сен деп гана. Фатима, жаным, кечир. Марат 97
ОП-181-71. Мага Расул кызы Айгерим жөнүндө толук маалымат бериңиздерчи. Фатима
"Обондон"жооп: Урматтуу Фатима, Айгерим жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-181-72. Салам, "Обон". Мени сүйүктүүм Фатима, ал мени такыр түшүнбөй жатат. Биз сиздерге Фатима, Марат 97 болуп байланышчубуз. Эми эмне кылам? Мен Фатиманы сүйөм, эми эмне кылам, "Обонка?!"
ОП-181-73. Кечирчи, Фатима, сенден суранам, ал башка кыз. Ал менин таежем болот. Өтүнөм, Фатима, сени аябай сүйөм, жаным, кечирчи өтүнөм.Мага сенден башка эч ким керек эмес. Сен сүйлөшпөгөндөн баштап катуу ооруп жатам. Кечирчи, алтыным, сүйүктүүм, эгер менден узап кете берсең, мен Кыргызстандан кыз эч качан сүйбөйм. Кечир сүйүктүүм Фатима,- деп Марат 97.
ОП-181-74. Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын тургуну, алтындай болгон апама салам. 0553162ххх
ОП-181-75. Мен "Обон" гезитин сүйүп окуйм. "Обондун" журналисттери, өнөрүңөр өркүндөй берсин. Алга! Бакуля 94
ОП-181-76.Салам,"Обон". Саламатсыңарбы, кыргыз элим? Мен араңарга жаңыдан кошулуп жатам. Таанышып алсак болобу, менин атым Бакуля 94.
ОП-181-77.Урматтуу Тата Улан, мен сиздин талантыңызга абдан баа берем жана урматтайм. Талантыңыз мындан да өркүндөй берсин! Сиздин күйөрманыңыз Гүлшат
ОП-181-78. Салам. Мен бүткүл калкымды келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Бегимай
ОП-181-79. Мен сени сүйөм. Ар дайым өмүр бою сенин жаныңда бирге болгум келет. Сен бар, мен бактылуумун. Буйруса, мен сага сүйүктүү жар болуп берем. Сүйгөнүң
ОП-181-80. Салам, "Обон". Атам Курманбек, апам Гүлнара, акем Ноорузбек, эжем Ноодайымга чоң салам. Мира 97
ОП-181-81. Ырчылардын баарын сыйлайм. Анткени, алар дагы аракет кылышып жүрүшөт. Алардын дагы эмгегин баалаш керек. Мен, мисалы, сезип жатам. Кандай деген кыйынчылыктан өтүшөт. Айбек
ОП-181-82. Менин сүйүктүү ырчым Омар, ар дайым бар бол. Мира 97
ОП-181-83. Менин эң жакын досум Аида, мен сени сагындым. Мага чалчы, дос. Мира 97
ОП-181-84. Сваркага тийиштүү бардык иштерди кылабыз. (Дарбаза жасайбыз) 0778854193.
ОП-181-85. Эх, көңүлдөр бөксөрдү го, ойлорум өзгөрдү го. Жүрөктө тунук сезим, бүт бойдон өрттөндү го. 0779163ххх
ОП-181-86. Сүйүү деген алмаштырбас алтынга. Жете билгин сүйгөнүңдүн баркына. Чындап сүйгөн болсоң теңиңди, сүйөм деген сөз айтуудан тартынба. 0779163ххх
ОП-181-87. С уранам ойнобочу сезим менен, суйкайып сулуу жүзүң эзилбеген. Сага да мага дагы баары бирдей, кайдыгер сендей жандар кезикпеген.
ОП-181-88. Мен Жакыпов Азиз деген дос балама чоң салам жолдойм. Турмуш татаал, туткундалба бирок ага. Бакыт жашоо каалаймын мен сага. Түбөлүккө бирге болуп аяш менен, мээрим нуру сага тийсин дайыма. Динара
ОП-181-89. Айдан да сулуу Айсулуу, сенин окууңа чоң ийгиликтерди каалайм. Бактылуу, таалайлуу, өмүрлүү кыздардан бол. Сени терең урматтаган Жиза.
ОП-181-90. Айко, сен абдан ажарлуу экенсин. "ТамаШОУдо" ойногон Нургазы менен сүйлөшөт турбайсыңбы, ээ? Анда бактылуу бологой. 0779653ххх
ОП-181-91. Ар бир өткөн күнүм сени менен экенине кудайыма миң мертебе ыраазычылык билдирем. Зарина
ОП-181-92. №87 орто мектебин 2011-жылы ийгиликтүү бүтүргон Айдай аттуу бийкечке менден ысык салам. Айпери
ОП-181-93. Ээ, кыргыз бир туугандарым, келгиле тиги сасык саясатка аралашпай эле, өзүбүзчө оокат кылабыз. Каныкей
ОП-181-94. Ысмадияр, сенин ишиңе ийгилик каалайм. Качан Кыргызстанга келесиң? Кол телефонуңду күйгүзүп койчу, сураныч. Анара
ОП-181-95 . "Чын жүрөктөн баары бир" деп Тата брат айткандай, ким мамлекетибиздин башчысы болот, мага деле баары бир. Улан
ОП-181-96. Лейли, унутам деп мен аракет кылган элем. Сүйүүм жашайт жүрөктө сага деген. Мажнун болуп сүйүүнүн деңизинде. Лейлиге ашык болуп калган элем. Мажнун
ОП-181-97. Айдай сулуу Лейлиге: Күлө бер, сен күлгөнгө жаралгансың. Үркөр кызы Үлпүлдөктөн таралгансың. Ишенбейсиң сүйөмүн деп арзуу жазсам. Күн сайын сулуу болуп баратасың. Мажнун
ОП-181-98. Айтчы, жаным, сүйүү жалганын, күндөр өтүп ичте калды арманым,- деп Тдан Бишкек шаарындагы сүйгөнүм Исанга. 0779587ххх
ОП-181-99. Эне мээрими чексиз, эненин таманынын астында бейиш. Мен бул дүйнөдөгү апалардын баарына чың ден соолук, узун өмүр жана дүйнөдөгү жакшылыктардын баарын каалайм. Апалар, бар болгула, оорубагылачы силер. Каролина 95
ОП-181-100. Толкуйт көлдүн тунук жери, токундай бол кыргыз жигиттери. 99 өнөрдүн ээси бол деп, тоолук эне төрөгөн сени, мени. Жигиттерге салам. 94төр, кандайсыңар? 0777504ххх
ОП-181-101. Анекдот: Эй, акмак, айбан десе, сен эмне үчүн менин кызымдын артынан жүрөсүң? Телефон чалып, жолугушуп жүрөт да экенсиң.Өзү сага эмне жетишпейт, же сөзсүз мушумду жегенди каалап жасасыңбы? Ушунчалык дадилсиңби?,- дептир кумурска пилге. 0779504ххх
ОП-181-102. Жалгыздык жанга тийип, сезимим айга сызып, каалаймын мен "Обонго" жакшылык таазим кылып. Салам, "Обон", мени тааныгандарга салам. 0779504ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, сиздин каалоо- тилегиңизге ыраазычылык билдиребиз.
ОП-181-103. Күтөм сени эсимден кетпейсиң. Карай берем жолуңду, келбейсиң. Келип кетчи карааныңды көрсөтүп, алып кетчи жалгыздыктан куткарып.
Каролина 95
ОП-181-104. "Кудайберген" базары тараптан 12 сот. жер участогу менен чоң үй сатылат. Баасы келишим түрдө. Байланыш телефону: 0777158583








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??