п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Жай" салаты
Туңгуч кичи- районундагы "Чоно" кафесинин башкы ашпозчусу, 12 жылдык тажрыйбасы бар Өмүралиева Бегимай сиздерге эки салаттын сырын ачып, жардамчысы Зулпукар кызы Нурзада тартуулайт.

Керектелүүчү азыктар:
100 гр уй эти
1 даана помидор
1 даана бадыраң
1 даана болгар калемпири
1 тиш сарымсак
1 даана картошка же чипсы
Татымына жараша туз, мурч, петрушка, жашылчалар

Жасалышы:
Бардык салаттарды помидор,бадыраңсыз элестетүү кыйын эмеспи. Ошондой эле бул салатыбызга дагы помидор, бадыраң, болгар калемпири кошулат. Биринчи уй этин сууга бышырып алгандан кийин, бардык азыктарды төрт бурчтук (кубик) формасында туурап алабыз. Андан кийин аларга татымына жараша туз,мурч,соя соусун жана олив майын кошуп аралаштырабыз. Ал жөн гана даамдуу болбостон, кооз көрүнүш үчүн четтерин картошканы ичке туурап алып, майга кууруп, же чипсы менен ар бир айым өз фантазиясына ылайыктап кооздоп алышса болот. Мына ушинтип бул салатыбыз даяр болду.


"Кызыл гүл" салаты
Жасалышы:
Гүлдөй болуп бажырайган бул салатыбызда жана айтылгандай эле помидор менен бадыраң бар. Ошо менен бирге эле жумуртка, сабиз жана картошка дагы керектүү азыктарыбыздын бири болуп эсептелет. Алгач тоок этин,картошканы жана сабизди сууга бышырып алабыз. Алар бышкандан кийин баарын майда сүргүчтөн өткөзүп, же ичке-ичке кылып туурайбыз. Майонезди жана туз, мурчтарды татымына жараша аралаштырып, даамын чыгарабыз. Андан кийин аларды тарелкага кабат-кабат тизип салып, үстүнө сырды майда сүргүчтөн өткөзүп себебиз. Эң үстүн анар менен гүл сыяктуу жасап, кооздойбуз. Ал эми жашылчалар менен кооздоп койсоңуздар, салатыңызга мындан дагы көрк берет. Бул ар бир айымдын өз эркинен жана фантазиясынан болот.

Керектелүүчү азыктар:
100 гр тоок эти
70 гр бадыраң
70 гр туздуу бадыраң
2 даана жумуртка
20 гр. сабиз
1 даана картошка
50 гр. сыр
Татымына жараша майонез, туз, мурч
Кооздук үчүн анар жана жашылчалар

Тамагыңыздар даамдуу болсун!





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??