п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Балдыз, балдыз, неге жалгыз?

Бал татым балдыздар ай,
Балдыздар
Балдыз менен жезде жакын болот дешет экен, ал эми таанымал инсандарыбыздын балдыздары канчалык деңгээлде жакындыгына назар салыңыздар.


1. Салтка айланып калгандай жездеңиздин кулагын чойгонсузбу?

2. "Эжекем эрге тийди, эскиси мага калды" ырымын колдонгонсузбу?

3. "Бажа - бажаны көргөндө башы кычышат" дечү беле?

4. Эжеңе барсаң жездең жат, байкеңе барсаң жеңең жат?


Рысбек Жантөрөевдин балдызы, "Мегаком" компаниясынын супервайзери Лилия Абдубаитова:
"Секелек кыздар кулак чоёт"
Мындан 7 жыл мурун мен 23тө болчумун. Рысбек жездемдин кулагынан чоюшту өөн учураттым. Негизи, жезденин кулагын секелек кыздар чойгонун угуп жүрчүмүн. Кулагын чоюп жатканымды элестетиш кыйын болду.
"Пейили кең адам"
Чынара эжемдин эскиси мага өткөн жок, анткени, көлөмүбүз эки башка. Андан сырткары, эжем мага эскини эмес, жаңыны гана бергенге аракет кылат. Анткени, ал өзү берешен, ачык-айрым, пейили кең адам.
"Эски жараны ырбаткым келбейт"
Бул суроого жооп бергенден баш тартам. Себеби, Рысбек жездем менен Тынар бир кездерде бажа болушкан. Эми эски жараны ырбатып, козгогум келбейт.
"Жок дегенди үйрөнсө"
Жездемдин жат болуп көрүнгөн учурлары болгон эмес, кайсы убакта кезикпе, дайым жардамын аябайт. Анын ишенчээктиги менен чөйрөсүндөгү адамдар пайдаланып кеткенин көрүп, кээде жок деп жооп бергенди үйрөнсө деп ичимен кейип калам.


З. Арыкбаевдин балдызы Асел:
"Ыйык махабаттан улам баш кошушту"
Мен Замир жездемди мурунтан эле таанычумун. Анын таякеси менен менин ата-энем жоро-жолдош болчу. Таякесине келген кезде биз менен ойноп калчу, эми ал убакта кичинекей кези эле да. Айлар жылга алмашып дегендей, алар бой жетип калган маалда сүйүү сезими серпип өттү. Кыз-жигит болуп жүрүшүп, бири-бирисиз жашай албачудай, бир-бирине гана татыктуудай ыйык махабат туйгусу татып эле баш кошуп калышты. Биз шаарда чоңойгондуктан, жезденин кулагын чойгонду ойлобоптурбуз.
"Мен да турмуш жолуна аттандым"
Алгач кыргыздын салты менен эжем Лирага сөйкө салып кетишти. Мага ырымдап өзү баалаган күмүш сөйкөсүн таккан болчу. Көп өтпөй мени да турмуш жолуна узатышты. Жолдошум Жакшылык менен бакубат турмушта уулубуз Айдиндин жытына мас болуп өмүр сүрүп келебиз.
"Жездем төрдө, жолдошум кызматта"
"Бажа бажаны көргөндө башы кычышат" деген макалды жездем менен жолдошума ылайык көрбөйм. Себеби, экөө тең такыр ичимдик ичпейт. Эки бажа жолукканда, келечек тууралуу көп сүйлөшөт. Менин жолдошума акыл-насаатарды айтып, колдон келген жардамын эч аябайт. Той-топурга барганда Замир жездем ырчы болгондуктан, элдин көңүл борборунда болуп, жүрөктөн чыккан ырларын созолонто ырдап калат. Жолдошум үйдүн кичүү күйөө баласы да, эшикте отун жарып, самоор кайнатып кызмат кылат.
"Жездем экенине сыймыктанам"
Замир жездемдин башкалардан өзгөчөлүгү дайым күлүп жүрөт. Абдан шайыр, баарына тегиз мамиле жасайт. Досторунун арасында кадыр-баркка ээ. Чыгармачылыгын аябай баалайм. Замир Арыкбаевдин менин жездем экенин сыймыктуу түрдө айта алам.


Рустам Аташовдун балдызы КНЦРЧнын медайымы Айсалкын Бөрүбаева:
"Кулагын чойгонду билбепмин"
Жездем биринчи күйөө бала болуп бажырайып келгенде, жеңелерибиз жандуу үн менен ырдагыла десе, магнитофонго кассетаны жаңырта коюп койгону эсимде. Ал убакта мен кичинекей болсом керек, кулагын чойгонду деле билбепмин. Эгер жездеңдин кулагын чой деп жеңелерим айтканда, чын жүрөктөн чойсом керек эле. Жездемдин мүнөзү жаш баладай өзгөрүлмө, бир карасаң андан өткөн шайыр адам жоктой, бир карасаң өтө олуттуу боло калат.
"Эжемдин буюму жагып калса, тартып алам"
Эжем Динаранын мага бир буюму жагып калса, дароо тартып алмай жайым бар. Жаңы үйлөнгөн маалда жездем бир комплект күмүш буюмду эжеме белекке берген экен. Мен окуумду аяктаганда, эжем ошол күмүштөрүн мага белек кылган. Ал буюм мага абдан баалуу болуп калган.
"Эки бажанын башы такыр кычышпайт"
Жездем 6 жылдан бери ыйман жолунда. Менин жолдошум да спирт ичимдиктеринен алыс. Эки бажанын башы такыр кычышпайт деп баса белгилеп айткым келет. Жездем, тескерисинче, конок келсе ыйманга киргиле деп кеп-кеңешин айтат.
"Чоң кызындай болуп калдым"
Мен 10-классты бүтүп келгенде сүрдөп, тартынчумун. Азыр чоң кызындай эле болуп калбадымбы. Медакадемияда окуп жүргөндө эжеме караганда жездем мага тынчсызданар эле. Курсагыңды дайым тойгузуп жүр деп тыйын-тыпыр берчү. Досуңду айт, ким экениңди айтам дегендей, мени кандай кыздар менен достошуп жүрөт деп көп ойлончу. Жездем мен жасаган тамактарды такыр ылгабайт. Мактап атып даам сызса, ичимден кудуңдап коём. Эжем тамакты абдан даамдуу жасайт да, "Динаранын мектеби" деп калат.


Эрлан Андашевдин балдызы Бактыгүл Кайыпова:
"Жомоктогудай баш кошушту"
Эрлан жездеми мен эжем Перизатка үйлөнө электе эле таанычумун. Себеби, экөө тең Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окучу. Эжеме барып калган кезде, Эрлан байкени көрүп калчумун. 9-класста окуп жүргөндө Эрлан байке эжеме ашыктыгын билдирип, жомоктун аягында бактылуу түйгөйлөрдөй болуп үйлөнүп калышты. Мен шаарда чоңойгондуктан, жезденин кулагын чоймой салтты биринчи жолу угушум.
"Жапан сувенирин берген"
Эжем Перизат мени аябай жакын көрөт. Турмушка узатып жатканда мага жапан сувенирин белекке берген. Жапан волонтёрлору менен биргеликте иш алып барып жүрдү. Өзү да ошол сувенирди абдан жакшы көрөт экен. Ошол белекти мага ырымдап бергенине ыраазымын.
"Мен али жашмын"
Бул суроо мага тиешелүү эмес, себеби, мен али жашмын. Менин жан дүйнөмдү жалаң гана музыка ээлеп алган. Мен кыргызга таанымал диктор Жолдубай Кайыповдун небереси болом.Чоң атамдын чыгармачылыгы мага жугуп, үй-бүлөдө мен гана чыгармачылыкты тандадым. Мен да Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипка бөлүмүндө окуймун. Мен профессионал деңгээлде кыргыз классикасын алып чыккым келет. Буйруса, Ванесса Мей сыяктуу дүйнөгө таанымал кыргыздан чыккан классикалык композитор болгум келет.
"Чыгармачылык жактан колдоп турат"
Эрлан жездеми мурунтан тааныгандыктан, эч кандай мага жат эмес. Жездем мени чыгармачылык жактан колдоп, көп жардам берет. Жакында эле Украинада болуп өткөн конкурста мен ойной турган чыгарманы кооздоп берди. Мүнөзүн айта кетсем, абдан боорукер, бардык сапаттарга ээ мыкты адам. Дайыма үйүнө конокко барсам, дасторконун толтуруп тосуп алышат.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??