Улугбек досу Келдибековдун кылыктарын чукуду
Учурда саясатчылардын кылган кылык-жоруктарын, "трюктарын" жашырып болбой калбадыбы. Алдыңкы этегин жапса, арты ачылып, былыктары чууруп калып атат. Муну саясатчылардын өздөрү эле билдирип алууда.
Alaman.kg сайтындагы маалыматтарга таяна турган болсок: "Өткөн ишемби күнү Элмурза Сатыбалдиев , Улугбек Ормонов, Ахматбек Келдибеков -үчөө ээн тоодо түн ката жолугушуп, Ахматбектин кылык-жоруктары, саясаттагы кетирген катачылыктары талкууланды. Бул боюнча У.Ормонов катуу опурулуп, ачуу чындыкты А.Келдибековдун көзүнө айтып, анын буга чейинки кемчиликтерин санаганга үлгүрдү. Көп аргументтерге спикер так жооп бере албай тайсалдап, башын шылкыйтканга аргасыз болуптур. Дал ушул боюнча Улугбек мырзадан сурасак, ал: "Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат",- деп билдирди. Ошого катар Ахматты адам болууга чакырганын, эл үчүн иштөөгө үндөгөнүн кошумчалады", - деп жазылган.

Эки жүздүүлөр, же Текебаев менен Сариевдин эки башка сөзү
Өткөн жумада "Ата Мекен" менен "Ак шумкардын" лидерлери өкмөт башчысы А.Атамбаевге жолугуп, ойда виски ичип отурганда, Өмүрбек Чиркешович:
"Мен Атамбаевге ачык айттым, Бакиевдин куйруктары менен кучакташып кеткендигин, Бабановго окшогон коррупционерлерге жол ачкандыгын, калың элди кымбатчылык азабына батырганын көзүнө сайып (сөөмөйү менен), мен сизди шайлоодо 2-турга чыгарбаганга кудуретим жетет, аягына чейин күрөшөм"-десе, а Темир Аргенбаевич болсо: "Жо-ок, андай сөз болгон эмес, экөө сопсонун сүйлөшүп, кантип биригүүнүн жолдорун издешкен. Өмүрбек Чиркешович Атамбаевди колдош үчүн бир-эки сунуш айтып, бийлик коалициясын бузууну суранган. Кантсе да, биз акыры Текебаевди жаныбызга кошобуз",- деп ишенимдүү билдирди. Натыйжада, эки үлкөн саясатчынын кимисине ишеништи билбей, башыбыз маң! - дейт аламанчылар.


Жаш активисттер "Мегаком" мамлекеттин кызыкчылыгына чечилиш керектигин талап кылышты
Жаш демилгечилер борборунун өкүлдөрү жана активисттер 22-августта маалымат жыйын өткөрүп, "Бишкек шаардык сотунда карала турган "Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги маселелер боюнча соттук процедура калыс жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечилишин талап кылышты.
Жыйындын катышуучусу Намазбай Ишмахаметовдун айтымында, 21-июнда "Альфателеком" ЖЧКнын бардык техникалык мүлкүн жана "Мегаком" компаниясынын брендин "Бимокомго" өткөрүп берүү боюнча чечим чыккан. "Бул боюнча "Альфателеком" да "Мегакомдун" пайдасына чечилип жатат деп, өткөн жумаларда доо арыз берген болчу. Алар мамлекеттик бюджетке эң көп пайда алып келүүчү " Кумтөрдөн" кийинки эле ишкана болуп саналарын айтышты.


  Астапыр-Алла!

Уурдабаган, коррупционер эмес ажы тандап атышат
Муфтият алдындагы "Ажылык жана умра" борбору 21-августта атайын сынак аркылуу ажы башчыларды тандоону баштады.
Акаевдин учурундагы Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жеткен коррупция мусулман болуп, кудайдан корккон такыба молдолорго чейин жетти. Анткени, былтыр ажылыктан миллиондогон долларларды кымтып алгандар болгон. Ажы тандай албай баштары маң болуп атат. Президенттикке талапкерлердин саны менен дүйнө боюнча рекордду койгонубуз аз келгенсип, эми минтип абийирдүү ажы тандай албай, ажы болууну каалагандардын саны 189 болуп, экинчи рекордду коюп отурабыз. "Ажылык жана умра" борборуна арыз берген 189 адамдын ичинен сынакка 154 адам катышып, отузу катышуудан такыр эле баш тарткан. Калганы жүйөөлүү себептер менен келе алган эмес. Муфтий, "Ажылык жана умра борборунун" директору Чубак ажы Жалилов сынак тууралуу буларды кабарлады. Учурда аталган борбор ажылардан тест алып, баарлашып, кыргыз жана араб тилдерин кандай билерин аныктап, алардын дин маданиятын текшерип жатабыз, - дейт. Ажы башчыларды сынактан өткөрүү иши Кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Мурда ажы башчылар кандай негизде лицензия алып келгендиги белгисиз болуп келген. Эми боло турган ажыбыздын колу кыска болсо экен деп ниет кылып туралы.


  Дүйнө

Козголоңчулар Муаммар Каддафи өлкөдөн чыкса, чатагын токтоторун билдирүүдө
21-август түнү демонстранттар шаардын борборундагы "Жашыл аянтты" ээлешти. Козголоңчуларга эч кандай тоскоолдук болбогону айтылууда. Козголоңчулар борбордук аянтта улуттук байрактарын көтөрүп, асманга ок атып, майрамдап жатышат. Триполидеги кабарды уккан Бенгази шаарынын тургундары да көчөгө чыгып, сайран куруп жатышат.
Жашыл аянтты ээлеген козголоңчулар каалагандай жыргап атышат. Муаммар Каддафинин жан сакчылар тобу да козголоңчуларга кошулганын билдиришти. Айрым маалыматтар боюнча, Каддафинин уулу Саиф ал-Исламды козголоңчулар кармашканын, дагы бир уулу үй камагына алынганы кабарланууда. Козголоңчулар эгер Каддафи өлкөдөн чыгып кетсе, урушту токтото турганын айтышууда. Аталган урушта акыркы 24 саатта эле 1300 адамдын өмүрү кыйылган. Буга чейин Муаммар Каддафи эки башка аудио-кайрылуусунда элди көчөгө чыгып, борборду "колониалисттерден" тазалоого чакырган эле. Козголоңчулар өздөрү "эгер Каддафи өлкөдөн чыгып кетсе, урушту токтото турганын" айтышкан. 42 жылдан бери башкарып келаткан ажосу менен элдин ортосундагы чыр-чатак алты айдан бери уланып келе жатат.


  Коом

Кумшекер арзандап, күйүүчү майдын баасы өстү
Бир апта ичинде Кыргызстанда кумшекердин баасы 2 сом 50 тыйынга арзандады, -деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
Азыр мөмө-жемиштердин бышып калган мезгили болуп, кыямдын убагында кумшекердин баасы бир топ өсүп, карапайым калкты бушайманга салды. Бирок, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги акыркы аптада кумшекердин баасы 2 сом 50 тыйынга арзандаганын билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 10-августтан 17-августка чейинки убакыт аралыгында кумшекер баасы 36 пайызга арзандап, килограммы 69 сом 30 тыйындан 66 сом 70 тыйынга чейин төмөндөдү. Баанын арзандашы ички базарда сунуштун көлөмү көбөйүп, сырттан ташып келүү турукташкандыгына байланыштуу болду. Аталган агенттиктин билдирүүсүндө күйүүчү майдын баасы, эт, сүт жана көмүрдүн баасынын кескин өскөндүгү да айтылууда.


  Спорт

Биздин спортчулар эл аралык чемпионатта финалга чыгышты
Биздин спортчулар Венгрияда өтүп жаткан эл аралык чемпионатта финалга чыкты. 2007-жылдан бери кайыкта сүзүү боюнча акыркы жакшы жыйынтыктарды жаратышкан эмес.
Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтүп жаткан кайыкта сүзүү боюнча эл аралык чемпионатта финалдык жарышка чыгышты. Мындай кубанычтуу маалыматты Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Айгүл Садыбаева билдирди. Анын айтымында, 500 метрлик аралыкта Илья Альгин менен Максим Бондар жети команданын ичинен бешинчи болуп сүзүп келишкен, ал эми жарым финалдык оюнда тогуз команданын ичинен кайрадан бешинчи орунга чыгышып, финалга жолдомо алышкан.
2007-жылдан бери спорттун бул түрүндө биздин спортсмендер жакшы жыйынтыктарды көрсөтө элек болчу.




  Бир Бүркүм

Базар-Коргон РИИБнин жетекчиси алмашты. Бөлүмүнүн жетекчилигине Абдил Куланбаев дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев кол койду.
Ысык-Көл облусунда 19-августта Казакстандын жараны Эрлан Балмахаевди сабаганга шектүү төртүнчү адам-15 жаштагы Ысык-Көл облусунун жашоочусу Н.Н. кармалды. Бул тууралуу 22-августта Ысык-Көл облусунун ИИБ маалымат кызматы билдирди.
КРнын мугалимдин макамы мыйзамынын негизинде Ноокат району боюнча 13 мугалим жакынкы күндөрү жөлөк пулга ээ болмокчу.
22-августта өлкө боюнча бардыгы болуп 2289 участкалык шайлоо комиссиясы ишке кирди.
БШК тараткан маалыматка ылайык, президентикке өзүн көрсөткөндөрдүн бири Таалайбек Токтоказиев арызын кайтарып алды. Ошентип, президенттикке талапкерлердин саны 80 болду.
22-августта Жогорку Сот кремний иштетүүчү "Кристалл" заводунун ээси - казакстандык "Эстер-Холдинг" компаниясынын доо арызын карайт. "Кристалл" заводу 7-апрелге чейинки 420 млн. доллар карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан банкрот деп жарыяланган.
Баткендин губернатору А.Бурканов областта болуп өткөн сел алуу жана жер титирөө кырсыктарынан жабыркаган атуулдарга өкмөттөн берилген акчалай жардамдардын таркатылышында кемчиликтерге жол бергендиги үчүн өзгөчө кырдаалдар боюнча областтык штабдын жетекчиси, губернатордун орун басары Атамбек Ботоевге жана Арстан Ходжаевге сөгүш жарыялады.