п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Эмилбек Каптагаев:
Президенттик аппараттын жетекчиси Эмилбек Каптагаев менен маек.
"Салянова менен куда эмесмин, кудам курулушта иштеген эле карапайым адам"
- Маегибизди алгач өзүңүздүн кичи мамлекетиңиз болгон үй-бүлөңүздөн баштасак? Канча балаңыз бар, алар эмне менен шугулданышат?
- Бир уул, эки кызым бар. Уулум Кубаныч үйлөнгөн, кичине кызы бар, 2006-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Кызым Аида мен оппозицияда жүргөндө өз алдынча конкурстан өтүп, чет өлкөгө окууга кеткен. Буюрса, быйыл келет, кесиби-экономист-математик, азыр экология боюнча адистешип жатат. Кичүү кызым Айжан турмушка чыккан, эки кызын чоңойтуп үйүндө отурат, кесиби-психолог.
- Бир туугандарыңыз кандай кызматтарда иштешет? Алар да сиздин жардамыңыз аркылуу ал иштерге жетишти беле?
- Эки эркек, төрт кыз, алты бир тууганбыз. Эжем Салтанат өмүр бою мугалим болуп иштеди, азыр пенсияда. Карындашым Нуржанмугалим, кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Гүлжан - бухгалтер, көп жылдан бери Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө иштеп жүрөт. Иним Таалай айылда, ата-эненин маңдайында, үй чарба менен эле алек, кесиби-электрик. Карындашым Чолпон - бухгалтер, иши жок эле үч эркек баласын багып жүрөт, жолдошу каза болуп калган. Иши кылып бир туугандарымдын ар кимиси өз турмушу менен алек.
- Байбичеңизге кантип үйлөнгөнсүз? Ала качып кеттиңиз беле, же сөйкө салып алгансызбы?
- Жубайым Абида менен бир группада, бир курста беш жыл чогуу окудук. Ошонун төрт жылын сүйлөшүп жүрдүк, киного барып, паркта сейилдеп дегендей. Бешинчи курстун башында, 1979-жылы, атам баш болгон үч-төрт туугандар кайын атамдыкына барып, сөйкө салышып, куда түшүшүп, андан бир ай өткөндөн кийин кыргыздын каада-салты менен колдон алып кеткенбиз, той берип. Анан Бишкекте той бердик, каттоодон өттүк.
- Аида Салянова менен кудасызбы?
- "Салянованын кызын Каптагаевдин баласы алган экен, куда экен", - деп жалган эле сөздү таратып жиберишти го... Менин кудам карапайым эле киши, курулушта иштейт.
- Чачыңыз эмнеге өспөй калган? Акылдуу адамдын чачы көп түшөбү?
- Чачым өсүп эле турат, студент кезде эң узун чач меники болуучу, ал үчүн да далай тил уккам. Азыр болсо эң кыска. Мага ушундай жүргөнүм жагат, жаш куракка карата абдан эле ыңгайлуу да.
- Былтыр, "мени сабап кетишти" деп журналисттерге айттыңыз эле, а эмне үчүн укук коргоо органдарына кайрылган жоксуз? Сизди ким сабатканы анык болдубу?
- Ооба, 2009-жылдын 19-июнунда милиция формасын кийген белгисиз кишилер түнкү саат он экилерде көчөдөн машинени токтотуп, күч менен уурдап алып кетишип, башыма мүшөк кийгизип, таң атканча сабашып, таңкы саат төрттөрдө "Манас" аэропорту жактагы буудай талаасына таштап кетишкен. Президенттик шайлоонун үгүт иштери жаңыдан гана башталып жаткан, мен Атамбаевдин штабында болчумун. Ал түнү мага эч кандай доомат коюп, эч нерсе талап кылышкан жок. Анда эки кабыргам сынган, баштан жаракат алып, мээ чайкалган, моюн жана арка омурткалар жылып кеткен. Жыйырма күн төшөктө жаттым, тааныш врачтар үйгө келип карап, дарылап жатышты, рентген, томограмма жасаттык. 23-июлда шайлоо болуучу, 10-июлдарда кайра штабка келип ишке аралаша баштадым, БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү катары менин да бир топ милдетим бар эле. Дароо эле белгисиз бирөөлөр телефон чалып, коркута башташты: "Тынч жат, Атамбаевге жолобо!- дешти, болбосо кайра кайталайбыз, эми тирүү калбайсың", - деп да айтышты. Мен ошондо дароо эле пресс-конференция берип ачык айттым: "Эгерде мен же менин жакындарым кырсыкка учураса, бардык жоопкерчилик Бакиевдерде болот, мурда сабап кеткенде кимдер экенин билбей калган болсом, азыркы коркутуулар даректи анык кылды", - дедим. Мага карата коркутуп-үркүтүү Бакиевдер тарабынан уюшулуп жатканы анык эле болуп калды да. Эми ал кезде арыз бересиңби, бербейсиңби баары бир эле да, өздөрү өзүн кармамак беле, кайра "эмне болду эле?", "кайда болду эле?" деп күнүгө мени суракка ала берип айламды кетиришмек. Ошондуктан, арызданган жокмун.
- "Улуу биримдик" деген партияңыздын эмне себептен дымы чыкпай калды? Шайлоого да катышкан жок. Сиз бийликке келгенден кийин эле партияңызга көңүл бурбай койдуңузбу?
- Партия дымып калган жок, ишти улантып жатабыз. Жакында коомдук түзүлүш боюнча сунуш даярдап, президентке сунуш кылдык. Бул ишке "Асаба" партиясы да катышып, алардын лидери Салмоор Дыйканов менен бирге иштеп жатабыз. Азыркы саясий агымдарга кошулууга бизде жетиштүү каражат жок. Президенттик шайлоодо болсо бир кандидатка токтолуп, ошону колдойбуз да.
- Президенттин башкаруу аппаратында кандай көзгө көрүнөрлүк иштерди кылдым деп ойлойсуз?
- Былтыркы апрель айынан бери аппараттын иши абдан эле оор, түйшүктүү болуп, баш көтөрбөй иштөөгө туура келди. Анткени, 7-апрелде Убактылуу Өкмөт түзүлгөндө эч кандай аппараты жок болуучу. Президент жок, өкмөт жок, парламент жок кырдаалда таптакыр жаңы аппарат түзүүгө туура келди, бардыгын жаңыдан баштадык. Үч айдан кийин референдумдун жыйынтыгы боюнча президент шайланып, Президенттик администрация түздүк. Андан алты ай өткөндөн кийин Жогорку Кеңеш ишке киришти да, өз аппаратын түздү. Өкмөт ишке киришип, өз аппаратын түздү. Ошондо биз да кайра жаңы Президенттик аппаратты түздүк. Конституциялык талаптарга ылайык президенттин ишин камсыз кылып жатабыз. Тигини кылдым, муну кылдым деп мактана албайм, мамлекетте болуп жаткан бардык иштер элдин көз алдында турбайбы. Башкы милдетим-Президентибиз Роза Исакованын ишмерлигин камсыз кылуу. Эң башкысы мамлекетти кайрадан укуктук талаага алып келип, былтыркы каргашалуу окуялардын кийин өлкөнү калыбына келтирүү иштери бир топ эле ийгиликтүү жүрүп жатат.
- Роза Исаковна жакында бийликтен кетет. А сиздин андан аркы кадамдарыңыз кандай? Бийликте калып, эл шайлаган президент менен тил табышып иштейсизби, же оппозицияга өтөйүн деген оюңуз барбы?
- Мен башынан эле кызматка, бийликке жабышып көргөн эмесмин. Кай жерде иштебейин "бошоп калам, кетип калам" деп коркпостон иштедим, мунун баары эле билет. Өз оюмду дайыма ачык, так айтып келгем. Эч кимге кошомат кылып, жагалданып да көргөн эмесмин. Азыр деле эртең жаңы президент шайлангандан кийин эмне болот деп ойлонгонго чоло жок, иш көп. Кудайдын буюрганын көрөбүз да, ачка калмак белек, билим бар, тажрыйба бар дегендей. Азыр баарыбыздын алдыбызда эң чоң милдет турат - Президенттик шайлоону таза өткөрүп, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу тынч, мыйзам чегинде бийликти өткөрүп берүү наркын калыптандыруу керек. Бул өтө чоң милдет, жоопкерчилик ар бирибизде, кызматтасыңбы же жокпу, ага карабай. Элди ойлосок, мамлекетти ойлосок, ушуну түшүнүшүбүз абзел.
- Ажылык иш сапары боюнча бир топ чырлар болду эле. Анын аягы эмне болду?
- Бул боюнча айта берип тилим деле тешилди. Мага карата атайын уюштурулган жалаа. Кудай бар, акыры чындык жеңет, буга ишенем. Мындай кара санатайлык менен жабылган көө жукпайт да.
- "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?" теледолбоорунда буга чейин коомдук транспорттордо жүргөнүңүздү, жөнөкөйлүгүңүздү айткан элеңиз. Бирок, андан көп өтпөй эле Ош базарындагы Чүй-Бейшеналиеванын кесилишиндеги, "Кыял" базарынын бери жагында түрк ишкерлери менен биргеликте чоң соода үйүн курганы жатат деген да сөздөр чыкты. Ушундан улам бир суроо туулуп атат. Коомдук транспортко түшпөй калганыңызга бир жыл эле болсо, анан минтип Президенттик аппаратты жетектеп калгандан кийин эле соода үйүн ачканы жатканыңызды кандай түшүнсөк болот? Ал жак өтө майлуу-сүттүү кызмат окшойт да?
- Ошол соода комплекси меники болсо, ошол ушак чыгаргандар барып ээлеп алышсын, уруксат бердим, мени өзү айтты дешсин. Каптагаев куруп жаткан соода үйү бар болсо, каршылык жок, силер деле барып алып алсаңар болот.
- Акаевдин чокоюн кийин чойкоюп бийликте отургандар, Бакиевдин байпагын кийип бийликке келишти эле. Ошол эле эргулдар Роза Исаковнаны жандап, бийликте отурушат. Эми Роза Исаковна кетсе, бийликтегилер дагы эле бирөөнүн өтүгүнө, бирөөнүн кепичине жармашып жүрө беришеби?
- Ооба, Бакиевдин чачпагын көтөрүп жүргөндөрдүн көбү азыр кызматта. Бирок ошолор тарых алдында, эл алдында өз жоопкерчилигин сезиши керек. Кудай дагы бир "шанс" берип жаткандан кийин, эми дагы уят болбой абийири менен иштегенге аракет кылышса жакшы болот эле. Эгерде, алар кайрадан мурдагы эски ырын ырдоону каалашса, бат эле бети ачылып калат да, кайрадан эле баягы таз кейиптерин кийип калышы мүмкүн. Эл тараза, эл калыс, бирок элдин дагы чыдамынын чеги бар да...
- Акылбек Сариев БШКнын төрагасы болуп турганда шайлоо таза эмес өттү деп эл нааразы болуп, аны Акылбек Жапаров өткөндөгү бизге берген интервьюсунда тастыктап отурат. Эми Туйгунаалы Абдраимов келди, шайлоо таза өтөт деген ишеним барбы?
- Былтыркы референдум жана шайлоо боюнча анча-мынча нааразычылык болгону менен негизинен ачык өткөнүнө биз баарыбыз күбө болбодукпу. Эл аралык коомчулук деле буга баа берди. Ошол эле Акылбектин көзү эми ачылыптырбы? 2007-жылкы парламенттик шайлоодо, 2009-жылкы президенттик шайлоодо кайсы жакты карап отурду экен? Шайлоо процесси жаңы башталды, Абдраимов өтө татаал тандоодон кийин келип төрага болду, мурда да бул кызматта иштеген. Эми болсо коомчулук көз салышы керек, оош кыйыштарды дароо ачык айтыш керек, жер-жерлерде дагы участкалык шайлоо комиссиялары таза иштей тургандай кырдаал түзүш керек, бул-жалпыбыздын милдетибиз. Таза коомдо жашагыбыз келсе, таза бийликти кааласак, кайдыгер болбой, ыйманыбызды жебей, сатпай, Кудай алдында дагы, өз абийирибиздин алдында дагы ар кимибиз ак болушубуз керек. Башкалардан тазалыкты, калыстыкты талап кылсак, өзүбүз да ак, калыс болушубуз милдет. Өзүбүз акчага, аракка сатылып, туш келди добуш берип алып, анан бийлик андай, депутаттар мындай деп наалып жатпайбызбы. Биз кандай добуш берсек, бийлик ошондой болот.

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??