п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Ак шооланын" кыргыз маданиятына кошкон салымы чоң деп эсептейм"
Кыргызстанда жалгыз гана балдардан турган "Ак шоола" хорун түзүп, 27 жылдан бери жетектеп, кыргыз маданиятына опол тоодой салым кошуп келе жаткан Гүлмира Эсенгулова бүгүн бизде конокто.

- "Ак шоола" балдар хорунун учурдагы абалы, жасап жаткан ишине токтоло кетсеңиз?
- Бардык нерсе биз каалайбызбы, каалабайбызбы, коомго байланыштуу болот. Канчалык тырышалы, тырышпайлы, керек болсо ар бир чыгармачыл топтун эмес, чыгарманын тагдыры коомго байланыштуу болот да. Чыгармачыл адам китеп жазабы, ыр жазабы, обон жазып жатабы, балким, арасында жакшы чыгармалар бар. Бирок ал жазгыча гана автордуку да, жазгандан кийин анын тагдыры баары бир коом кандай кабыл алат, угуучунун маданияты кандай, ушуга байланыштуу. Кандай жакшы чыгарма болбосун, ал кабыл алынбай деле калышы мүмкүн. Ал сенин жамандыгыңдан эмес, угуучуңдун жамандыгынан, угуу маданияты, кабыл алуу маданияты жоктугунан да болушу мүмкүн. Дайыма бийиктикке чыгыш кыйын да, ал эми жылмышып ылдый түшүп кетиш оңой. Биз азыр шыпырылып эле ылдый түшүп жатабыз, себеби, бүгүнкү маданиятты кечээкиге салыштырып караган инсандарыбыз өтө азайып кетти да. Сурооңузга кайрылсак, "Ак шоола" балдар хору сентябрдан баштап, кудай буйруса, 27-окуу жылын баштайбыз. Мындан 27 жыл мурун "Ак шоола" балдар хорун түптөгөнүмдө жаш кыз элем. Анда биз Совет доорунун балдары башкача элек, эгер мен жакшы иштесем, ишим сөзсүз түрдө бааланат деген ой бар болчу. Бул нерсе бизди шыктандырчу, көптөгөн жаштарды алдыга сүрөчү, биздин таалим алган адамдарыбыз, тарбиябыз, билимибиз такыр башкача болчу. Сартбаева, Жалгасыноваларды карап туруу, алардын басып жүргөнү, бири-бири менен мамилеси бизге чоң маданият болчу.
- Окуучуларыңыздын арасында ырчы болуп кеткендери жокпу?
- Мага көпчүлүгү суроо беришет: "Эмне үчүн "Ак шооланын" балдары кийин ырдап чыгышпайт?"-деп. Азыр үнү жоктор деле ырдап жатышпайбы, менин балдарым таланттуу болсо деле жулунушпайт, мен аларга айтам: "Ырчы болбой эле койгула, өтүкчү болгула, бирок маданияттуу, чыгармачыл, эч ким тикпегендей кылып тиккиле",- деп. Ырдагандары ырдап жүрүшөт. Жакында эле Айбек Замир уулу "Юрмалага" барып келди го, ошол менин окуучум. Ал жулунбай, жутунбай эле унчукпай барып жеңүүчү болуп келди го? Дагы Алтынай Атаханова деген кызым бар эле, ырдаса ошол ырдаш керек эле. Азыр ырчы болуп жүргөн Чолпонай-менин кыздарымдын эң өжөрү. Көбүнесе мен бардык жагынан төп келгендерди гана "ырчы бол" деп айтам.
- "Ак шоола" балдар хоруна балдарды кандай негизде аласыздар?
- Эч кандай негиз жок, биринчи кезекте, ата-эненин каалоосу. Биздин элибизде баланы сыйлоо маданияты жок да. Бир да эне өзүнүн баласынын оюн сыйлабайт, бул маданият бизде эчак өлгөн. Баланын оюн угуп көрөйүн дебей: "Ал бала да, сүйлөй берет",-деп коюшат. Ошондуктан, бизде ата-эненин каалоосу биринчи турат. Ата-энелерде: "Мен бала кезимде ушунчалык "Ак шоолада" ырдагым келген, бирок ырдабай калгам, ошондуктан, баламды алып келдим",- дегендер четинен табылат. Кээ бирине мен бир себептен улам жакпай калдым, же таарынып калышты, ошондо баласын "болду барбайсың" дешет, баягы кыз күндө ыйлап келет: "Гүлмира эже, апам жибербей жатат"-деп, апасынын каалоосу бийик турат. Дайыма эле айтып келем, ата-энелер чечет бизде. Бирок мунун жакшы дагы жагы бар, мен кээ бир ата-энелерге жүрөгүмдөн ыраазымын, менин кабагымды-кашымды карап тургандар бар. Чындыкты айтышым керек, мен аларды туям. Бүгүнкү күндө ушул мага дем берет.
- Сиздердин формаларыңыздар өзгөчө, аларды ким тигет жана каражатты кайдан аласыздар?
- Ушунун баарын өзүм тигем десем ишенбей да коюшуңуз мүмкүн, бирок ушунун баары өз каалоом менен жасалат. Костюмдарды колумдан келишинче чийгенге аракет жасайм да, тигүүчүлөрүмө сунуш кылым. Форманын ар бир топчусуна чейин көңүл бурам, эгерде жакпай калса сөзсүз алмаштырышым керек. "Мадина" базарына барып топчусуна чейин өзүм сатып алам. Жардамчыларым да бар, бирок, эч кимге ишенбейм, биринчи кезекте мага жагыш керек. Каражат жагын көпчүлүк убакта ата-энелер, андан сырткары, концерттерден табабыз. Азыр концертке чакырса, балдарды алып келүү кыйын. Мени түйшөлткөн нерсе ушунун баркын билбей, сезбей, ушинтип эле кумга сиңгендей болуп кетишин такыр каалабайм. Адамда жыт алуу, угуу, көрүү, даам алуу сезимдери бар да, элестетсеңиз адам тамактын даамын билбей, таттууну деле, ачууну деле жей берген бул бактысыздык да. Анан ошондой болуп эле укпай калсак, көрбөй калсак бул кандай? Жакшы менен жамандын айырмасын билбеген адамдарды өстүрүп жатсак, мен бүгүнкү күндө ушундан корком. Бир ырды жасаш кандай кыйын, керек болсо бул жеринен кашыңарды көтөргүлө, бул жеринен түшүрүп койгула деген ырлар болот. Биз өзүбүзгө талапты ушундай коёбуз да, анан ошону элге тартууласаң даамын билбей турган көрүүчүлөр олтурса, мындан өткөн трагедия жок.
- Кыргыз маданиятына жакшы салым кошуп келе жатыптырсыздар, мамлекет тарабынан кандай сыйлыктарга ээ болдуңуздар?
- Биздин "Элдик", "Үлгүлүү" деген наамдарыбыз бар, аларды илгери алганбыз. Андан бери эч кандай сыйлык алган эмесмин. Мени сыйлык бербей койду деген ой эч качан түйшөлтпөйт. Эгер "Ак шоола" баркталса, мына ушул мага бакыт алып келиши мүмкүн. Бул менин жүрөгүмдөн чыккан чын сөзүм, каалоом, тилегим. Мен сизге "Ак шооланын" бир да көйгөйүн айткан жокмун, "Ак шооланы" актап, атына кенедей да кир жугузгум келбейт. Ошондуктан, мен көп жерден "Ак шоола" үчүн алтын башты ийип коюшум мүмкүн. Ушуну жаман аттуу кылбаш үчүн, жаман сөздөн куткарыш үчүн көп кыйынчылыктарды 27 жыл ичинде башымдан өткөрдүм, жеңгенге аракет кылдым. Дагы да болсо кыйынчылыктар көп, бирок мен эч кимге айтпайм. Мен "Ак шооланын" аппак аты үчүн кыйынчылыкты жеңүүгө, чыдоого даярмын. Ошондуктан, "Ак шоола" ушунча жылдан бери жашап келе жатат деп айта алам.
- "Дем" театры сиздин "Мээрим" деген ырыңызды пародия кылып аткарып жүрүшөт, аларга болгон көз карашыңыз кандай?
- Мен абдан кубанычтамын. Бир жолу концертине барып калдым. Анан: "Ак шоола" деген балдар хору бар, ошол хордун жетекчиси"- дегенде эле залдын ичи дуу болуп, баары мени карап калышты. Аларда кичине кемчилик бар, балдардын дүйнөсүн анчалык билишпейт. Эгерде менден консультация алышса, андан да күлкүлүү кылып бермекмин. Бирок мага жагат.

Динара Чокоева



Жарамазан, жарамазан айтсак деп...
Орозо маалында айтылган, илгертен бери келе жаткан салттардын бири жарамазанды айтып, жолдугуна эмне алдыңыз эле? Айтып жаткандагы кызыктуу окуяларын билүү максатында таанымал адамдарга собол салганбыз. Анда эмесе, кызыктуу учурларына бир күлүп алалы.

Ырчы Сьездбек Искеналиев: "Жарамазандын баркын кетиришип…"
Жарамазанды аябай деле укмуш айта албайм. Бирок кичине кезде айылда айтчубуз. Негизи, айылдыктар жарамазандын баркын кетирбей жакшы айтышат го.Ал эми шаарда болсо жолдун боюна туруп,машина токтосо эле айтып жарамазандын баркын кетирип калышпадыбы. Кээ бирлери жарамазан эмне экенин сурасаң, толук деле билишпейт. Жөн гана акча табыш үчүн гана колдонуп келишет. Кичинемде чоң деле белек алчу эмесмин. Эми ал убакта кичине болгондуктан, көп маани бербептирмин. Кичине бир нерсе алсак, ал биз үчүн чоң белек көрүнүп, жөн гана эргүү алып кетчү экенбиз. Баса бир көйнөк алганым эсимде. Ошондо аябай сүйүнгөм. Учурда мага жарамазан айтып келгендердин көбүн аягына чейин айттырып, кыйнап туруп анан тыйын берем. Бирок капа кылып кетирбейм.
Төкмө акын Баян Акматов: "Досум шымы жок үйгө келген"
Эми бала кезде жарамазанды көп айттык. Бирок терең маанисин дин жолуна келип кудай деп жакамды кармап калганда гана түшүндүм. Көрсө, абдан баалуу мусулмандардын салты турбайбы.Бала кезимде комузду эрте үйрөнгөндүктөн, досторум менен айыл кыдырып, кызыгып кетсек, эл уктап жатса деле тынчын алып, ойготуп айтчубуз. Бир ирет үй ээси жинденгенби, чоң кара дөбөтүн атайы коё берип жиберген. Ошондо классташым Марсбек деген баланын багалегин тиштеп жулкуду эле, араң турган шым экен, бүтүн бойдон иттин оозунда кала берген. Ошентип, Марсбек шымы жок, балтырын жулдуруп жибербегенине сүйүнүп үйүнө барган эле. Атасы абдан катаал мүнөз адам болгондуктан, шымы жок барган үчүн рамазандын түйшүгүн жакшы эле тарткан. Чынында, жарамазан айтуу-мусулмандык милдет жана орозо кармагандар кудайды улуктап айта турган акын жана ырчылардын сонун өнөрү да. Менин оюмча, азыркы учурда жарамазан кичинекей балдардын бизнесине айланып калган сымал.
Акын Азамат Болгонбаев: "1 тыйын алгам"
Мен өзү Арашан деген айылдан болом. Кичинебизде кичине балдардай эле жарамазан көп жолу айтканбыз. Бирок, чынында, аябай деле кызыктуу окуя болгон эмес. Бир жолу бир маркум аяш атабыздын үйүнө жарамазан айтып барсак, өзү чыгып: "Эми мен силерди аябай байытайын",- деп калды. Биз болсо сүйүнүп, күтүп жатсак эле 1 тыйын,10 тыйындыктарды толтуруп берип жатпайбы. Ошондо аябай нааразы болгонбуз. Бирок күлүп үйгө кайтканыбыз ушул күнгө чейин эсимден кетпейт.
Ырчы Акбар Сүйүнбаев: "Бананды жарамазан айтып, биринчи жолу жегем"
Мен студент кезде Мирбек Иманбеков,Султан Садыралиев менен бирге жатаканада жашап калдым. Студенттик күндөр негизи эле кызыктуу өтөт эмеспи. Ошондой күндөргө кошумча жарамазан айткан биз үчүн аябай кызыктуу болчу. Негизи, жарамазанды бала кезде айылда айтканыбыз менен чыныгы жарамазанды ушул студент кезимде айттым окшойт. Себеп дегенде, баары тең таланттуу балдар. Алар менен айткан кызыктуу да. Султан ал кезде комуз,Мирбек аккордеон көтөрүп чыкчу. Өзүбүз менен чогуу окуган балдардын бирөөсү гитара көтөрүп чыкса, бирөөсү килтейген спорттук сумка көтөрүп чыкчу. Анан подьезддердин астына келип айтчубуз. Биз айтып жатканда орустарга чейин эшиктин алдына чыгышып, кызыгып угушчу. Үйүндө эмне болсо алып чыгып, сумкабызга салып, күнүгө баарыбыз бери дегенде эле 400 сомдон акча тапчубуз. Андан тышкары, бир сумка тамак-аш менен жатаканабызга келчүбүз. Топтогон акчабыз менен кышкы сессиябызды бүтүрүп, айылдагы ата-энебизге жаңы жылдык белектерди алып барчубуз. Эң кызыгы, бардыгыбыз тең эле айылдан келгендиктен, мөмө-жемиштердин көбүн жарамазан айтып жүргөндө жегенбиз. Мисалы, телевизордон банан, ананас дегенди көргөнүм менен өмүрүмдө жеп көргөн эмесмин. Жөн гана бананды оозуңа салып жесең эрип кетет дегенин укчумун (күлдү). Ошондо бир орус банан,ананас алып чыгып берсе, биринчи жолу жеп көргөм. Эки жыл катары менен айттык. Учурда дагы чогулуп, жакын туугандарыбыздыкына айталы дегенбиз. Бирок кичине бошобой жатабыз. Бирок орозо бүткөнчө, мүмкүн, айтабыз.


Келсин Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??