п»ї

  Мээң иштейби?

Тамадалардын билими кандай ?
1. Кыргыз Республикасынын туусу канчанчы жылы, кайсы күнү кабыл алынган?
2. Кыргызстандын жалпы аянты канча?
3. Манастын биринчи аялы ким болгон?
4. "Эркин Тоо" гезити качан жарык көргөн?
5. Быйыл Уркуя Салиеванын канча жылдыгы белгиленүүдө?

Эшенкул Барпиев, 25 жылдык тажрыйбасы бар, тамадалар борборунун төрагасы:
1. 1992-жылы.
2. Айта албайм.
3. Бакдөөлөт.
4. 1926-жылы болушу керек.
5. 150 жыл болуп калат го дейм.

Алтынбек Шадыбеков, 15 жылдык тажрыйбасы бар,
тамадалар борборунун төрагасы:
1. 1992-жылы.
2. Машина менен кыдырып көргөм, ал эми метр менен ченей элекмин да.
3. Аны билбейт экемин, Каныкейин эле билем.
4. 1924-жылы.
5. 100дүн тегереги го дейм.

Нуркан Койчуманова, 15 жылдык тажрыйбасы бар тамада:
1. 1992-жылы, күнү эсимде жок.
2. Билбейм.
3. Билбейт экем.
4. 1924-жылы.
5. Менин оюмча, 80 жылдыгы.

Мадин Итикеев, 10 жылдык тажрыйбасы бар тамада:
1. 1992-жылы, күз айларында.
2. Айта албайм.
3. Атын эстей албай жатам.
4. Билишимче, 1961-жылдары.
5. 120 жылдыгы болсо керек.

Акматбек Алдашов, 15 жылдык тажрыйбасы бар тамада:
1. 1993-жылы, март же апрель айында болуш керек.
2. Билбейм.
3. Каныкей да.
4. 1939-жылы болуш керек.
5. 125 жылдыгы.

Имаш Калыбаев, 15 жылдык тажрый-
басы бар тамада:
1. 1991-жылы го дейм.
2. Эсимден чыгып жатат, болжолдуу айта албайм.
3. Каныкей апабызбы?
4. 1995-жылыбы?
5. 75 жылдыгыбы?

Туура жооптору:
1. 1992-жыл, 3-март.
2. 198,5 миң км 2.
3. Карабөрк.
4. 1924-жылы, 7-ноябрда.
5. 100 жылдыгы.





  Мен да президент болом

Жамбыл менен Борончу дагы президенттикке жарайбы?"
Учурда президенттикке ат салышкандардын саны 81ге жетип, алардын арасында эки куудулдун да бар экени эл арасында көптөгөн ой- пикирлерди жаратып жаткан учуру. Биз ушул куудулдардан президенттикке койгон максаты тууралуу сурадык.

Борончу Кудайбергенов, куудул: "Талапкерлигиңди алып таштайбыз дешти"
Мен бул суроого жооп бере албай калдым, себеби, бир гезитке ушул боюнча жооп берип койсом, БШК талапкер катары өзүңдү жарнамалап жатасың деп эскертүү берди. Ал эмес "концертиңди токтоткун" деп жатпайбы? Мен "эмнеге токтотом" десем, "анда концертиңде ашыкча сүйлөсөң, талапкерлигинди алып таштайбыз", -дешти.


Жамбыл Камчиев, куудул:
"Кудай буйруса, президент болом"
Өзүмдү пиар кылып элге таанытайын деген оюм жок, билесиңер да мени элдин баары эле тааныйт. Мен Н. Мотуевге окшоп кайра-кайра эле коё бербейм, бир жолу эле койдум. Болгондо дагы президент болуш үчүн коём да. Каражат жагын айтсам- мен Атамбаев, Байболов, Ташиев байларга окшоп чача албайм, күрөөгө коюлуучу акчаны досторум төлөп бергени жатышат. Мен Акаевден же Бакиевден акча алганым жок, Америка же Орусиядан акча сураган жокмун. Элиме ишенем, элибиз ажыдаар бийликке да, байлыкка да тойбогон жегичтерден тажап бүттү. Менин идеямды, дебаттарда сүйлөгөн сөзүмдү элим колдойт деп ойлойм. Мен жогорку билимдүүмүн, убагында көп илимди казып чыккан адаммын, ошондуктан чачым түшкөн да. Биздин президенттикке талапкерлигибизди койгонубузду тамаша катары кабыл алышканынын себеби, Кыргызстанда мурда мындай болгон эмес да. Мисалы, азыр И. Жунусов вице-премьер-министр болуп иштеп жатпайбы, ал өзү болгону музыкант. Эгер филолог болсо дагы билими тереңирээк болмок да, ал эми музыканттардын билими анчалык терең болбойт. Музыканттар мени кечирип коюшсун. Кудай буйруса, президент болом, кыргыздардын акыркы мүмкүнчүлүгүмүн мен. Мындан кийин байлар бийликти ээлеп алып, жалаң семиздер, акчасы көптөр президенттикке коюшу мүмкүн.


Президенттикке талапкерлигин койгон куудулдарга көз карашыңыз?
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы: "Мен Жамбыл байкени Н. Назарбаев, Д. Медведев, И. Каримовдордун жанында элестете албайм"
Сатиралык көз караштамын, албетте, аларды олуттуу кабыл албайм. Өзүлөрүнө пиар жасаш үчүн гана барып жатышат. Алар жакшы адамдар, бирок президент болууга деңгээли жетпейт, күрөөгө акча бергенге чейин деле жетпейт. 83 кишинин арасында алардан да күлкүлүүлөрү бар, жөн гана алар белгилүү куудулдар болуп калгандыктан, биз аларды олуттуу кабыл албай жатабыз. Мисалы, мен Жамбыл байкени Н. Назарбаев, Д. Медведев, И. Каримовдордун жанында элестете албайм.
Чынара Капарова, тележурналист: "Бул-жетекчилердин намысына тийүү"
Алар Кыргызстандын жараны катары өзүнүн талапкерлигин койгонго укуктуу, конституцияда 35тен жогорку 70 жашка чейинки Кыргызстандын жогорку билимдүү адамдары койсо болот деп жазылган. Бул эки инсанда тең маданият тармагынын билими бар. Экөө тең кыргыз жерин кыдырып, карапайым элге жакын болгондуктан, ошолорго күйүп, талапкерлигин коюп жатат деп айта алам. Анан "куудулдар коюп алыптыр" деп каткырып күлүп, шылдыңдагандын кажети жок. Анткени, дал ушундай артисттер эл аралап жүрүп, аларга күйүп, өз чыгармалары аркылуу элге чоңдордун жүзүн ачып берип жатышат. Бул экөө тең өтпөшүн билип туруп коюп жатышат. Бул-жетекчилердин намысына тийүү, айрым жетекчилердин жүзүн ачып берүү.
Актан Арым Кубат, режиссёр: "Алар өтпөйт, элдер деле колдобойт"
Билбейм, тамаша болуш керек. Булардын эми артисттик кесибине жакшы болот да, концерт койсо эл чогулуп, пайда көрүп алалы деп эле коюп жатышат. Азыр жакшы болуш аста-аста, президент болуш бир паста болуп калбадыбы? Бирок алар өтпөйт, элдер деле колдобойт, мен аларды колдойм деп ойломок тургай эсепке да алган жокмун. Эми ар ким өз ишин кылса, алар саясатчыларга силерден эмнебиз кем деп жатышат го? Президент деген оңой эмес да, азыр аны оюн кылып жатышат.
Бек Борбиев, ырчы: "Финансы жагы экөөндө тең чатагыраак болуш керек"
Азыр бизде демократия да, ким кааласа коё берет. Бирок мен ойлойм, президент болуш үчүн экономикалык-саясий программалары, жакшы каражаты болушу керек. Борончу менен Жамбылда андай нерселер барбы, жокпу, билбейм. Менимче, финансы жагы экөөндө тең чатагыраак болуш керек. Ал эми деңгээли төмөн деп айта албайм, бирок тажрыйба сөзсүз керек. Алардын президент болоруна көздөрү деле жетпей турса керек, бирок ашык дөөлөт баш жарбайт болуп жатышса керек да. Добуш жагын айтсам, аларды кесиптештер деп эле добуш берип койбойм. Мен Кыргызстандын келечеги үчүн добуш берем.
Асылбек Өзүбеков, ырчы: "Мен аларды колдойм, экөө тең татыктуу"
Эмне куудулдар башкалардан кем бекен? Алар чындап эле президент болгулары келсе, болсун. Мен аларды колдойм, экөө тең татыктуу. Борончунун болгону бою кичирээк, бирок эч нерсе эмес, платформа кийгизип коёбуз, ал эми Жамбылга кийин чач өстүрөбүз.
Кубик Калыков, куудул: "Элдер шылдыңдап жатышат"
Мен уялып жатам, кесиптештеримдин талапкерлигин коюп алганына, бул атың чыкпаса жер өрттө дегендей болуп жатат. Себеби, көчөгө чыксам элдер: "Сен дагы койбойсуңбу?" деп шылдыңдап жатышат. Президент болуш үчүн билим алыш керек, законду билиш керек. Бирок андай дейин десең, парламентте олтургандарга караганда, менин кесиптештерим түзүгүрөөк.
Мукамбет Токтобаев, КРнын Эл артисти: "Эмне куудулданып жаткандарыбы?"
Мен буларга түшүнбөй жатам, бул эмне куудулданып жаткандарыбы, же чындап эле кыргыз эл үчүн, мекен үчүн ошондой жарышка түшүп жатышабы? Президент болууга деңгээли жетпейт да, орусча сүйлөтүп көрсө, сүйлөй албай коюшту, бул эмне деген? Жамбыл болсо досторум колдоп берем деди, ошол үчүн коюп жатам дейт, ошол да сөзбү? Буларды элдин баары эле жактырбай жатышат, куудулданып жатышабы, же кийинкисине бир сатира даярдап жатабы деп.


Динара Чокоева














кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??