п»ї
 Таанышуу жарыясы


Шайлообек Дүйшеев, кыргыз эл акыны:
"Дени-карды соо адам ырдап жатканына ишенгиң да келбейт"

Тилекке каршы, барган сайын өзүн "жылдыз" санагандардын башка өлкөлөрдөн "обон" уурдаганы аз келгенсип, ошол арам сийдик "ырларга" чапташтырган "чала кайым" сөзү да жайнады. Кечээ ачкадан өлбөгөн кыргыз, бүгүн ачкадан өлүшү мүмкүн. Өлүп да жатат. 20 жылдан бери карай жаштардын табитин так ушундай ырлар талкалап бүттү. Жаштардын табитин так ушундай "көк мээ" ырларды күнү-түнү тынбай угузуп жаткан радиолор, алардын жаткан-турганынан бейиш издеп, артын "аарчып", алдын жалап, аларды кумир тутуп жазып келаткан гезиттер талкалап бүттү.
Бул ырдын сөздөрүн талдамак тургай, окуй да албайсың. Мындай сөздөрдү дени-карды соо адам жазып, аны дени-карды соо адам ырдап, дени-карды соо адам аны ыр деп угуп жатканына ишенгиң да келбейт. Эгер бул ыр чындап эле ырдалып жатса, чындап эле радиодон күргүчтөп кетип жатса, чындап аны жаштар жактырып угуп жатса, анда бул өлкөнүн эли соо эмес, анда бул өлкөнүн өзү соо эмес. Бул өлкө же жиндиканага айланган өлкө же улуу жазуучу Айтматов айткандай маңкурттардын өлкөсү, өтө жаман дартка чалдыккан өлкө, айыктырбаса сөзсүз бир күнү өлүп тынат.

Неля
Бир кездерде бул чыгарма хитке айланып, радиодон кайра-кайра жаңырып, көпчүлүк жаштардын тажабай уккан ыры болгон. Неля бул ырды элге жеткирүүгө болгон аракетин жумшаган десек болот. Бирок, бул ыр кандай деңгээлдеги ыр экенин билүү максатында адистерге кайрылдык.

Сөзү: Урмат Усеновдуку
Обону: Алмаз Адамалиевдики

Мезгилдер парады
Азгырык ансыз жолумда,
Алтын кар алып колума, кыз чачыласын.
Армандан алыс болууга,
Ак карга чайып оолуга, туз жаркырасын.
Кычырап турса да,
Ызгаар урса да, бул сырларын.
Мендеги махабат,
Мага жагат бат.

Кайырма:
Мен сүйгөн мемиреген айым,
Алтын жазым-май, апрель.
Секелек сезимим бер,
Селкинчек тебели кел.
Аптап ысып бою,
Август жана июль, июнь.
Айтылгыс адреналин,
Алсыроо азыр кыйын.

Жалбырак жапты жер бетин,
Жагымдуу түстө келбетин, сансыз сермеп.
Салкын жел сылап жүзүмдү,
Сагыныч арткан күзүмбү, ансыз дегдейт.
Чагылган жатса да,
Булут батса да, бул сырлары.
Мендеги сезимдер,
Билем ал кезигет.
Кайырма:




Турдубек Чокиев КРнын композиторлор союзунун төрагасы:
"Бул ырчынын өзүнүн музыкалык табити жоктугун айгинелейт"

Бул ырдын кириш бөлүмүнөн баштайлы "дыңкы-дыңк" деп дыңкылдап эле кетип жатпайбы, мен ушул жерден эле түшүндүм, аркысын. Себеби, жакшы обон болуш үчүн кириш бөлүм түрткү берет. Ал эми дыңкылдап кетип жатканда эле: "ий, ушуга окшогон бир обон болот болуш керек" деп ойлогом, жаңылбаптырмын. Бул жерде орустар 15-20 жыл мурун обон таппай калып, компьютерден алып жазып басып өткөн жолун, булар эми кайталашкан. Ошондо да жакшысын уурдашса, "ой баракелде" дейсиң да, капкаяктагы жаман, эч нерсеге жарабаган кайрыктарын уурдап чапташкан. Ырда биринчи деңгээлде обон туруш керек. Бизде обонду коштой турган көп инструменттер бар: комуз, ооз комуз, скрипка, аккордеон ж.б. Ошолорду кошуп кооздосо болмок. Жылаңач адамды койкойтуп кийинтип койсоң кандай сонун көрүнөт, ошол сыяктуу ырга жакшы обон керек. Бул ырда шалбыраган кийим кийип алгандай элес калтырат. Ыр дегенди созуп ырдаш керек, ал бул жерде үзүк-үзүк эле бирдеме кетип жатпайбы? Дегеле бул ырды ыр деп айтканга болбойт, ыр дегенди үйрөнүп алып эртеси күнү тойдо болобу, кечеде болобу ырдаса ыр болот. Мен бул ырды ыр деп эсептебейм. Азыр жаш ырчыларда изденүү жок, баары эле батышты, өзбектерди, түрктөрдү туурап, кыргыз музыкасын жоготтук. Элге кыргыздын сонун музыкасын бербей, ушундайларды угуза берсек, "ий, музыка дегендин туу чокусу ушул турбайбы" деп уга берет да. Музыка деген бул-дем алуу, ырдын сөзү, тексти адамды ойлонтуш керек. Ырчынын көркөм дүйнөнү кабылдоосу бийик болсо, репертуар тандаганга кызыгат.Жакшы автордун, жакшы обончунун ырын ырдагым келет деп. Анан "дыңкылдаган" ырды берип койсо эле ырдай берген бул ырчынын өзүнүн музыкалык табити жоктугун айгинелейт. Ырчылар өзүнүн атын, жүзүн сактап калабыз десе, репертуар тандаганды билиш керек.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??