п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Искилероз

Айрым адамдар бир убакта башка сүйлөп, кайра кырдаалга жараша ал сөздөрүн унутуп калган учурлары болот. Биз ошол сөздөрүн бир сыйра эстерине салсак.

Ташбоо Жумагулов:
"Керек болсо мен ал кишини автомат менен коргойм"
- Сиз президенттик шайлоодо Атамбаевге добуш берген турбайсызбы?
- Менби? Ташбоо Жумагуловбу?
- Ооба.
- Калп сөз, анын баары! Калп сөз! Мен үй-бүлөм менен Бишкек шаарында Курманбек Салиевичке добуш бергемин. Ал киши үчүн эки жума Таласта иштедим. Мен барган жер 80 % добуш берди.
- Сизди "кой терисин жамынган карышкыр" болуп жатат деп жатпайбы?
- Кимдер жазыптыр аны?
- Бизге ушундай арыз түштү.
- Мунун баары бекер сөз. Каралоо да мунун баары, жөн эле каралоо. Эч кандай андай болгон эмес. Керек болсо Курманбек Салиевичтин дагы өзүнө түшүндүрөм. Бул мени каралап жаткандары. Мен аябай катуу иштедим да. Данияр Токтогуловичтин өзүнө айтып түшүндүрүп кеткенмин. Мен Атамбаевди жек көрөм да. Душмандар каралап жатат… Ошолор эле жасайт. Мен алардын дарегине катуу сындарды айтып койгом.
- Кимдердин?
- Ошол Атамбаевдин дарегине катуу сөздөрдү айтып койгом. Көрө албагандар көп да, Кудай турат… Мени Курманбек Салиевич абдан жакшы көрөт. Керек болсо мен ал кишини автомат менен коргойм.
"Учур" гезити, 2009-жыл, 30-июль
"Мен Бакиевди коргойм деп айткан эмесмин"
- 2009-жылкы сынакта Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев сыяктуу талапкерлер тил сынагынан эң мыкты тапшырышкан.
- Сизди Бакиевди автомат менен коргойм деген деп жүрүшпөйбү?
- Эгер ошентип айткан болсом, же жазып берген болсом, далилдеп беришсинчи. Асманда Кудай турат, мен антип айткан эмесмин.
"Алиби" гезити, 2011-жыл,
9-август





  Пресс-агент

- Кыргызстан бажы биримдигине эмнеге кирбей калды? Бажы биримдиги ишке киришти го, бизге кандай таасир этип жатат? Ушул суроолорума жооп алып берип койгулачы?
Анара, Бишкек шаары
"Бажы биримдигине эмки жылдын башында кирип калышыбыз мүмкүн"
Жумакадыр Акенеев, КРнын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор:
- Май айында премьер-министр Минскиге барганда, киребиз деп өзүбүздүн "заявкабызды" берди. Эми болсо кандай шартта киребиз, Кыргызстанга кандай пайдасы болот деген сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анан алар саясий чечимге келсе, эмки жылдын башында кирип калышыбыз мүмкүн. Бажы биримдигинин анча-мынча таасирлери болуп жатат, бирок чоң таасири тие элек. Эгер кирбейбиз десек, анда таасири катуу тиймек, алар чек араны катуу жаап, товарларыбыз өтпөй, абдан оор акыбалда калмакпыз. Азыр чек араларда мурункуга салыштырмалуу катуу карап жатат. Контрабанда жоюлуп, айрым товарларга тыюу салынып жатат. Азырынча алардын бизди кирет деген үмүтү бар. Ал эми дүйнөлүк соода уюмунан чыкпайбыз. Чыкпай эле кирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар.






- Жакында куранды телефон аркылуу окуса болот экен дегенди уктум. Ушул чынбы, дин аалымдарынан жооп алып бергилечи?
Гүлзат, Сокулук
"Телефондон окуса боло берет, бирок…"
Шергазиев Жоробай, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн кызматкери:
Эң жакшысы, молдону чакырып, же үй ээси өзү окуса жакшы болмок. Эгер куран окуганды билбесе, жок дегенде "Ихлас" сүрөөсүн окуп койсун. Ал эми телефондон окуса боло берет, бирок окубаган жакшыраак.





  Өзү менен өзү

Рыскүл Бакаева:
"Кайчы баш" атка конуп…
Бүгүнкү коногубузга өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшө бериңиз десек, алгач чочуп кетти да, жол-жобосун түшүндүрсөк, анан көнгөнсүдү. Ырдап жатканда сыйкыр үнүнө жипсиз арбалган, күйөрмандары сыйлаган ырчы кызыбыз Рыскүл Бакаеваны кепке тарттык.

Көңүлүм чөккөндө
Көңүл кургур ушунчалык наздуу болот тура. Мен колдон келишинче жакындарымдын көңүлүн алууга аракет кылам. Жан дүйнөм жабыркаганда, курбум Наргиза менен сырдашам. Менин көңүлүмдү жубатып, кеп-кеңешин айтып сооротот. Көңүл жибитер сөз уксам, жаным жай алып, эс ала түшөм. Ишенген курбум ошол гана. Албетте, дээрлик көпчүлүгү жеңеси менен сырдаш болсо керек деп ойлойм. Ал менден кичүү болсо да, агамдын жолу улук эмеспи, андыктан сыйлап, жеңеме муктаж болом. Жигиттер менен таанышканда, жеңемдин ою мага кымбат. Кээде байкем тамашалап күлүп калат: "Жеңеңе көп ишене берип, эрсиз калбагын",-деп.


Мырзаларга берген баа
Заманыбыз бузулуп баратат дегенге караманча каршымын. Заманыбыз эмес, адамдардын пейили бузулду. Кантсе да, СССРдин доорун сүрүп калганбыз да. Ал убакта улууга урмат, кичүүгө ызат бар болчу. Азыр улгайгангандар коомдук унааларга түшүп калса, жаштар камырабай отурганы жанды кейитет. Атам көп айтып калат: "Биздин убакта күйөөлөрү иштеп,аялдары үйдө отурчу. Азыр тескерисинче болуп калды".Мен ошол лөлүнүн(цыган) эркегиндей үйдө отурган мырзаларды жек көрөм. Алты саны аман, үй-бүлөсүн бакпайбы. Азыркы мырзалардын көпчүлүгүндө намыс деген жокко эсе. Аял байкуш эмне кылсын, айласыздан үй-бүлөнүн түйшүгүн мойнуна алып, жашоо кечирбеске арга барбы.


Мага жаккан жигит бар
Оор басырыктуу, жөнөкөй, намыскөй, спорттук дене-түзүлүштө жана момун жигиттер көңүлүмө жакын. Ошондой талапка жооп берген бир мырза кыялымда жашап жүрөт. Аны жактырганыма бир ай болуп калды. Кантсе да кыз намысым жол бербей, ага ашыктыгымды жашырып келем. Бирок ага жолуккан күн кандай чыгат болду экен деп оюм онго бөлүнөт.


Чыгарма-чылыкка чалынып
Мен мектепте араб бийин бийлечүмүн. Аккордеон черткен агайдын жанына туруп алып: "Ырдагын жигит, аккордеон ойногун" деген ырды ырдап чыккам. Азыр чыгармачылыкка биротоло сүңгүп кирдим десем болчудай. Улуу композитор Түгөлбай Казаковдун "Сүйүү жазын" "Ала-Тоо" таңшыйтта" ырдап чыктым. Жакында бул өнөр адамынын чыгармачылык юбилейине арналган конкурс жүргүзүлөт. Ошол конкурска катуу даярдыктамын. Калый Молдобасановдун "Селкиге" аттуу ырын "Жигитке" деп ырдап чыктым. Ташкент кызы Гүлдүн "Балалык" аттуу ырын аранжировщик Рамис Алиев жасап берип жатат.


Балалыгым
Биздин кошуналарыбыз орустар болчу. Ошолордун кыздары менен ойноп жаткандарга үйдөн шоколад алып чыгып берчүмүн. Оюндан от чыгат демекчи, алар менен урушуп кетип: "Шоколадды бер, жүн баш",-деп кайра тартып алчумун. Көтөрүп ала турган селкинчегим бар болчу. Бир күнү аяш атамдыкына конокко барганда алып алганбыз. Аяш атамдын балдары мени селкилдетип жатканда мен: "Ии, дагы, дагы катуурак"-деп жатып, жерге "топ" этип кулап түшкөм. Бети-колумдун тамтыгы калбай сыйрылып кеткен. Эртеси 1-класска киргени сүрөткө түшмөкмүн. Апамдын упасын болушунча шыбап алсам да, баары бир сүрөттө бетимдин тырыгы билинип калыптыр. Жети-Өгүздүн Ак-Терек айылындагы Жапар Жунушов атындагы мектепте окугам. Математикадан берген агайды-Дон-Кихот, химиядан берген агайды-Санчо деп койчумун. Менин чачым калың жана узун болуп, дайым апам өрүп берчү. Бир күнү апам төркүнүнө кеткенде, чачымды өрө албай, күзгүгө карап өзүм кыпкыска кылып кыркып алгам. Мектепке барсам классташтарым "Кайчы баш" деп атап коюшкан.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??