п»ї

  Ден соолук

Сураптырсыз, жооп беребиз
"2 жашка чейин баланы эмизсе пайдалуу"
Айымдар эне бактысына ээ болуш үчүн кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөрүшөт. Бирок биринчи жолу наристесинин жытын жыттаганда, бардык кыйынчылыктарды унутуп калышат эмеспи. Ошондой кыйынчылыктарга кабылбаш үчүн сиздерге №1 төрөт үйүнүн 19 жылдык тажрыйбасы бар дарыгер акушери Өмүралиева Аида Медербековна кеңеш берет.

Аймира, 19 жашта: - Аялдар боюнда бар болуп калганда, алдын ала эмне кылыш керек?
- Эң башкысы, биринчиден, туура тамактаныш керек. Жөн гана тамактана бербестен, ал азыктар организмге пайдалуу болушу шарт. Экинчиден, витаминдүү тамак аштарды көбүрөөк жеш керек. Мисалы, кээ бир айымдарга иод жетишпейт. Иод жетишпегендик балага зыян алып келет. Ошондуктан, иоду көп азыктарды жеп, 12 жумага чейин тизмеге жазылып, догдурлардын көзөмөлүндө болуш керек. Догдурлар гана 9 ай бою баланын, эненин ден соолугун аныктап, туура эмес жерлерин оңдоп турат. Андан тышкары, аз ойлонуп, көп кейибеш керек.
Миргүл, 27 жашта: - Боюнда бар убакта эмнелерди ичпеш керек?
- Албетте, спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чекпеш керек. Бул балага дагы, энеге дагы зыян экенин баарыңыздар эле билсеңиздер керек.
Фарида, 24 жашта: - Боюнда барда аялдар эмне үчүн бир нерсеге талгак болушат?
- Эгер талгак болсо, анда эч качан өзүнө тыюу салбаш керек. Анткени, талгак аялдын организминде бир нерсе жетишпегендиктен болот да. Ошондуктан, аны каалаган тамагы аркылуу толтуруш керек. Бул кадимкидей эле көрүнүш.
Айпери, 22 жашта: - 6 -7 айлык балдарга кандай тамак бериш керек?
- Негизи, 6 айга чейин эненин сүтүнөн өткөн бала үчүн даамдуу жана пайдалуу азык жок да. Бирок эгерде баланын сүткө аллергиясы бар болсо, же энесинин сүтү чыкпаса, анда айла жок башка азыктар менен багууга туура келет. Ал эми 7 айдан кийин кичинекей балдарды караган догдурлардан кеңеш алып турса жакшы болот эле. Эмне тамак бериш керектигин айтып беришмек. Эгер айымдын сүтү көп жана балага жагымдуу болсо, анда 1-2 жашка чейин эмизип турганы эң жакшы. Бул дагы баланы жаман оорулардан сактайт.
Чолпон, 21 жашта: - Боюнда бар убакта чачты жана бетти боёбош керек деген туурабы?
- Муну элдик гана ырым деп айтсак болот. Ал эми медицинада эч кандай зыяны жок жана бул маалымат изилденип такталган эмес.
Перизат, 18 жашта: - Кичинекей бала канча айда жетиле баштайт? Мисалы, жүрөгү канча жумада пайда болот?
- 7 жумада жетилип, жүрөгү болсо ошол учурларда согуп, көрүнө баштайт.
Мээрим, 19 жашта: - Жаңы төрөгөндө аял эмнелерди жасабаш керек?
- Төрөткө чейин аялдар эч кандай оор жумуштарды жасабаш керек. Анткени, айымдын организминде кан алмашуу жүрүп, физикалык иштерди жасабаганы туура.
Ширин, 22 жашта: - Кош бойлуу кезинде кышында грипп болуп ооруп калса, эмне кылыш керек?
- Антибиотиктерди ичкенге болбойт. Болгону көбүрөөк суюк тамактарды ичиш керек. Элдик дарылар менен дарыланса болот. Мисалы, балды, кыямды чайга кошуп ичсе жакшы. Бирок колдон келсе кош бойлуу учурда эне оорубаганга аракет кылсын. Балага терс таасир берет.
Гүлнара, 19 жашта: - Төрөөрдүн алдында аял кандай даярдык көрүш керек?
- Төрөөрдүн алдында жана айтылгандай эле оор жумуш жасабаш керек. Үй жумуштарын жасай берсе болот. Тескерисинче кыймылдап туруш керек. Эгер эч нерсе кылбай жатып алса, ичиндеги баласы чоңоюп кетип, төрөгөн кыйынга турат.
Нургиза, 25 жашта: - Чоң салмактагы балдар менен кичинекей салмактагы балдардын төрөлүп калышы эмне себептен?
- Бул ген аркылуу берилет. Андан кийин чоң же кичине болуп чоңоюшу бул-тамак-аштан эле болот.
Үмүт, 29 жашта:- Төрөттөн каза болгон аялдардын көбү эмне себептен ушундай абалга туш болушат?
- Каза болгон аялдардын көбү төрөт учурунда кан көп кетип калгандыгынан болот. Экинчи учуру, эгерде аялдын кан басымы болсо дагы, төрөт учурунда көтөрүлүп кетип зыян алып келет. Үчүнчүдөн, боюнда барда стресс болуп жүргөн болсо, анда ал дагы төрөт учурунда терс таасирин берет.

Келсин Мурадил кызы




  Пайдалуу кеңеш

Төрөгөн айымдарга кеңеш
Келбет же наристе? Көпчүлүк айымдарыбызда ушул суроо биринчи орунда турат. Төрөттөн кийин ашыкча салмак кошулуп, ич чыгып, дене мүчө өзгөрүп кеткенине байланыштуу көпчүлүк эле айымдарыбыз биле бербейт, кайра кантип калыбына келтирүүнү. Жаңы төрөлгөн балаңызга эч кандай зыян тийгизбей, өзүңүздүн келбетиңизди калыбына келтирип алсаңыз болот.


Төрөттөн кийин дене
мүчөңүздү калыбына келтириңиз
Эгер төрөттөн кийин сиз төрөткө чейин кийип жүргөн кийимдериңиз батпай калса, таң калбай эле коюңуз. Ошондой болушу толук мүмкүн. Мындай көрүнүшкө жөн гана чыдап койгонуңуз оң, себеп дегенде сиздин салмагыңыз тогуз айдын ичинде кошулган.
Төрөттө 6 кгга чейин салмак таштайсыз, бир-эки жумада 2-3 кгга чейин дагы арыктайсыз. Аз деп айтканда төрөттөн кийин келбетиңизди кайра калыбына келтирүү үчүн жарым жыл убакыт кетет. Болгондо да сиздеги ашыкча салмактан тышкары ичиңиздин чоюлуп калганын да эске алышыңыз керек. Териңиз чоюлуп, отурганда ичиңиз бөлүкчөгө бөлүнүп калат. Ал коркунучтуу эмес, себеби, ичиңиз алты ай ичинде кайра өз калыбына келет. Эгер сиздин төрөтүңүз жеңил болсо, эч кандай операциялык жол менен төрөбөсөңүз, анда бир айдан кийин чоюлуп калган ичти калыбына келтирүү үчүн көнүгүүлөрдү жасап баштасаңыз болот. Бир күндө бир нече жолу ар кандай ыкмада, кааласаңыз жатып алып, туруп же отуруп алып көнүгүү менен машыгуу сиздин келбетиңизди кайра калыбына келтирүүдө жардамы чоң. Биринчи бир күндө 3-4 жолу машыгуу менен баштап, акырындык менен көбөйтө берсеңиз болот, 9-12 ге чейин. Машыгып жатканда өзүңүздү угуп, жай кыймыл менен чарчабагандай болуп машыкканыңыз туура. Оор дем алып, кайра жай демиңизди чыгарып, кайра дем алып, демиңизди ичиңизге кармап туруңуз. Тыным маалында ичиңизди тартып, үчкө чейин санап туруп, кайра жай коё бересиз. Ушул эле ыкманы бир күндө бир нече жолу кайталап туруңуз. Арадан 2-3 ай өткөндөн кийин майларды кетирүүчү машыгууга өтөсүз. Бассейнге түшүү менен бир саатта 350 ккал кетире аласыз, 300 ккал бийлөө менен жана ушул сыяктуу ар кандай машыгуучу залдарга барсаңыз болот.

Төрөгөн айымдарыбыз үчүн кеңеш
1. Арыктайм деп тамак ичпей койгон болбойт, машыгыңыз.
2. Атайын майды эритүүчү минералдарды ичип, витаминдерди колдонуңуз. Йод, темир, С,L- карнитин, коэнзим Q10 пайдасы көп.
3. Бала менен сейилдөөгө көп чыгыңыз. 40 минутка созулгандай атайын өзүңүз үчүн маршрут тандап алып, бир күндө эки жолу айланып келсеңиз, күнүнө 400 ккал таштайсыз.

Алия Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??