п»ї

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
Төртүнчү айым:
Мариям УРМАТОВА
Анан ошентип, Мариям жеңенин эң жакын туугандарынын бирине жолугуп калдым да. А кишиден жөн-жайын сурасам, эч кандай Чаек-паеги жок эле, атасы аскерден кайтпай калганда, апасы эки жашар Мариям наристени бооруна кысып шаардагы эжесиникине келип жашап калышат. Кыз шаардын чок ортосундагы мартабалуу адамдар жашаган короодо өсүп бой жетип, онду бакубат бүлөдөн таалим алып бүтүрөт.
Мариям менен бир короодо чоңойгон, азыр белдүү басмакананын бакандай директору болуп иштеген кишинин айтымында, жеңем жаш кезинде анчалык деле агрессивдүү болбосо керек. Атүгүл ыйбаа мүнөзү бар эле дейт. Бирок турмуш кыстоосу, Болот аке, жапон жезде дегендер... Баса, жапон жезде тиякка барганда ургаачы досторун күн алыс үйүнө ээрчитип келе берген го, салты барбы же. Ошонусу жеңемди чүнчүтүп жибериптир. Айтор, кагылып-согулуп дегендей, Чыкеме туш келгенде а кишини кыстабаптыр деле, эки перзент төрөп бергенде Чыкем өзү сунуш кылыптыр имиш үйлөнөм деп... Эми байыркы Чыңгыз жер ааламды бүлгүнгө салса, азыркы Чыңгыз жан ааламды дүрбөлөң түшүрбөдүбү!.. Калчап көрөрсүң өзүң, окурман досум. Менин ишим - жем таштамай...
"МАРИЯМДЫ ЧАПТАП АЛЫП УКТАП ЖАТЫПТЫР..."
Декабрдын баш ченинде кайсы бир автобус менен эски аэропорт тарапты карай бараттым эле, кудай жол берип Төлөн аке Шамшиев (Болот аке Шамшиевдин - айтылуу кинорежиссёрдун атасы - Ж.) да ошол автобуска туш келиптир. Мен дароо орун бошото койдум да:
- Төлөн аке, балаңыз тээ ВГИКте, Маскөөдө окуп жүрүп, Чыңгыз акенин азыркы аялы Мариям жеңеге үйлөнөйүн десе сиз болбой коюпсуз го?
- Аны ким айтып жүрөт сага?
- Уктум да. Анан а кыз илимий кызматкердин колунда тарбия көргөнүн кийин угуп алып капа болуптурсуз дейт "аттиң!" деп.
- Ой алардын баарын эми ким эстеп жүрүптүр, бирок бир окуяны али бүгүн да унута албайм: "Москвага баратам, тосуп ал", - деп телеграмма салбайымбы бир жолу Болотко. Анан учуп барсак ал тосуп келбеди. Мурда андай болчу эмес, бир нерседен кооптонуп жатаканасына жетип барсам уулум уктап жатат! Дубалынын баарын, керебетинин башынан этегине чейин жанагы сен айткан Мариямдын сүрөтүн чаптап алыптыр чунак бала!.. О кокуй, аялдамадан өтүп кете жаздаган турбайымбы, оңбогон гана Жанызак, карыганда жөө бастырмак экенсиң го абышканы!
- Төкө, айткандарыңызды кыстарып кете берейинби?!
- Кыстара бер, анын болгону качан...
Акын агайыбыз шашылган бойдон тура жөнөдү. Катар турган улан-кыздар шарактап күлүп калышты.
- Бул акын агайыңарды билесиңерби? - дедим мен аларга. -Бу кишинин "чыгармасын" билгениңер барбы?
- Жок, агай.
- Анда эмесе бу кишинин эң чоң "чыгармасы" Болот Шамшиев, жанагы "Ак кемени" тарткан режиссёрчу, - деп компоюп койдум Аалыкемин аныктамасын куп кана шилтеп жибергениме корстон болуп...
СУПЕРШАЙТАН КЫЗ БЕЛЕ?
(Айтылуу санжырачы, кыргыз оозеки чыгармачылыгынын кенчи Жапар аке Кенчиев менен маек)
- Бу кыздын таякеси менен мен тааныш болчумун, Бакиев Асан деген киши. Ошо киши бу кыздын таякеси экен, өзү өмүр бою бухгалтер болуп жүрүп өттү го. Анан эми, бу кыз жөнүндө өзү кеп уруп берди мага бир жолу. Кеп уруп бергенде ал мындай деп айтты: Жумгалда Бакы ажы деген болгон, жанагы кишинин атасы, Асандын атасы. Ошонун кызы болгон экен. Анан ал кызын Суусамырга бериптир. Суусамырга берип, анан аерде жүргөн соң кийин атасы өлүп калабы-ы, айтор анын энеси башка бир күйөөгө чыгат имиш. Анан кызы таякесиникине келип, жетинчи класска чейин менин үйүмдө окуду, деди (Урматтуу окурман! Ушундай "деген" сөздөрүбүз канчалык чындыкка жакын келерин-келбесин жогоруда айтып өтпөдүк беле. Бирок эми элдик санжырада кандай айтылып жүргөнүн да билип коёлу да, туурабы? - Ж.). Өзү өңдүү-түстүү... Я?! Ии-и, кызды берет да таякесиникине, берип жатпайбы...
- Алды менен бир нерсени тактап алалычы: жанагы, Бакы ажы дебедиңизби, иэ?
- Ийи.
- Ошонун кызы азыркы биз сүйлөп жаткан кыздын энеси да?..
- Энеси.
- Аны Бакы ажы Суусамырга күйөөгө бергенби?
- Ийи, күйөөгө берген. Күйөөгө бергенде ошол, жанагы байбиченин биринчи күйөөсүнөн ушул кыз төрөлөт да...
- Кайсы байбиченин күйөөсүнөн дейсиз?!
- Ээ кокуй, Бакы ажынын кызы деп айтып атамбы?! Ошонун кызынын биринчи күйөөсүнөн азыр биз айтып жаткан кыз, жанагы, силердин кийинки жеңеңер төрөлүп жатпайбы!
- Аа-а, эми түшүндүм.
- Анан ушул кыз төрөлүп-чоңоюп тиги Суусамырдан, кийин таякесинин колунан жетинчи класска чейин окуптур деп атпайымбы! Өзү суусамырлык саяктардан.
- Деги Чыкем бу жагынан саяктын кыздарынан "жолдуу" болду го. Таякеси ким дедиңиз?
- Э кокуй, жанагы ушуларды мага айтып берип жаткан бухгалтер Асан Бакиев дедимби...
- Анан?
- Мине анан?!
- Айта бериңиз улантып..
- Анан орто мектепти бүткөн соң, кийин кинематографиянын окуусуна кетет...
- Коё туруңуз, алгач а кыз өтпөй калып, бир жыл бою киностудияда иштептир дешет ко?
- Анысын айткан жок..
- Онду каерден бүтүптүр?
- Билбедим, алардын бүлөсү кийин Кара-Балтанын жака белиндеги бир айылдардан отурукташыптыр дейт... Ал анан кинематографиядан окуп, жанагы мыкты кызыбыз бар эле го, Динара Асанова деген, ошону менен чогуу окуп калса керек. Анан ал жерге дүйнө жүзүндөгү кишилердин баарысы келип окуган экен да. Анан ошо жерден анан, бир жердик болгон соң, Москвада окуп жүргөндө Исаев менен таанышса керек. Исаевдин жанагы... ийи-и, Аскар Исаевдин дажанагы "Ала-Тоого бир келерсиң" деп боздогон бир ыры бар эмеспи, ошондо күйүп-жанып ырдап жатканы ошондон болсо керек...
- Ошол экөөнүн ортосунда бир байланыш болгонбу же жокпу, сиз кандай дейсиз? Аскар акенин өзүнөн сурасам кайдагы бир астрофизик жөнүндөгү жомогу менен кутулуп кетти.
- Андайды мен айтуу кыйын, анткен себеби...
- Айта бериңиз, айта бериңиз!
- ...анткен себеби бутун кармап турбагандан кийин, бу кыйын иш. Таякеси муну айткан жок..
- А болуптур, таякесинин сөзүнөн улай бериңиз.

(Уландысы кийинки санда)





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Тилегиңден кагылайын десе, аман-эсен болгула, неберемди багып отурсам эле болду, - деп тамактангандан кийин Айжан менен Давлеткан төрөтканага кетти. Марат жатып алып Мырзагүлдү эстеди. Анда жаңыдан окууга өтүп, жан дили менен окуп жаткан эле. Бир күнү аудиториядан шашып чыгып баратып, бирөөнү бурулуштан сүзүп алды. Катуу урулганга жай келе жаткан кыз жыгылып түштү, колундагы кагаздары чачылып кетти.
- Көзүңө карап баспайсыңбы? - деп күбүнө туруп кагаздарын жыйнап кирди. - Көзүң барбы же сокурсуңбу? - деп булкулдап сүйлөп жаткан кызды карап тура берди Марат, оозуна сөз кирбеди. - Тилиңди жутуп алдыңбы? - деп кагаздарын жыйнаган кыз аны тикирейе тиктеп калды.
- Ке-кечиресиз…
- Эмне кыз көрө электей эсиң ооп калды?
- Кечирип кой, чоң кыз, мен шашып келе жаттым эле…
- Кечир деп коёт, көзүңдү чоң ачып жүр! - деп коюп басып кетти кыз. Марат анын ичке тулкусун, согончогуна жетип турган жоон өрүм чачын, түптүз буттарын артынан карап: "Сулуу кыз экен, атын сурап калбай", - деп коюп бараткан жагына жөнөдү. Ошондон баштап аудиториядан издегени эле бейтааныш сулуу кыз болуп калды. Бирок кыз көрүнбөй кыйнады. Ошентип кыялындагы кызды издеп жүргөндө сабактан чыгып келе жатып, алыстан ошол кыздын караанын көрүп калса болобу. Артынан акмалап баратып тык токтоду, анткени кыз аппак жигулиге түшүп кеткен. "Күйөөсү бар неме го", - деп делдейе туруп калды. Ошентип аны аңдып жүрө берди, кыязы аны ак жигули күндө алып келип, алып кетет окшойт. Акыры анын окуу жайга жаңыдан орношуп, иштеп жүргөн катчы экенин билди. Көп жолу көрүнбөй аңдып көрдү, бирок ээн учураша албады. Бир күнү келатып, дагы жол боюнда машинаны күтүп турган кызды көрдү. Марат апкаарый аны көздөй басып баратты, бир көргөн адамдын жүрөгүн зырп эттирип сүрдөткөн жамалы бар экен кыздын. Өзүн көздөй келе жаткан жигитти бир карап туруп калды.
- Саламатсызбы? - деди Марат жете келип.
- Саламатчылык.
- Сиз менен таанышып алса болобу?
- Эмнеге? - Кыз аны бутунан башына чейин сыдыра карап, көздөрү жигиттин коюу түндөй капкара каректерине чагылыша түшкөндө тетири карап кетти. - Таанышууга эмне себеп?
- Жөн эле, жагып калдыңыз.
- Окуйсуңбу?
- Ооба, биринчи курс.
- Жаш турбайсыңбы? - деп күлүмсүрөгөндө эки ууртундагы уячасы өзүнө жарашып, көздөрү күлүп тургандай көрүндү.
- Кантип, сиз менден жашсыз го?
- Мен отуздагы аялмын, күйөөм бар, бүгүн кечигип жатат.
- Калп айтасыз, кантип эле, он сегиздеги кызга окшоп турасыз…
- Ооба, баары ошентишет, мен бул окуу жайга жакында эле келип иштеп калдым, үч балам бар, - деп жигитти карап күлүп койду. Марат кызыктай абалда калды, эмне дээрин билбей, башын кашып туруп калды.
- Ишенбей турам.
- Паспортумду көргүң келеби?
- Баары бир ишенбейм, атыңыз ким?
- Мырзагүл, а сеникичи?
- Марат, - деп тигинде келе жаткан ак жигулини карап туруп калды. Ал тушуна келип токтогондо Мырзагүл Маратка:
- Көрүшкөнчө, - деди да, жигулиге отуруп кете берди.
- Жакшы барыңыз, - деген Марат аны караган бойдон: "Кантип эле отузга чыгып кетсин, күйөөсүнөн коркуп жармашат деп эле айткан чыгар. Негизи өзүнүн сулуулугун билген жан экен, эрте чыгып алган го, же агасы болсо керек, үч балалуумун десе ким ишенет", - деп ойлонуп тура берди. Ошондон кийин дайыма ошол жерден жолугушчу болду. Качан болсо Марат аны күтүп турган болот, Мырзагүл анысына көнүп дагы бүттү. Экөө кээде отургучка отуруп сүйлөшүп да калат. Ошол акыркы күнү да алар отургучта отурган.
- Марат, - деди Мырзагүл.
- Ийи.
- Сен аялдар менен болгонсуңбу?
- Жок.
- Аа-а, көрдүңбү, жашсың десем мойнуңа албайсың, - деп бир башкача күлүп жиберди, анын күлкүсү коңгуроодой болуп тунук эле, кадимки хрусталь идиш бири-бирине кагышып кеткендей шыңгыр доош угулду.
- Эмнеге күлөсүз, чоң эне? - деди Марат дагы аны жылмая карады.
- Сенин бала бойдон экениңе.
- Күйөөңүз бир жакка кеткенби?
- Аны эмнеге сурап калдың?
- Сизди алып кеткенге келбей калды.
- Аа-а, аны мен келбе дегем.
- Эмнеге?
- Жөн эле, эркин болгум келди, артыңдан бирөө ээрчип жүрсө, өзүңдү жаман сезет экенсиң.
- Мырзагүл, - деди Марат күтүүсүздөн, - эмнеге мынча калпты көп айтасыз?
- Эмне деп калп айттым?
- Күйөөм бар, үч балам бар, отузга чыктым деп.
- Аа-а, - деген Мырзагүл колундагы сумкасын ачып, ичинен документтерин алып чыкты. - Бул менин туулгандыгым жөнүндө күбөлүк, а бул паспортум, - деди Маратка сунуп.
- Чын элеби?
- Честно пионерский, - деп Мырзагүл күлүп койду. Марат күбөлүктү ачып көрүп, анан паспортун карады, чын эле Мырзагүлдүн сүрөтү жүрөт, ошондо да ишенгиси келбеди.
- А муну балким жасатып алгандырсыз?
- Эмнеге жасатмак элем?
- Улуу көрүнүш үчүн, көп жигиттер жабышса тажаган чыгарсыз, мен буга дагы ишене албайм, - деп Марат көргүсү келбей документин кайра өзүнө сунду.
- А бул менин мектепти бүткөн аттестатым, - деп Мырзагүл сунган кагазды алгысы келбей ыргылжың боло алып карап көрдү. "Бардык даталары бирдей, демек чын эле болсо керек", - деп ойлоно кайра берди. - Нике кагазымды да көрсөтөйүнбү?
- Күйөөңүздү сүйөсүзбү?
- Ооба, жашаганыбызга он жыл болду, үч балам бар, эң кичүүбүз бир жаш, жүдөп-какап каласыңар деп кайненемдер багып алышкан, - деп Мырзагүл Маратты жылмая карады. - Марат, сүйлөшкөн кызың көрүп калса кызганып жүрбөсүн?
- Менин эч кимим жок.
- Эмнеге, сендей сулуу жигиттин кантип кызы болбосун?
- Жок, мен сиздин жигитиңиз болгум келет.
- Эмне? - Мырзагүл Маратты карап алып каткырып ийди. Марат ызалана жакын жылып отурду.
- Чын айтам, сиз мага жагасыз, ал тургай көргөн күндөн тартып сүйүп калдым, күн тынчымдан кетип, түн уйкудан калып, сизди гана ойлонуп таң атырчу болдум. Мен сизди сүйөм!


(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??