"Мурунку жазган обондорум Энрикенин азыркы ырларында жүрөт"
Селкилерди жардан ары секирткен ырчы жигит Ильяз Абдразаков менен маек.

- Ильяз, үйлөнгөндөн кийин концерттерде, чыгармачыл адамдардын тоюнда көп көрүнбөй калдың, келинчегиң кызганчаак окшойт?
- Кызганчаакпы, андай эмеспи, билбейм. Менден уялганынан деле айтпайт болуш керек. Анын үстүнө акыркы убактарда Россияга, Казакстанга көп бара турган болуп алдым. Кыргызстанда концерттерден көрүнбөгөнүм менен Казакстанга жума сайын тойго барам. Учурда болсо, белди бекем бууп, сентябрь айынын ортосунда концерт коёюн деп атам. Жаңы ырларымдын топтому даяр болуп калды, жакын арада сатыкка чыгат деп атабыз.
- Эрте үйлөнгөнүңө эмне себеп болду?
- Биздин үйдө кыздар жок, баарыбыз уулбуз. Апама кол-кабыш кылып, кыз ордуна кыз болсун деп мени үйлөндүрүштү. Эрте үйлөнгөн өтө жоопкерчиликтүү экен. Бири-бирибизге көп жакындаша албай жатканыбыз эле болбосо, калганы мен ойлогондой, буюрса.
- Келинчегиң менен канча сүйлөштүң?
- Сүйлөшкөн деле жокмун. Кыргызча эле куда түшүп барып, таанышып, анан баш кошуп калдык. Учурда университетте окуйт.
- Канча балдызың бар?
- Бир балдызым, бир кайнежем бар.
- Өткөн саныбызда "Эмне үчүн жаш ырчылар улуу акындар менен иштешпейт?"-деген суроону көтөрүп чыктык эле. Ал ырчылардын катарында сен да барсың. Эмне үчүн акындар менен иштешпейсиң?
- Ал акындардын сөздөрү жаштардын табитиндеги обондорго туура келбей калат экен. Азыр Жылдызбек, Кылыч, Шах деген жигиттерге бардык ырларымды жаздырдык. Мен аларга обонун тандап берем, ал эми сөзүн өздөрү тандашат.
- Казактар кайсы ырыңды жакшы көрүп угуп жатышат?
- "Жаным ай" деген ырым ал жакта хит болуп кетти. Ал ырды казактардан өзбектер алып которуп ырдап атышыптыр. Майрамбек Осмонов: "Ильяздын "Жаным айы" хит болуп кетти, мен буга таң калбайм",-деп айтыптыр. Буга мен деле таң калбайм. Ал ырдын да угуучулары бар болуш керек.
- Казакстанга тойго көп барам деп атпайсыңбы. Той-топурларда кыргыздар көбүрөөк төлөйбү же казактарбы?
- Эки жак бирдей эле төлөйт. Казакстанга тойлорго көп барсаң көп төлөшөт. Бул жакта деле ушундай. Бир тойдо миң-эки миң долларга чейин алам.
- Сенин обондоруңан Энрике Иглесиастын обондорунун ыргактарын байкап калабыз. Сенин оюңча, муну плагиаттык деп айтууга болобу?
- Дүйнөлүк ырчылардын ырлары кулакка сиңип калат. Анан обон жаратып аткан учурда келе калган ыргактарды кошуп коём. "Эргүү" деген ырым Энрике Иглесиастын обонуна окшошуп кетет, стилин алгам. Ал эми обондорун өзүм жазгам. Плагиаттык боюнча айта кетсем, менин үн жаздыруучу аппаратым дүйнөлүк стандартка жооп берет. Мурунку жазган обондорум Энрикенин азыркы жазган ырларында жүрөт. Бул жагынан алганда Энрике менин обонумду алган болуп калат. Бизде деле "Кош бол, Сайкалым" деген ыр менен "Туулган күн" аттуу ырлардын обону окшошуп калган. Менин обондорум Энрикеникине эмес, орустардыкына көбүрөөк окшошуп кетет болуш керек.
- Ырчылардын кимисине көбүрөөк аранжировка жасап бердиң?
- Ырчылардын баарына эле жасап бердим окшойт. Азыр өзүмө жасап калгандыктан, аларга кол тийбей атат. Мен жазган аранжировка менен бирден альбом чыгарышты окшойт.
- Бир ырдын аранжировкасын канча күндө бүтөсүң?
- Ар кандай, көңүлүмө жараша. Кээде бир күндө жасасам, кээ бир убакта бир жумага чейин барат. Ал эми маанай жакшы кезде 2 саатта деле бүтүп калам.


Сайра Сопушева





  Сулуулук

Духи адамдын жашоосуна таасир береби?
- Мен көптөн бери өзүмө духи тандай албай жүрөм. Эмне кылсам болот?
Альбина, Бишкек
Сиздин сурооңузга "Жамила" сулуулук салонунун косметологу Айназик Карыбаева жооп берет:
- Эгер өзүңүз каалаган духини тандай албай жатсаңыз, анда сизге кеңеш беребиз. Биринчи духини чоң парфюмер магазиндерден тандоого болбойт. Анткени, жыттар бири-бири менен аралашып, тандоо кыйынга турат. Сатуучулар дагы тандоого жардам бере албай кыйналышат. Ошондуктан чакан дүкөндөрдөн тандаңыз. Алгач дүкөндөн өзүңүзгө жаккан бир духини алып, колуңузга сээп, жыттап көрүңүз. Бирок ал ошол убакта натыйжа бербейт. Анткени, бардык эле духилерди сепкенден кийин, нары-бери басып туруш керек. Ал спирт кошулмасы учуп кеткенден кийин гана жыттана баштайт. Эгер шашылыш духини алыш керек болуп жатса себинип, жок дегенде ошол дүкөндү бир сааттай кыдырып турууңуз зарыл. Анан жакканын же жакпаганын аныктай аласыз. Бир эле убакта 3 духини сээп көрбөңүз. Бул, биринчиден, колдун билегине гана сыйпалат. Ошол жер гана жытты жакшы аныктайт. Ошондуктан, эки билекке гана эки башка духини сээп тандоого болот. Экинчиден, көп духини сээп көрө берсеңиз, мурдуңуздун жытты бири-биринен айырмалаганга күчү жетпей калат. Ал үчүн ар бир духини жыттагандан кийин, кофени жыттап, жыттуу жыттан башка жытка алмаштыруу керек. Үчүнчүдөн, жаныңыздагы адамдардан кеңеш суроодон качыңыз. Ал гана эмес маршруткадан бир адамдын духиси жагып калган болсо, аны издеп сатып алууга болбойт. Бир жыттаганда ал сизге жакканы менен, кийинчерээк жыты алмашып кыжырыңызды келтириши мүмкүн. Ошондуктан, өзүңүздүн табитиңизге ылайыктап тандаңыз. Дагы бир эскерте кетүүчү нерсе, бир духини өмүр бою колдонуп жүрө бербеңиз. Себеби, духи адамдын жашоосуна таасир берет. Эгер маанайыңыз жакшы болушун кааласаңыз, ар бир мезгилде духини алмаштырып туруңуз.




  Ден соолук

Куурулган тамак гастрит оорусуна алып келеби?
Куурулган тамактар менен ачуу калемпир, уксус, маринаддалган азыктар ден соолукка зыян алып келеби?
Анарбек, Ат-Башы району
"Обондон" комментарий:
- Куурулган тамак-аштар организмдин көбүнө зыян. Биринчиден, ашказанга жара пайда кылат. Экинчиден, бөйрөктөрдүн иштешине зыян. Үчүнчүдөн, гастрит оорусуна алып келет. Ал эми төртүнчүсү боорду дагы жөн койбойт экен. Ал эми ачуу калемпир,маринаддалган азыктардын башкы максаты- тамактын даамын чыгаруу болуп эсептелгени менен башка зыяндарын дагы билип жүрүү керек. Булардын зыяны эмне болду экен деп таң калып жатсаңыздар, дагы мисал келтире кетели. Иштөө убактысында алсыратып, уйкуну келтирет,жыныстык органдарга зыянын тийгизип, бат жинденүүнү алып келет.