п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-182-01. Айланамда баары бар, бирок сен жоксуң. Жүрөгүмдөн эч кетпеген дартым болдуң. Сүйгөн элем эч нерсеге алмаша албай. Күнү-түнү бир гана сени ойлодум. Макул эми бир болбосок өкүнбөймүн. Саат сайын, минут сайын жүрөктөсүң. Мен сен үчүн дайыма жашап келгенмин. Эми кайра жүрөгүмдө дайра болуп төгүлбөгүн. Бабник 94
ОП-182-02. Билесиңби? Мен сен бар үчүн бул дүйнөдө бактылуу болгом. А азыр андай эмес. Албетте, сенсиз деле күндөрүм өтө берет. Бир сен бар болгондо… 0771418ххх
ОП-182-03. Гүлжигит Калыков, сиздин апаңыз бозо сатып, мугалим болуп да иштейт тура. 0779614ххх
ОП-182-04. Салам, "Обон". Кенже Дүйшееванын "Жебе" тобундагы Самат жөнүндө маалымат берип койгулачы. 0558082ххх
"Обондон" жооп. Урматтуу окурман, сиз сураган "Жебе" тобундагы Самат жана толук курамы жөнүндө кененирээк кийинки саныбызда маалымат беребиз.
ОП-182-05. Менин сүйгөнүм мени таштап кетти… Майрамбек, мен сени дагы деле сүйөм. 0779961ххх
ОП-182-06. Салам, "Обонтай". Ва-банктагы Ина жөнүндө айтып бергилечи, суранам. Аселия, 0558082ххх
"Обондон" жооп: Бул тууралуу маалымат жазганбыз.
ОП-182-07. Салам, "Обонтай". Алмаз, сени сагындым. Эмне үчүн ата-энем экөөбүздү бир кылбады? А..л 0558082ххх
ОП-182-08. Асылым деп айткан элең сен мени, кыялдар ошондогу эсиңдеби? Жолубуз эки башка бөлүнсө да, алтыным, азыр да сүйөм сени. Бабник 94.
ОП-182-10. Менин сүйүктүү "Обонум", мага "Титаник" тасмасындагы Роустун ролун келиштире аткарган, мен жакшы көргөн актриса Кейт Уинслет жөнүндө кыскача маалымат берип коюңуздарчы, суранам. Айгүл.
"Обондон" жооп: Кейт Уинслеттин толук аны-жөнү-Кетрин Элизабет Уинслет. Ал эми жашоодогу лакап аты-Англиялык роза. 1975-жылы 5-октябрда Англиянын Беркшир шаарында жарык дүйнөгө келген. Кейт "Оскар" сыйлыгына беш жолу көрсөтүлсө да, ал "Окурман" деген тасмадагы жараткан ролу үчүн "Оскар-2009" сыйлыгын алып, "Жылдын эң мыкты актрисасы" деп аталган. Балалыгынан бери актриса болууга кызыккан Голливуддун супер жылдызы Лондондогу актёрлук мектептен билим алган. Бийик такалуу эмес, жөнөкөй эле жынсы шым менен жемпир кийгенди жакшы көрөт. Бош убактысын текке кетирбестен, балык уулоону жактырат.
ОП-182-10. Ыйлаба жаным, бул күндөр да өтүп кетет. Күткүн жаным, сага дагы бакыт келет. Каалаар элем сени менен бир болууну. Жүрөгүмдү ачыштырып, сенин мүнөзүң жүрөгүмдү эзет.
Бабник 94.
ОП-182-11. Апшыр-Сай айылындагы Мырзакарим байкеме сагынычтуу супер салам, сумая бай, бай. 0778898ххх.
ОП-182-09. Айланамда элдер көп, жер жайнаган. Бирок, негедир тажап турам жалгыздыктан. Сүйүүмө ишенбей кете бердиң. Бирок, үмүт өчө элек, сүйүүмдү күндө күнгө сугарам. Соолугансып мен өзүңсүз бара жатам. Амандыгыңды жараткандан суранам. Дарым болчу сен элең, асылым. Түшүнчү жаным, эми кантип жашайм? Бабник 94
ОП-182-12. Мен Кыргызстанды аябай сүйөм. Алтынай, 0773674ххх
ОП-182-13. Менин саламым Суусамыр айылына! К.Конушбаев атындагы мектепте быйыл 9-А класс боло турган менин сүйүктүүм Кереметке. Мен сени гана сүйөм. 93, бир бала
ОП-182-14. Салам, "Обон". F4 жөнүндө көбүрөөк маалымат бересиздерби? Гука
"Обондон" жооп. Урматтуу окурман, булар жөнүндө кеңири маалымат бергенбиз. Биздин өткөн сандарыбыздан окуй аласыздар.
ОП-182-15. Лейлек районунун Сабыров мектебинде окуган Нуркамил, мен сени чексиз сүйөм. 0779941ххх.
ОП-182-16. Салам, "Обон". Сиздерден суранам, Омар менен тааныштырып коюңуздарчы. Мен Омар байке менен достошкум келет. Сиздерден чын жүрөктөн суранам жана күтөм. РАХМАТ! Айсулуу
ОП-182-17. Салам, "Обонушка". Мен сиңдим Айчүрөктүн 21-август туулган күнү менен куттуктайм. Узак өмүр, чын-ден соолук коштоосунда бактылуу бол. Айгерим.
ОП-182-18. "Обон" мага түрктөрдүн "Деңиз" сериалындагы Мерт менен Деңиз жөнүндө маалымат бериңиздерчи. Энука
ОП-182-19. "Обонушка", силердин жалпы жааматыңарга салам. "Обон"- супер гезит. "Обон" алга, силер дайыма биринчисиңер. Гүлжамал 94
ОП-182-20. Ала-Бука районунун Тельман айылындагы А.Ботоев мектебинин мугалимдерине таазим. Бизге талыкпай билим берген үчүн ыраазыбыз. Өзгөчө класс жетекчибиз Назаркулова Толгонай эжекебизге ыраазычылык. Гүлжамал 96
ОП-182-21. Жалал-Абад областына караштуу Аксы районундагы Кичи-Ак-Жол айылына салам! Эди 92
ОП-182-22. Салам,кыздар, кандайсыңар, мага жардам бергилечи. Сүйүү азабынан кантип кутулса болот, СМС жазгыла. 0770314438, Эди 92
ОП-182-23. Сүйөмүн деп айталбадым бир өзүңө! Кусалыктан сагынамын мен өзүмчө! А бирок, ишенбестен бул сөзүмө! Эмнеге таштап кеттиң сен. сүйгөнүм! Эди 92
ОП-182-24. Булут болуп учуп кеткен элесиңди, байкабай башкаларга бересиңби? Башка адам жөн эле сүйөм десе, аны менен кол кармашып кетесиңби! Эди 92
ОП-182-25. Өзгөн районундагы Кашка-Терек айылындагы атам Сыдыков Ашимди, апам Анарбаева Сапияны айт майрамы менен куттуктайм. Небереси Тахмина, Нурсултан, Бексултан, Нурисила, кызыңыз Гүлбара
ОП-182-26. Айгерим Расул кызы канча бир тууган экенин билгим келет. Чолпон
ОП-182-27. Айжамал Кабылова жөнүндө жазгылачы? "Обондон" жооп: Урматтуу окурман Айжамал Кабылова жөнүндө маалымат бергенбиз.
ОП-182-28. Беш-Бурхан айылындагы 9-А класстын 96-жылкы кыздарына Шарипадан ысык салам. 9-А класс-суперлер. 0778980ххх
ОП-182-29. Акыркы кыямат келип калды, эл жүрөт орозо кармап. Беш маал намаз окуйлучу, азыр мен намаз окуп жатам, атым Фатима.
ОП-182-30. Кыргызстандык жалпы энелерге, аталарга, инилерге, карындаштарга, эжелерге чоң салам. Эң өзгөчө саламым өзүмдүн атама, апама, карындашыма жана иниме. Бардык Кыргызстандыктар, бар болуңуздар, аман болуңуздар. Жаштар оюна келгенди жасап, жаман жолго түшпөсүн. Зөөкүрлүк кылбастан Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошолу. Бабник 94
ОП-182-31. " Обон", салам. Менин жигитим жок нерселерден кызганып сүйлөшпөй койду. 0778145ххх
ОП-182-32. Айтчы жаным, мен өзүңсүз кантип жашайм? Унутам бирок, айтчы жаным, качан, сенсиз күндө ойгонсом эстеп алып, ак таңыма түн кирип карайган.
Бабник 94
ОП-182-33. Турмуш татаал, эй кыргыздар, ар кимиңер өз жолуңар менен кеткиле, макулбу. Айжаркын
ОП-182-34. Бүгүн мен бир сулуу кыз көрдүм, татынакай экен. Мен аны чындап сүйүп калдым, ал үчүн мен бардык нерсеге даярмын. Сүйүүнүн ушунчалык керемет касиети бар экенин мына бүгүн билип, бүгүн сүйүүгө мас болуп турган кезим. Уулкан
ОП-182-35. Менин бөлөм Гүлжамалга чоң салам. Сенин окууңа ийгиликтерди каалайм. Бул дүйнөдө бар бол, аман бол, жалаң гана жакшылыктардын коштоосунда жүрө бер. Жумагүл
ОП-182-36. Жети жолку чемпиону бар, жыйырма жылдык тарыхы бар кыргыз элим, башты бийик көтөр да, алдыга кадам ташта! Перизат.
ОП-182-37. Билесиңерби, мен атаккуу инсанмын. Менин "Акс-Гакс" деген стилистим бар. "Жакс-Букс" деген сулуулук салонум бар. "Чакс" деген продюсерим бар. "Бекс-Экс" деген менин ар бир сүрөттөрүмдү кылдаттык менен чогулткан күйөрмандарым бар. Менин жүрөгүмдү белекке алып, өзүнүн жүрөгүн мага берген "Икс" деген сүйгөнүм бар. А менин атым Жакс.
ОП-182-39. Ат-Башыда жашаган Карлыгач, сени сүйүп жүрөгүм оттой жанды. Кайдасың кабарыңды билдирип койчу.Мен сен үчүн жашай албай калганымды билдим. Сени кантип тапсам болот жана сени менен кантип жылуу, жакын мамиледе болсом болот? Узак
ОП-182-40. Чаргынов мектебинен былтыр бүткөн, окууга сапар алып узап кеткен. Шыңгыр күлгөн ошол балдар арасында, бир адам бар ырларымдан артык көргөн. Бийкеч
ОП-182-41. Баатырбеков Гагариндин үй-бүлөсү, сүйүктүү аялы Аксана, кызы Бегимжан, баласы Эржанга чоң салам. Силер-биздин бактыбызсыңар. Өмүр бою коломтоңордун оту өчпөй түбөлүккө бир болгула. Силерди терең урматтаган Жанат
ОП-182-42. Айкөкүл, сен абдан жакшы доссуң. Мен сенин адамгерчилигиңди, жөнөкөйлөгөңдү, ак көңүлдүгүңдү баалайм. Мен сени беш жылдан кийин эң мыкты дипломант адамдардын катарынан көрөм. Ошондо мени карабай басып кетип калба макулбу, анда деле мен сага ыр жазып берем. Жумагүл
ОП-182-43. "Обон", салам. 31-август кыргыз элимди майрамы менен куттуктайм.
ОП-182-44. Карт тарыхта өчпөс кылып из калтырып кеткен ата-бабаларыбыздын мурастарын сактайлы. Аларга аяр мамиле кылалы. Кундуз
ОП-182-45. Кечкисин асмандагы ай менен сүйлөшсөңөр, ал дагы силер менен сүйлөшөт экен. Мен күндө кечинде ушундай кылам, ал мага бардык ичиндеги болгон сырларын айтып, мени менен баарлашат. Жалгыздыктан тажап, сүйгөнүңөрдүн жылуу кучагына жылына албай турсаңар, анда кечки айлуу түндү күтө бергиле. Гүлайым
ОП-182-46. Оштуктар, барсыңарбы, эмне көрүнбөй кайсы кычыкта жүрөсүңөр, булуттан чыккан айга окшоп. Супер Ош
ОП-182-47. Амир Аскаров жөнүндө маалымат берип койгулачы, сураныч. Айка
"Обондон" жооп: Амир Аскаров 1988-жылы, 16-мартта Балыкчы шаарында жарык дүйнөгө келген. Улуттук Консерваториянын 1-курсун аяктады. Кичине кезинен эле музыкага шыктуу болгондуктан, музыка менен уктап, музыка менен ойгончу. Бардык ырларынын аранжировкасын өзү жасайт, ырларына обон жазат. Атасы "менин жолумду жолдо" деп, Амирдин радиотехник болушун каалаган. Бирок, ал жерде бир жыл окуп, андан кийин окуусун улантуудан баш тарткан. Эң биринчи репертуарында "I Love you" деген ыры болгон. Ырга абдан шыктуу болгондуктан, азыр өз алдынча ырларды жаздырып ырдап келет.
ОП-182-48. Кел, Нурайка, кайрадан мурдагыдай бак аралап сейилдеп, бирге жүрөбүз. Билем экөөбүздүн тең ортобузда түшүнбөстүк болду. Эми кайрадан баарын жаңы баштайлы. Менин сунушумду четке какпайт чыгарсың. Мен сени күтөм. Баян
ОП-182-49. КУУнун филология факультетине быйыл тапшырган Айсулууга салам. Окууңа чоң, албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сен абдан жакшы адамсың. Сапар
ОП-182-50. Биз, кыргыздар, эч нерседен коркпошубуз керек. Алга!
ОП-182-51. Эжекемдер Жанат, Аксана, Бурулга, апам Чынарага менден чоң салам, бар болгула. Жазайым
ОП-182-52. Сүйүү деген айыкпаган дарт жүрөгүмдү эзип салды. Андан кантип айыгарымды да билбей калдым. Балким, силер мага жардам берерсиңер, замандаштар. Гуля 97
ОП-182-53. Мен эң жакшы көргөн байкем Марска салам жолдойм. Бегимжан
ОП-182-54. 6-сентябрь эжекем Бурулдун туулган күнү менен чын дилимден куттуктаймын. Жашоодо эч качан жамандык көрбөй, дайыма сүйгөнүңүз менен бирге болуңуз.
ОП-182-55. Азыркы учурда Москвада иштеп жаткан бөлөшам Айжанга менден салам. Кыргызстанда бардыгы жакшы, өзүң кандай жүрөсүң? Айпери 97
ОП-182-56. Оо, "Обонушкам", Борончу да эл башкарам дейби? Анда Кыргызстандыктар кандай болуп калат? 2012-жылы бардык адамдардын бою кичинекей болуп, өспөй калат го деп корком. Гүлжан 89
ОП-182-57. Гүлдөр уктайт шүүдүрүмдү жамынып. Түндөр уктайт ай жылдызды жамынып. А мен сени ойлонуп бүгүн түнү уктабадым. Жаным менин, Айко жаным. Азирет
ОП-182-58. Алтыным, кабыл алчы суранамын. Бул менин жүрөгүмдүн өтүнүчү. Айко, сен менин сүйүүмдү качан сезесиң? Билсең боло мен сени ушунчалык катуу сүйөм. Сен эмнеге мени жалдыратып таштап кете бересиң, же сен ушунчалык эле кыйынсыңбы? Суранам, мага кайра кайтып келчи? Азирет
ОП-182-59. Энелер, аталар, аман болгула. Биз, жаштар, силерди абдан катуу сыйлайбыз. Айнур97.
ОП-182-60. Менин кымбаттуу классташтарым, силерге сагынычтуу ысык салам. Кайсы жакта, кайсыл окууда окуп жатасыңар, дарегиңерди билдирип койгулачы. Жыйырма жылдык кечесин кандай кылып пландап жатасыңар? Мени да чакырганды унутпагыла, мен силерди сагындым,- деп Айжан.
ОП-182-61. 1-сентябрь-Билим берүү күнү менен куттуктайм. Мотурайган бөбөктөр, силер быйыл мектеп босогосун аттап, ак бантик тагынып мектепке барасыңар. Ал эми университеттин эшигин каккылаган 1-курстун студенттери, силердин да Билим күнүңөр менен куттуктайм. Жакшы окуп, жакшы билим алып, Кыргызстанды чиновниктерге кор кылбай, жаштар, биз өзүбүз Кыргызстандын келечегин өнүктүрөлү. Манас
ОП-182-62. Талас айылына салам. Таластыктар, алга, мен силерди колдойм. Жибек
ОП-182-63. 27-август кыргыз калкымды кадыр түн мусулмандык майрамы менен куттуктайм. Жибек.
ОП-182-64. Салам "Обон". Мен сүйүктүү ырчыларым Арсен менен Айбекке салам жолдойм, алардын талантына таазим кылам. Дайыма Кыргызстандын желегин алыскы өлкөлөргө желбиретип жүрө бергиле. Силерге чыгармачылык чоң ийгиликтерди каалайм. Алтынай
ОП-182-65. Салам, "Обон". Жарамазан айтып келдим силерге. Ийгилик каалаймын ишиңерге. Орозо айы силерге жалаң гана жакшылыктарды алып келсин. Силерди дайыма калтырбай окуган Сырдуу кыз
ОП-182-66. Кыргызымдын нукура кыргыз жыттанган кыздарына салам жолдойм. Ислам
ОП-182-67. Мени махабаттын торуна илген, сүйгөнүм Айнурга салам жолдойм. Сен сени сүйөм. Талгат
ОП-182-68. "Обонтай", кандайсыңар, мен силер менен жана сүйгөнүм Айнура менен биргемин. Талгат
ОП-182-69. Жалбырттанып күйүп турам сүйүүңө. Ашыгамын бир өзүңдү көрүүгө. Туткасын ача албай кыйналдым. Кирсем деп жүрөгүңдүн үйүнө. Жолугушуу ушул күнү буйруп бизге. Таза бакыт жазылыптыр дилибизде. Шаан- шөкөт эл топурап көп эле. Сүмөлөктүн шылтоосу болду бизге. Мына, мына көз алдымда дале турат. Ошондогу жаш селки кыз, боз улан. Дене бойду ошондогу шамал урат. Ысыйм кайра колтугумдун кучагынан. Ысмадияр
ОП-182-71. Эсимде сентябрдын башында, үч бүктөм кат жигит сунду колума, Уялам тартынам ала албай, ошол кезди бүгүн кайра сагынам. Сагынычтуу салам кат 5-А класста жазган элең.А азыр сагынычтуу СМС кат телефонума жөнөтөсүң. Аруужан
ОП-182-72. Эң жакын досум Уланга салам. Жазира
ОП-182-73. Махабатым, сүйүүм, кара жаным жүрөгүмдүн ээси Дастанга салам айтам. Качан келесиң, мен сени абдан сагындым го. Элиза
ОП-182-74. Күндөр өтөт, эч токтобойт, эмнеге экенин түшүнө албаймын. Чын мен да ак сүйүүдөн бактылуу болгум келет. Кантип деген суроо менен жан дүйнөмдү жеп бүттү. Мага жардам бере турган "Обондун" окурмандары табылат деген үмүттөмүн. Мен силерден жооп күтөм. Салкынай
ОП-182-75. Жибек, сенин окууңа, ишиңе ийгилик каалайм. Тентек кылбай апаңа жардам беришти унутпагын, макулбу. Айдай
ОП-182-76. Кыргыз калкым, жашоонун жаңы түсүн көргүңөр келсе, анда жан дүйнөңөрдү тазалап, жамандыктан айрылып, татыктуу башчы шайлап алалы. Жиза
ОП-182-77. Келечектеги байлыгым бул-менин ырларым. Тыбыштарды кураштырып, ыр токуган талант ээлери, бар болгула. Жиза
ОП-182-78. Билесиңби, Жоодар, сенин көздөрүң, күлгөнүң, жагымдуу сүйлөгөнүң мага абдан жагат. Сага "Обон" газетасы аркылуу сүйүүмдү билдиргим келет. Аны сен кабыл алат болдуң бекен? Ушул суроолор менин жан дүйнөмдү жеп бүттү го. Фаризат 97
ОП-182-79. "Обончик", мен 1-сентябрга жакшы даярданып жатам. Силер кандай жаңылыктарды жазып жатасыңар? Бакуля 98.
ОП-182-80. Досторум Мека, Айко, Гуля -силерге салам. Айгерим.
ОП-182-81. Тата Улан, айтыңызчы, азыркы учурда балаңыз менен катташып турасызбы, же апасы сизге жибербейби? 0770321ххх.
ОП-182-83. "Обонтай", мен эртеңки кыргыз калкымдын эгемендүүлүк майрамы менен куттуктайм. Келгиле, биримдикте иш кылалы. Акылдуу Ажо элин бириктирип жакшы кылат эмеспи. Ошондуктан биригели. Айжан
ОП-182-84. Айдин, мен сени эч кимге бербейм. Сен жалгыз гана мендик болуп жаралган сыяктуусуң. Бул дүйнө астын-үстүн болуп кетсе да, мен сенден эч качан ажырабайм. Гуля 97
ОП-182-85. Омар, сен абдан таланттуу адамсың, сага эч бир ырчы жетпейт. Жада калса сен дүйнөлүк жылдыздарды ары уккулуктуу, ары жагымдуу, мукамдуу үнүң менен артка таштайсың. Бека
ОП-182-86. "Обондогу" СМСчилер, келгиле биргеликте дос болуп жолугушуп туралы. Силер да менин айткан сунушума көнөт болушуңар керек деп ойлойм. Бека
ОП-182-87. Ойлуу деңиз бир сыр бардай толкун катты. Уйкусурап нурлуу күн да эрте батты. Көл бетине чагылышкан айдын жүзү, ашыктык сезимдерин айтып жатты. Шуудурашып дарактар да коштогондой, үмүт үзбөй келет го деп, жоктогондой. Алыстагы жети жылдыз караанына, сымбат жигит басканына окшоткондой. Турдум жалгыз ушуларды карап көпкө, сени эстеп олтурдум анан чөпкө. Мен сыяктуу махабатка малынып, ай дагы сүйөт экен сагынып… Жиза
ОП-182-88. Учкан күндөр бир кылчайып келбеген, ошол кечти кайра мага бербеген. Жолукканда көздөрүбүз балбылдап, сен да, мен да чокой учун тиктеген. Тээ балалык ширелишип өмүргө, унутпадым чыгарбадым көңүлдөн. Жүрөгүмө топчуланып элесиң, сен деп гана жашадым, бул дүйнөдө. 0705007ххх
ОП-182-89. Фрунзенин тээ алыстап карааны, Пишпек болуп аталгандай сыягы. Айтор, кызык аттар өттү алмашып, бүгүн турат Бишкек деген ысым алып. Шаңга толду ошол дөбө таң эртелеп, азан айтып ат коюлду Бишкек деп. Кубанычы көздөрүнөн жайнаган, борпоң элдер бир өзүңдөн байыр алган. Ысы
ОП-182-90. Лондон, Париж көрүнүктүү шаарларга, салыштарбайм мен жашаган Бишкегимди. Бул жерди Чыңгыз атам басып өткөн. Ошондуктан, сыймыктанып айтам мен. Койнуңа ороп сырдуу таланттарды, бөпөлөтүп учурдуң бийиктикке. Бишкегимди теңебеймин Францияга. Сурап жатсаң баскан издер-таланттуулар. Ысы.
ОП-182-92. "Обонума" СМСти жылуу кылып жазамын. Сүйүү сөзүн чаңын аарчып чулгабадым. Нурлуу кенчтин кудугун терең казып, кымбат тыбыш издегенден тажабадым. Бека
ОП-182-93. Сүйүү деген кандай ырахат карачы, сени сүйгөн жүрөгүмдү аячы. Махабаттын деңизине чөмүлгөн, ырларымдын бир өзүң го санаасы. Жүрөк сезим ак сүйүүгө байланып, сүйүп калдым жан дүйнөңө арбалып. Сүйүү деген ушунчалык күчтүү экен, карегиме сырдуу жүзүң чулганып. Жаным десем бир өзүңө жагар бекем? Сүйөм десем мага колуң сунар белең? Кол жеткис асмандагы жылдыз болсом, айлуу түндө сырларыңды төгөр белең? 0705007ххх
ОП-182-94. Менин сүйгөнүм мени таштап кетти… Майрамбек, мен сени дагы деле сүйөм. 0779961ххх
ОП-182-95. Казалымдын казыгын бекем тагып, сапар алдым дүйнөгө суудай агып. Кыдырдым кызыктарга толуп карек, бирок да кыргызыма жетпейт бөлөк. Ийменебиз ызаттайбыз улууну, кыйгач жолдон баш ийкешип салам алуу. Төр бошотуп меймандос келебиз, конок келсе бир койду союп салуу. Камырдай бир чарада мыкчылып, Улуу Манас урпагыбыз баарыбыз. Толеранттуу теңдик менен күрөшүп, өлбөс Чыңгыз кейпиндеги журтубуз. 0705007ххх
ОП-182-96. Алоолонуп махабатка кабылдым, аруу сүйүү сезимине багындым. Канжар менен жүрөгүмдү бырчалап, жамалыңа жалгыз мени арбадың, жалдыратып неге мени карабадың? Кыялданып күткөн аруу кечтерге, муздак түндөр септи ачуу нурларын. Сагындым бир кучак жамалыңды, келсе экен деп баскан изиң, карааныңды. Кара көзүм үмүт жашка жуулуп, жашаймын жалгыз сени мен күтүп. 0705007ххх
ОП-182-97. Алыстамын сага жетпей жүрөмүн, сагынуудан азап чегип жүрөмүн. Кайырчыдай телефонум колго алып, чалса экен деп сени күтөт жүрөгүм. Сыдырымдай сүртүп жашты, эстей берем тээ мурунку көз карашты. Илебине жылынам ошол күндүн, ийри тагдыр, эми бизди аябачы. Суурулуп жаз гүлүндөй жерди каптап, кумарлантты махабат мени таптап. Жоготтум деп издеп жүргөн ардагымды, кайырмакка илдим окшойт бүгүн баптап. 0705770ххх
ОП-182-98. Сабак бүтсө мен артыңдан аймалап, баскан изиң мен кайрадан кайталап. Жандандырам сыйкыр калем күч менен, сүрөтүңдү колго алып кармалап. Ыраа көрбөй сени башка кыздарга, кызганамын жамалыңа арбала. Уурдап ичип махабаттын катыгын, алкымыңдан искеп алам кыялда. Сүйүү гүлүн мага сунчу, кымбатым, жүрөгүңдү качан менчик кыламын? Кербендеген убакытты өткөрбөй, сүйөм дечи сени күтүп турайын. 0707770ххх
ОП-182-99. Терезе ачык бүлбүлдөйт күңүрт шамдар, жылуу жел сылайт беттен сүйгөн сымал. Аттиң ай, сезимимди окугансып, сен дагы сүйөм дедиң эч тартынбай. Көзүңдөгү жанып турган нурларыңдын, мээримине жүрөгүмдү кактадым. Ошондогу көз карашты карап туруп, түшүндүм дараметтүү сүйүү күчүн. Карагаттай кара көзүң ирмелгенде, жаш жүрөгүм толкун сымал шарпып алат. Аттиң, көздөр башка ирмелбейт дегенсип, менин көзүм сыйкыр отун сага жагат. Ыргалыңкы музыкалар коштолуп, колдор чиркин бир-бирине топтолуп. Шоола чачкан кечки нурлар өчкөндө, кызыл эрдиң эт жүрөккө оптолуп. Ырахаты ай деми күчпү сүйүүнүн, кербен сымал убакыттын өткөнүн. Карачы уйку сурайт түндөр дагы, кандай сонун ушул кечтин өткөнү. 0705007ххх.
ОП-182-100. Жүрөгүңдүн тамыры чырмап мени, түрмөдө олтурамын тогуз жыл эми. Баарлаша албай, баалай албай өмүрдү, баркым кетип баратканы сезилди. Темир тордо олтурамын жалгызсырап, пенде заты сүйлөсө кабак бүркөп. Макс
ОП-182-101. Салам, "Обончулар",кандайсыңар, силерде кандай жаңылыктар бар?Силер эң жакшы газетасыңар, өркүндөп өсө бергиле. Мен дайыма силерди окуп, көп маалымат аламын. Мен силерди жакшы көрөмүн.
Жаркын.
ОП-182-102. Кыргыз элимди 31-август эгемендүүлүктү алган майрамы менен куттуктайм. Дагы алдыга өркүндөгүлө. Жаркын
ОП-182-103. "Обон", мен силерди абдан жакшы көрөмүн. Алтын
ОП-182-104 . Курбу кыздарым Айко, Мека, Гүлжан, Марипа, Айнагүл, Гүлмирага чоң салам жолдойм. Силердин 1-сентябрьБилим күнү майрамыңар менен чын дилимден куттуктайм. Окууларыңарга чоң ийгиликтерди каалайм. Мен силерди чын дилимден урматтайм. Силерди жакшы көргөн досуңар Майрам.
ОП-182-105. Мен бардык калкымды эртеңки майрамы менен куттуктайм. Асел.
Эсте турат эс тандырган чырайың. Эске салган айдын ырайын. Эрте үзүлгөн сүйүүбүздү түбөлүк. Эстей жүр да аман болгун ылайым. Каролина 95
ОП-182-106. Тата Уландын маскасынын астында эмне катылган? 0773665ххх
ОП-182-107. Момун мусулмандар, орозоңуздар кабыл болсун! 0773808ххх
ОП-182-108. Айгерим Расул кызы, Бактыгүл Бадыевага ийгилик каалайм. Толгонай
ОП-182-109. Салам, "Обон", супер СМСчилерге чоң салам. Мира 97
ОП-182-110. Ата-энеме салам. Күлүп жайнап ар убак. Төрүбүздө жүргүлө урмат-сыйга бөлөнүп, узак өмүр сүргүлө. Өзүңөр менен бир болуп өркүндөп өссүн үй-бүлө. Гүлжамал 96
ОП-182-111.. Досторум Ая жана Неляга чоң салам. Достор, бар болгула. Силер чыныгы доссуңар. 0773618ххх
ОП-182-112. Чынында сүйүү кымбат бардык жанга. Тең келбейт асмандагы нурлуу айга. Сүйүүнү бардык жандар кадырлашат. Биз эмес карып калган адамдар да. Гүлжамал 96
ОП-182-113. Эстегенде бир өзүңө тартыламын. Жүрөгүм сага байлангандай. Эстегенде сени жаным кусаланам, арты жок бул ааламга батып кетсем да, бир өзүңдү сагынамын. 0773575ххх
ОП-182-114. Тынчтык, сени сүйөм. Мырза-Арыктык М….я!
ОП-182-115. Салам, "Обонушка". Иса Өмүркулов жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. 0779423ххх
"Обондон" жооп: Иса тууралуу маалымат бергенбиз.
ОП-182-116. Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында жашаган менин эң сүйүктүү досторум Айзада, Бактыгүл, Надира, Айдана, Айтурган, Медина, Садира! Баарыңарга чоң салам. Силерди сагындым. Мира 97






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??