п»ї

Кышкыга маринаддалган дарбыз
Керектелүүчү азыктар:
o Дарбыз
o 1 литр сууга 1 аш кашык туз, 2 аш кашык кумшекер, 3 литр банкага 1 аш кашык уксус, кара тоголок мурч, лавр жалбырагы

Жасалышы:
Биринчи дарбызды муздак сууга жууп, аны төрт бурчтук формасында туурап алабыз. Андан кийин банкаларды таза жууп, ысык суунун буусуна демдейбиз. Банканын капкактарын дагы таза жууп, кайнатып алыш керек. Жуулган банкага катар-катары менен дарбыздарды тизип, аны менен кошо кара мурчтарды аралаштырабыз. Банкага салып алгандан кийин толтуруп суу куябыз. Муну 20 мүнөт капкагын жаап, тыныктырып коёбуз. Анан анын суусун төгүп алып, кайра кайнак суу куябыз. Куйгандан кийин ар бир банкага бир аш кашык уксустан кошуп, капкагын жапкыч менен жабабыз.Анын оозун ылдый каратып көмкөрүп, жылуу төшөк менен жаап коёбуз. Ал муздагандан кийин гана жердин астына, муздак абага түшүрүп койсоңуздар болот.


Маринаддалган түстүү капуста
Керектелүүчү азыктар:
o 2 даана кызыл, кара же ак капуста, 2 даана сабиз, 1 баш сарымсак, 1 литр суу, 200 гр уксус, 200 гр олив майы, жарым стакан кумшекер, 2 аш кашык туз

Жасалышы:
Биринчи түстүү капустаны жууп, аны өтө майда эмес бөлүктөргө бөлүп алабыз. Сабизди чоң тиштүү сүргүчтөн өткөзүп, сарымсакты майдалап туурайбыз. Андан кийин капустаны,сабизди,сарымсакты аралаштырып алып суюктугун даярдайбыз. Сууга кумшекер,туз,уксус жана олив майын куюп, ысык тапка кайнатабыз. Кайнагандан кийин аралаштырылган капуста,сабиздерди банкага салып, үстүнө суу кошуп, кайнатылган суюктукту куябыз.Оозун капкагы менен жаап, жылуу жерге бир сутка коюп коёбуз. Бир суткадан кийин муздаткычка салып койсоңуздар болот. Бул аз азыкты жана убакытты талап кылат.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??