Кыялкеч бийкеч менен кычык жана ачык маек

Кайгылуу ырлардын апасы, шоу-бизнестеги жигиттердин көбүнүн жүрөктөрүн ооруткан ырчы кыз Айнура Салахидиновага ачык суроолор менен кайрылып, ачык жоопторду алдык.

Айнура Салахидинова:
"Мектепте жүргөндө фильтри жок "Полет" чеккем "
- Мурун кыска юбкаларды кийгениңизди көрүп калчу элем, акыркы убактарда жалаң гана узунга басым жасап калыптырсыз. Эмне себеп болду, же мындан ары бутуңузду көрсөткүңүз келбей калдыбы?
- Намаз окуганыма беш-алты жылга кетип атат. Чоң энеме: "Ырчы болгону жатпаймынбы, сахнага чыкканда жоолук салынып алайынбы?" -десем чоң энем: "Кызым, жүрөгүң таза болуш керек, калганы бара-бара өз ордуна келет. Кайсы күнү жүрөгүңө ыйман толуп, жоолук салынганыңды билбей каласың",- деген. Анан, "намаз окуган кыз да ушундай кийинеби?" деген сөздөр болот экен. Ошондуктан, мурдагыдай кыска кийгим келбей калды.
- Бир убактарда Фархат Кеңешбек уулу менен актёр Эркин Эгембердиев сиздин колуңузду сураган экен, экөөнө эмнеге макул болбой койгонсуз?
- Муну силерге ким айтты? (Таң калып) Ооба, бирок алардын колумду сураганына 1-2 жыл болуп кетти да. (Күлүп) Эркин, Фархаттар менен достук мамиледемин. Отуруштарга, конокторго барып калганда чогуу эле жүргөнүбүздөн улам, достору бизди жабыштыра беришет. Эркин бир жолу: "Мени бою кичинекей деп чандым деп айткан турбайсыңбы?"- деп таарынган. Фархат деле ошондой жакшы бала. Ичпейт, чекпейт дегендей. Алар менин колумду официалдуу түрдө сураган эмес. Ар бир адамдын өзүнүн теңи болот. Окууну бүткөнүмө он жыл болду. Ошондон бери алты бала менен сүйлөштүм. Алардын арасынан алам дегендери да болгон. Ал кезде мен үчүн эң биринчи орунда карьера болчу. Ата-энем деле ырдата турган, ичпеген жигитке турмушка чыксаң экен деп калышчу. Анан, "мага жакса ата-энеме жакпай калышы мүмкүн" деп, жакшысын издей бересиң.
- 2001-2002-жылдары Сыймык Бейшекеевдин 1978-жылкы Мирбек деген иниси менен жакшы мамиледе болуп жүргөнүңүздөн кабарыбыз бар. Экөөңөрдүн эки башка жолду тандаганыңарга эмне себеп болду эле?
- Мындай маалыматтарды каяктан алганыңарды билбейм? (Күлүп) Бирок, ушунча келгенден кийин жооп берейин. Мирбек байке менин эжем менен жакшы мамиледе болгондуктан, менин жездем болот болуш керек деп ойлочумун. Сыймык байкенин концерттерине барып жүрүп таанышып калганбыз. Менден улуу болгондуктан, Мирбек байке деп аябай жакшы көрчүмүн, ага эркелеп да койчумун. Эжем үчөөбүз көлгө чейин барып эс алып келгенбиз. Эжем да ал менен жакшы болчу. Күндөлүк кылып жазып жүргөн дептери бар экен, бир күнү ал күндөлүгүн мага берди. Ичин окусам өзүнчө эле кино. Өзүнүн сезимдерин ошол күндөлүгүндө билдириптир. Мен аны байке катары жакшы көрчүмүн. Мени жактырып жүргөнүн билгенден кийин, байкушту кагып-силкип, урушуп, такыр эле сүйлөшпөй калгам. Бир жолу келгенинен "Эмне кыласыз? - деп сынап көрсөм, "Мен ата-энемдин жанынан кетпейм, Токтогулга жашайбыз",- деди. Анан мен да "ата-энемдин жанынан кетким келбейт, айылга жашабайм" деп баш тарткам. "Айнура экөөбүз сүйлөшүп жүрчүбүз, бирок айылга жашабайм" деп койду деп үйдөгүлөрүнө айтыптыр. Азыр мамилебиз жок. Кийин телефон чалып үйлөнгөнүн айтты, анан кыздуу болдум деп сүйүнчүлөдү. Экөөбүз кыз-жигиттей болуп кол кармашкан деле жокпуз.
- "Аю" компаниясынын директору Бейшен Өскөнбаев сизге демөөрчү катары материалдык жактан көп жардам берген экен. Ал киши менен азыр мамилеңиз кандай?
- Жакшы тааныш байке жана анын аты Бейшен эмес, директорлук кызматта эмес, башка орунда турат. Сары-Челекке бирөөлөр конок тосуп, аларга ырдап барып, эки-үч күн жүрдүк. Ошол жактан бир байке бизди сыйлап: "Айнура, азаматсың, сендей кыздарга жардам берип, көтөрмөлөш керек. Концерт койсоң сага жардам берем", - деди. Ошол жылы жазында барсак, күзүндө концерт коймой болдум. Анан бирөөгө барып демөөрчү болуп бериңиз дейин десем, жолугууга чакырып, чай ичели дей баштайт. Андай жол менен демөөрчү издесем, илгери эле миллионер болуп кетмекмин. А тиги байке өзү айткандыктан, смета түзүп алып, бир жагына жардам бербейсизби деп барып көрсөттүм. Анан ал байке афишаларыңды чыгарып ал деп акча берди. Ошондо демөөрчү катары эсептегем. Ыраазычылык иретинде "Аю" фирмасында иштеген жумушчуларга билет берген элем.
- Үнүңүз коңур болгондуктан, көбү сизди тамеки тартат деп ойлошот. Өзүңүздүн тубаса үнүңүз эле ушундайбы, же көпчүлүк ойлогондойбу?
- 2-класста окуп жүргөндө фильтри жок "Полет" чегип көргөм. Ошондон бери тамеки чегип көрө элекмин. Кээ бирлер үнүн атайын жоон кылыш үчүн чегишет экен. Ырчылардын көбүнүн тамеки чеккенин көрөм, анан мен да тамеки тартпайынбы десем, курбуларым бул тескерисинче үнүңдү жоонортуп салат, чекпе дешчү.
- Бир конокто Фарида Карбосова менен Айгүл Чалова жигит талашып мушташып кетишти деп бир гезитте жүрдү эле. Коноктордо көп урушасыздарбы?
- Кудай сактасын, урушпайбыз. Ооба, курбуларым менен коноктордо чогуу эле болобуз, бирок мен эрте эле кетип калам. Анткени, кызуу болуп калганда, мени тигил жакка жеткир, мени бул жакка алпарып кой деп аларга бекер таксист болом. Баарын ташып, кыйналып, чарчап келем. Ичпеген адамга андай коноктор кызык деле болбой калат экен.
- Алдыда боло турган концертиңиздин атын эмнеге "Кусалык" деп койдуңуз? Кимди сагынып, кусалыкка батып жүрөсүз?
- Күздүн келиши, жалбырактардын саргайышы кусалыктын белгиси деп коёт эмеспи. Концертим да күз мезгилинин башталышына туш келип калат экен. Анын үстүнө ырдын аты да "Кусалык". Былтыр атайын күз мезгилин күтүп, атайын жалбырактар менен клип тарттыргам. Концертимде да сахнаны күз кылып жасайын деп атам. Жеке концертим болгондуктан, мен форма алмаштырганда эле кээ бир ырчылар ырдап турушат. Концертте ырдаган гана өнөрүмдү көрүүчүлөрүмө тартуулабастан, комузда күү чертип, ооз комузда ойнойм.

Төлөбүбү Касымалиева