п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Күүгүмдөгү сырдашуу

Көптөгөн кино-спектаклдердин көркүн ачкан, кыргыздын белдүү актёру КРнын Эл артисти Мукамбет Токтобаевди кимдер гана тааныбайт? Агай кино-театр тармагынын бардык кыйынчылыгына чыдап, бүгүнкү күнгө чейин өз ордун жоготпой келет…

"Учурда тартылып жаткан кинолор купулума толсо да, толбосо да түшөм"
- Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүз, киного тартылып жатасызбы?
- Киного ырахаттануу менен тартылат элем, бирок өкмөт киного акча берип жатабы, жок да. Аксы окуясын тартабыз деп, мени башкы ролго сынаксыз тандап алышкан. Үч күндөн кийин жөнөп кетебиз деп жатканда, революция болуп кетип, акча ошол боюнча жок болду да, токтоп калдык. Жыйырма жыл текке кетип, мен карып калдым."Киного түшкөнү жатам" десем эле, "кайсы ролду ойнойсуң?"дешет. Мен "эй, кайсынысын сурайсың.Мен азыр бирөөнүн атасы, же чоң атасы, же бир абаларын ойнойм, ойносом, эмне баатырды ойнойт деп жатасыңбы?"- деп тамашалап калам. Азыр баары эле кыска метраждуу чакан-чакан кинолорду тартып жатышат. Аларга кээде ыгы келсе катышып калам. Айрым учурда студент балдар келип: "Байке, жардам берип коёсузбу, менин дипломдук ишим эле", -десе боорум ооруп кетет. Эми алардын акчасы жок болуп жатса, дипломдук ишти тартыш керек. Киносу жакшы болобу, жаман болобу, мүмкүн, андан кийин мыкты режиссёр чыгаттыр."Койчу, байкушка жардам берип коёюн" деп, 3-4 балага барып түшүп берип коём, жардам катары.
- Азыркы тартылып жаткан кинолорго катышып жүрөсүз, алар чындап эле купулуңузга толобу, же кинону сагынганыңыздан тартыласызбы?
- Менин купулума толсо да, толбосо да түшөм. Себеби, кино бул өзүң үчүн эстелик экен. Кино жаман болсо да жакшы ойногонго аракет кылам да, мүмкүн, бир жерин ачып берем деп, кээде өзүм текст кошуп да ойноп жиберген учурларым болуп жатат. Кино деген бул-эң сонун нерсе да, түбөлүккө калып калчу. Мурда Орозбек Кутманалиевдин: "Эй, мен кокус кетип калсам, мени жок болду деп ойлобогула, мен экрандан чыгып турам",- деп айткан тамашасын уккам да. Анан Чыңгыз Айтматов өлгөндөн кийин теледен чыгармалары боюнча тартылган кинолорун бербедиби. Ошол кинолордун бир тобунда ойногон экен, кадимки эле өзү жүрөт баягы. "Чын эле баягы айтканы туура экен, кино деген абдан чоң эстелик турбайбы, мындан кийин сунуш түшсө баш тартпайм",-деп калдым. Баш тартканда кайсы кино, мейли чоңбу, кичинеби бара берем.
- Айрым белгилүү Эл артисти болуп калган кесиптешиңиз, азыркы режиссёрлордун деңгээли төмөн деп кинолорго тартылгандан баш тартышат экен, сиз буга кандай карайсыз?
- Эми тартылбайм десең, сени эч ким кыйнабайт. Сага сценарийди берет, окуп чыгасың, анан тандайт. Анан эле өзүңө ылайыксыз, жийиркеничтүү жерлери болсо "жок" деп койсоң болот. Мисалы, илгери "13-небере" деген киного түшүп калдык. К. Досумбаев раматылык чоң актёр да, ал жерде алкаштын ролун аткарып коюптур, анан директорубуз чогулушта тура калып:"Кайсы бетиң менен ошол жерге түштүң?"-деп урушканы эсимде. Туура эмес да, ал киши андай киного ылайык эмес да. Кээде ушундайлар болот, анын кереги жок, өзүңдү уят кылба деген сөз да.
- Азыркы убакта актёрлук кесип менен жан багууга болобу?
- Болот. Мисалы, мен Эл артистимин. Бизди акчаңарды үч эсе көбөйтөбүз дешкенде, "ай ий, үч эсе эмес, бир эле эсе көбөйтүп койсо болду" деп жатпаймынбы? Көрсө, улуттук деген статус берилген да, президент өзү Эл артисттерге 100%, эмгек сиңиргендерге 50% айлык кошкон. Анан көтөрөбүз деп калса, эми көтөрүлсө шумдук болот го дедик. Эсептесек 40 000 ге чейин чаап кетет экен, анчанын деле кереги жок эле деп баары бир ишенбей жатканбыз. Көрсө, бардык айлыгыбызды алып салып, башталыш айлыгыбызды үч эсе көбөйтүптүр. Анысы, учурдагы айлыгыбыздан 1500 сомго аз болуп калыптыр. Ошондуктан, кайра чогулуп кат жазып жибергенбиз Атамбаевге. Эми кандай чыгат, сентябрда көрөбүз. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Ал эми жаштарга жакшы чыгыптыр.
- Учурда тартылып жаткан кинолоруңузга акча төлөшөбү?
- Төлөшөт эми, төлөгөн менен ашыкча деле акча жок да. Болбогон бирдемени төлөшөт.
- Кинодо роль жаратканда сценарийдин текстин жаттап, анан ойнойсуздарбы?
- Илгери бир режиссёрду көргөм, текстти бергенден кийин жаттайын дегендерден: "Эй жаттаба, бир сыйра карап алып маанисин айт",-деп алып салчу. Көрсө, биз аны жаттап, анан ойноп салат экенбиз да. Ал эми маанисин түшүнүп алып аткарсаң, жасалма эмес, турмуштагыдай болот экен. Негизи, кино турмушту сүйөт да. Ошондуктан, мен туура угуп, туура ойной берем.
- Сиздер кино тартылбай жыйырма жыл текке кетти деп кейип жүрбөйсүздөрбү. Ошол кездери актёрдук кесипти тандап алганыңызга өкүнгөн жоксузбу?
- Кезинде өкүндүм, бирок кете албай койдум. Соодага жакындар базар, Орусияга кетип калды. Мен кете албай койдум, жүрө бердим. Айлыгым алтымыш сом, жетпейт. Беш балам бар, алар да чоңоюп бутуна тура элек кези. Өмүр бою сахнада жүрүп, эч нерсени билбейм, өкмөт баарын даярдап берчү. Анда дубляжга катышат элек, радио, теле, өзгөчө дубляж бизди абдан бакчу. Ал кезде артисттер бай болчу. Кийин дубляж да жок, кино да жок, теле да жок олтуруп калдык. Анан кантип жан багыш керек, жолун издей баштайт экенсиң да. Кичинемден эле машинаны жакшы көрчүмүн. Балыкчыда ар бир үйдө 4-5тен шофёр бар эле, анан кызыгып жүрүп алардын жанына олтуруп, кайсыл жерди кандай кыларын көрүп эле үйрөнүп алдым. Кийин:"Байке, бир метр эле жылдырып берейинчи?"-деп суранып айдап жүрчүмүн. 1966-жылы шофёрдун окуусун бүтүп, права алып, Маданият үйүндө төрт ай шофёр болуп иштеп, анан Москвага окууга кеткем. Ошентип, машинаны билип алгам, бирөө оңдоп жатса карап алчымын. Ошентип жүрүп мотор чечип калдым, өзүмдө да шык бар окшойт го. Базарга барам, начарыраак машина алып, аны оңдоп сатып жүрүп, кийин жетишип калганда анан таштадым. Өзүм да тажадым, өзгөчө кыштын күнү ачкыч кармагым келбейт.
- "Белгисиз маршрут" тасмасы кайрадан жүзүңүздү ачып бергендей болду, буга кандайча тартылып калдыңыз?
- Темир Бирназаров деген режиссёр чакырып жатат, кастинг болот экен деп бир топтору барып калышты. Бардым, барсам ролдорду кимге кандай, ылайык бөлүштүрүп коюптур. Б. Шамшиев: "Сен бул кинону тарта албайсың, аябай жакшы актёрлор деле жок бизде",- деген экен. Ал кишинин көз карашы, мүмкүн, башкача болсо керек. Темир тырышчаак, өзүнүн сөзүнө турган бала, "мен тартам, чыгарам" дептир. Негизи, болбогонду болтурам деген жигит да. Ошентип, профессионалдарды алды, тартты.
- Бул кинодо алкаштын образын мыкты ачып бергенсиз, ал эми жашооңузда арак ичкен жагынан кандайсыз?
- Союз убагында концерт коюп барсак бир үйгө коноктошчу, ал жерде арак, бүт баары бар болчу, ошондо баш оору эмне экенин далай көрбөдүмбү. Бирок, дайыма ичип, алкаш болуп кеткен жокмун, гастрол убагында ичип койчумун. Ал эми арак ичпей калганыма 15 жыл болду. Кан басымым, аллергиям да бар, азыр арак эмес, газдалган суу ичсем ооруп, көзүм шишип чыгат. Мас болгон кандай билесиң да, ошол боюнча эле аткарып койгом.
- Кино өзүңүздүн купулуңузга толдубу, дегеле, тартылган кинолоруңузду көрүп турасызбы?
- Мен кинону көргөндө кемчилигин издеп атып эле, кандай экенин түшүнбөй калам. 4-5 жолу көргөндө, анан барып түшүнөм. Азыр жакшы, диск чыгып калды, үйгө жатып алып көрүп, анан маанисин түшүнүп алам. Бирок бул кинону кайра тартса, андан да сонун ойнойт элем деп өкүнөм да. Кийин үн жаздырганда, мен Бакыт Мукул менен урушкан жерин аткарып жаткандагыдай жаздыра албай койбодумбу, өзүндөй болбой калды. Тартылганда эң сонун болуптур да.
- Учурда сиздердин ордуңуздарды басчу, мыкты, жаш актёрлор кимдер деп ойлойсуз?
- Эми 20 жыл өттү, биз жаңы эле баштап жатабыз. Негизи, классиканы ойномоюнча актёрдун өсүшү кыйын. Классиканы ойногондо анан көзү ачылып, кайда чапсаң кете берет. Бизде "Дем" деп жаш балдар театр ачып алышпадыбы, алар классиканы ойноп, өсүш үчүн көп иштеши керек.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, канча бала, небереңиз бар?
- Балдарымды багам деп жүрүп карып кеттим. Б. Сарногоевдин бир ыры бар: "Байкабай калган экемин, жаштыктын өтүп кеткенин, балдарды багам деп жүрүп"- деп, ошол мен болдум да. Жаштыгым жөн эле өтүп кетти да, өкүнүчтүү(Каткырып күлдү). Бир кыз, төрт балам, 11 неберем, 1 чеберем бар.


Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??