п»ї
 Таанышуу жарыясы


ТҮЛЕЕВ АЛДЫГА ОЗДУ
Президенттик шайлоо шаңына кирип баратат. Ар бар шайлоодо күтүлбөгөн жаңылыктар болот. Бул жолу көптөн бери Атамбаев, Ташиев, Мадумаров, Султанов фавотит аталып келсе, кийинки жарым айда күтүүсүздөн Нариман чыга калып, болгондо да "7-апрель жаштар кыймылы" партиясынан аттанып, кыска мезгилде чууну катуу салды. Бир катар социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгында Атамбаевден кийинки экинчи, ал түгүл айрымдарында ("Диезел") биринчи орунга чыгып, көптөрдүн эсин оодарды. Эгерде Нариман Ташболот уулу ушул темп менен алдыга жылса, күтүлбөгөн натыйжага ээ болушубуз ыктымал.
Түлеев "Доскредобанк", "Сапатком", "Караван", "Экспокурулуш" өңдүү бир катар ири коммерциялык түйүндөрдүн ээси. Аларда иштешкен 2 миңге жакын адамды, мурда ал жетектеген "Кыргыз темир жол" ишканасынын, Бишкек мэриясынын, шаардык мекемелердин кызматкерлеринин жоон тобун, азыр аны президенттикке көрсөткөн "7-апрель жаштар кыймылы" партиясынын активдүү мүчөлөрүн кошкондо бери жагы 5 миңден ашык киши Нариман Ташболотович үчүн иштеп жатышканы айкын болот.
Түлеевдин басма сөздөргө "азыркы саясатчылардын 90 проценти мурдуларынын маңкаларын тарта албай жүргөндө, 1988-жылы мен 100 миллион доллар акча жасап койгом" деп билдиргенин улам анын эң капчыктуу олигарх экенин эске алсак, шайлоодо Нариман кызыкты көрсөтчүдөй.

Кыргыз-түрк мамилеси эшигин кең ачууда
Быйыл күздө парламенттик каникулдан кайтып келген Жогорку Кеңештин депутаттары эки өлкөнүн жарандары үчүн бири-бирине баруу жана келүүнүн жаңы режимин киргизген Түркия өлкөсү менен макулдашууну бекитет. Бул документке ылайык биз Түркия Республикасынын аймагында визасыз белгисиз мөөнөттөргө чейин жүрө алабыз.
Бизге Тышкы иштер министрлигинен айтышкандай, түрк тилдүү боордош элдердин ортосундагы визасыз режим 1992-жылы да орнотулган. Бирок ал учурда кыргызстандыктар Түркияда, а түрк жарандары бизде бир ай гана жүрө алышкан. Быйыл Кыргызстандын өкмөтүнүн ишинин аркасында биздин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жаңы өнүгүү алып отурат. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү өсүүдө (мисалы, атактуу Талас төө буурчагынын дээрлик бардыгы бул өлкөгө экспортко чыгары жакшы белгилүү). Демек, визасыз режим жөнүндөгү келишимди кеңейтүү маселеси келип чыкты. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин айтуусунда, алгач сүйлөшүүлөр 3 айлык визасыз жүрүү маселесин чечүү боюнча жүргөн. Бирок бардыгын Премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен анын түрк коллегасы Реджеп Тайип Эрдога н менен жекече жолугушуусу чечип койду. Анкарада быйыл апрелде болгон алардын жолугушуусунда эки өлкөнүн жарандарынын визасыз чектелбеген мөөнөткө баруу-келүү маселеси бат эле чечилип калды.
Атамбаев жана Эрдоган кол койгон келишимде визадан туристтик, ишкер жана расмий максаттагы сапар менен баргандар бошотула тургандыгы жазылган. Ушундай эле мүмкүнчүлүктөн ким Түркия аркылуу транзит менен же кандайдыр бир жүк алып барса (мисалы, алыскы сапарга айдоочулар) пайдалана алышат.
Бирок бул Тышкы иштер министрлиги эскерткендей, кыргызстандыктар эч кандай документтерсиз эле Түркияга келип ишке орношо алат дегендикти түшүндүрбөйт. Эмгек миграциясы бул өзүнчө маселе, Түркиянын аймагында иштөө үчүн баары бир уруксат алуу зарыл.
Жалпысынан дипломаттар белгилегендей Атамбаевдин Түркияга сапары эң ийгиликтүү болгон. Биздин 51 млн. доллар карызыбызды кечип, ага кошумча 10 млн. доллар кайра кайтаруусуз каражат берилди. Ал эми визаларды алып таштоо маселеси жолугушуунун көркүн ого бетер чыгарды. Эми парламент бул макулдашууну ратификациялаганда демилгелүү жана бир нерсеге умтулгуч кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүктөр кең болуп калат десек болот.

Бир Бүркүм
Мектеп жашындагы балдар үчүн билим берүү багытын көздөгөн "Алиппе ТВ" Тынчтык сабагы менен ачылат. "Алиппе ТВ" менчик телеканал болот, ал өзүнө жети телепрограмманы камтыйт.
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин алып салуу боюнча арыз менен Нурлан Мотуев кайрылды. Ушуну менен президенттикке талапкерлердин саны 78 болуп кыскарды.
КРнын президенти Роза Отунбаеванын жарлыгы менен кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Мурзабеков Эрмек Мурзамаматович (өлгөндөн кийин) "Эрдик" медалы менен сыйланды.
26-август күнү Нарындын Эмгекчил айылынын 300дөй тургуну Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук кенин иштетип жаткан кытай ишканасына барып, ал жердеги үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан. Облустук милиция бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдоодо.
Президенттик шайлоодон кийин Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан кетерин билдирди.
29-август күнү Кыргызстандын парламентинин официалдуу иш күнү башталды. Биринчи пленардык отурум 1-сентябрда болмокчу.

Атамбаевдин атын саткан Орунбай Ахмедов
Баткенде Алмаз Атамбаевдин атын сатып, "муну шайлагыла, тигини шайлагыла деп премьер өзү айтты", - деп Орунбай Ахмедов айгайлап жүрөт.
Шайлоодо ар ким өз билген намазын окуп, ары чабалактап, бери чабалактап үгүт иштерин кара пиар болобу, же мактайбы иши кылып, өзүнүн талапкерин өткөрүүнүн амалын ойлошот эмеспи. Мына ошондойлордун бири Лейлектик Орунбай Ахмедов да Алмаз Атамбаев жиберди, муну шайлагыла, тигини шайлагыла деп жергиликтүү депутаттардын амалын алты кетирип аткан кези. Өзү мурда архивде иштеген Орунбайдын Атамбаев менен кандай чатагы бар ким билсин. Бирок, Алмаз Шаршеновичтин: "Эч ким мамлекеттин ишине кийлигишпесин. Мен да өзүмдүн ишимден тышкары нерсеге кийлигишпейм",- деп айтканы бар. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, ким кимди жибергени кийинчерээк өзү эле билинет деген ойдобуз.


Урмат Барктабасов эркиндикке чыкты
Өткөн жылдын август айында 15 адамды, алардын ичинде Урмат Барктабасовду "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен УКМК камакка алган. 26-августта Бишкек шаардык соту мунапыска ылайык Барктабасовду абактан бошотушту.
"Мекен Туу" партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун адвокаты Жамангул Жунусовдун билдиришинче, 26-августта Бишкек шаардык соту мунапыска байланыштуу Барктабасовдун жаза мөөнөтүн эки эсе азайтты. Ага ылайык, Барктабасов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин абагында бир жылдан ашык отурганына байланыштуу сот залынан бошотулду. Бишкектеги Биринчи май райондук соту "Мекен Туу" партиясынын лидерин 4 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган болчу.

Таластын беш спортчусу Бишкекке жөө жүрүш жасап келе жатат
29-августта Талас шаарынын борбордук аянтында "Мекен жүрөгүндө" деген ураан менен башталган жөө жүрүш Бишкек шаарын көздөй бет алды. Бул боюнча Талас обладминистрация басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жөө жүрүшкө Талас облусунун райондорунан тандалып алынган беш спортчу катышууда. Облустун губернатору Койсун Курманалиева спортчулардын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдык мааракесинин урматына арнаган жөө жүрүшүнө кубанып, ак жол каалады.

Кадыржан Батыров кымтып алган каражаттарын алып чыкмак
Кадыржан Батыров өзүнүн каражаттарын "Узбек Темир йуллари" аркылуу чыгарып кетүүгө аракеттенген.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартып жаткан мезгилде 2010-жылдагы Ош окуясынын чыгышына күнөөлүү деп табылган өзбек улутундагы Кадыржан Батыров да өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, өзүнүн кымтып алган каражатын "Узбекстан Темир йуллари" аркылуу чыгарып кетүүгө аракет көрүп жатканын Баткендиктер айтышууда. Жалал-Абад областтык райондор аралык сот К.Батыровдун тиешеси бар "ЭКРОС" жабык акционердик коомунан 3 541 67,54 доллар (сомго айландырганда 142 млн 860 миң 755 сом) каражатты Өзбек Республикасына караштуу "Узбекстан Темир йуллари" мамлекеттик автомобиль жана темир жол комитетинин пайдасына чечилген аныктама чыгарган.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??