п»ї

  Кызык жана кычык суроолор

Азимбек Бекназаров:
"Курулушта иштеп 150 сом тапканда, абдан сүйүнгөм"
- Азимбек мырза, маегибизди сиздин эмгек жолуңуздан баштасак. Эң биринчи кайсы жерде иштедиңиз эле?
- Айылдан шаарга келип, окууга өтпөй калып, курулушта иштеп баштадым. Курулушта иштеп алган эң биринчи маянам 150 сом болгондо абдан сүйүнгөм. Аскерге баргычакты ошол жакта иштеп, ал жактан келгенден кийин, ошол эле ишиме кайра кирдим. Май айында киргем, июнь айында окууга кеткем. Ал жакка экинчи жылы да өтпөй калгандан кийин, кайра ишке кирдим. Ата-энем чабан болчу. Ошол убакта атам ооруп калды, жайлоодогу малдарды элдер күзгө чейин албайт да. Ошентип жайлоого барып, күзгө чейин мал кайтарып, чабан болуп жүрдүм. Аны этке тапшырып, баягы иштеп жүргөн ишиме кайра кирип алдым.
- Канча жашыңызда үйлөнгөнсүз?
- 25-26 жашымда үйлөндүм окшойт. Жубайым Сакен мени менен чогуу окуган классташым. Биринчи класстан бери сүйлөшүп жүрүп үйлөндүм десем болот. Үч уулубуз, төрт неберебиз бар. Үйлөнгөн кезде да университетке өтө элек болчумун. Университетке отузумда араң өттүм. Ага чейин, 25 жашымда техникумга өтүп, окудум. Байбичем өмүр бою соодада иштеген. Азыр неберелеримди багып, үйдө болгондуктан, ун сатып алып, нанды колго жасайт. Балдарым иштейт, өзүм иштейм. Кичүү уулум онунчу класста окуйт. Экинчи уулум дагы келип бул жакта иштеп жатат.
- Чабандын уулу болсоңуз, аттын үстүндө оюн салат болушуңуз керек?
- Мурун жакшы чапчумун. Саясатка аралашкандан бери ат да минбей калдым. Жаныбарларга ууга чыкканда атпай эле аларды карап отурганды жакшы көрөм. Айрыкча, кулжалардын эркектери ургаачыларын укмуш кызганышат. Ушундай моменттерин көргүм келе берет.
- Канча байлыгыңыз бар?
- Моралдык жана саясий жактан эң баймын. Кандай гана учур болбосун, ачык бетке айтып келем. Бирок, душманымдын артына бычак сайган жокмун. Мени деле түрмөгө чейин каматышты. 20 жылдын аралыгында мамлекеттен бир камок алган жокмун. Мал баккандан уялбайм. Айылда, бул жакта да малым бар. Бак тиккенбиз, эл катары чарбачылык иштер менен алектенем. Руслан келиним экөө "Дордой" базарынан чоң вагонетканы арендага алып, Кытайдан кайнаталары менен товар ташып эле оокат кылып атышат. Балдарымды кара жумушка бышыргам. Жер иштетип, картошка түптөп, сугарбай калгандарына беш жыл эле болду. Эч кимге көз каранды эмесмин. Өзүң көргөндөй жан сакчылар менен жүрбөйм. Кээ бирлер жайкы эс алуусунда көлгө түшөрдө 50 метрге чейин барып суучулдары текшерип чыгып, жан сакчыларын кайтартып коюп, анан түшүшөт. Ошентип, бай болгондун кереги не?
- Эмне үчүн орусча жакшы сүйлөй албайсыз?
- Чет тилдерди үйрөнөйүн деп деле аракет кылган жокмун. Анын үстүнө жаш өтүп кеткенден кийин кыйын экен. Үйрөнөйүн деп тилек кылып, бирок барбайм. Орусча үйрөнөйүн деп аракет да кылбайм. Өзүм Кыргызстанда кыргыз тилим сүйлөнсө, орус тилдин алдында басынбаса деген саясатты жүргүзүп келем. Мүмкүн, ошондуктан үйрөнбөй атам. Кээде "орусча билбейт" дегендерге, "сен кыргызча билесиңби?" дейм. Бизде орусча билгендерди "грамотный" дешет. А мен кыргыз тилинен "грамотныймын".
- Эмне үчүн уулуңуз экөөңүздөрдүн пикириңиздер бири-бириңиздерге каршы болуп калат?
- Ал деле адам да. Чоңоюп калды, жакында отузга чыгат. Каерде баласы менен атасынын пикири дал келет? Уулум көбүнчө менин айыман жаманатты болуп жүрөт. Менин айыман жумушка алынбайт.
- Бийликти эмнеге тапшырдыңыз, же мунун артында да саясий оюн барбы?
- Менин бийликтен кетүүмдө эч кандай саясий оюн жок. Революциялык саясатчылар койгон максаттарыбызга жеттик да. Мисалы, конституциялык реформа кылабыз дедик, кылдык. Ошого жараша мамлекеттик органдарды түзөлү дегенбиз, түздүк. Бардыгын бүтүрдүк. Эң акыркы саясий кеңешти тандап алууну түздүк. Калганын азыркы легитимдүү бийлик иштесин, мына парламент отурат, өкмөт отурат. Соттордун кеңеши түзүлүп, соттор кайрадан дайындалып жатат. Мен өзүмдүн миссиямды аткардым. Мындан ары саясатка илээшпей эле, өзүмдүн кесибим боюнча иш алып барайын деп атам. Ошондуктан, юридикалык билимим менен эле иштейм. Оппозицияда жүргөндө, Исаков, Бөлөкбаевдерди коргоп, адвокат болуп жүрбөдүмбү. 3 жылдай адвокат болуп, 26 кишини актап чыккам. Бөлөкбаев, Исаков, Кадырбековдорго саясий адвокат болгом.
- Өкмөттөгүлөрдүн былыктарын көп билет экенсиз, ошондуктан, сизди президенттин өкүлү кылышыптыр деген сөздөр жүрөт, буга эмне дейт элеңиз?
- Кыргызстан-кичинекей өлкө. Бири-бирибиздин былыктарыбызды, артыкчылыктарыбызды эң мыкты билебиз. Бирок, ал гезит аркылуу айта турган нерсе эмес. Анткени, Текебаев, Отунбаева, Атамбаев болуп он жылдан ашык убакыт коррупциянын оор жүгүн көтөрдүк. Революция болгондо алар менен чогуу отурганбыз. Эртең башка бийлик келсе, Отунбаевалар менен чогуу отурабыз. Ошон үчүн көп эле бийликке келгенде баш көтөргөндү токтотсоңор деп, дайыма эле айтып жүрөм.
- Азыркы саясатчыларды коррупционерлер жана чыныгы саясатчылар деп экиге бөлүп карап атышат. Сиздин оюңузча, чыныгы саясатчылар барбы?
- Коррупционерлердин баары качып жүрөт. Негизи, эгемендүүлүккө 20 жыл болуп атса дагы, 20 жылдан бери бийлик жок. Убактылуу качып кетет дагы, кайра эле бийликке келип атышат. Байлык ушулардын колунда. Бизде акаевчи, бакиевчи, анан революционерлерден башка саясатчы жок. Жаңы муун пайда боло элек. Жаңы, мыкты саясатчы чыкса колдойм деп жүрөм. Таза иштеп келе жатат деп "Замандаштын" лидерин колдойм деп жүргөм, анын да көзү өтүп кетти. Мыкты жигиттерибиздин көбү көр оокаттын айынан чет өлкөлөргө кетип калды. Билимдүүлөр да чет жакка кетип калды. Бирок, эл үч багыттагы саясатчылардан чарчады. Бүгүнкү парламентте жаштар бар, бирок өтө мыкты эмес. Жалаң коммерсант, бизнесмендер. Бүгүн Кыргызстандык коомчулук абдан бузулган. Коомду да, элди да саясатчылар буздук. Ал эми коомчулукту пресса бузуп атат. Ушактарды гана жазып атышат. Азыр ушак айтсаң ишенет дагы, чынын айтсаң ишенбейт.
- Снайперлерди кармадык дедиңиз эле, кармаган снайперлериңизден дайын жок го?
- Жалаң снайперлерден, согушчандардан турган "Арстан" деген уюм, СНБнын Альфа, коргоо министринин Скорпион деген уюмдардын снайперлери, согушчандары Ак үйдү кайтарган. Снайпер деп биз ошолорду айтып атабыз. А карапайым элдин арасында жалданган снайперлер болгон турбайбы деген ой кетти. Бирок, ошол эле снайперлер, Жаныштын командасы менен элди атып салды. Тергөө иштеринде 15ин гана аныктадык. Жоопко тартылып, азыр көзөмөлдө жүрүшөт
- Революциядан кийин мага сот, прокуратура, финполиция жагын координация кылып бер деп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү кирген. "Мага кызматтын кереги жок, революциянын максаттарына жетиш үчүн ичкен-жегендерди кустуртуп иштетип берейин",- деген сөзүңүз бар. Канча прокурорду же финполициянын ичкен-жегенин кустурдуңуз?
- Бир эле оорчулукту айтайын, жалпысынан алганда 47 обьект улутташтырылган. 3 айдын ичинде мамлекетке алып бердим. Ошол обьекттерди азыркы өкмөт бөлүштүрө албай ит болуп атат. Ошолордун баасы Акылбек Жапаровдун айтуусуна караганда 28 миллиард. Бакиев менен Акаевдин убагында жеп-ичкендерден 28 миллиард сом кустурдум десем болот. Андан башка, бешинчи каналга окшогондор мурун менчик болчу, азыр мамлекеттик болуп калды. Ушул кылган иштерим боюнча душман гана күттүм. Бакиевдер тарттырып жиберген обьектилери боюнча көрүнгөн жерге Бекназаровго иш козгогула деп арыз жазып атышат.
- Темир Сариев экөөңүздөрдүн 1 млн. долларды жымырып алуу операцияңарды элге жарыялап чыгышты эле. Ал кайсы операцияга сарпталды? Ал кайдан келген миллион эле?
- Муну Отунбаева ошол учурда эле айтып чыккан. Бул акчаны декрет менен бөлдүк. Түштүктө капыстан болгон тополоңдорго мугалимдердин, бюджеттин акчасын жумшагандан көрө, Бакиевдин ячейкаларындагы уурдалган акчаларды жумшайлы деп чечим чыгардык, мунун эмнеси жаман? Миллионду алдык да, бөлүп, мамлекетти сактап калдык. Андай тополоңго мамлекеттин бюджетинде акча жок болчу. Парламенттик шайлоо учурунда саясатчылар Бекназаров менен Сариевдин беделине доо кетиришти. Жыйынтыгында Сариев экөөбүз эмес, ошолор бийликте отурбайбы.
- Текебаев,Атамбаев тирешиңер эмнеден улам болду эле?
- Биздин ортобузда тирешүү болгон жок. Болгону, алар шайлоого барып, бийликке кайра келебиз деп шайлоого аттанышты. А менин жолум ошол жерден эки ача болуп калды. Жок, баарыбыз шайлоого барабыз десек, Убактылуу өкмөттөгү иштерди ким аткарат? Роза Исаковнаны, аял кишини жалгыз калтырып кетебизби деп, менин калып калганым ошо болчу. Алар шайлоого кетти, бирөөгө кара пиар кылат, бирөөнү жамандайт. Мүмкүн, ошондой иштерди токтотпойсуңарбы деп, жаманатты болгон болушум керек. Биз согуш абалындагыдай убакта иштедик. Түштүктө кандай согуш болуп атты. Ошондуктан, бирибиз активдүү, бирибиз пассивдүү аракеттерди жасаганбыз. Ошол согуш учурда көп кайым айтышуулар болгон. Бирок, досторчо мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана айтышып кеткенбиз. Жеке эч кандай тирешүү болгон эмес.


Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??