п»ї

  А менин бала бойдон калгым келет

"Чыйп-чыйп жөжөлөрүм"
Апабыздын колун кармап, колубузга гүл алып, мектеп босогосун баарыбыз эле аттаганбыз. Кандайдыр бир жылуу сезим менен мен эми окуучумун деп бала кыял жетегинде мотурайган кичине бала болгонбуз. Ал эми биздин жылдыздар кандай болгону тууралуу билүү жөнүндө жылдыздарыбыздын биринчи мугалимдеринен сурап көрүүнү чечтик.


Исанын биринчи мугалими Трегубова Татьяна Викторовна:
"Иса тартынчаак, уялчаак бала болчу"
- Иса окуган класстагы окуучулар абдан ынтымактуу болчу. Бири-бирине жардам берип, көмөк көрсөткөндү жакшы көрүшчү. Анан абдан жумшак, назик эле. Менимче, ошол сапаттары азыркыга чейин сакталып калды болуш керек. Иса менен жыл сайын кезигип турам, бирок кандайдыр бир мүнөзү өзгөрүп кетти, же жылдыз оорусу менен ооруп калды деп айтыш кыйын. Биринчи концертин бергенде баргам, мага белекке өзүнүн дискин берген. Баягы эле мен көргөн кичинекей, жөнөкөй, жылдыздуу, кайрымдуу жигит болду деп айталам. Жумшак, эч кимден жардамын аябаган, абдан боорукер бала. Класста Исаны кыздар-балдар да сыйлап, жакшы көрүшчү. Анын азыр жетишкен ийгиликтерине Исанын апасы чоң салым кошту деп ойлойм. Себеби, Иса өзү кичине тартынчаак бала болчу, кээде бизде класстык сааттар болгондо, ыр саптарын айттырсаң, көпчүлүктүн алдына чыкканда тартынып, уялып, толкундануу менен айтчу.


Гүлжигит Калыковдун биринчи мугалими Батырканова Гүлсайра:
"Эчки кайтарып келбей калган"
- Гүлжигит өзү мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбиялангандыктанбы, мектептин босогосун аттаганда эле дайыма эле келип жүргөн сыяктанып башка балдардан өзгөчөлөнүп келген. Кээ бир балдар коркуп, энелерин ээрчип, тынчыбызды алат да. Мектепте жакшы окучу, балдардан өзгөчөлөнүп өзү токтоо, аракетчил, эмгекчил бала эле кичинекейинде. Өзүм дагы өзгөчө жакшы көрчүмүн, көздөрүн бөйтөйтүп жакшынакай бала болчу. Мугалим ушул окутуп жаткан балдарым кийин келечекте элдин керегине жараган балдардан болсо экен, кийин кыйналбай ордун тапса экен деп тилейт да. Гүлжигиттин ырга шыгы бар экенин кичинекей кезинде эле байкагам. Үнүн булбулдун үнүнө салыштыргам. Башталгыч класста мектебим, жаз, күз жөнүндө ырдатсаң көп байкалчу эмес. Кийин кичине чоңоё түшкөндө Сыймык Бейшекеевдин "Күзгү нөшөрүн" биринчи ырдап чыкканда, ушунчалык кулагыма жагымдуу угулду. Гүлжигиттин музыкага шыгы бар экенин ата- энесине барып айткам. Бир жолу сабакка келбей калды, негизи, өзү сабакты такыр калтырчу эмес. Анан эмне сабакка келбей калдың десем, бала да: "Эже, мен эчки кайтарып келбей калдым"- деп айтканы такыр эсимден кетпейт. Азыр чоң жигит болуп, элдин алдына чыгып жүргөнү мен үчүн сыймык. Негизи эле биринчи мугалим энесиндей эле болот болуш керек. Биринчи телевизордон, радиолордон укканда кубанып, менин окуучум деп толкунданып, ушунчалык сыймыктануу менен тааныштарыма чейин телефон чалып жибергем.


Нэнанын биринчи мугалими Айдаралиева Айнура:
"Нэна эмес, Мадина деп чыкса, таанымакмын"
- Нэнаны мен экинчи класстан баштап окутуп калдым, ушунчалык тың кыз болчу. Башка кыздардан өзгөчө, ачык айрым, чечкиндүү кыз эле. Тартынчаак эмес дайыма мен деп шар кеткенин али унута элекмин. Чачы узун, татынакай кыз эле, анан, эң негизгиси, жакшы окучу. Ата -энеси да келип, тез-тез кабар алып турчу. Өзү да журналдын башында турчу, анда аты Мадина Абдылдаева болчу, анан азыр Нэна деп чыгып жүрбөйбү. Мектептеги карнавалдарга өзгөчө болуп келер эле, ошондо эле ырга кызыкчу, бирок көп деле ырдай берчү эмес. Биринчи жолу Айчүрөк Иманалиеванын концертинде ырдап чыкса, албы же башкабы, неге аты башка деп таң калдым. Нэна ырдап бүткөндө, менин жанымда отурган кудагыйым "менин окуучум, менин студенткам" деп, ушунчалык сыймыктанып гүл берди. Анан концерт бүткөндө, баягы менин окуучум Мадина экенин билдим. Кийин таанып калгандан кийин кудагыйыма "ал биринчи менин окуучум" деп талашып калдык. Азыр да менин окуучум деп талашып калабыз. Мадина кичинесинде алдыга умтулган кичинекей, татынакай кыз болчу. Ошондо биринчи көрдүм, андан кийин деле көрүп жүрөм. Мугалим болгондон кийин, балдарыңдын аты чыгып турса сыймыктанат экенсиң да. Мен окуттум эле деп башты өйдө көтөрүп, жаныңдагыларга мактанып дегендей. Максатына жете берсин демекчимин.


Омардын биринчи мугалими Дюшенова Майрам:
"качан беш алам?" деп"
- Балдардын баары кичинекей кезинде,айрыкча, башталгыч класстарда жөжөлөрдөй болуп баары окшош, татынакай, бала кыял, бала мүнөз болушат эмеспи. Ошолордой эле Өмүрбек да (Омар) мотурайып, жакшынакай кийинип, өзү да кара тору, көздөрү капкара, сүйкүмдүү болуп келген болчу. Биринчи класстан баштап англис тили кирди.Ошондо мен сабак берип калдым. Кийин бешинчи класстан баштап мектепти бүтүргөнчө класс жетекчиси болдум. Мектепке келгенден баштап, бүтүп кеткенче Өмүрбек абдан жароокер, аракетчил, максаттуу бала көрүнчү. Класста эки бала жакшы ырдачу, ошолордун бирөөсү Өмүрбек эле. Бирөөсү Калыс деген бала, ал кичине вокалда окуп билим алып калган экен, ал эми Өмүрбек өз күчү менен, өзүнүн шыгы менен, таланты менен англис тилинен багыт алып, англис тилинде ырдап чыкты. Негизи эле бешинчи класска чейин ары чуркап, бери чуркап, кыңылдап ырдап жүрдү. Кийин 7-8 класстарда окуп калганда, мектепте өткөн ар кандай сынактарда, окуучулар арасында чыгармачылык мелдештерде катышып, дайыма биздин класс биринчи орунду алчу. Мектеп ичиндеги сынактарда Өмүрбек англис тилинде ырдап чыкчу. Ошондо эле класстын ичинде, мугалимдер арасында, мектепте өзүнүн кадыр-баркы бар болчу. Өмүрбек англис тилинде ырдаса да Кыргызстандын желегин көтөрүп, атын чыгарып, кыргыздардын талантын көрсөтүп башка жакка да барып ырдап жатпайбы. Бир эле мен эмес, №5 мектеп сыймыктанат. Азыр мугалимдер жолуккан жерден эле, эми жетекчи энесиндей эле болуп калат эмеспи, анан "сенин Өмүрбегиң чыкпадыбы, сенин Өмүрбегиң ырдап жүрбөйбү" десе, мен үчүн аябай сыймык. Америкага барып келгенден кийин, бир жолу мугалимдер күнүндө жумуш менен алаксып жүргөм.Анан эле эртең менен саат сегиздерде чалып: "Эже, мен сизге ыраазычылык билдирейин деп чалып жатам"-деп айтканда, мен ушунчалык кубандым. Менин окуучуларымдын арасынан эмгегимди баалап, мага ыраазычылыгын билдирген биринчи балдарымдын бири. Өмүрбек тентек эмес, кайра-кайра эле эскертүү ала бере турган балдардан эмес эле. Төрт алып калса "мен эмнеге төрт алып калдым? Качан бешке жетем?" деп эле мугалимдерди айланчыктап, алар менен баарлашканды жакшы көрчү. Азыр болсо Омар десе, "жок, ал мен үчүн Өмүрбек эле бойдон калат" деп айтып калам.











кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??