п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Алга бир карасаң, артка беш кара

Эгемендүү өлкөбүздүн жетишкен-диктери жана өкүнүчтөрү
Эшикте эгемендүү мамлекетибизге эртең 20 жыл. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча көз карандысыз өлкө болгон 19 жыл ичинде көптөгөн саясий окуяларды, коомдогу карама-каршылыктарды, нааразычылыктарды башынан кечирди. Өлкөбүздөгү акыркы мезгилде орун алган курч мүнөздөгү саясий окуялар, кагылышуулар бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүл чордонунан орун алып, өзгөчө "дүң" болду.

Кыйраган Улуу держава, Эгемендүү Кыргызстандын келечеги
25-декабрда гана Михаил Горбачёв СССРдин Президенти кызматынан чегинерин жарыялады, эртеси (1991-жылдын 26-декабрында) СССР Жогорку кеңеши өзүн-өзү таркатты.
"Ашар" козголушу, "Кыргызстан" демократиялык кыймылы сыяктуу антикоммунисттик жана башка демократиялык уюмдар түзүлгөн. Демократиялык жараян тездеген.
Ошол эле учурда бул жараянды токтотууга умтулган күчтөр Ошто (1990-жылы 4-июнда) улуттар аралык араздашууга шыкак болгон.
1990-жылы октябрда Кыргыз парламенти атаандаштык негизинде туңгуч президенти кылып академик Аскар Акаевди шайлаган.
Эң биринчи жетишкендигибиз Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киргендиги болду, албетте, бул жерде Аскар Акаевичтин эмгеги ат көтөргүс болду. Улуу держава аталган Россия мамлекети ушул кезге чейин бул уюмга кире албай жүрөт.
2002-жылы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин негиздеп, репрессияда "эл душманы" катары курман болгон белдүү атуулдарыбыздын сөөгү өз жерине коюлду.

"Легендарлуу" парламенттин иштиктүү аракети
Карт тарыхы бар, кылым карыткан кыргыз элинин 1990-жылы 15-декабрда Кыргыз парламенти жумуриятынын эгемендиги тууралуу декларацияны кабыл алса, 1991- жылы Эгемендүүлүк статусун алып, өз алдынча түтүн көтөргөндөн бери эмнелерге жетишип, эмнелерге жетишпей калды экен?... Көрсө, эркиндик деген эркиндик да, элибиз өз алдынча эл болуп, "легендарлуу" парламенттин иштиктүү аракети менен Кыргызстан мамлекет катары өзүнүн эн белгилери - туусу, герби, гимнине эгедер болду. Ошондой эле улуттук валютасы - сом ишке киришти. Кыргызстанды мамлекет катары коңшулаш өлкөлөрдөн тартып, АКШ, Түркия, Кытай, Европа өлкөлөрү сыяктуу ири мамлекеттер таанып, элчиликтер ачылды. БУУга да мүчө болуп, өзүнүн конституциясын кабыл алды. Эл эркин ойлоп, эркин сүйлөп, эркин жазганга жетишти. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынып, элдин эркиндигине ээ болушту. Кызык, анда эмнеге эл бир эмес, эки жолу төңкөрүш (революциябы) жасап, бийликке нааразылык көрсөтүштү экен?..

Эл байлыгы кумга сиңген суудай
Буга туура, так баа берүүгө саясатчы, тарыхчы болбогондуктан, адистигибиз туура келбес. Антсе да, журналисттик өңүттөн эл баамын айтканга аракет жасайлы. Бийлик системасы кандай ойлонду ким билсин, эл байлыгы болгон мамлекеттик объектилер талоонго түшүп, айыл чарба, мал чарбасы таратылып берүү шылтоосу менен кумга сиңген суудай жок болду деп, арман кылып жүрүшөт эл... Натыйжада, эбегейсиз байлар менен жардылар пайда болду. Өндүрүш токтогондон жумушсуздук күчөп, эл жан багуунун аракетинде болду. Эпчилдер соодага киришип, айылдагы келин-кесек, анча-мынча эр жигиттер аралаша буюм-тайымын артынып, Орусия, Корея, Италия… айтор, "жашоо фронтуна" аттанышты. Айылда кары-картаң, бала-чака калды…

Инвесторлордон "шапка" сурап…
Ал эми калган-каткандары жер-жерлерде жумуш шаймандарын көтөрүп алып, жергиликтүү бай-манаптардан, фермерлерден убактылуу жумушка кимиси алар экен топ-тобу менен олтурушат. Албетте, айыл чарбабыз таптакыр артка кетти. Президенттердин туура эмес саясатынан улам экөө тең өлкөбүздөн чыгып кетүүгө туура келди. Экономикалык жаатта Кыргызстан көп өлкөлөргө транзит болууга эң ыңгайлуу шартта жайгашкан, бул жаатта Түркия мамлекети абада, сууда, кургакта да Азия, Европа, Кытай өлкөлөрүнүн ортосунда транзиттик борбор болуп экономикалык эң бийик туу чокуга жетише алды. Бизде мамлекеттик чиновник сөрөйлөрүбүз коррупциянын туу чокусуна жеткендиктен, келген инвесторлордон "шапка" сурап, туруктуу инвестор келмейин бир орунда отура албаган жетекчилер улам-улам орун алмаштырып, кыскасы, бул жаатты эң чоң трагедия деп атасак болот

"Царское село" пайда болду.
Байкуш интеллигенция "армиясы" калыбынан жазбай, барына ыраазы болуп, өз иштерин улантууда… Анткени менен Бишкек баш болгон борбор шаарларда тири шумдук "царское село" пайда болуп, түрдүү элиталар үчүн деген көп кабаттуу үйлөр курулууда. Ал "элитный" үйлөргө өз эсебинен байыгандар, өзгө эсебинен байыгандар, мамлекет эсебинен байыгандар, кыскасы, "элиталар" эле кирбесе, карапайым калктын түшүнө да кире койбос…Алар "басып алып" эптеп отурукташкан жaңы конуштарда эле жашаганы оң го. Калганын да келечек көрсөтөр…
P.S. Илгери үмүт дегендей, бүгүнкү демократиялык башкаруу системасына, келечекте боло турган президентке ишеним артып туралычы. Улуу жараткан өзү колдоп, 20 жылдыкта болбосо да, 25 жылдыкта дүйнөгө атагы чыккан, ар бир жараны жетишерлик жашаган эң алдыңкы мамлекеттен болуп калгыбыз бардыр!...




  Икая

Кыйынчылыкты жеңе билиш керек
Бир күнү айылда жашаган дыйкандын эшеги убактысы өтүп колдонулбаган бош кудукка түшүп кетиптир. Кантсе да жаныбар да, жардам сураган сыяктуу үнүнүн болушунча аңгырап кыйкырыптыр. Эшеги түшүп кеткенин көргөн дыйкан аянычтуу карап, дыйкандарды чогултуп кеп-кеңеш сурайт. Бирөөсү: "Куткарсак да жарадар болгондуктан, мындан ары сага жакшылыктуу кызмат кыла албайт. Андан көрө ушул жерге көмүп салалы",-деген кеңешине дыйкан айла жокко арга барбы деп араң макул болот. Айыл дыйкандары колуна кетмен-күрөк алып, эски кудукту толтура башташты. Ар бир атылган топуракты силкинип, кагынып жатып, астына алып көтөрүлө бериптир. Байкуш эшек бир топ убакыт ушинтип чыдап отуруп, акыры кутулуптур…Жашоо, бир бурчка камалып, айласын таппай калган учурда биздин да үстүбүзгө топурак таштап жок кылганга аракеттенет. Бирок биз анын бул кылганына оңой менен баш ийбей, өзүбүздү бир сыйра кагып, ойлонуп иш кылсак, сөзсүз түрдө мурдагы абалыбыздын үстүнө чыгабыз. Кыйынчылыктар - адам баласын жок кылса кылат, эгер жок кылалбаса, анда сөсүз түрдө кубаттуу кылат.

Динара Асылбекова




  Жаңы клип

Кыргыз желегин желбиреткен Non-Stop
Кээде бири-бирине ашык болуп, кээде бири-бирин дос катары көрүп, кээде бири-бирин бир тууган жакын адамындай кабыл алышкан "Non Stop" дуетинин "Кыргызстан" деген аталыштагы жаңы клибинин бет ачар аземи 29-август күнү "Бета Сторесстин" үчүнчү кабатында болуп өттү. Азамат Эркинбаев кыргыз тилинде божурап, клиптин ачылышын эң жакшы деңгээлде алып барды. Ырчы, чоорчу аталган сахна адамдарынан да Арсен, Ильяз Андаш, Айнура Салахидинова, "Жаш кыял" бий тобунун жетекчиси Анара Чилетирова өзүнүн окуучусу Арстан Абдылдаев менен Мирлан Муратов, Сагыныч деген ырчысын ээрчитип келди.


Клип жөнүндө:
Максат: Клип, негизинен, үч күн тартылды. Клипти Эрнис Сыдыков, Канат Асанакунов деген жигиттер тартышты. Ошондой эле бул клип бийчи топтордун коштоосунда абдан жогорку деңгээлде болду. Аларга рахмат, бизди колдоп, өчпөс оттун жанында клибибизди кооз кылып көркөмдөп беришкенине. Клиптин өзгөчөлүгү-Кыргызстанда биринчи жолу көп каражат кеткен клип болду десем болот. Идеясы Алексей Сидоровго таандык клипти көргөн адамдын кадимкидей жүзүңдө жылмаюу пайда болот. "Кыргызстаным" деп атаганыбыздын себеби, Кыргызстаныбыздын эгемендүүлүгүнө карата атайын даярдандык. 31-август күнү да ушул ырыбыз менен Ала-Тоо аянтында кыргыз элимди майрамы менен куттуктап ырдайбыз. Ырдын сөзү Эрнис Жоошевдин калемине, ал эми обону Жыргалбек Акматбаевге таандык.
Чолпон: Клип учурунда эсте кала турган кызыктуу окуялар көп болду. Экинчи күнү тартылып жатканыбызда күн шатыратып жаап жиберди. Элестетиңиз, ошончо адамдын бардыгы бактардын арасына жашынып калдык.Жаан алдында суу болуп калганыбыз эсибизден кетпейт.

Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??