п»ї

Бегимай Бекбоева паспорту жок жүрөт
Сахнада бир көрүнүп, бир көрүнбөй бекинчек ойногон ырчы Бегимай Бекбоеваны Ысык-Көлдүн балдары тоноп кетишти. "Сумкамда өзүмө керектүү каражаттарым бар болчу. Паспортум да жоголду",-деген ырчы эми имиджин өзгөртүп жатат. Башкача айтканда, мурда кара чач менен чыкса, жакынкы арада ачык күрөң өңдөгү чач жасалгасы жана заманбап кийинип чыгарын кошумчалап айтып өттү.

Кадыр түндө туулган күн тоскон Сайра Момунова
"Тогуз кайрык" долбоорунда өзүмдүн колумдан тигилген кийимдердин коллекциясын көргөзүп келдим",-деген Сайра эженин 27-август туулган күнү болчу. Ага удаа кадыр түн менен өзүнүн жеке майрамын белгиледи. Мусулмандардын ыйык майрамына туш келген Сайра эженин туулган күнү жогорку деңгээлде өттү. Таң атканча өзүнүн жакын санаалаштарынын жакшы каалоо-тилегине байып, кучагы гүлгө толуп, үйүнүн ичи белеккежайнап калды.

Нурбек кимди "Ай, жаным" деп эркелетет?
Сахнага кадам таштаганда эле "Карабачы" деп ырдаган Нурбек Дайырбек уулун тааныбаган адам жок болсо керек. Мына ошол ырдын аткаруучусу: "Обону Жаныш Момуновго таандык, ал эми сөзү өзүмдүкү болгон "Ай, жаным" деген жаңы, жагымдуу чыгарма жазып бүттүм. Андан тышкары, "Апакем" деген ырыма клип тарттырдым. Жалаң гана чыгармачылык менен жүрүп, эс алуума да убакыт таптым",-дейт ырчы Нурбек. Көрсө, Суусамыр жайлоосуна барып кымыз ичип, энергия топтоп, көк мелжиген кереметтүү Ысык-Көлдүн суусуна түшүүгө да жетишкен экен.

Макс Бегалиев: Балдызым Бураш экөөбүз…
"Бураш балдызым экөөбүз биргеликте ырдаган "Кыргызстан" деген ырыма клип тарттырып бүттүк. Азыр телеканалдардан кетип жатат. 29-31-август аралыгында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата бардык концерттерге чакырышты. Бардыгына жетишемби же жетишпей каламбы, билбейм. Бирок, убактымды үнөмдөп, чакырган жерлерге барып ырдап келем",-деди Макс Бегалиев бизге кабарлап.

Айлык көбөйүп, Нурзат эми мугалим болот
Убагында "Хит парад" телеберүүсүнүн жүзү болгон, тилинен бал тамган алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүнүн тажрыйбасын башкаларга үйрөтүү максатында атайын алып баруучулардын мектебин ачмакчы. "Ал жерден кантип басканды, кантип сүйлөгөндү, кыскасы, бардык алып баруучуга тийиштүү нерселерди үйрөнүп чыгышат. Азыр ошол долбоорду ачуу үчүн бардык шарттарды камсыздап, сентябрь башталары менен мен дагы окуучуларыма сабак бере баштайм",-дейт.

Ильяз Андаш эс алып келди
Тынбай изденүүнүн үстүндө жүргөн Ильяз Андаш 15-июль күнү Ысык-Көлгө сапар алган эле. "Мен Каракол шаарындагы үйүмдө гана эч жакка чыкпай, абдан жакшы эс алдым десем болот. Анткени, июлдун ортосунда эле кеткен болчумун, 27-август күнү борборго келдим",-дейт Ильяз. Байкашымча, ырчы "Сен жок" деген ырынан кийин өзү жалгыз үйүндө "тамдын шыбы термеле карап мени, апакемдин төшөгү жаап боор этимди"-деп, жалгыздыктан чарчап дем алыптыр.

Жылдыз Абдыкерим кызы




  Кыз узатуу тою

Көшөгөңөр көгөрсүн!
29-август күнү борбор калаабыздагы белгилүү "Дасмия" ресторанында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, бир гана кыргыз элине эмес, дүйнө жүзүнө таанымал көптөгөн аспаптарда кол ойноткон Курмангазы Азыкбаев кызы Нурайым Азыкбаеваны турмуш жолуна узатып, Токмок шаарынан Мукай аттуу күйөө балалуу болду. Кудалары менен кошо жакын адамдарын чакырып бата алып, кыз узатуу салтын жасап, кубанычы койнуна батпай жаткан чагы. Кечки саат 6да башталган тойго биз дагы күбө болуп, кубанычын тең бөлүшүп, Нурайым менен жолдошу Мукайды кепке тарттык. Анда эмесе, тойго сиздер дагы күбө болуңуздар.

Курмангазы Азыкбаев: "Кызымды бергениме кичине ичим ачышат жатат"
- Бүгүн улуу кызыңыз Нурайымды турмуш жолуна аттантып жаткан экенсиз. Кандай абалда болуп жатасыз?
- Кыз узатуу кылбасак болбойт. Мындай өтө чоң даражага жетип, биздин жолду улап кеткени үчүн кызыма чоң рахмат. Чынында, кызым эркектин дагы, кыздын дагы милдетин аткарды да. Себеп дегенде кызым бир гана кыздардыкындай мүнөз эмес, эркек мүнөз болуп өсүп калган. Кыргыздын желегин желбиретип, даңкын чыгарганга күчү жетет. Бирок бир жагынан ичим уйгу-туйгу болуп жатат. Кызымды бергениме кичине ичим ачышат жатат. Бир жагынан кызым эки жакты тең алып кетерине ишенем. Мисалы, кээ бир адамдар турмушка чыккандан кийин эле бала чакалуу болоюн деп таштап коёт. Бул төрөгөнгө дагы жетишет, анан чыгармачылыкка дагы көңүл буруп, кыргыздын желегин бийик көтөргөнгө кудурети жетет деп ойлойм.
Нурайым Азыкбаева: "Мукай экөөбүз эки жылдай сүйлөштүк"
- Учурда кандай абалда болуп жатасыз? Негизи эле ар бир аялзатынын эң бир унутулгус күндөрүнүн бири күйөөгө тийүү эмеспи.
- Өзүңүз көрүп жаткандай эле толкунданып, бардыгына жетишкенге аракет кылып жатам. Биз тараптан той берилип жаткандан кийин жөн эле жыргап, өзүмдүн келбетимди карап жүрө бербестен, толугу менен уюштуруп дагы жүрөм. Азыр оюмда өзүм жөнүндө унутуп, той жакшы өтсө экен деп тилеп жатам.
- Жолдошуңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Келечектеги жолдошум, биринчиден. абдан жакшы адам. Аты Мукай, 26 жашта. Мына ушинтип экөөбүздүн жылдызыбыз келишип, кудайдын буйругу экен, баш кошуп жатабыз. Эки жылдай сүйлөштүк. Башында 3 айдай жөн гана жакшы тааныштардан болуп жүргөнбүз.
Жолдошу Мукай: "Нурайым досумдун бир тууган бөлөсү болот"
- Сизде кандай сезимдер болуп жатат?
- Албетте, толкундануу болуп жатат. Сөз менен айтып жеткизе албайм. Буйруса, азыр баары ойдогудай.
- Кайсыл сапаттары сизге көбүрөөк жагат?
- Эң жакшы сапаты- алдына койгон максатына жетиш үчүн аябай чоң аракеттерди кылат. Жароокер адам. Дагы бир жакшы касиети бар. Ал жакыр адамдарга жардам бергенди жакшы көрөт. Боорукер да.
- Кантип таанышып калдыңыздар?
- Нурайым менин эң жакын досумдун бир тууган бөлөсү болот. Ошол досумдун үйлөнүү тоюнда таанышканбыз.


Келсин Мурадил кызы
Ташболот Досалиев







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??