Кайрадан жылдыз "жарк" этсе

Мальвина:
"Гүлшайыр эжеге айтпай эле кетип калууга аргасыз болгом"
- Шоу-бизнесте популярдуу болуп, кайра бат эле жоголуп кеттиң, учурда кайда, эмне менен алек болуп жүрөсүң?
- Популярдуулукка жеттим деп деле ойлобочумун. Азыр шоу-бизнестен кичине алыстап, окуу жагына көп көңүл буруп жатам. Жогорку окуу жайдын юридикалык бөлүмүн быйыл бүтүрөм, андан сырткары, тил үйрөнүү боюнча ар кандай курстарга барып жатам.
- Сени көпчүлүк "Айжамал Кабылова "Кыз-Бурактан" кетсе,ордун басчу кыз" деп жүрүшчү эле,топтон күтүүсүздөн кетишиңе эмне түрткү болду?
- Туура айтасыз. Мен жаңы "Кыз-Бурак" тобуна барганда Кенже эже дагы: "Сен абдан таланттуу кызсың, сени абдан көтөрмөлөйм",- дечү. Анан өзүмдүн пландарыма байланыштуу топтон кетишке туура келип калды, ал жактан өз каалоом менен кеттим.
- Сени "Кыз-Бурактын" катуу талабына, тарбиясына чыдабай кеткен",- деген сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Мен кеткенде, "кийимдерди уурдап кетти ж.б." деген ар кандай ушактар болуптур. Бирок мен аны уккан деле эмесмин, себеби, мен топтон кетерим менен чет өлкөгө кеткен болчумун. Кийин келгенде угуп, стресс болуп, маани деле берген жокмун, анткени, мен андай ушактарды уга берип көнүп бүткөм. Негизи, "Кыз-Буракта" тартип өтө деле катуу эмес. Мага ата-энем татыктуу тарбия берген, ошондуктан, ал нерсени кадимки көрүнүш катары кабыл алам.
- Топтон кетип жатканыңда Гүлшайыр Садыбакасова макул болду беле, ортоңордо келишим бар беле?
- Ортодо келишим болгон эмес, мен "Кыз-Буракка" кастинг аркылуу келген эмесмин, өзүлөрү чакырышкан. Мен "кетем" деп Гүлшайыр эжеге айтсам, ал жооп бербей койгон. Ошондуктан, айтпай эле кетип калууга аргасыз болгом. Ошондон бери Гүлшайыр эжеге жолуга элекмин, ал эми Кенже эжелерге жолугуп жүрөм.
- Жеке ырчы болуп сахнага кайтып келүү оюңда барбы, мүмкүн, "Кыз-Буракка" келерсиң?
- "Кыз-Буракка" кайра барбайм.Ал эми шоу-бизнеске бир аралашып калгандан кийин, талантың болгондон кийин, ырдагың келе берет экен. Бирок бир чети ырдап популярдуулукка жетишсем дейм, бир чети такыр эле шоу-бизнеске аралашкым келбейт. Азыр эки ыр жаздырып койгом, эми ошолорду ырдап чыксамбы деген оюм бар.
- "Кыз-Бурактын" кыздары менен учурда байланышың кандай?
- Албетте, жакшы байланышым бар, өзгөчө топтон кеткен кыздар менен. Ал эми азыркы курамындагы кыздар менен байланышым жок.
- Негизи эле шоу-бизнестин кандай жагымдуу жана жагымсыз жактарын көрө алдың?
- Жагымдуу жактары абдан эле көп болот, мисалы, көп жерди кыдырасың, эл көрөсүң, жер көрөсүң. Күйөрмандарың көбөйүп, колдоп турса абдан жакшы. Ал эми мен ырдап жүргөндө жаман деле учурлар болгон жок. Негизи, азыр шоу-бизнесте ырчылар көбөйүп кетти да, кыргызда саны бар, сапаты жок деп коёт го? Анткени, таланты бары деле, жогу деле ырдай беришет, эң башкысы, акча чечип калыптыр. Чыныгы таланттарга карашпайт. Ушул жерден бир мисал келтирип кетсем болобу? Жакында коомдук каналда Юрий Бобков менен Тынчтыкбек Кожобеков "Таланттар таймашы" деген конкурс уюштурушуптур. Конкурста ал экөөнүн тобу болуп, орустардын "Жылдыздар фабрикасы" долбоору сыяктуу болмок экен. Менин угушум боюнча, алар биз ушундай долбоор уюштуруп жатабыз, демөөрчү болуп бергиле деп акча алышыптыр. Көп эле кыздар-балдар барып катыштык, таланттуулар абдан көп экен. Ошонун арасынан биз үчүнчү турга чейин тандалып келип өтпөй калдык. Финалга таланты жоктор эле өтүп кетишти. Биз кийин аларга жолугуп сурасак, уюштуруучулар бизди алдап кетишти деп жатышпайбы. Көрсө, ал жөн гана акча табуунун жолу экен да. Уюштуруучулар демөөрчүлөргө: "Жаш таланттарды колдогону конкурс уюштуруп жатабыз",- деп туруп акча алып алышыптыр. Жеңүүчү болгон балдар айтып жатышат: "Бизди эртең чакырабыз, ана-мына"- деп, алдап кетишти деп. Ошондуктан, мен чоң агайларга деле ишенбейм, чындыгында.
- Сендей сулуу кызга ашык болгондор көп болсо керек, жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Окуп жүргөндө каршылаш класста окуган бар баланы жактыргам, ал деле балалык сүйүү болуп өтүп кетти. Мына азыр 23 жашка чыгып жатам, бирөөнү сүйүп көрө элекмин.
- Эңсеп жетпей жүргөн кандай кыялдарың бар?
- Учурда бир өлкөгө барып окуп, аны менен бирге иштеп келейин деп келишим түзүп жатам. Мен ал жакка эңсеп жүргөн кыялдарым үчүн кетип жатам. Анан дагы бир кыялым ата-энемди ажыга жибериш жана каражатым жетиштүү болсо кичи мекеним Токтогулга чакан болсо да кооз мечит курдургум келет.




Кыска
суроолор:
- Бул дүйнөдө эмнеден коркосуң?
Чоң күнөө кылгандан, уурулук, ушак айтуудан, Алланын каарына калгандан корком.
- Эмнеге кубанасың?
Эң башкысы, он эки мүчөм түгөл болуп, сүйлөп, кыймылдап, ар нерсени көз менен көрүп жүргөнүмө, ата-энемин барына, жаратканга миң мертебе шүгүр кылам.
- Кандай стилде кийинесиң?
Мода куубайм, стилине деле карабайм. Башкысы, кийимим таза, анан жарашыктуу болсо болгону.
- Кандай кинолор жагат?
Өзүм абдан шайыр кызмын да, ошондуктан, комедиялык жанрдагы кинолор жагат.
- Кайсы өлкөлөргө саякаттагың келет?
- Кичинемден эле Парижге барсам деп тилек кылчумун, аны абдан жактырам.
- Кайсы ырчы жагат?
Айжамал Кабылова эженин талантын чындап баалайм, Гүлнур Сатылганованын да үнү жагат.
- Ал эми жакпаганы?
Үнү жок болсо деле ырчы болуп жүргөндөр жакпайт.
- Кайсыл ырды сүйүп угасың?
Көбүнчө чет өлкөлүк ырчылардын ырын угам, алар Уитни Хьюстон, Селин Дион, Тони Брекстон, Кристина Агилера. Кыргыз ырчыларынан "Кыз-Бурак", "АГК" топторунун ырларын угам.