п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

М.Абакиров:
"Көлбаев биринчи Обама, Назарбаев менен чечишсин. Анан экөөбүз сүйлөшөбүз"
М.Абакиров: Коомчулукка "Водолаз" аттуу каймана аты менен белгилүү болгон Максат Абакиров 28 жашында Жогорку Кеңешке депутат болуп аттанып, депутаттык мандатын аларда Бакиевдер тарабынан бут тосулуп эл үчүн алдыга койгон максаттары ишке ашпай калган. Мына ошол Максат Абакиров 7-апрель окуясында кылмыштуу бийликти сүрүп чыгарууга активдүү салым кошуп, кыргыз элине бейпил жашоо орнотууга салым кошкон эр азаматтардан экени белгилүү. Тилекке каршы, 7-апрелден кийин кандайдыр бир күчтөрдүн кызыкчылыгынын негизинде Улуттук коопсуздук комитети тарабынан камакка алынып, күнөөсү далилденбегендиктен боштондукка чыгарылган. Бирок, ИИМ тарабынан атайынбы же башка да себептер барбы, айтор, кайрадан камакка алынган. Мындан улам коомчулукта Абакиров тууралуу ар кандай ушак-айыңдар жүрүп, айрым массалык-маалымат каражаттары бир тараптуу каралоого өтүшкөн. "Сабырдын түбү сары алтын" деген кыргыздын макалын эске алган Абакировдун жакындары коомчулукка ызы-чуу салып, башаламандык жаратпастан бардыгы мыйзамдын негизинде чечилишин күтүшкөн. Тергөө иштери аяктап, "Чубактын кунундай чубалган" соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда каралып, райондук сот Максат Абакировду эки жыл төрт айга эркинен ажыраткан. Андан соң, Бишкек шаардык сотунда каралып, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УККнын СИЗОсунда жаткан ар бир күнү үч күндөн эсептелип, жаза мөөнөтү аяктагандыктан сот залынан бошотулган. Максат Абакиров боштондукка чыгар замат "Абакировду Атамбаев чыгарыптыр, Абакиров "вор" болот экен" деген имиштер гезит беттерине жайнап чыга баштаган. Мындан улам өз жолун саясаттан тандаган, ар дайым кыргыз деп күйгөн патриот жигиттин ой-максатын билүүнү жана ар кандай имиштердин чын-бышыгын тактоону туура көрдүк.
- Сиз боштондукка чыккандан тарта борбор калаабызда, көптөгөн маалымат булактарында Сиз тууралуу ушак-айыңдар чыгып, "Алмазбек Атамбаев Абакировду шайлоонун алдында атайын боштондукка чыгарды. Абакиров көлдө беш жүзгө жакын балдарды чогултуп, Атамбаевге карата үгүт иштерин жүргүзүп жатыптыр" деген сөздөр тарап, Бишкек уу-дуу болууда. Мунун чындыгы барбы?
- Биринчиден, Алмазбек Атамбаев мени колдосо, мен он бир түрмөдө отурбайт болчумун. Экинчиден, мен мыйзамдын негизинде соттун чечими менен чыктым. Бирок, сот иши дагы аяктай элек. Жогорку Сот деген бар. Ал эми Атамбаев боюнча айтсам, ал президенттикке кандидат болбодубу. Ошол себептүү мага байланыштырган кара пиарлар жүрүп жатат.
- Сизге карата чыгарылган соттун чечими туура жана калыс болдубу? Негиздүү соттодубу?
- Жок. Негизсиз соттолдум.
- Муну кантип далилдей аласыз?
- Далилдер көп. Мага абдан чоң кылмыш беренелерин коюшкан. Муну Бакиевдин убагында Жаныш Бакиев жасаган. Алар ойлошкон мени криминал атка кондуруп, буйрутма өлүмдөрдүн баарын мага оодарып коёбуз деп. ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгы мага 2009-жылы издөө жарыялаптыр. Эч кимге эч жакка билдирбестен тымызын издөө жарыялап коюшкан. Анткени, мени тымызын кармап өлтүрүп, өздөрү жасаган кылмыштарды мага оодарып коюуну пландашкан.
- Эмне себептен сизге Бакиевдер каршы чыккан?
- Эң биринчи себеби Каркыра жайлоосу боюнча маселе болчу. Мына ошол маселесин басып бер деп мага келишкен. Губернатор да, акимдер да Каркыра маселесин тынчытып бер деп үйүмдөн чыккан эмес. Ата-энеме чейин барышкан. Ошондо "Көкөтөйдүн ашы, чоң чырдын башы башталган". Бул маселе жөн бүтпөйт деп эл тарапта болгом. Мен мурда депутаттыкка кандидат болуп чыкканда "бисмилла рахман ирохим, ишимдин жакшы башталышы үчүн, элим үчүн, жерим үчүн" деген ураан менен чыккам. Эгер мен Каркыраны казактарга берерде Бакиевдердин камчысын чапсам, айтылган ураандарымды таш каппайт беле. Биз жигитпиз да. Оозубуздан чыккан, айтылган сөзүбүзгө бекем турушубуз керек. Мына ошол Каркырадан тарта мага куугунтуктоо башталган.
- Бакиевдер бийликте турганда, Абакиров ошол кездеги оппозиция менен тыгыз байланышта болгон дешет. Буга ишенсек болобу?
- Тыгыз байланышта болгондой мен Атамбаев менен кол алышып көргөн эмесмин. Отунбаева менен кол алышып көргөн эмесмин. Темир Сариевди спорт мектебинде окугандыгынан улам билем. Ал окуган мектепте мен да окугам. Ал жеген кашаны мен да жегем. Ал эми Азимбек Анаркулович менен Байтемир Ибраев 2007-жылы мен депутаттыкка өткөндө мага келишип, Бекназаров кол берип: "Иним, акыйкаттык бар экенин, үзүлбөгөн үмүт бар экенин билгиздиң. Улуу башымды кичүү кылып, Сенин колуңду кармап коёюн деп келдим. Мойнумда алты кан турат. Өлүп калбасам эле Бакиевдерди кетирем",- деп айткан. Мен муну айтып коюшум керек. Антпесе Алмазбек Шаршенович айткандай, "сөздү убагында айтпаса сөз атасы өлөт". Ал эми Көлдө элге айрымдар жоолук салып жатканда Көлдүн атынан жалгыз Эмил Саламатович чыгып берген. Биз муну кантип жокко чыгарабыз.
- Максат мырза, Сиз маркум Медет Садыркулов менен да байланышыңыз болуптур? Ушул чынбы?
- Ооба, чын. Медет Чокановичке мени Турсунбек Акун киргизген. Садыркулов менен таанышып, сүйлөшүп отурганда "канча жаштасың?"-деп менден сурады. "Жыйырма сегиз жаштамын" десем, ордунан тура калып, "эй, сен жапжаш туруп Кыргызстанга ушунча хаос кылдыңбы?" деп, анан "Я тебя сделаю вором в законе или Президентом Кыргызской Республики",-деди. Ошентип мени Медет Чоканович Москвага окууга жөнөттү. Менин аттестатым Улуттук университеттин архивинде болчу. Тилекке каршы, Бакиевдер тарабынан ар кандай оюндар уюштурулуп, СНБ, ИИМ артыман түшүп аттестатымды бердиртпей коюшту. Садыркулов Бакиевдердин канкордук ойлорун таш каптырайын деп 2009-жылы эле революция кылам деген ою бар болчу. Тилекке каршы, ал адам буйрутма адам өлтүрүүнүн курмандыгы болуп, максаты ишке ашпай калды.
- Мындан аркы максатыңыз эмне?
- Түндүк-түштүк маселеси. Башкача айтканда жалпы кыргыздын башын бириктирүү, элимди биримдикке чакыруу. Менин башыма оор күндөр түшүп турганда түштүктүк жигиттер да саткан жок, түндүктүк жигиттер да саткан жок.
- Ошол жигиттерди айта кетсеңиз?
- Мына раматылык Санжар Кадыралиев. Бул жигит өзү Оштун кулуну. Менин досум болчу. Менин башыма мүшкүл түшүп турганда, Санжар мага кол сунуп турган. Ал кыргыз болгон үчүн, күйгөн үчүн мага кол сунган. Мына ошол эле түштүктө Тазабек деген досум бар. Ал да менден колун үзгөн эмес. Түндүк-түштүк деген бөлүнүү менде жок. Бул нерсеге мен катуу турам! Аттуу-баштуу адамдардан Азиз Турсунбаев азыр Жалал-Абадда губернатор болуп турат. Аны менен да мамилем жакшы. Мына Баткен областынын губернатору Арзыбек Бурханов деген бар. Бул адам да мага убагында моралдык колдоо көрсөткөн. Мен булардын жакшылыгын эмнеге жокко чыгарам?! Туурабы? Алла таалам үстүбүздө карап турат. Эки жүздүүлүктөн алыс болушубуз керек. Кимде ким түндүк-түштүккө бөлүнүү маселесин көтөрсө, алар менен алымдын жетишинче күрөшүүгө даярмын! Түндүк-түштүк деген болбошу керек. Биз кыргызбыз. Биз аз эле элбиз.
- Сиз боштондукка чыккыча көптөгөн эл Максат Абакиров кандай кадамдарды шилтейт деп күтүп турушту. Азыр да күтүп турушат. Айрымдары түз эле Камчы Көлбаевдин ордун басат деп да чыгышты. Деги эле Сизди кайсыл жолдон күтсөк болот? Саясаттанбы же айрымдар айтып жаткан криминалдык чөйрөдөнбү? Же таптакыр башка, эл үчүн таза кызмат кылган жолдон күтөбүзбү?
- Эмне криминал деп эле бардыгын оодарып, жаманатты кыла берсе криминал боло бербейбиз да. Карап турсаң баары эле криминал болуп чыкпадыбы. Эгер кара пиар менен шыбай беришсе, баарыбыз эле криминал боло беребиз. Биринчиден, ким криминал же криминал эмес экенин мыйзам гана чечет! Экинчиден, менде түндүктө да, түштүктө да өзүмдү колдой турчу электораттарым бар. Мен алар менен тыгыз иштешем. Жогоруда айтып өткөндөй, түндүк-түштүк маселесине бөгөт коёбуз. Эгер алдыдагы шайлоо бүтүп, президент шайланып, анан түндүк-түштүк маселеси көтөрүлсө, мен эч нерсеге карабайм. Өзүмдүн башымды сайып берем!
- Ушул маселеге сиз бекем турасызбы?
- Абдан бекем турам! Эч жакка карабайм! Кимде-ким ушул маселени көтөрсө, аны кыргыз элинин душманы деп эсептейм!
- Учурда сизге кандидаттар чабармандарын жиберип, салам айттырып жатыптыр. Ал гана эмес биздин угушубузча сизге Адахан Мадумаров кишилерин жиберип "Мен Ысык-Көлгө барганда элди таш менен ургузбачы?"-деп айттырыптыр. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- (Күлүп). Адахан Кимсанбаевич өзү адамдын түпкүлүгүн билип туруп анан баа берсе болмок да. Адамга туура эмес маалымат берилсе, ушакчылар ушак чыгарып жаза беришсе, аны уккандар, окугандар ойлонот экен да "аа бул Абакиров ушундай экен",-деп. "Абакировду Атамбаев чыгарыптыр. Абакиров балдарды топтоп жатыптыр" деген ушак сөздөргө эл ишенет экен да. Мен айтар элем Алмазбек Атамбаев Бакиев эмес да. Адахан Кимсанбаевич Бакиев эмес да. Бул адамдар ыплас иштерге барбайт да. Ал гана эмес Ташиев, Отунбаева да ыплас иштерге барбайт да. Мен өзүм да ыплас ишке барбайм! Мадумаров келсе таш менен чапкыла деген ойдон алысмын. Азыр эл бардыгын билет. Кичинекей баладан баштап карысына чейин саясатташкан. Адахан Кимсанбаевич Ысык-Көлгө келсин. Элдин алдына чыгып сүйлөсүн. Эл өзү эле керектүү суроолорун берет. Убагында эл бардыгын көрүп турган. Менсиз эле кимдин ким экенин эң сонун билишет. Жаманбы-жакшыбы Ысык-Көлдө Адахан Кимсанбаевичти колдогон электораттары бар. Жыйырма сегиз жашынан депутаттыкка өткөн киши. Мындай жашта депутат болгон үч эле адам болгон. Баяман Эркинбаев, Адахан Кимсанбаевич анан биз болгонбуз. Бул адамдын эл айтып жаткан жакшы жактары да бар, жаман жактары да бар. Ал эми менин өзүмдүн саясий көз карашым бар. Адахан Кимсанбаевич Бакиевдин убагында оппозициялык маанайдагы бир гезитке маек берип, жаным казык болсун жериме, каным азык болсун элиме"-деп, Бакиевдерге каршы экенин билдирип чыккан. Ошондо аттуу-баштуу кишилер: "Койчу, Мадумаров ошентип маек бердиби?"-дешип таң калышкан. Мен анан кантип Мадумаровдун маегин окуп алып жокко чыгарам? Албетте, Кимсанбаевич менен жекеме-жеке сүйлөшчү сөздөрүм бар. Азыр өзүнүн ишин кылып жүрө берсин. Булар Кыргызстандын бир жагын чоё турчу адамдар…
- Сизди Камчыбек Ташиевге каршы чыгат дешүүдө. Деги эле Ташиев менен мамилеңиз кандай?
- Камчыбек Ташиев жеке өзүн "патриотмун" деп эсептеп алдыга жылып жатат. Бирок, айлана-чөйрөсүндө мурда Бакиевден калган калдыктар бар. Өзүнүн көргөзгөн жактары бар. Данияр Үсөнов премьер-министр болуп иштеп турганда өз позициясын билдирип чыгып кеткенин мен эле эмес жалпы кыргызстандыктар көргөн. Бул адамды жанындагылар жерге тийгизбей өтө эле алып учуп жатат. Жерге да түшүш керек. Анан жанагындай Бакиевди алып келем деген ойлорун ташташы керек. Эгер чындап эле ошондой ою болсо бул туура эмес! Бакиевди кандай алып келебиз - бул Алланын буйругу. Бирок, Бакиевге кечирим жок! Канчалаган адамды өлтүрткөн Бакиевди алып келип, жыргатып коём деп жатабы? Жок! Эгер Камчыбек Ташиевдин ошондой ою болсо, бул оюн таш кабат! Муну айтып коюшубуз керек. Бирок Камчыбек Ташиевдин өзү саясий лидер катары мыкты киши. Муну жокко чыгарбашыбыз керек. Ал да кыргыздын жараны. Жамандыгынан Президент болом деген жок да. Мен көрбөгөн кемчиликтерди балким ал көрүп жатат. Ошол себептүү ал да мамлекетибизди алдыга жылдырып кетейин деген адамдардан деп эсептейм. Калганын Алла таалам өзү таразалайт. Бирок, ага да өзүмдүн жекеме жеке сүйлөшчү сөзүм бар! Азыр мен бирөөнү жамандайын же мактайын деген ниетим жок! Менин болгону кыргызды ынтымакка чакыруу гана ниетим бар!
- Камчы Көлбаев Рысбек Акматбаевдин айыгышкан душмандарынын бири экенин билебиз. Коомчулукта сизди Рысбек байкенин пикирлеши болгонуңуздан улам Камчы Көлбаев экөөнүн ортосунда чоң тиреш бар дешет. Деги эле Камчы Көлбаев менен мамилеңиз кандай?
- Камчы Көлбаев менен тирешкендигимдин себептери төмөндөгүдөй болду.
Ал "вор в законе" болсо эле мени алдыма кел дейт да. Бакиевдин убагында милициялардан өйдө Камчынын алдына тизелеп бар дешти. А мен эмнеге барам?! Мен тизелеп бир гана Алла тааламдын алдына барам. Эмне үчүн мен кыргыз болуп, Кыргызстанымда жашап туруп Камчы Көлбаевдин алдына тизелеп барышым керек?! Мына ушундай кызык талап коюп келишкен да мага. Мен тизелеп бара албайм, мен өзүм билем Кыргызстанда кандай жашаш керек экенимди дегем. Анан ал өзүн вор в законе эсептеп "менин алдыма келбей койду"-деп, Бакиевдер колдоп койсо дардалактап кетишти. Жерге түшкөндү билбей калышкан да. Баспай эле асманда учуп калышкан. Керек болсо ошол кезде булар милицияларды шайлап калышкан. Таптакыр эле саясатка, бийликке аралашып, каша болуп жуурулуп калышкан. Мындайча айтканда министр министр болбой, кылмыш дүйнөсү кылмыш дүйнөсү болбой баары бир болуп калышкан. Анан дагы бир айта кетчү нерсе, Көлбаев мага тирешпей эле койсун. Андан көрө Обама менен, Нурсултан Назарбаев менен, такыр эле болбой калды дегенде Кыргызстанга келип, Алмазбек Шаршенович менен же Роза Исаковна менен чечишип алсын. Анан биз экөөбүз сүйлөшөбүз.
- Алмаз Бокушев менен мамилеңиз кандай?
- Алмаз Бокушевдин жакшы же жаман экенин эл билет. Ага менин өзүмдүн жеке көз карашым бар. Коомчулукка билдирбей эле коёюн. Сүйлөшө турган сөздөр бар. Аны менен мен өзүм сүйлөшүп алам.
"Ачык саясат", 2-сентябрь, 2011-жыл(Кыскартылып берилди)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??