Учурда жаш балдар арасында анемия(аз кандуулук) күч алууда. Ал кандайча пайда болот, аны менен кандай күрөшүү керек. Ушул туурасында балдар дарыгеринен маалымат алдык.
"Оор анемия жүрөктүн ишинин бузулушуна, кыздарды тукумсуздукка алып келет"
Сатарова Чынара Садыковна, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун балдар дарыгери:
Жетишерлик эмес тамактанган учурда балдарда акырындык менен темир тартыштыгы анемиясы өнүгөт. Эгерде апасы оор темир тартыштыгы анемиясынан жабыр тартса, анда бала төрөлгөндө анын организминдеги темирдин запастары аз болот. Мына ошондуктан боюнда бар аялдардын анемиясын алдын алуу жана өз убагында дарылоо өтө маанилүү.
Ара төрөлгөн балдар темирге жогорулатылган муктаждыкты баштан кечиришет, себеби, алар төрөлгөндөн кийин өтө тездик менен чоңоюшат. Мына ошондуктан өз убагында төрөлгөндөргө караганда ара төрөлгөн балдарга темирдин жакшы азыктык булагы керек. Баланы уйдун нак сүтү же башка жаныбарлардын сүтү менен тамактандыруу ичегиден кан чыгуусуна жана анемиянын өнүгүшүнө түрткү берүүсү мүмкүн. Мына ошондуктан 9 айга чейинки балдарга суусундук катарында уйдун нак сүтүн берүүгө болбойт. Баланын анемиясы жана организминдеги темирдин жетишсиздиги денесинин, акылынын жана психомотордук өнүгүүсүнүн кечеңдөөсүнө алып келет. Балдар өзгөчө өздөрү тез темп менен өсүп жаткан 6 айдан 24 айга чейинки куракта анемияга сезимтал келишет. Мына ушул мезгилде таанып-билүү жөндөмдүүлүктөрдүн жана моториканын интенсивдүү өнүгүүсү жүрөт. Анемиялуу бала суук тийгенден пайда болуучу оорулар менен тез ооруйт, анын эске тутуусу жана көңүл буруусу начарлайт, мектепте начар окуйт. Баланын организминдеги темирдин жетишсиздиги анын эмоционалдык абалын ушунчалык өзгөрткөндүктөн, ал чүнчүп, сак жана өзүнө ишене албаган болуп калат. Өтө жаш кезинде анемияга тушуккан балдар мектепте начар окушат, жогорулатылган тапшырмаларды аткарууда чоң кыйынчылыктарды тартышат.
Анемиянын белгилери:
o Баш оору, терчилдик, суукка сезимталдык, тынч эмес уйку;
o Начар аппетит;
o Бор, акиташ, көмүр, чийки эт жана картошка сыяктууларды жегендик;
o Теринин бозоруусу, өзгөчө алакандардын, эриндердин, тиштин эттеринин;
o Бозомтук, морт тырмактар;
o Булчуң тонусунун төмөндөшү, түндөсү заарасы токтобогондук;
Темирдин жетишсиздиги менен күрөш
Эмчектеги балдардагы темирдин жетишсиздигинин алдын алуу үчүн бала төрөлгөндө анын организминдеги темирдин оптималдуу запастары чоң мааниге ээ. Мына ошондуктан боюнда бар аял туура тамактанууга жана ал анемиядан жабыр тартса, милдеттүү дарыланууга тийиш. Балдардын тамактануусунун күнүмдүк рационуна темирге бай төмөнкү тамак азыктары кириши маанилүү: бор, эт, балык жана буурчак же кошумча азыктандыруу үчүн темир менен байытылган атайын азыктар.
Чайдын бардык түрлөрү(кара, жашыл жана чөп) темирдин өздөштүрүлүүсүнө тоскоолдук кылгандыктан, балдарга 2 жашка чейин аны бербеңиз. 2 жаштан кийин чайды тамактануу убагында бербеңиз. Чайды кайнак суу, ширелер, кампот менен алмаштыруу жакшы болот.
Балдарды бир жашка чейин темир менен кантип камсыздоо керек?
o Эмчек сүтү алгачкы 6 айында балдар үчүн темирдин эң мыкты булагы.
o 6 айдан кийин баарынан көп темирди жана аскорбин кислотасын камтыган азыктардан кошумча тамактандыруу керек.
o 6 айдан баштап балага темирдин жана витаминдердин атайын препараттары сунуш кылынат. Бул боюнча өзүңүздүн врачыңыз(педиатрыңыз) менен кеңешиниз.
Кайсы азыктарда темир көп?
o Эт азыктары: боор, тил, эт, балык (скумбрия, горбуша), осетр балыктарынын икрасы, жумуртка.
o Акшактар: буудай, таруу, арпа, сулу, манна, 2-сорттогу ундан нан.
o Жашылчалар жана жемиштер: айва, курма, алмурут, алма, кара өрүк, абрикос, шпинат, щавель, черника, шабдалы, буурчактар. Бирок этке караганда жумурткадан, акшактан, ундан жана буурчактардан темир начар сиңирилет.
Динара Чокоева





  Өнөрүң болсо өргө чап

Сурөтчү Канат Исмаилов:
"Бардык сүрөтчүнүн өзүнө таандык кол жазмасы бар"
Искусствонун дагы бир түрү-көркөм сүрөт эмеспи. Сүрөтчү десе биздей карапайым калктын көз алдына сакалы өскөн, шарф тагынган өнөр адамы келет. Балким, сүрөтчүнүн өзүнө таандык имиджи ушундайдыр.


- Сүрөтчүлөр дайым ойго батып жүрүшөт дешет?
Нарындагы Достук мектебинин босогосун аттап окуп калдым. Мектепте окуп жүргөндө дубал газетасын кооздомой менин милдетим эле. Нарын областынын мектеп-лицейинде атайын сүрөтчүлүк бөлүм бар экен. Атам кайрадан ошол мектепке киргизди. Мен атам Жунусакунду тартып сүрөтчү болуп калдым десем жаңылышпайм. Жан дүйнөмдүн баарын сүрөт искусствосу ээлеп алды. Үйдүн чатырына чыгып көп ойночумун. Ошол жакта айлана-тегерекке көз жүгүртүп көпкө тиктеп ойлонууну адат кылып алгам. Ошол чатырга чыгып алып, ач кулактан тынч кулак деп сүрөт тартчумун. Айрыкча, мен айтып бүткүс кооз сулуулук берип турган күндүн батышын тартуудан рахат алчумун. Мен Нарын областынын Достук шаарчасында чоңойгом. 4-5 жашымда сүрөткө болгон кызыгуум жандана баштаган.
- Көпчүлүк сүрөтчүлөр көчүрүү (копировка) менен жан багышат экен?
- Мектепти аяктап, Бишкектеги А. С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына тапшырып, живопись бөлүмүн бүтүргөм. Менин устатым Мирзакматов агай болчу. Бир күнү көчүрүү тартып келгиле деп тапшырма берди. Көрүнүктүү сүрөтчү И. К. Айвазовскийдин "Девятый вал" картинасын көчүрүп (копировка) тарткам. Көчүрүү иштегендер деле бар, бирок чыныгы талант чыгармачылыкка гана берилип, ошол мээнеттен нан таап жешет.
- Эргүү кайсы убакта келет?
Мен этюдга чыгып жаратылышты чиймелегенде, сөзсүз илхом келген маалда жаза алам. Ар бир мезгилди өзүндөй чагылдырып берүү-мыкты сүрөтчүнүн милдети. Мисалы, ызгаардуу кыш болобу, же нөшөрлөп төккөн жамгырбы, жада калса бороондуу күндү да дал өзүндөй кылып кагазга түшүрүш керек. Ал тургай саат эмес, мүнөт сайын өзгөрүп турган жаратылыштын сыр дүйнөсүн дал өзүндөй чагылдырып, ошол мезгилдин жытын ачып беришибиз керек.
- Ар бир сүрөтчүнүн бир-бирине коошпогон кол жазмасы(подчерк) болот дейт?
- Ар бир кынтыкты таап, байкай билиш керек. Негизи, бардык сүрөтчүнүн өзүнүн кол жазмасы (подчерк) болот. Живопись-жандандыруу дегенди түшүндүрөт. Ошол нерсени көркөм чагылдырып бериш керек. Сүрөтчүлүк-өтө татаал кесип. Кээде ар кандай кыйынчылыктардан улам таштоого туура келет. Кантсе да чыгармачылыкка баш-отуң менен киришишиң керек экен. Ошентип талант ташты да жара тээп чыгат тура. Кайра чыгармачылыкка кайрылып келет экенсиң.
- Религияга кандай көз караштасыз?
- Азыр 5 убак намаз окуйм. Алла таалам кооздукту сүйөт. Аллахтын сөзү да шурулардай тизмектелип, көз-жоосун алып, кооз жазылган. Портретти, сөлөкөттү жасап жатканда ага жан киргизгидей кылып жасап жатышат. Мен ойлойм, жандыктарга жан берүү жалгыз жараткандын колунда. Ошол себептен, жогорку өнөр адамдарынын жаратканы исламда карама-каршылыкты алып келет.
Динара Асылбекова