Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
- Анан ошо жерден Японияга алып кетти дейт. Эки этаж үйлөрү бар экен, бакубат жашайт экен дейт, кызды ошоякка алып кетти дейт...
- Үйүндөгүлөр барып келиптирби аякка?
- Үйүндөгүлөр барбаптыр.. Анан ошоякка алып кеткен соң, алар өзү чоң капиталисттер экен, кинонун ар кандай нерселерин, сценарияларын тартып, тигинтип-минтип жүрсө керек, ошого катыштырып, анан анын айтуусуна караганда слугалары... ийи, малайлары бар экен...
- Жоо, коё туруңузчу, жанагы турмушка чыкканда, бу үй жактагыларынан бирөө жарым барган бекен кудалыкка?
- Эч кимиси барбаптыр. Японияга ал кезде келип туруп, ким эле жиберип ийчү эле?! Советтер Союзунун убактысы болсо...
- Тигилер биякка, бу саяктарга келиптирби кудалыкка же келбептирби?
- Күйөөсү экөө келди дейт. Күйөөсү экөө келген соң, кийин бир бала төрөлүптүр, аяктагылар аны алып калып... Муну барган соң аякта начар тосуп алды дейт. Барганда эле келип туруп, өтө жаман акыбалда тосуп алып, алар башка жерден аял алып келгенди жактырышпайт экен дейт. Анан ошону түшүнүптүр бул биздин кыз.
- Көптөр айтат ко бир кызы бар экен ошояктан деп. Сиз бала дейсиз...
- Баланы... Бир баласы бар деп уктум. Ошо баласына арнап жанагы кинематограф-японец Москвадан бир үй сатып берген имиш. Анан кийин турмуш боло турган эмес дейт, болбогон соң биякты көздөй жүрө бериптир. Анан ошо кезде тиги баякең -ошондо башкарма болуп иштеп калды да (кинематографисттер Союзунда - Ж.), башкарма болуп иштеген соң тигил келин эптеп эле анын төшөгүнө жеткизип бергиле, калганын өзүм тууралайм деген имиш...
- Бул эми сиз, таякесинин сөзүн айтып жатасыз да, иэ?
- Таякесинин сөздөрүн айтып, таякеси айтып, таякеси тиги аялдарынан уккан го, кыз таяжеңелерине айтканбы, айтор. Анан ошону менен келип туруп, анан экөө үйлөнүп калды дейт. Баса булар...
- Булар ажырашпай туруп кантип үйлөнүп калды дейсиз?
- Кыз өзү тияктан ажырашып келген да. Ал биерге күйөөсү менен эки-үч жолу келип, аларды тиги Ала-Арчага чейин алпарып, козу союп сыйладык дейт таякеси. Колубуздан келишинче сыйладык дейт. Анан акырында келип бала имерилип жүрдү дейт, бирок тигинин ага-туугандары бүт бойдон болбой каршы чыгып туруп алышыптыр. Анан турмушу болбой калганын түшүнгөндө жанагыдай болуп биерге келген соң, анан биерден сенин байкең менен жолугуп калат. Жолуккан соң имерип албай жаны жокпу. Таякеси айткандай, бул өзү шайтандуу кыз болчу шакылдаган...
- Суперлердин супершайтаны деңиз...
- ...эркектерди келип туруп, артынан ээрчитип имерип алган ушундай шум кыз болчу деди. Анан ошентип алып кетиптир баякеңди, андан бери канча жыл өттү, мына. Калганын өзүң билесиң, билбесең уккандырсың..
- Болуптур анда, рахмат Жапар аке. Бирок биерде алиги кызыбыз алгач боюна бүтүртүп алып, анан кыйнаган дейт ко баякебизди, чынбы ошо?
- Болсо болгондур бул. Антпесе тиги деле албайт эле да. Баякеңдин аялын мен билем. Байкеңиздин аялы менен номур бештен чогуу окугам. Алар "А" класстан окуган, жапжакшынакай толугунан келген сулуу кыз эле, жакшы алдыңкы кыздардан болчу. Мединститутка кирип, биз пединституттан окудук. Шайыр, кичи пейил, мыкты...
- Эми коё туруңуз, алардын баары өзүнүн интервьюсунда жазылып-айтылган, кайталап отурбайлы. Эми ошо киши менен ошол окуя болгондон кийин, ошол классташыңыз менен жолугуштуңузбу?
- Жок, ал киши менен жолукканым жок, эми алардын даражасы бийиктеп кетпедиби, бизди кайдан, аларга мен балакетти тең боломбу.
- Ырас, анысы да бар. Болуптур эмесе, Жапар аке, рахмат дагы бир жолу.
ӨТӨ МИЗДҮҮ ЧАЛГЫҢ ДЕЛЕ ТУЛТУК ТАШКА МАЙЫШАТ...
(Нашла коса на камень - орус эл макалы)
(Жапан поэзиясынын белдүү котормочусу, акын кыздарыбыздын бири менен маек. Атын атабоону өтүндү, сезгендер өзү сезер)
- Жанагы Мария деген жеңебиз өзүңөрдө иштеп атты беле?
- Ал Чыкеңин личный секретары литературный, 120 сом оклад коюп койгон, ал үйдө жатып Чыкенин кагаз-кугаздарын тартипке келтиреби-жокпу, иши кылып бизге келип айына бир-эки жолу айлык алып кетчү. Анан бир күнү келет деп калышты, анда Ирина Георгиевна деген көп жылдан бери иштеген бир бухгалтерибиз бар эле, анан ошол өтө эле толкунданып калыптыр: мен айттым ага, ал мага керек эле, деп. Мен андан документтерин алмакмын для оформления документации зарубеж. Ошону айтып коесузбу саат экиде келгенде отдел кадровко көтөрүлүңүз деп, десем ал: ой-ой, мен ага айталбайм, саат экиде келет, анан өзүң жолугуп ал, деп чочуйт... Анан ошол документтерин алып толтура баштадым кагаздарын. Анан эми зарубежге бара турган документтерди билесиз да: канчанчы жылы туулган, каерде, эмне кылган... Өзү 42-жылкы экен. Саяктардан экен, Суусамыр жактан...
- Онунчу класстык билими бар дедиңизби?
- Иэ, онунчуну бүтүрүп, монтажница болуп иштеген экен киностудияда. Окууга өтпөй калган окшойт. Анан кийинки жылы окууга өтүп, 62-жылы ВГИКке өткөн экен да жанагы документтеринде. Анан ошол, поступление 62-жылкы болсо, 80-жылы бүткөн окууну...
- Аий, ошондо канча жыл... 18 жыл окуптурбу? Мен го 13 жыл окугам..





Айгүл ШАРШЕН
Жанызак басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Марат, - Мырзагүл аны токтоо карады, - мени сүйгөнгө болбойт, мен үй-бүлөлүүмүн, балдарым бар, - деди көздөрүн бакырайта. - Биздин арабыз асман менен жердей, мен эми кетейин, сен окууга кир, - деп капалуудай ордунан турду. Аппак жүзү заматта кара булут каптаган асмандай түнөрө түштү.
- Мырзагүл! - Марат аны кармап калды. - Кетпечи, мен сени азыр үйгө алып кетем!
- Ой, кудайым ай, Марат, андай болушу мүмкүн эмес.
- Эмнеге?
- Болбойт, - деп ары басты. Ошол убакта Мырзагүлдүн күйөөсү алыстан аңдып турган эле, сыр билгизбей жашырынган жерден чыгып машинасын айдап келип калды. Аны көргөн Мырзагүл токтоп, артка кайрылды. Күйөөсү машинеден түшүп Мараттын жанына келди.
- Жигит, эмне жумушуң бар?
- Кимде?
- Мырзагүлдө.
- Мен аны сүйөм!
- Эмне-е? - Тигил Мырзагүлдү бир, Маратты бир карап туруп калганда Мырзагүл басып келди.
- Эрнис, сүйүүдө эмне айып, бул жаш бала, сен ага жаман айтпа. Мен жигит сүйө турган аял эмесминби, бирок мунун сүйүүсү түбөлүктүү эмес, менин сүйүүм, жашоом сага гана арналган, - деди токтоо. Анан Маратты карап, - Марат, токтоло элек жаш кезде адам кимди гана сүйбөйт, өзүң деле кыздар жүгүрө турган жигит экенсиң. Өмүр жолуңда дагы канчаны сүйбөйсүң, нелерди көрбөйсүң. Менин сага каалаарым бийик максат, улуу сүйүүнү багындырган бактылуу адамдардан бол! - деди да, күйөөсүн жылмая карап, колтуктап алды. - Кеттик, жаным.
Алар колтукташа машинеге отуруп, кетип баратты, Марат үнсүз делдиреп карап тура берди. Машина ордунан жылганда Мырзагүл ага жылмая колун булгап коюп узап кетти. Ошондон кийин аны көргөн жок, кийин сураштырса жумуштан чыгып кетиптир. Марат окууга көңүлү келбей өзүн жаман сезип, көз алдынан Мырзагүлдүн элеси кетпей абдан кыйналды. Бир жылдай уктаса түшүнө кирип жүрүп, анан бара-бара өзүн алаксытып калган эле. Бирок көп ойлойт, Калыска жолуккандан бери аны унутууга аракет кылды. Эми кызынын атын Мырзагүл деп атаганда өмүр бою ал ысым жүрөгүндө да, жашоосунда да бирге болорун аргасыз мойнуна алды. Ушуларды ойлонуп жатып, уктап баратканда Давлеткан менен Айжан кирди.
- Балакетиңди алайын десе, неберем Айжандын эле өзү экен, эжесине окшош, - деп апасы кубана кобурап кирди.
- Апа, мага окшош эмеспи? - деди Марат.
- Силер бири-бириңе окшошсуңар, коңшулар баарыңар сулуусуңар деп бизге абдан суктанышат.
- Апам сулуу аял, ошондуктан биз апама окшошпуз, - деп калды Айжан эркелей. - Чынбы, апа?
- Ооба, садага, апаң сулуу эмей… - Давлет мулуңдай күлүп калды. Бирок эне өз башынан өткөн бир окуяны, андан эстелик болуп калган кызын эстеди...
Анда Давлет он беште гана болчу. Ошол убакта педучилищага окуганга кыз-балдарды чанда гана жөнөтчү. Давлеттин апасы өлүп калып, атасы башка аял алгандан кийин кызын интернатка тапшырып койгон. Эки-үч айда бир келсе келет, келбесе жок, ошентип сегизинчи классты бүтүп, педучилищага тапшырды. Ал мындайча болгон, интернатка жаңыдан эле бир директор келген. Ал жаш, шыңга бойлуу келишкен жигит болчу, бирок үй-бүлөлүү экен. Давлетканды көрүп эле жактырып калды. Анан аны окууга киргизди, кыздар окуу жайга сейрек келгенинен улам кабыл алынып, окуп калды. Жанболот агайы аны сүйүп жандалбастап ыгын табалбай жүргөндө, кыз өзү дагы аны жактырып калды. Атасы такыр кабар албай койгон соң кыздар менен жатаканада туруп калган. Бир күнү кечке маал Жанболот агайы Давлетканга жолукканы келди.
- Давлет, окууларың кандай?
- Жакшы, агай.
- Давлет, мен сага бир сөз айтсамбы дедим эле.
- Айта бериңиз, агай. - Кыз көздөрүн күлмүңдөтүп кылыктана карады.
- Давлет, мен канчалык жашырсам да чыдай албачудаймын, сени жакшы көрүп калдым…
- Агай, жакшы көрүп калуу күнөө эмес.
- Сен капа болбойсуңбу?
- Жок, сиз мага көп жакшылык кылдыңыз, мен сиздин алдыңызда көп карыздармын.
- Жо-жок, карыздармын дебе, секелегим, сендей сулуу кызды кимдер гана сүйбөйт, жашсың, сулуусуң… - Жанболот башка эч нерсе дей албай туруп калды.
- Агай, - деди ошондо Давлет чечкиндүү, - мен дагы сизди жакшы көрөм!
- Ыя? - деп селдүү карады Жанболот. - Чын айтасыңбы, Давлет?
- Ооба, агай, анын эмнесине тартынасыз, мен жашмын. Бирок сиздин улуу экениңизге карабай үй-бүлөңүздүн бар экенин билсем да баарына кайылмын, агай!!! - дегенде баятан бери өзүн карап турган Жанболот аны шарт бооруна тартып, саамга бекем кысып тура берди…
- Апа, эмнени ойлонуп кеттиңиз? - деген Айжандын үнү аны селт эттирди.
- Эмне болду? - Кайра кызына суроо узатты.
- Унчукпай калдыңыз го?
- Апам эмнени ойлонмок эле, кардым ачты, тамак болсо алып келчи, - деди Марат.
- Бар, мен алып келем, балам, - деп Давлет өзү өйдө болду, ал терең ойго батып, өткөнү капыстан эсине түшкөндө жүрөгү сайгылашып кеткен. Кечки тамактарын ичип, өз-өз орундарына жаткандан кийин башынан өткөндөрү кайрадан кинонун тасмасындай болуп көз алдына тартылды…
Ошондон кийин жаштыгына карабай Жанболот агайы менен жашыруун жолугуп, жүрө баштады. Ал кезде кыздарга өтө кыйын эле, тартипсиз кыздар чанда жолукчу, баланчанын кызы антиптир, минтиптир деген сөз болчу эмес. Кызды салтка ылайык ата-энеси менен сүйлөшүп, кол менен алып кетчү. Давлет атасы карабай койгондон кийин өзүн-өзү билип калган. Жанболот дагы Давлетти катуу сүйүп, андан кете албай байланып жүрө берди. Давлеттин боюнда болуп калды. Ал тургай төрөөр күнү жакындап, Жанболот экөө жашыруун жашап жүргөндө аялы Күмүшай билип калып, Давлеттин жашаган жерин таап алды. Бир күнү үйдө Жанболот экөө эркелешип отурганда эшиктен кирип келсе болобу!
- Эй шерменде, бул жерде эмне кылып жүрөсүң, үйдө балдар турса сен бир шуркуянын жанында отурганың эмнең?
- Күмүш, мени кандай урушсаң да макулмун, Давлетке тил тийгизбе! - деп Жанболот тура калды.