п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ляля-Польте тамагы
Керектелүүчү азыктар:
Таттуу болгар калемпири-500г, помидор-500г, уй этинен жасалган фарш- 500г, күрүч-400г, сабиз - 2 даана, пияз-2-3,петрушка - 1 боо, алма - 1 даана, курч татымал - 1 аш кашык, туз- татымына жараша, май - 70г, лавр жалбырагы - 2.
Жасалышы:
Пияз, сабиз, помидор, болгар калемпирин жууп тазалап алгандан кийин, пиязды майда кылып туурап, ысытылган майга кууруйсуздар. Андан кийин сабизди сүргүчтөн өткөрүп, куурулган пиязга кошуп кууруйсуз. Андан соң күрүчтү жууп саласыздар. Анан фарш менен күрүчтү аралаштырып, ага туз, курч татымал, тууралган петрушка, сүргүчтөн өткөрүлгөн алма-баарын аралаштырып, болгар калемпиринин ичине саласыздар да, фарш салынган калемпирдин бетин атайын тегерек кесилген помидор менен жаап коёсуздар. Анан эки литр суу куюп, 30-40 минута жай отто бышырасыздар.


Малибу салаты
Керектелүүчү азыктар:
o сууга бышырылган тоок эти - 200 г,
o ананас - 300 г,
o 200 г козу карын (шампиньон),
o 1 көк пияз
o оливка,
o петрушка,
o майонез,
o лимон ширеси.

Жасалышы:
1. Тоок этин кайнатып, майда кылып туурайсыз. Анан ананасты төрт бурчтук кылып туурап, көк пияздан өтө чоң эмес көлөмдө туурайсыз да козу карынды (шампиньон) тең экиге бөлөсүз.
2. Пиязды кууруп, ага 5 минуттан кийин козу карынды кошуп чогуу кууруйсуздар. Анан кичине муздатасыздар.
3. Бардык тууралган азыктарга майонез аралаштырып, майда тууралган оливаны, 1 стакан лимон ширесин кошуп коёсуздар.


Лечо салаты
Керектелүүчү азыктар:
o помидор - 4 кг,
o болгар калемпири - 5 кг,
o кумшекер - 1 стакан,
o туз - 2 аш кашык,
o май - 1 стакан,
o уксус 9% - 2 аш кашык

Жасалышы:
Помидорду таза кылып жууп, өткөргүчтөн өткөрөсүз. Болгар калемпирин жуугандан кийин ортосунан экиге бөлүп, өтө майда кылбай 4-6 бөлүккө туурайсыз. Өткөргүчтөн өткөн помидордун ширесин кастрюлга куюп,кумшекер, туз жана май кошосуз. Отко койгондон кийин, кайнап чыккан помидор ширесине болгар калемпирин саласыз. Кайнап чыкканча күтөсүз да, кайнап чыккан маалдан баштап дагы 30 мин кайнатасыз. Кайнагандан кийин кастрюлду оттон алып, уксус кошуп бууланган банкага салып бекитип коёсуздар.


Коктейль "Кир Рояль"
Жасалышы:
Ичке бокалга бир чай кашык малина ликёрун, бир чай кашык алча ликёрун кошуп куясыздар. Жай бокалды алып акырындык менен бокалдын ичи ликёр болгондой кылып айландырасыз. Анан акырындык менен 100 мл шампан кошосуз да, ошо менен калтырып коюңуз, аралаштырганга болбойт.

Алиса Сапарбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??