п»ї
 Таанышуу жарыясы


Тата Улан;
"Эстеликти алдырткан бийликке чоң рахмат"
Өзгөчө стили менен айырмаланып, сахнадан өзүнүн ордун тапкан таланттуу, патриот байкебиз Тата Улан кумирлери менен баарлашып кетти.
Айзирек:-Кандай жаңылыктарыңыз бар? Жеке концертиңизди качан бересиз?
- Азыр эч кандай жаңылыгым жок. Жеке концерт бербейм, азырынча планымда жок, балким, кийин берет чыгармын, бирок азыр эмес. Жеке концерт, менин оюмча, элге таанылуу, же элге отчёт берүү болуш керек. Мен ойлойм, эч кимиңер деле таарынбайт болушуңар керек, эгер жеке концерт бербей турсам.
Бермет: -Эмне үчүн Тата Улан деп койгонсуз?
- Ии, бул суроого жүз жолу жооп бергем, таятамдын колунда чоңойгом, ошол үчүн Тата Улан деп койгом. Албетте, паспортумда өзүмдүн фамилиям калды, болгону сахнада Тата Улан деп чыгып жүрөм.
Айкөкүл:- Саламатсызбы, канча бир туугансыз жана канчанчы жылкысыз?
- Энемдин жалгыз уулумун, 1980-жылы туулгам.
Нурайым:-Сиздин ырларыңыз, маскаңыз жөнүндө ар кандай сын-пикирлер айтылат. Негизи, бетин аялдар жабыш керек, ал эми эркектердин бетин жапканы биздин менталитетке туура келбейт деп айтышса, кээ бирлери өзгөчө стилде чыгат деп айтышат, буга сиздин оюңуз?
- Чынын айтсам, биринчи жолу угуп жатам, качан кыргыз кыздар бетин жапчу эле? Азыр бетин эмес, бутун жаба албай жүрөт. Ошондуктан, карындаштар, суранар элем, силердин узун кийгениңер өзүңөргө эле жакшы да. Себеп дегенде, уяттуу жерлер бар, уяттуу жерлерди адам баласы жаап жүрүш керек, уялыш деген түшүнүк болуш керек. Эгер андай сезим жок болсо, анда ыплас жашоого туура келет. Балдарга бутту, төштү көрсөткөн өтө эле начар нерсе да. Кыргызга окшошпогон нерсе. Кыздар деп жатасыңар, кыргыз кыздары эч убакта бетин жапкан эмес, колу-бутун, төшүн жапкан. Эркектерге кайрылсак, Алтайда жашап жүргөн кыргыздарыбыз деле ушундай чүмбөт кийишчү, согушка чыкканда беттерин жаап алышчу экен. Бул далил деле эмес, өзүм да билгим келип карыялардан сураштырсам, мага ушундай жооп беришкен. Бетимди жапканымдын себеби, баарыбыз кудайдын астында жүрөбүз, анан мен таанымал болгум келбейт. Кийин силер мени таанып калсаңар, тиги дүйнөгө барганда мобу болчу деп көрсөтөсүңөр. Ошол үчүн мен дагы суракта эл катары жөнөкөй эле адам болуп турам. Мен ырчы эмес, кадимки эле пенде катары тургум келет. Себеп, алла тааланын алдында жооп бериш өтө кыйын.
Жылдыз:-Канча жашыңыздан баштап ыр жазып калдыңыз эле?
- 14 жашымдан баштап ыр жазам. Айтып кетпедимби алла таалам баарыбызга өзүнчө шык берет да, балким, билбей калабыз, бирок изденсек, албетте, бирдеме таап алабыз. Албетте, ар бир адамды өзүнчө бир шыгы менен, таланты менен жараткан да. Жөн эле жаралган киши жок, аракет кылып, жалкоолонбой, жөндөмүң бар болсо ошону өнүктүрүү.
Айзирек:-Эң алгачкы ырыңыз эмне жөнүндө болду эле?
- Анда орусча сүйлөгөн бала болчумун, анан эң алгачкы ырымды жарык тууралуу жаздым эле. Үйдө жарык өчүп калып, анан эки сап биринчи ырымды жазгам.
Бермет:- Стил жагын ким менен чечишесиз?
- Энекем менен аракеттенебиз. Энем сүрөтчү, анан экөөбүз отуруп алып, биринчи кагаз бетине тартып алып, талкуулап, анан чыгарабыз. Менин костюмдарымдын баарын энекем экөөбүз жакшылап карап, анан заказ кылабыз.
Нурайым:- Мектепте тентек балдардын катарын толуктачуңуз беле?
- Мектепте ар кандай учурлар болгон, 1-7 класска чейин өтө жоош, жакшы бала болчумун, жалаң бешке окуган. Анан 7-класстан баштап кичине бузула баштадым. Сабакка барбай коюп, качып кетип, ушундай тентегирээк болуп, кайра 10-11-класстарда ордума туруп калгам.
Бермет:- Эки алган учурлар болду беле? Көбүнчөсү кайсы сабактардан?
- Албетте, болгон, ансыз болбойт да. Бүт эле сабактардан эки алып чыккам. Эки алгандан кийин түшүнүп каласың, кой экинчи албашым керек деп, бешке аракет кылып каласың. Эки албаган баланы мугалим жөн эле мактап чоңойтуп коюшу мүмкүн. Негизи, жок дегенде бир жолу эки алып коюш керек.
Чолпон:- Аялыңыздын аты ким? Канчада?
- Аны айтпайм, себеби, ал менин маалыматым эмес, жеке жашоом, маскадан тышкары болуп калат.
Айпери:-Алгачкы махабатыңыз эсиңиздеби?
- Албетте, эсибизде болот да. Себеп, алгачкы махабатты алла таала эмне себептен берет адамга, баалуулук деген түшүнүктү берет да. Адам баласы өзгөрүлүп, жакшы нерселерге жакын болуп калат.
Айкөкүл: - Өзүңүз жөнүндө айтылган сындарга кандай карайсыз?
- Сындарга чын жүрөктөн баары бир. Сынаса менин маскамды сынайт, ал эми жеке мени сынай албайт. Себеп, мен ким экенимди билбейт.
Айкөкүл: - Кайсы тилде эркин сүйлөйсүз?
- Кыргыз, орус тилинде, казакча сүйлөйбүз, үч эле тил. Англис тилин көп деле жакшы билбейм. Менимче, кесибиңе керек болсо башка тилди билсең болот. Мисалы, менин кесибиме мен билген орус тилинин кереги жок.
Кундуз: - Кичинекей кезиңизде ким болом деп кыялданчусуз?
- Эт сатам деп, малчы болом деп. Үйдө бирөө ооруп калса, доктор болом деп, өрт өчүргүч болом деп, көп эми.
Айзирек:- Көбүнчөсү машинада жүрөсүзбү, же маршруткадабы?
- Маршруткада эле жүрөбүз, кээде троллейбуска отуруп калабыз жакын болсо. Себеби, унаам жок, азырынча керек эмес.
Чолпон:- Киного тартылууга сунуштар болуп жатабы?
- Жок, башында болгон. Мен катуу эле жок деп койдум. Эмне кереги бар кинонун, өзүм кино болуп жүрбөймүнбү.
Айкөкүл:- Ала-Тоо аянтындагы эстеликти сиз алдырдыңызбы?
- Жок, мен алдырган жокмун. Аны алла таала үстүнөн карап туруп алдырып койду. Мындай да, канча деген кыргыздын аксакалдары, канча деген кыргыздар алдырыш керек деп жүрүшкөн. Негизи, эл менен жүргөндө, айылга барганда угуп каласың. Тиги аянтка кызды эмне коюп койду деп аксакалдар айтып калат. Ошол эстеликти алып салышса жакшы болот эле деген. Дагы бир жерге барсаң жаш балдар айтып калышат. Баарына эле жакпайт, анан мен да ойлонуп, бир байкеден сурадым, ал тарыхчы экен."Байке, эмнеге аянттагы кыз эч кимге жакпайт, алып салса жакшы болот эле деп айтышат"-десем, анан байке чечмелеп берген, "ал калмактардын кыргыздарга берген каргышы" деп. Калмактар бизди аялдарыңар түндүк көтөрсүн, ал эми эркектериңер жерге кирсин деп каргаган экен, көрсө. Чындап эле чечмелесең, аял түндүктү колуна көтөрүп алган, алганда да сол колуна. Ошонун баарын жүрөгүмө батырып туруп, анан ыр жазылган. Ошол себептен айта албайм мен алдырдым деп, кой, кудай сактасын андай сөздөн. Эстеликти жалпы коом, жалпы кыргыз эли алдырдык. Эстеликти алдыртканына бийликке чоң рахмат. Айтып жатабыз 20 жылдан бери эч нерсе кылынбай жүрөт деп, ал эми бул кичине болсо дагы жаңы кадам, биринчи жолу элдин ою аткарылды десем болот. Буга чейин элдин ою аткарылбай келе жаткан, мындан тышкары, дагы көп маселелер бар. Мисалы, борбор калаабызда көптөгөн чоң көчөлөр бар, баары эле орусча: Киев көчөсү, Москва көчөсү. А биздин атактуу Чокморов деген байкебиз бар, анын аты кичинекей эле бир көчөнү ээлейт, Чыңгыз атабыз бар, анын такыр эле көчөсү жок. Ошолордун баарын ойлонсоңор, качан анан патриот болобуз. Менде бир эле ой, ошолор тууралуу да ойлонушса. Бишкек кыргыздыкы, ошон үчүн баары эле кыргызча болсо жакшы болмок.
Чолпон:- Намаз окуйсузбу?
- Ооба, окуйм, силерге да каалаар элем, намаз окусаңар өзүңөргө эле жакшы. Жаман иштерге барбай, таза, жүрөгүңөр чоң болуп калат алла үчүн.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??