п»ї
 Таанышуу жарыясы


обон
пресс
Жаныш Бакиевдин уулу жасалма документтер менен чек арадан өтүүдө кармалды
2-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда Жаныш Бакиевдин эки уулу кармалды.
КР Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, 2-сентябрда саат 23:10до кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда Жаныш Бакиевдин эки уулу -23 жаштагы Асылбек Салиев жана 12 жаштагы Нурсултан Бакиев кармалды. А.Салиевдин көрсөткөн өздүк документтери жасалма болуп чыккан. УКМКнын тергөө башкармалыгы 28-берене жана 346-берене 1-бөлүм, 350-берене 1,2-б.б. боюнча кылмыш ишин козгоду. (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, жасалма документтерди колдонуу). А.Салиев УКМК СИЗОсуна камалды, иниси туугандарына өткөрүлүп берилди.

Чет өлкөдөн билим алып келгендер партия түзүштү
Чет өлкөлөрдө билим алып келген жаңы муун "Кыргыз либерал демократиялык партиясын" (КЛДП) түзүштү.
Мен кыйынмын дегендин баары партия түзүп, өзүнө окшогондорду партиясына киргизип жатышканы элге жаңылык деле болбой калбадыбы. Бирок, бу саам Кыргызстандын чет өлкөдө билим алып келген азаматтары өзүнчө партия түзүштү. Партиянын төрагасы, Жапониядагы Васеда университетинин саясий илимдер боюнча докторанты Сейтек Качкынбаевдин билдиришинче, саясий партия 1-сентябрда Адилет министрлигинен каттоодон өттү. Жыл башынан бери даярдалып, такталып келген партиянын программасы, КЛДПнын манифести 15-сентябрдан кийин массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат.

Дүйнө

Түркмөнстандын президенти лифтте бир саат камалды
28-август күнү Түркмөнстандын президенти Г.Бердымухамедов бир саат лифтке камалды.
28-август түнү Түркмөнстандын президенти Г.Бердымухамедов Ашхабад шаарынын так ортосунда жаңы салынган президенттик комплексинен ылдый түшөйүн деп лифтке түшсө, лифт 3-2-кабаттын ортосунда такалып, ордунан жылбай калган. Коопсуздук кызматкерлери тарабынан Буиг офисинин жетекчилери (Президенттик комплексти салган француз фирмасы) жана лифтти чыгарган "Хундай" фирмасынын адистери чакырылган. Алардын баары келгиче президент лифтте бир саат чыга албай камалып турган. Аталган окуядан кийин контролдоо палатасынын төрагасы Батыр Атдаевге катуу эскертүү берилди.

Бир Бүркүм

Президенттикти эңсегендер тил сынагынан өтүшөт. Мамлекеттик тил боюнча сынак келе жаткан шаршембиде болот, аны 12 кишиден турган тил комиссиясы өткөрөт.
2012-2014-жылдар аралыгында Кытайдын Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын консулдугу, ал эми Ошто Кытайдын консулдугу ачылат.
Дин кызматкерлерине мамлекет тарабынан 6-7 миң сомдун тегерегинде айлык акы төлөп берүү боюнча мыйзам долбоор даярдалып жатат.
5-сентябрга карата 18 талапкер 100 миң сомдук күрөөнү БШКнын эсебине которду.
Президенттик шайлоого катышууну каалап, БШКга арыз берген төрт жаран бүгүн Бишкектеги Ак үйдүн алдына 100 миң сом күрөө төлөп, 30 миң адамдын колун топтоого каршы нааразылык акциясына чыгышты.
Өзбекстан тарап чек араны жаап койгондуктан, Ош шаарынын өзбек улутундагы тургундары жакын туугандарына 1,5 жылдан бери бара албай жатышкандыгы боюнча Текебаевге билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болууга арыз берген 11 адамды каттаган жок.
"Ош шаарынын күнүнө карата "Барсбек каган" жана " Кыргыз көчү" монументалдык комплекстери да курулуп жатат", - дейт Ош шаарынын башкы архитектору Н.Баетов.
6-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Раушан Рыкуновага карата козголгон кылмыш ишин кароо башталат.




  Чыр дөбө

Рустам Сагыналиев:
"Сен ырдабай
эле койчу" десе болмок"
Мурунку саныбыздагы маалыматка жооп берем деп, биздин кеңсебизге баш багып, болгон чындыктын баарын айтып берүү үчүн Рустам Сагыналиев өзү келип, чай үстүндө кенен баарлашып, бул окуя эмнеден улам башталганын, азыркы имиштер жөн гана Рустамдын аброюна шек келтирүү максатында таратылгандыгын айтып өттү.
- Сиз айылыңызга кеткенден кийин, "Фарида Карбосова сабатып, анан айылына кеткен экен" деген уу-чуу имиштер эл оозунан түшпөй калды.
- Ооба, мен айылга барганда эле кол телефонумдун үнү басылбай койду. Ар жактан радиодон, теледен, газетадан чалышып: "Рустам, ачыгын эле айтпайсыңбы, сен эмнеге айылга кетип калдың, же Фаридадан коркуп жатасыңбы?"-дешип тааныш-билиштерим сурап, жанымды койбой коюшту. Мен жөн эле ойлоп койгом, мени тамашалап жатат го деп. Себеби, Фарида экөөбүздүн ортобузда ыр боюнча бир чыр бар болчу. Мен сөзү Сакен Дүйшекеев деген акындын калемине таандык болгон Сабатар Исаковдун обонунан жаралган "Өтүнүч" деген ырды автордун өзүнөн сурап ырдап чыккам. Автор мага айткан: "Бул абдан жакшы ыр, эгерде эстрадага эмес, жөнөкөй эле кылып аккордеонго салып ырдасаң",-деп мага өзү берди. Кийин ал элге сиңимдүү, уккулуктуу болгондон кийин Фарида: "Ырдаса да жеткире ырдаса болмок. Бирөөдөн кийин бирөө ырдаганда эч качан ийгилик жаралбайт"-деп, мени четке кагып, жамандап койгон. Кийин телефонума белгисиз номерден бирөө чалып: "Сен эмнеге Фарида ырдап чыккан ырды ырдайсың?"-деп мага чоң болгон. Ал ким экенин өзүм да билбейм, атайын жалдатса керек да. Бир жолу "Кыргызстан Обондорунда" түз эфирде олтурсам дагы бирөө чалып:"Эмне сен башка ыр таппай калдыңбы?"-деп айткан. Ошол ырым абдан жагымдуу, популярдуу болуп турган кезде көчөдө диск саткан жерде турсам, сатуучулар аны коюп алып: "Ушул ырды ким ырдайт болду экен, абдан жакшы ырдаган",- деп сүйлөшүп калышты. Чын эле "мени эч ким тааныбайт турбайбы" деп, ага клип тартым. Анда да "эмне сен клип тартасың?" деп чыккан. Мага жөн эле "сен ырдабай эле койчу" деп айтса болмок, бир айылдан болгондон кийин. Анан телефондон коркутуп-үркүтпөй эле. А мен Таласка кеткенден кийин мындай ушактын чыгышын билбейт экенмин. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да, мүмкүн, аны өзү эле "мен кыйынмын" деген мааниде чыгарса керек. Маалыматтын чындыгын бир билсе Фарида билет, бир билсе кудай билет, эч ким кепилдик бере албайт. Эгер чындап эле өзү чыгарса, анда элге уят болот. Бирок, азыркыга чейин мага чалгандар көп болуп жатат "Эмнеге Фарида сени сабатып кетет?"-деп.

Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??