п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кычык суроолор

ЖКнын депутаты Анвар Артыков менен маек.
Анвар Артыков:
"Кулов Жапаровго көз каранды болуп калды"
- Акаев, Бакиевдин жаман жактарын көп айтып атабыз. Медалдын эки тарабы болгондой эле, алардын кандай жакшы жактарын айта аласыз?
- Акаев өтө интеллигент инсан болгон. Аны менен сүйлөшкөн киши ыраазы болуп чыгып кетер эле. Анан жакшы ойлору бар эле. Көп окуган окумуштуу киши болчу. Аналитика жагынан да. Кыргызстандын мамлекет болуп түптөлүшүнө Акаевдин салымы өтө эле чоң. Бирок, кийин балдарынын, аялынын тилинен чыга албай, орусча айтканда, "подкаблучник" болуп калды. Анан өзүнүн потенциалына жараша иш алпара албай калды. Экинчи жагы үчүнчү шайлоого барбай эле коюш керек болчу. Ошондо улуттун атасы болуп, тарыхта калып калат эле. Бакиев, тескерисинче, эч качан гезит да, китеп да окуган эмес. Жеңил жүрүп, көбүрөөк жалаң төштөй болуп бакылдап сүйлөп, интеллекти анчалык бийик болгон эмес. Бирок, куулугу бар болчу. Бакиевдин ордуна инилери, балдары башкарып калды. Ошол эле маалда Бакиевге келип:"Балдарыңызды тыйып, инилериңизди жөндөп койбойсузбу?" - деп айткам. Ошон үчүн жакпай калгам.
- Бакиев баш көтөргөн саясатчылардын көзүн тазалап койчу экен. Анан бетине айтып жаман көрүнүп, эмне үчүн аман калдыңыз. Же артыңызда чоң күчтөр барбы?
- Менин артымда эч кандай чоң күчтөр жок. Эл-менин күчүм. Эртең бир нерсе болуп кетсем, менин артыман козгойт деп элден корксо керек да. Бакиевдин былыктарын мурунтан эле билем. 24-март күнү түндөсү шайлаганда мен каршы болгон элем. Анан балдар Бакиевдер менен акылдашып, кеңешип чечели дешкен. Кол коюп бер, ушундан башка президенттикке татыктуусу жок экен деп атып макулдатышкан. Сизге берген интервьюда так айта албайм. Бирок, менин көзүмдү тазалатуу планында ошондой жаман иштер болгон болуш керек. Мүмкүн, мага анчалык баа берген эмес. Бирок, мени катуу куугунтукка алган. Балдарымды окуусунан айдашкан, туугандарымдын баары жумушсуз калган. Өзүмө келип бетиме эле: "Эй, туура жолго түш, каалаган жумушуңду алып иште, же көзүңдү тазалайбыз!"-деген. Бирок мен интуицияга кулак салам. Акылга өзүм деле таң калам. Мага көп жумуштарды берем деген. Кулов премьер болуп турганда 3 жолу ортомчу болуп, келиңиз деп чыккан. Башта 11 иш ордун тандап алыңыз деген. Бакиев өзү мага Кыргыз ГАЗды алыңыз деп сунуш кылды. Кыргыз ГАЗды алсаңыз, акча көп деген. Ошондо мен акча уурдабайм дагы, сизге да ташыбайм дегем. ОАО ГЭСти, министрликти сунуш кылышкан. "Мен силер менен иштеп, силердин караңарды жугузгум келбейт, силердин перспективаңар жок, тарыхта жаманатты болуп каласыңар", - деп макул болгон эмесмин.
- Сиз депутат болуп келериңиз менен эле эки кызыңызды жана күйөө балаңызды майлуу-сүттүү жерге жайгаштырыпсыз?
- Бул сөздү да биринчи Куловдон уккам. Бирөөң үй алыпсың, бирөөң тигинтипсиң деп. Менин кызым кыска долбоордо эле иштеп аткан. Азыр декретке чыгып атат. Бир кызым Омбудсменден кетип атат. Балам ишсиз калды. Төрт кыз, бир балам бар. Кыздарымдын төртөө тең турмушка чыккан. Алты неберем бар, кудай буюрса, октябрь, ноябрда сегиз небере менен чыгабыз. Улуу кызым бир долбоордо иштейт. Андан кийинкиси Омбудсменде иштечү, "сенин атаң мени колдобой койду" деп, Турсунбек Акун иштен алып салыптыр. Андан кийинкиси доктор. Кардиологияда иштейт. Кичүү кызым окуп жүргөн маалдан баштап Мегакомдо оператор, супервайзер болуп жүрүп,азыр жакшы эле жардам берет. Балам финполицияда иштечү. Жакында жумушчуларды кыскартуу болуп, иши жок калды.
- "Ата Мекенчилер" менен жакшы болуп жүрүп эле, "Ар-намыска" эмнеге өтүп кеттиңиз?
- "Ата Мекенчилер" менен азыр деле жакшымын. Бул партияда жыйырма жылдан бери саясатта жүргөн жаш жигиттер бар. Бирок, бир жерде жетекчини көп отургузган туура эмес экен. Текебаев баарын өзү чечип калган. Балдар деле буга көп нааразы. Келбейсизби, лидерди алмаштырбайлыбы деп мага киришкен. Анткени, Текебаев бирөө жамандык кылган болсо, андан сөзсүз түрдө өч алат. Ал жагынан өтө начар жигит. Текебаевдер деле партия лидеринин орунбасары болуңуз деп чакырышкан. Мен партияга кирбейм, себеби, бир кишинин партиясы, бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөсө, мен аны колдобой калышым мүмкүн дегем. Кулов да биз менен барыңыз деди. Менин акчам жок десем, акча сурабайбыз деди. Бакиев баш көтөртпөй турган маалда эле 30 миң добуш алып бергем. Бирок мен "Ар-намыска" ошондо эле кирген эмесмин. Мен эркин ой жүгүрткөндү жакшы көрөм деп, партияга мүчө болгон эмесмин. Бул жолу да партияга кирбейм деп баргам. Бирок, шайлоо баштала электе штаб түзүлүп, Жапаровдор, бир топ балдар келишип, партиянын атынан аябай иштеп, туура эмес баштаганда партияга киргем.
- "Ар-намысчылар" сизди Ошто салмагы жогору, көп добуш топтойт деп алышыптыр го?
- Ооба, негизинен мен муну ачык эле айтсам болот. Бул мактанганга кирбейт. Себеби, мен иштеген жерлерде протоколдор бар. Ош, Жалал-Абадда мени менен иштеген балдар 100 миңге жакын добуш алып беришти. Биз болбогондо "Ар-намыс" өтпөйт эле. Эми азыр Кулов сени мен алып келгем деп атпайбы. А негизинен Куловду мен алып келгем.
- Өзбектер сиз колдогон кишиге добуш берет деген сөз чынбы? "Ар-намыска" да сиз үчүн добуш беришкенби?
- Менин колдоочуларым толтура. Бирок, мен бул жерде бир нерсени ар дайым айтып келем, Куловду колдойт дегенге 20 жылдан бери каршы болуп келем. Мен эч качан өзбектердин лидеримин деп айтып, талашкан да эмесмин. Азыр да ошентип айтып атам. Эч ким улуттун атынан сүйлөй турганга укугу жок.
- Учурда сизди Суваналиев менен кызматташып атат деп уктук. Президенттик шайлоодо аны колдойсузбу?
- Суваналиевди мен абдан сыйлайм. Учурда саясатчылардын ичинен жигиттик сөзүнө тура турган, эркекчилиги бар, туруктуу жигит. Мен аны колдойм деп сүйлөшкөн эмесмин. Бүгүнкү күндө чоң мүмкүнчүлүк Атамбаевде болуп турат. Мен негизинен саясат кылууга укугум жок. Суваналиевдин мүмкүнчүлүгү азыраак.
- Кулов менен болгон тирешиңер эмнеден улам башталды эле? "Кулов бир-эки адамдын гана кызыкчылыгын коргоп-колдоп атат",-дегенсиз. Кимдерди колдоп атат?
- Жапаровго көз каранды болуп калды. Бу киши негизинен парламентке келгенден бери өзү эч нерсе чечпей, баарын Жапаров чечип калды. Жапаров Куловду кандай өзүнө көз каранды кылып алганы белгисиз. Себеби, Жапаров жокто фракция чогулуп бир нерсени чечсек, Кулов макул болуп кетет да, эртең мененкиге чейин чечими өзгөрүп калат. Эмне болду десең, Жапаров өзгөрттү дейт. Депутаттар Куловго жини келип чыгып кетти деп айтып атышпайбы. Андай эмес. Биз топ түзүп атабыз деп айтканбыз. Топтун негизги максаты Жапаровдун диктатынан кутулуш үчүн, ага каршы чыгыш болчу. Биздин сөзүбүздү укканды унутуп калдыңыз деп бетине айтып, Жапаровдун интригаларына каршы чыкканбыз. Фракциянын атынан каалаган жерге каалаган адамдарды дайындап, сот тандоо кеңешин деле Кулов отуруп алып чечип атпайбы.
- 2010-жылдын 2-декабрында болгон жыйында Текебаевдин порновидеосундагыны Текебаев "мен эмес эле сиз болчусуз" деп айтып чыкты.
- Мен ал жерден: "Мен түштүктөн келдим, Кадыровдорго "крыша" болуптурсуз. Ошол балдарды өзүңүздүн саясий максатыңызды ишке ашырыш үчүн пайдаланыптырсыз. Эл ушинтип айтып атат, буга эмне деп жооп бересиз?" - дедим. "Телевизордон көрсөткөн порнофильмиңиз жөнүндө эмне деп айтасыз?" - десем, Текебаев трибунадан туруп: "Мен эмес, ал сизсиз", - деди. Анан мен туруп: "Өмүрбек Чиркешович, менде ал запись бар, эртең ушул жерге алып келейин, депутаттар көрүп айтсын",- дедим. Өзү жасаган ишти мага оодарып атканын карабайсызбы эми. Ар ким пейилине жараша алат. Кудай көрүп турат. Кыңыр иш кырк жылда чыгат дейт. Ойнош менен жүргөндөр бар, эки-үч аял алгандар бар. Бирок, Текебаевдикиндей "извращенный" форма эмес. Психикасы жагынан "отклонениеси" бар болуш керек деп ойлойм. Текебаевди "извращенец" дейм.
- Сизди "өзүнүн позициясы жок, оомо депутат, бийлик кимге ооп баратса, ошол тарапка өтө берет" деген пикирлерге эмне деген комментарий берет элеңиз?
- 1999-жылы мен чыр чыгарып казинолорду жаптырдым. 100 миң доллар алып келип казиночулар депутаттарга таратып атканда, мен аны угуп калып, залда корреспонденттер толуп турганда: "Мен билем. Казиночулар 100 миң доллар алып келди. Эгер кимиңер каршы добуш берсеңер, акча алган депутаттардын фамилиясын гезитке чыгаргыла, журналисттер",-деп добушка койдургам. Депутаттардын 100 пайызы казинону жапканга макул болуп, казино жабылып калган. Бир -эки айдан кийин Акаевдин жардамчысы телефон чалып: "Эртең менен аэропортко келиңиз, Индияга барып келели",- деди. Бардым. Индияда үч күн унчукпайт. (Ал киши аябай куу болчу) Үчүнчү күнү элчиликте фуршетте сок ичип атканда Акаев мени карап басып калды. "Ушу казинону ачып коёлу, чет өлкөдөн келген байлар акчасын таштап кетсин",- деди. Элдин көзүнчө президент сурап атса, ким жок дей алат? Анан "Аскар Акаевич, ушул татаал маселени барганда сүйлөшпөйлүбү, менин да ойлорум бар"- десем, шарт бурулуп кетип калды. Кийинки шайлоодо менин миңге жакын добушумду чыгарып, өткөрбөй коюшту. Бул киши ошентип өч алган экен. Биринчи эле иши казинолорду ачты. Көрсө, айына 200 миң доллар алчу экен. Мен алардын акча табуу булагын жок кылып койгон экем.
- 2010-жылдын 25-ноябрында "Асман-пресс" гезитинде "Неудобный собол" аттуу рубрика жарык көрүп, анда төмөнкүдөй суроо болгон. "Роза Исаковна, Анвар Артыков менен болгон никеңизди мурунку муфтий Мураталы ажы Жуманов кыйган дешет. Анан эле ал табышмактуу өлүмгө туш болуптур". Буга өзүңүздүн пикириңизди билдире кетсеңиз?
- Бул 100 пайыз ушак, ойлоп табылган нерсе. Мунун чыгарган авторлору ким экенин билем, "досторум". Ушактар чыккандан кийин мен ал кишиге барбай койдум. Кирип-чыгып жүрөт деген сөз болбосун дедим. Экинчиден, 20 жылдын тегерегинде достук мамилебиз болгон. Башка жаман ойго деле келген эмесмин. Саясатта санаалаш болуп жүргөнбүз.
Төлөбүбү
Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??