Сыйлык-сыймык

Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгында Сыймык Бейшекеев КРнын эмгек сиңирген артисти наамына ээ болуп, кубанычы койнуна батпай турган учуру. Сахнага келгенине бир топ убакыт болуп, олуттуу ырларды элге тартуулап келет. Сыймык Бейшекеевдин ырларын жаш-кары дебей баары сүйүп угуп, элдин жүрөгүнө жеткире аткарган ырчы катары белгилүү.

"Эгерде пара бере турган болсом, мурда эле алмакмын"
- Сыймык байке, саламатсызбы, наамыңыз кут болсун! Наамды кандайча алып калдыңыз? Күттүңүз беле же күтүүсүздөн берилдиби?
- Жасаган иштериңдин акыбетин сөзсүз түрдө күтөсүң. Бирок ал күнү берилиши мен үчүн күтүүсүздөн болду. Ал күнү стадиондогу концертке катышып чыксам, уюлдук телефонумдун батарейкасы олтуруп калган экен. Машинеме түшүп, телефонумду күйгүзсөм, көптөгөн чалуулар болгонун билдирген СМСтер келип түштү. Алардын арасында Ибрагим Жунусовдун да "Наамың кут болсун!"-деген СМС билдирүүсү жүрүптүр. Ал убакта түнкү саат 23:30 болуп калган, наам берилет деп күткөн эмесмин. Мен үчүн чоң кубаныч тартуулаган күн болду, себеби, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы, аны менен катар, Манас атабыздын, Чыңгыз агабыздын эстелиги ачылган тарыхый күнү берилгени эки эсе сыймык болду десем болот.
- Наамды пара бермейинче алганга мүмкүн эмес деп айтышат го, сизде бул жагы кандай болду?
- Кудай сактасын, пара бергенден. Эгерде пара бере турган болсом, мурда эле алмакмын. Мындан 6-7 жыл мурун сунуш түшкөн, суммасы "1000 АКШ долларына жакын, 300 доллар алдын ала бересиң" деп. Бирок мен аны каалаган эмесмин, пара берип, тааныш салып алгым келбейт. Жасалма наам алсаң, аны менен сыймыктанып айта албайсың. Себеби, күйөрмандар кайсы ырың үчүн, кайсыл эмгегиң үчүн деп сурашса, ошондон өткөн уят жок болуш керек да. Азыр чет жерде жүргөн күйөрмандардан баштап куттуктагандардын саны арбын. Мактанып коёюн, телефонумдун батареясы бир саатка да жетпей жатат. Бул наамдан да эки эсе кубаныч. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин таң эрте куттуктаганы чыгармачылыгыма чоң шык берди.


- Сыймык Бейшекеевге КРнын эмгек сиңирген наамы берилишине көз карашыңыз кандай?
Турдубек Чокиев, КРнын композиторлор союзунун төрагасы:
"Сыймыктын алганына таң калбайм"
Туура эле берилди го? Негизи, мен ага берилишине каршы деле эмесмин, бирок бир гана нерсеге каршымын. Кийинки убактарда наамдар эстрада деген, жеңил-желпи жактарга көп берилип жатат. Опера, балет, театрдагы чыныгы профессионалдар четте калып жатат да. Сыймыктын алганына таң калбайм, себеби, андан да төмөнкүлөр алып кетип жатышат. Сыймыктын сахнада жүргөнүнө 20 жылдай болуп калды, эмгек сиңирип калды элге.
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Көп жылдан бери иштеп келе жатат"
Куттуктайм, татыктуу инсан. Сыймык көп жылдан бери иштеп келе жатат, анын чыгармалары элге сиңген. Анан, албетте, ошондой кишиге берилет да.
Майрамбек Осмонов, ырчы:
"Анын ырлары бүтүн Кыргызстанга жайылган"
Туура алды. Кээ бир ырчылар бар, же бир кылган эмгеги, же жакшыраак ырдаган ыры жок, сыйлыкка татыктуу эмес убагында алып жатышпайбы? Аларга караганда Сыймык, албетте, татыктуу, анын ырлары бүтүн Кыргызстанга жайылган, жараткан ырларынын баары жакшы. Тарбиялык мааниси бар, мекенчилдикке чакыра турган жакшы чыгармалары бар. Чыгармачыл адам катары анын чыгармаларын, адамгерчилигин баалайм. Гезит аркылуу Сыймыкты сыйлыгы менен куттуктайм.
Каныкей Эралиева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
"Өзүнүн эмгеги, маңдай тери менен алды"
Берилиптирби? Аа болсун, жакшы болуптур, куттуктайм! Ал бала канчадан бери иштеп келе жатат, өзүнүн эмгеги, маңдай тери менен алды, кубанычтамын. Сыймык көп кырдуу талант, анын чыгармачылыгына ийгилик каалайм жана эң туура деп эсептейм.
Гүлнара Кахарова, ырчы:
"Өз убагында алды, чындап эмгеги сиңген"
Менин көз карашым аябагандай жакшы. Эми кечиккендер кечиктик да, мен деле 22 жылдан бери жүрөм, иштеп. Бирок бирөө менен эсептешкен болбойт. Сыймыктын деле кандай сонун ырлары бар, анын ырларын жалпы кыргыз эли ырдап жүрбөйбү. Ал эми алганына, чындыгында, кубандым, өз убагында алды, чындап эмгеги сиңген. Негизи, наамды эрте эле берип койсо аябай, өзү деле бир барак эле кагаз экен.





"Элдин эсинен күлүп турган элеси кетпейт…"
Арман, арман…Көкүрөк толо арман. Искусстводо адам баласын ойлонтуп, ойго салып ыйлатуу оңой, бирок күлдүрүп ойго салуу кыйын нерсе. Так ошол татаал түрүн тандап алган Манас Бердибеков өзүнүн стилин, тилин аткаруу чеберчилигин таап алган мыкты куудулдардан болчу. Ал өзүнүн аз жана саз өмүрүндө ар бир адамды бүгүнкү күнгө чейин жылмаюуга дуушар кылган элестери менен из калтырып кетти…


Куудул
Рахман Разыков:
- 9-10-сентябрда белгилүү куудул, маркум Манас Бердибековдун 55 жылдык юбилейине карата республикалык деңгээлде "Куудулдар фестивалы-2011" куудулдар сынагы Жалал-Абад стадионунда өтөт.
Байге фонду 500 000 сом өлчөмдө болот.
Гран-при-автомобиль
1-орун - 60 000
2-орун - 40 000
3-орун-30 000
4-орун-20 000
5 конкурсантка атайын сыйлыктар ыйгарылат.
- Буга чейинки фестивалдардан өзгөчөлүгү?
- Биринчи жолу куудулдар өздөрү калыстар тобунда отурат. Анткени, ошол куудул кесиптешинин сатиранын майын чыгара аткарышын ийне-жибине чейин анализдеп түшүнө билет. Себеби, "куудулдук ашкана" куудулга гана маалым. Бир жолу мен кайырчы тууралуу сатира жазып, ал образды Тынар аткарды. Калыстар тобунда отурган аттуу-баштуу таанымал акын: "Кантип эле кайырчыга доллар берсин, акылга сыйбаган сатира экен"-деп сынаса, Тынар: "Мага айтасызбы, Рахман аке жазган, ошого айтыңыз",-деген. Анын сыңарындай куудулду куудул гана түшүнөт деген принципке токтолуп, калыстар тобунун курамында Жаныбек Алыкулов, Күмөндөр Абылов, Жамбыл Камчиев, Абдылда Иманкулов бар.
- Бул маданий иш-чара кимдердин демилгеси менен уюшулду?
- Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы, Жалал-Абад шаардык мэриясы, Базар-Коргон райондук администрациясы, "Ар бир айдын алтысы" долбоору, "Бешилик" куудулдар театры биргеликте иш алып баруудабыз.


Куудул Абдылда Иманкулов: "Манас Бердибековду эскерүү идеясы бир адамга гана таандык эмес"
- "Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" дегендей, улуу инсандарды эскерип туруу биздин милдет. Бул идея бир адамга гана таандык дегенден алысмын. Негизи, биз өзүбүздү өзүбүз ойлобосок, башкалар ойлогусу да келбейт экен. Айрыкча, мамлекет куйкум сөздүү куудулдарга такыр көңүл бурбаганына эл күбө. Себеби, биз ачуу чындыкты чыркырап сүйлөп, тагдырдын өгөй балдарындайбыз. Манас менен чогуу аткарган сатираларды кайрадан элге тартуулайбыз. Көрүүчүлөрдү ошол маалдагы убакытка жетелеп алып барабыз. Чындыгында, чыныгы куудул ооз ача электе эле эл жабыла күлөт эмеспи. Манас так ошондой куудул болчу. Элдин эсинде күлүп турган элеси кетпейт.


Санжар Бердибеков:
"Атадан уул туулса-ийги, атанын жолун жолдосо-ийги" дешет, сиз атаңыздын жолун жолдоп кандай ийгиликтерге жеттиңиз?
- Мен атам Манас Бердибековдун артынан элге таанылдым. Атамдын өчпөс куудулдук өнөрү азыркыга чейин эл оозунда. "Жалпак жөжө" сатирасын лакап кылып айтып жүргөндөр канча? Ар бир сатирасы өзгөлөрдөн өзгөчө эле. Себеби, атам турмуштагы окуяларды реалдуу чагылдырып берчү. Жакында боло турган фестивалда да атамдын сатираларына суусаган эл кайрадан күбө болушат.