п»ї

Бажалардын сырлары
таң атканда билинет

1
. Күйөө бала болоюн бажырайып дегендей, кайнатаңыздын күйөө баласы тууралуу кеп салсаңыз?
2
. Бажа бажаны көргөндө баш кычышабы?
3
. Бажалар бара-бара окшошуп калышат дейт?


Режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун бажасы Ашымов Жакшылык:
1
. Мен Эрнест бажамды бир тууганымдай көрүп, "бажуха" деп эркелетип коём. Себеби, 87-жылдан бери жакын бажаларданбыз. Ал убакта Эрнест Сары-Жазда мугалим болуп иштечү. Балдызым Нургүл экөө очор-бачар болуп, балалуу болгондон соң, кайнежесине үйлөндүм. Тоң районунун Төрт-Күл айылынан болом да. Келинчегим менен сүйлөшүп үйлөнсөк деле, алыс жерге чыкты дегендиктенби, айтор, Нургүл жеңелери менен чогуу эжесин кууп барышкан.
2
. Мен ичкилик ичпей калганыма көп болду. 98-жылдары "Бажа" деген арак чыккан. Мен ичпесем да Эрнест ичсин деп ага атайын алыстан ат арытып алып барсам, бажам дагы ичпей койду. Эң кичине балдызыбызды турмушка узатканда болочок бажабыз менен ичебиз деп катып койдук. Бажалуу болгонубузга бир жылдын жүзү болду. Эми үч бажа чогуу отуруп, союзмультфильмдегидей "Шайыр каздарга" окшоп, бир ичип чер жазалы деп турабыз.
3
. Илгертеден муздар эрип калган кезди сорпо маалы деп атап келишет. Мен тобокелге салып, ашууну ашып өттүм. Сени кудай сактаптыр, деп таңдангандар мындан көп. Көрсө муз эрип,тайгалансам учуп өлмөкмүн да. Эрнест бажам негизи алыскы жолдо өзү машина айдаганды жактырат. Ошол маалда жалгыздыкка чөмүлүп, чыгармачылыкка ой-толгоо болушу абзел. Мен да бажамдан үйрөнүп алып, азыр жалгыз узак жолго сапар тартчу болдум. Бажам экөөбүздүн чачтарыбыздын тармалдыгы окшош. Ал дагы мага окшоп ачык-айрым, ошол эле маалда сөздү багып сүйлөгөн чечендигибизди айтпа.





Ырчы Алтынбек Алымовдун бажасы Кыдыраев Миршан:
1
. Балдызым менен таанышып сүйлөшүп жүргөн убагы. Мен Алтынбекти досумдун үйлөнүү тоюна чакырып калдым. Алтынбек "Ак кушумду" созолонто ырдап жатат. Келинчегим экөөбүз жай бийде бийлеп жатып, үчөөбүздү чогуу сүрөткө тартып коюшуптур. Тагдыр буйруп, менин бажам болуп отурат. Келинчегим Назгүл балдарыма "Ак кушумду" ырдап берип уктатчу болду. Алтынбек Алымов эң кичүү бажам болот. Момураган ак көңүл,өтө токтоо балдызым Мээримдин жолдошу болот.
2
. Бажа бажаны көргөндө башы кычышат деген макалдын бажам Алтынбекке тиешеси жок. Себеби, ичимдикти такыр жолотпойт. Менин дагы бир бажам той-топурда ичимдик ичпесе да, ичкен адамдай жакшы отурат. Элди шаңга бөлөп, анекдотторду айтып берип, ырдап-бийлеп отурат.Намаз окуган адамга ичимдикти дасторконого коюу деле туура эмес да. Азыр ырчынын көпчүлүгү ичмек түгүл, "дүңк" ургандар канча?
3
. Эми алар башка чөйрө, менин чөйрөм башка дегендей. Балдызыма үйлөнгөнүнө саналуу гана жылдар болгондуктанбы, азыр окшоштук жактарын баамдай элекмин. Алтынбек балдызым Мээримге окшогон жоош киши. Ал эми мен, тескерисинче, шайыр мүнөздүүмүн.


Ди-джей Замир Казакбаевдин бажасы Төлөнбеков Амантур:
1
. Замир Казакбаевди ди-джей катары баары тааныйт. Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши демекчи, мен Замир Казакбаевдин бажасы болгонума сыймыктанам. Себеби, бажам абдан мыкты жигит. Жашым кичүү болсо да, биз алардан келинчегим экөөбүз биринчи баш кошконбуз. Конокко барганда мени төргө өт, кантсе да жолуң улуу эмеспи деп калат. Бажам Замир конокторду тейлеп отурса, мен сыртта кой союп, самоор кайнатып кызматтамын.
2
. Бажа бажаны көргөндө…мм…негизи туура бул макал. Албетте, тойлордо отурганда аз-аздан алып коюп отурабыз. Бажам экөөбүз жакын кошуна да болобуз. Бирок мамилебиз сый, саламыбыз түз. Даталуу күндөрдө үй-бүлөбүз менен жолугушпасак, мындай күндөрү өзүбүз менен өзүбүзбүз.
3
. Алгач бажа болгондо иштеген жерин көргүм келип, "Миң кыял" радиосуна барып калдым. Угармандарын сыйлап, сөздү таптап сүйлөгөнүн, өз кесибинин чебери экенин баса белгилеп айткым келет. Башка ди-джейлерден айырмаланып, үнүндөгү өзгөчөлүктү бир эле мен эмес, бөтөндөр да байкагандыр. Экөөбүздүн окшоштук жактарыбыз жок. Замир бажам ар бир күндү күлкүгө бөлөп, шатыра-шатман жүрсө, мен токтоо мүнөзмүн.


Ырчы Аскат Мусабековдун бажасы Масалбеков Каныбек:
1
. Аскат кайын-журтка мыкты күйөө бала болду. Аскаттын мүнөзүнөн жөнөкөйлүгүн жана кайрымдуулугун баалайм. Дайыма улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган жигит. Бажам атактуу ырчы болсо дагы, той-лордо конокторго ырдагандан сырткары отун жарып, мени казан-очоктун жанына жолотпой кызмат кылат.
2
. Бажа бажаны көргөндө, башы кычышат деп коёт кыргызда, ошондой эле Аскат экөөбүз шарт болуп калганда жолугуп, сырадан ичип, балыктан жеп бири- бирибиз менен кеңешип, келечек тууралуу сүйлөшөбуз. Бирок баштарыбыз дайыма кычышпайт экен, көбүнчө эле бала-чакабыз менен үйдө жолугушуп турабыз, бири-бирибизге жардамыбызды эч аябайбыз.
3
.Экөөбүздүн окшоштук жактарыбыз көп эле. Аңчылыкка чыккандын эң эле кызыктуусу деп, эки күн катары мергенчиликте жүргөнүбүз деп эсептейм.Тамашакөй, таш жаңырта каткырык салып күлгөн жагыбыз окшош. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, Аскаттын бир абдан пайдалуу өнөрү бар, бул койду союп, устукандап, анан өз иретинде конокторго тартуулаганы. Себеби, азыркы көп эле жаштар кой сойгонду эмес, устукандардын аталышын билишпейт.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??