п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сырдуу дүйнө

Өч алам деп дубалаткан Айжаркын
Пенде кылып жаратып койгондон кийин, ар адам өз бактысы үчүн баарына даяр болот экен да. Бул жалганда эмне иш кылсак да, акыретте жооп беребиз. Бирок аны унутуп, ар кандай бакшыларга барып, сураган акчасын берип, өзүнчө эле кудай кылып алган, адашкан пенделерибиздин бири Айжаркын.


Мектепте окуп жүргөндө Азамат деген бала менен сүйлөшчүмүн, -деп баштады маегин каарманыбыз Айжаркын.Бир күнү ашканада тамактанып жатып, майдын жытына жүрөгүм айланып окшуп жибердим. Өзүмдүн кош бойлуу болуп калганымды сезип, гинекологго кайрылдым. Барсам боюмда төрт жумалык бала бар экенин айтты. Ушунчалык сүйүнүп, Азаматка телефон чалып сүйүнчүлөдүм. Бирок кубангандын ордуна мени болушунча сөгүп: "Менин балам эмес, кайдан билем атасы экенимди, билгениңди кыл"- деп, телефонду өчүрүп салды. Мен үчүн бул аалам тардык кылып, эмне кыларымды билбей, ушул кең жерге батпай кеттим. Үйгө эмне деп айтам, баламды кантип кучактап барам, мындай кылыгымдан кийин ата-энем маңдайыман сылап тосуп албасын билип эле турдум. Канча жылдан бери балапандай бөпөлөп жүргөн Азаматка болгон таза, аруу махабатым бир күн ичинде жек көрүүгө айланып, ушунчалык жаман көрүп калам деп ойлогон эмесмин. Азаматка болгон жек көрүү сезимим мени көпкө ойлондурган жок. Балким, табиятыман кекчилминби, же алоолонгон таза махабатымды тебелеп, тепсендиге алган үчүнбү билбейм, көпкө ойлонбой туруп боюмдагы баланы алдырып салдым. Жөн эле тебеленип калгым келген жок, баары бир өч алам деп кек сактап калдым. Курбу кыздарыман көзү ачыктар жөнүндө угуп эле жүрчүмүн. Эмнегедир ошолорго барып Азаматты окутуп салып, артыман ээрчип жалдырап калышын кааладым. Сураштырып отуруп шаарда бир бакшы бар экенин билип, аябай кыйын, укмуш дегенинен үйүнүн дарегин алып даярданып жөнөп калдым. Барып арыз-арманымды айтып жардам сурасам, жардам берем, эки жуманын ичинде ошол жигитиңди бут алдыңа чөгөлөтөм деди. Эмне кылышым керек деген суроомо бүркүттүн өтүн же болбосо ак куунун жүрөгүн алып келесиң, ошого окуп берем, ага чейин мына мобу канаттарды күнүгө жатар алдында бирден күйгүзүп, жигитиңдин атын атап чакыра бер деди. Башым маң болуп "ал өттү, жүрөктү кайдан табам?" десем, Ош базарында сатат, 7-8 миң сом дейт, эгер кааласаң менде бар. Мага алып келип беришет, мен арзаныраак берем 4800 сомго дегенинен сүйүнүп кетип макул болдум. Эмне үчүн бүркүттүн өтүнө окутасыз? десем, "Сен анын алдында алсыз болбой, бүркүттөй күчтүү болуп турсаң, жигитиң коёндой эле болуп калат, сенден коркуп, оозуңдан чыккан сөзүңдү аткарууга макул болуп, жаныңдан чыкпай калат",- деп түшүндүрдү. Баш-аягы канча акча болот десем, дем салганыма, окуганыма акча албайм, 4800 сом берсең жетет деди. Ошентип куру аякка бата жүрбөйт деп, 5000 сом берип жөнөп кеттим. Үч күндөн кийин келип алып кетесиң дегенинен, үч күндү өткөрүп бардым. Чүпүрөктү алып чыгып, бир кесим кан аралашкан этти ороп тигип берип, муну эми жашаган үйүңдүн бир бурчуна көмүп кой да, тиги канаттарды күнүгө бирден күйгүзүп чакыра берсең, эки жуманын ичинде келет деп айтты. Ошо менен бакшы айткандай эле эки жумага жетпей үйдө отурсам келип кечирим сурап кайра баарын баштоону сунуштады. Ал тургай сага үйлөнөм деп колумду сураганынан баш тартып койдум. Жүрөгүм ушунчалык муздап калган экен, такыр сүйлөшкүм келген жок. Арадан бир жыл өттү, азыр деле сүйөрүн айтып, жалдырап ыйлап көзүмдүн кареги менен тең айланып жүрөт. Бирок ошол кылган аракетинен эч кандай пайда таппасын билбейт, себеби, менин ага болгон таза сезимим кирдеп калган. Жөн эле өч алгым келген жана ошол максатыма жеттим десем жаңылышпайм,-деп сөзүн аяктады.




  Көзү ачыктар

Төлөбай ата төлгөсүн тартпай…
Айжаркындын башынан өткөн шумдуктуу окуяны угуп, таң калганымдан, ошол жана башка бакшыларга барып сурап билгим келди. Алгач сапарымда Айжаркынга эки жума ичинде таштап кеткен жигитин кайрып берген Төлөбай атага барууну эп көрдүм. Борбор калаабыздын жаңы конуштарынын биринде жашаган Төлөбай атанын алгач үйүнө барганымда киши көп болгонунан кире албай кайра кетүүгө туура келди. Эртеси күнү барып, жигити таштап кеткен кыздай болуп төлгө тарттырып, жигитимди окутуп алгым келип жатканын айтсам, Төлөбай ата макул болбой койду: "Бирөөнүн башын айландыруу оңой дейсиңби? Сен ошол адам менен түбөлүк болгуң келгенине ишенесиңби? Сен баары бир ал адамды таштап кетесиң" -деп, жарым метрдей болгон теспесин алып үнүн чыгарбай бир сөздөрдү окуп туруп, оомийин деп бата кылып койду.


Кулпуга дуба окуп берем деген Бүбү эже
Андан кийин Арча-Бешик жаңы конушунда жашаган Бүбү аттуу бакшыга сапарымды уладым. Алгач үйдүн босогосун аттаганымда, ак жоолук салынган аял төрдөн орун көрсөтүп, эмне максат менен келгенимди сурап, кайсы жактын кызы болорумдун баарын тактап алып, андан кийин таштарын аралаштырып төлгө тартып кирди. Жигитимди кайрып бере аласызбы деген суроомо, кудайдын кудурети менен кайтарабыз деп жооп берди. Кудай буйруса, жигитиң жаныңда болот, ал үчүн биринчи өзүң тазаланышың керек экен, сенде чоң дуба бар, сени бир аял окутуп салыптыр, жигитиңди да окутуп салган. Антпесе ал сен деп эле турат, сени эле жакшы көрөт, болгону ошол дуба сага жибербей жатат. Ошолорду жандырып бере аласызбы, канча болот десем, жандырабыз, бир жума мага келип дем салдырып тур, андан кийин чай окуп берем, ошону үйдөн бир маал ичип турасың, чай түгөнгөндөн кийин кайра келсең, кулпуга жигитиң экөөңөрдү окуп берем. Мындайча айтканда, жигитиңди сенден такыр кетпей турган кылып кулпулап берем. Ошонун баары 7000 сом болот деди.


2500 сомго баш айланткан лөлүлөр
Анан Ош базарындагы лөлүлөргө барып көрүүнү чечтим. Барып орун алгандан кийин эле карталарын аралаштырып, бир картаны сууруп чыгып, акча кой деди. Акча алып чыгып бергенден кийин, төлгө салып жатып, "сенде чоң дуба бар, ошонун айынан жигитиң сени таштап кетти, жолуң да жабык экен" деди. Жигитимди кайтарып, ишим да жакшы болбой жатат, жолумду да ачып берсеңиз жакшы болот эле десем, "Макул, жолду 1000 сомго ачам, ал эми бирөөнүн башын айландыруу 2500 сом болот. Мага бир алма, кумшекер, бир чыныдай туз, өзүңдүн ич кийимиңди алып келип бересиң, ошолорго окуп берем. Окулган алманы үйүңдүн күн тийбеген жерине жип менен байлап кой, ич кийимди өзүң кийесиң, тузду тамакка кош, ал эми кумшекерди болсо жигитиңдин унаасынын алдына чачып сал, ал сөз жок буту тийип тебелегендей болсун. Анан көрөсүң, бир-эки жуманын ичинде келип калат, ишиң да жүрүшүп, жолуң ачылып бактылуу болосуң"-деп, адамдын үрөйүн учурган жосундарды жасап, бата кылып койду.




Абдышүкүр Нарматов:
"Куранды билсе, ал жол ачам деп отурбайт эле"

Дуба өзү диндеги эң негизги маселе, дайыма намаз окуганда дуба кылып жараткандан суранабыз. Ал эми көзү ачыктарга баруу жөнүндө алла айткан кимде ким көзү ачыктарга барса, айткандарына ишенбесе, анын кырк күнгө чейин кылган ибадаттары окуган намаздары кабыл болбойт, бирок барып көзү ачыктын айтканына ишенсе, ал адам динден чыккан, куранга ишенген пенде болбой калат. Көзү ачыктарды көрүп эле жатасың, алардын 90%ы бактысыз. Өздөрү бир ийгиликке жеткен эмес, өздөрүнүн колунан эч нерсе келбейт, эгер бирөөгө жолун ачып берсе, бирөөнү бактылуу кылса, биринчи өздөрү бактылуу болуп алмак. Бирөөнүн жумушун жүргүзүп берсе, ал эчак өзү "Дордойдон" же башка жерден бирдеме ачып, ижарага берип коюп жылуу-жумшак үйдө акчасын алып коюп отурмак. Бирок аларды көрүп жатасыңар, суукта, сызда, цементке отуруп алып, жанына Куран китепти коюп, мен кыйратам деп жаткандарын. Чынында, ал курандын бир да тамгасын билбейт, ал куранды жакшы көргөнүнөн эмес, келген кардарларды өзүнө тартуу максатында коюп алган. Теспенин кадыр-баркын, куранды да билбейт, ошол куранды билсе ал жол ачам деп отурбайт эле. Кудайга жалбарып, дуба кылып, башка жумуш аткармак. Ал жерде отуруп алып миңдеген калпты айтып элдин акчасын жебейт эле. Бир мындай окуя болгон, бир аялдын күйөөсү кетип, кайра келбей калат. Анан баягы аял молдого барып: "Менин күйөөмдү кайтарып бериңизчи?"- дейт. Анда молдо: "Мен аны кайтара албайм, ал өзүңдүн аракетиңден. Жакшылап тамагын жасап, жыпар жыт менен тосуп албай жаткан чыгарсың, жардам бере албайм",- деп кетирип жиберет. Баягы аял дагы келет: "Молдоке, жардам кылыңызчы, күйөөм алты ай болду жок, келбей жатат"- деп, ошентип кайра кайра келип тынчын ала бергенинен тажаган молдо кагазга бир-эки сүйлөм жазып тумар кылып берип коёт. Аял тумарды алып, сүйүнүп үйүнө кетет. Анан эле эки күн дегенде күйөөсү үйүнө кайтып келет. Баягы аял молдого бир коюн жетелеп алып барат. "Сизге рахмат, сиз берген тумардан кийин эле күйөөм бир күнгө жетпей келип калды. Бул тумардын сыры эмнеде?"- деп сурайт. Анан молдо өзү чийип берген тумарды алып, кагазды аялга сунат. Көрсө, ал чийилген кагазда "Сенин күйөөң келбесе, мен эми эмне кылайын?" деп жазылган экен. Бул тагдырдын тамашасыбы, же аялын сагынып келгенби, ким билет. Анан окутуп салыптыр, ал кайра кайтып келиптир деген жок, андайга ишенбегиле.

Алиса Сапарбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??