п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
- Ийи, он сегиз... Демек эми, белгилүү да... Ал жакка барат да, окуусун бүтүп-бүтпөй чет өлкөгө турмушка чыгып кетет. Окуусу үзгүлтүккө учурап калат. Андан кайра келет.
- Баягы Японияга кеткен аял экен деп жүрүшөт ко, ушулбу?
- Иэ, ушул...
- А кеткенде бирөө бир ыр чыгарып жатпады беле, ким эле?
- Аскар Исаев... анан, Москвада ошо кезде окуган студенттерден сурап калсаңыз алар айтып беришет: оо, ВГИКте ушундай бир шумдук раскованный кыз окуйт экен, анан андай-мындай деген кептер жүрчү дейт кыргыз студенттеринин арасында. Чет өлкөлүктөр менен,... оо, ушундай!, деген сөздөр болчу экен. Анан ошентип турмушка чыгып кетип калат өзү. Эми өтө деле сулуу эмес... Өңүн көргөнсүзбү?
- Жо-жоок...
- Кадимкидей эле, мындай жөнөкөй эле аял...
- Телевизордон көрсөткөн бир жолу, Чыкем экөө фонтандын жанында бир жолу сайрандап жүрүшкөнүн көрсөткөн кыргыз телевидениеси...
- Ошол анан, чет өлкөгө кетип калып, кайра келет экен... Баягы, жакпайт ко сыягы аяктын тартиби... Туура келген эмес ко... Эми бул жөнүндө шаарда аябай билген адамдар бар, алар бирок афишировать кылбайт, ич ара кыткылыкташып. Кыргыз интеллигенциясынын арасында өтө достоверный имиштер жүрөт, бирок алар кеңири калк арасына чыкпайт..
- Сиз айткан имиштердин жака-белин биз деле укканыбыз бар чет жакасын, интеллигенция болбосок да. Бирок окууга өтүп, анысын сегиз...
- Он сегиз!
- Он сегиз?!
- Иэ, 62-жылы окууга өтсө, демек 80- же 82-жылы окуусун бүткөн. Ал окууну бүткөнү, Чыңгыз агайга турмушка чыгып, жанагы балдары төрөлүп, ошол маалда бүткөн болушу керек...
- Биринчи кызы качан төрөлдү эле?
- Эсептеп көрөлү да, ал азыр он алты-он жетиге келип калды...
- Демек, сиз жанагы документтерди толтурганда эле Чыкем үйлөнүп алган болобу? Ошол болжолу канчанчы жылдар эле?
- Кана, мен Союзга 80-жылы келсем, Чыкем 84-жылдары келди го. Ага чейин алар жөнүндө эч кандай эч нерсени билчү эмеспиз. Мен а киши жумушка келип калгандан кийин гана жанагыдай нерселерин уга баштадым.
- Сиздин оюңузча, жанагы келин Чыкемин жолунда кандайча табылып калды экен?
- Чыке көбүнчө кино жакта иштеп жүрбөдүбү. Анан жанагы Япониядан келгенден кийин ага бир жумуш издешет. Анан жанагы, Дом кинодо машинистка болуп иштечү дейт. Же консультантпы, айтор. Жөнөкөй эле жүрчү экен. Анан эле турмушка чыккандан кийин боенуп-соенуп, көрктүү кийинип, өзүн көргөзүп, ушундай неме кыла баштады дейт. Анан она всячески старалась Керез эжени оттенить эткенге, аны кандайдыр бир игнорировать этип, демонстративно чыга баштады дейт...
- Анан ошончолук бийиктиктен туруп, Чыкемин көзүнө алиги машинистка кандайча илинип калды экен дейм да?
- Хм-м... Эми сиз өзүңүз эркек болгондон кийин түшүнөсүз да. Чыкем деле эркек эмеспи. Просто мужские инстинкты сыграли. Он, наверное, неоднократно бывал с женщинами, он такой видный... И в какой-то степени эгоистичный, он должен взять от жизни все сполна, ему все дозволено...
- И вы думаете, он снизошел до уровня обыкновенной машинистки?
- (Пауза) Жок, мынабу жерде "мен!" деген режиссерлор бар, ошолор айтып берет андайлардын кухнясын... Сиз андайларды биерге жазгандан уялат болушуңуз керек...
- Мени "Каттама" дейт, уялышым кыйын го...
- А-аа, ну хорошо, Шамшиевди билесиз да... Бирок азыр сизге айтып берээр бекен? Чындаса, алар а келинди физиологиясынан бери билишет, айтса ошолор айтып бериши мүмкүн. Сурап көрүңүз, что было, как было - билесиз. А потом после всех их она попадает в его руки. Анын уяты канча-аа, намысы канча-аа,.. и однако алардан төрөбөй эчтеке кылбастан, тиги кишиден төрөп туруп, перед фактом неме кылып, илинтип туруп басып кете берди... Бул эми в какой-то мере Чыңгыздын трагедиясы...
- Мен буларды териштирип жүргөнүм, жанагы бир байкебиз бар го, азыр аябай ыймандуу чыгып жатпайбы Жогорку Кеңештин трибунасынан, жанагы бир "жайдак эротика" деген терминди таап алып. Эми андай кишилердин кантип, эмне кылып жүргөнүн тегерегиндегилердин баары билет-көрөт, бирок аларың ага деле карабай өгүзчөсүнөн өкүрүп-бакырып "ыйман!" талашып жүрүшөт. Мына, жакында басмасөзгө чыкпадыбы "Балдар фондунан" алган карызын алигиче бербей жүрөт толук деп. Эми ушу, өз кызыкчылыгы үчүн деп балдардын чөнтөгүнө колун салса, бүткөн экен кыргыз интеллигенциясы! Мына ушул окшогон бетпактыктан арылып, картабызды ачык таштап үйрөнөлү деген эле максатым...
- Сиз билесизби, аябагандай эле кыйын теманы алып алыптырсыз. Бул сиз козгогон тема кандайдыр бир акыл-эске, ой-толгоого баш ийбей турган нерсе да. Муну кандайдыр бир психоаналитиктер, адамдын ички дүйнөсүн тереңирээк түшүнгөн философ-теоретиктер колго алса болмок. Психо-половая гигиена жөнүндө анализдерди жүргүзгөн не бир сексопатологдор бар, ошолор алпурушса болмок.
- Эми Кыргызстанда кыргыз насилинен бир гана кишини билем "Сексопатологмун" деп жүргөн, бирок аның басмасөзгө чыкпаса, алигиндей "жайдак эротиктер" коомубузду курулай дүрбөтүп бүтмөй болбодубу. Ал эми не бир Залкарыбыз "Төшөк-Тоодон" тоңкочук атып жатса, психоаналитиктерибизди "качан ойгонот?" деп күтүп жүрө берелиби? Балким, мен өзүм ушул жазгандарым менен алиги философ-теоретиктерди кыргыздын интеллигент-төшөк проблемасына көңүлүн бурууга түрткү берээрмин, ким билет. Кантсе да көпчүлүккө салып, коомубуздагы алигиндей эки жүздүүлөргө жетеленбей жашайлы дегеним да. Акты ак деп, бозаланы бозала деп жашаганыбыз дурус ко. Антпесе мейли, алиги депутат аке төшөккө жеткенде өзүн жоготуп койсун дейли, мине кылып жатканын билбей калсын, мейли. Бирок жанагы депутаттык трибунада аны дүүлүктүрүүчү эч нерсе жокпу, иэ?! Аерде возбуждающий эч нерсе жок болгондон кийин, кадыресе киши катары сүйлөсө жарашпайбы?! Акылдуусунбай эле, биздин элди жүргөн-турганга үйрөтпөй эле дегеним да. Мына сиз айтып жатасыз, психоаналитик, деп. Ошол акебиз жанагинтип трибунадан "агарып" жатканын уккан эл-журт анын айткандарын теңирден тескери түшүнбөйбү да, ошондой кабыл алып жатканын оратор өзү сезбейби? Эл дегениң айтып жаткан кишинин сөздөрүн анын кылган иштери менен айкалыштырып карайт да, айкалыштырып баалайт. Эл дегениң дипломдуу аналитиктерден да жаман күчтүү психоаналитик, билген кишиге.

(Уландысы кийинки санда)




Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Ийи, шуркуяңды жаман сөзгө ыраа көрбөй жатасыңбы? - деген Күмүшай Давлетке жетип, чачтан алаарда Жанболот аны колунан бекем кармап калды.
- Болду, жап оозуңду, ага тил тийгизбе, - деди да, эшикке сүйрөп чыгып кетти. Эмне деп сүйлөшкөндөрүн Давлет укпады. Ал күнү кетип калып, Жанболот эртеси келди. Аны көрөөрү менен Давлет мойнуна асылды:
- Келдиңби, эмне деп чечтиңер?
- Келдим, - деп улутуна кызды бооруна кысып, көзүнүн жашын үнсүз төгүп турду агайы. - Келдим, берекем, мени кечир…
- Эмне болду, биротоло кетесиңби?
- Ооба.
- Мен эмне кылам? - Давлет Жанболоттун төшүнө башын коюп, солкулдап ыйлап ийди. - Мен эмне кылам?
- Антпесем тажаал аял болбойт, арызданса ишимден кол жууп, сага да кесепетим тийет, ошондуктан экөөбүздүн сүйүүбүздүн данеги болгон ичиңдегини өзүмө бер!
- Эмне-е? - Давлет кетенчиктей берди. - Эмне дедиң?
- Ошондой, Күмүшайдын айтканы ушундай, төрөгөнчө уруксат берди, сенин колуңа калтырбай баланы алып кел дейт, анан сага үй алып бер деди.
- Ошончолук кеңчилик кылдыбы? - деди дендирей отуруп калган Давлет.
- Антпесем мени жумуштан чыгарат, сөгүш алам.
- Мен ойлонуп көрөйүн, - деди алсыз.
- Ошент, алтыным, мени ая, сен жашсың, сулуусуң, берекем, мага өмүр бою кыйын болоор, арга жок…
Давлет ары карап жатып калды, кыжаалат болуп ыйлай берди. Жанболот аны соорото албай далбас урат же жубатарга сөз таппайт. Ошондон он күндөн кийин Давлет кыз төрөдү, кызын көзү тойбой карап: "Жок дегенде бир эсте кала турган белгиси бар болду бекен, бербей коё албайм. Бага албагандан кийин бербей эмне кылам? - деп чечинтип алып, бүт денесин карап чыкты, болгону оң кулагынын арт жагында бармак басым калын көрүп, кубанып кетти. - Болду, мен сени ушунуңдан таап алам, аман бол, садагам, кокус кездешчү күн болсо көрүшөөрбүз", - деп көз жашын сыгып алды. Жети күн жаткандан кийин Жанболот аялы Күмүшай экөө келип, төрөтканадан чыгарып барып, бир бөлмө үйгө киргизди да, кызды алып кетишти. Буркурап боздогон кыз сүйүүсүнөн да, кан-жанынан бүткөн тун кызынан да ажырап кала берди. Ошондо бир бөлмөлүү үй беш миң рубль турчу. Ыйлап-сыктап жүрүп акыры баарына көндү, окуусу калды, эптеп үстүндө үйү бар үчүн ишке орношту. Кийин укса Жанболот үй-бүлөсү менен ошол эле жылы Фрунзеге көчүп кетиптир. Аны укканда дагы бир ыйлап басылды. Атасына барды эле ал күйөөгө берем деп чыкты, дагы таарынып кетип калды. Ошентип жети жыл бой жүрүп, Мараттын атасына жолуккан. Бакир абдан жоош-момун киши болчу. Андан беш балалуу болду, эң улуусу окуп-чокуп жүрүп, орус аял алып, шаарда жашап калды, андан кийинкиси дагы үй-бүлөлүү, эң кичүү эркеги Марат, андан улуусу дагы шаарда. Мараттан кийин Айжан төрөлдү…
Давлет ушунун баарын ойлонуп жатып, көз жашы куюла бергенин сезген эмес. эми гана сыйпалап көрсө жаздыгы суу болуп калыптыр. "Кызым быйыл отуз үчкө чыкты, мени билбейт байкушум. Канткенде издеп табам, бир көрөөр күнүм бар бекен, жашым элүүгө кирди, али кудай буйруса жашмын, балдарга ачык айтсам бекен? Жанболот ага эч нерсе айтпагандыр, мен жөнүндө кайдан айтсын", - деп ойлонуп алды. Күн чыга туруп, төрөтканага барып, Калысты чыгарып келишти. Кичинекей наристени ар кимиси ала коюп эркелетип жатышты. Бакыракай капкара көздөрүн көрүп, Давлет отуз үч жыл мурунку өзүнүн жаңылыштыгынан болгон окуяны, наристе кызын ойлоп кетти: "Жок дегенде атын билсем эмне, кандай кыз болду экен?" - деп алтымыш тамыры сыздап, жүрөгү зырп этип кетти.
- Ээ, апа, кызыңдын атын Мырзагүл койдуңарбы? - деди Марат күлүмсүрөй.
- Ооба, уулум, небере кызымдын атын Мырзагүл деп койдум, - деген эне мулуңдай наристени жыттады.
- Мага окшош бекен? - Айжан агасын карады.
- Сага окшобойт, кызым өзүмө гана окшошуп турат, сага окшошсо маңка болуп калбайбы? - деди атайын карындашынын жинине тийе.
- Апа-а, карачы балаңды, менин каерим маңка экен, - деп Айжан апасына арыздана кетти.
- Ботом, эми чоңойдуңар го, бириң жыйырмада, бириң жыйырма бешке чыктың, беш-алты жашар баладай чукулдаша бересиңер, - деп Давлет балдарына мээрим төгө карады.
- Кызың эсине кирбейби, күйөөгө тийгенде дагы арызданып сага келеби, апа?
- Ооба, келе берем апама.
- Келе бер, бирок мен барда келбе, күйөөңдү кошуп келсең киргизем.
- Күйөөгө тийбейм, - деп экөө дале чукулдашып, күлүп да калышты. Калыс бактылуу жылмайып отура берди. Давлет келинин ордунан жылдырбай карап жатты. Бир жума өткөндө Марат кайрадан окуусуна кетти. Ал дагы эле аялына өзүнчө, апасына бир башка кат жазат, Мырзагүл торолуп калса дагы келбей кечигип жатты. Анан эле бир күнү Дилмуратова Давлетке деген жазуусу бар кат келип калды. Ачып көрсө мындай деп жазылыптыр: "Саламатсызбы, Дилмуратова Давлет, сизди атыңыздан айтканым үчүн мени кечирип коюңуз. Анткени аныгын билбей туруп, "апа" деш мен үчүн оор болуп турат. Мен Жанболоттун кызымын, атым Мырзагүл, мени төрөөрүңүз менен атам алып кетиптир. Отуз жыл бою өз энем деп жүргөн аял өгөй энем экенин билгенимде кандай абалда калганымды айтпаңыз. Мен турмушка чыгып, үч балалуу болгонумда апам өлдү. Жакында атам өлөөр алдында мага укмуштуудай сыр айтты, төрөгөн апаң Күмүшай эмес, Давлеткан деди. Ошону далилдөө үчүн, мени бул жарык дүйнөгө алып келген аялды көрүү үчүн кат жазып отурам. Колуңузга кат тийсе кабар бериңиз, сизге жолугушум керек, - деп Жанболотова Мырзагүл". Бул катты окуган Давлеттин көзүнүн жашы жүзүнөн ылдый тоголонуп, колундагы кат жерге түшүп, себелеп турган жаанга суу болуп баратса да эсине эч нерсе келбей тура берди. Калыс терезеден көрүп, жүгүрүп чыкты, ал кайненесин үйгө алып кирди.
- Апа, сизге эмне болду, суу болуп кетипсиз, кудай ай, ооруп калбасаңыз болду, - деп сырткы суу болгон кийимдерин чечип жатканда гана Давлет эсин жыйып:
- Кат, кат кайда калды? - деди жан жагын каранып.
- Кандай кат, апа?
- Чөнтөгүмдү карачы.
- Жок го? - деди Калыс халаттын чөнтөгүн аңтарып карап.
- Эшикти кара.
- Азыр, - Калыс жүгүрүп чыгып, эмеле Давлет турган жерден суу болуп калган кагазды этияттап алды да үйгө кирди. - Суу болуп калыптыр.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??