п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-184-01. Бекзат, салам! Мен сенин смстериңди окуп, дос катары таанышкым келди. Таанышып алсак болобу? Нуриза
ОП-184-02. Акимов Авазга: Жылдыздуу, сүйкүмдүү келбетиң, кетпейт го чиркин элесиң. Мончок, мончок жаш агып,жүрөктө сүйүү так калды. Ай
ОП-184-03. "Обонтай", мен Марк Тишман жөнүндө аябай билгим келет. Мага анын ырдаганы жагат. Марк тууралуу кененирээк жазгылачы. Орозгүл
"Обондон" жооп: Ырчы жана композитор Марк Тишман 1979-жылы 22-августта Махачкала шаарында төрөлгөн. Марктын атасы кесиби боюнча инженер. Ал эми апасы болсо врач. Анын улуу байкеси да врач. Марктын үй-бүлөсү музыкага жакын эмес. Музыканттар да, актёрлор да туугандарынын арасынан байкалбайт. Бирок анын апасы кичине кезинде музыка менен алектенген. Ошондуктан Маркты музыкалык мектепке беришкен жана ал 13 жашында ийгиликтүү фортепьяно клссын аяктаган. Марк бала чагында эс алганды жакшы көрчү. Накта көчө баласы болгон. Бала чагында Марктын апасын мектепке тез-тез чакырып турган. Алар баласынын эки алып, бейбаш кылганына эмес, жөн эле Марк өтө чечкиндүү жана алы жок балдарга жардам берем деп тез эле урушка кирип кетчү, ошол себептен. Ошол эле убакта ал ар кандай чыгармаларды ырдаганды жакшы көрчү. Марк кадимкидей эле мектепте окуган, анча деле айырмаланган эмес. Бирок, дайыма "5" деген баа алчу, себеби, көркөм чыгармачылыкка катышкандыгы үчүн.
ОП-184-04. Канча жолу эшигиңдин жанынан өттүм тажабай, сен сезген жоксуң карабай. Жүрөгүм ыйлап жатты, түшүнбөдүң көздөрүңдү ала качып. Кайра, кайра өтөр элем эшигиңдин алдынан, сени карай умтулсам да сенсиз. (Т…..)
ОП-184-05. Көрүнүп ошол түнү ай шооласы нур чачты. Жүрөгүмдү жарык нуру кубантып турса дагы. Өз сүйүүмдү айта албадым. Тагдыр деген ушул тура өз сүйүүсүн таппаса. Кетип калдың жан дүйнөмдү тоңдуруп. 0773575ххх
ОП-184-06. Ак куусуң көл үстүндө калкыган махабатым.Ыр жазамын сага, жаным. Бирок, сени катуу сүйдүм эле. А бирок сен сезбедиң. Гүлүң
ОП-184-07. Жашаргандай арзуудан, жүрөгүм жаш алгандай. Армандуу өмүрдөн өтүп баратам, жетим калган жаш улактай. 0773575ххх
ОП-184-08. Жашоо татаал, жашоо жалган бул күндөрдө. Алдап мени жүрөсүң бул жалганда. Айтчы жаным, сага модабы. Аттиң мени жаш баладай алдадың. Билмексенге салып мени. Ишенип жүрүптүрмүн айткан сөздөрүңө. Арбалып сенин үнүңө. Ошондогу күндөрдү эстеп мен ыйладым. Арзуудан өмүрүм сыяктуу сары талаада. 0773575ххх
ОП-184-09. Сагындым ошол таанышкан күндөрүмдү. Сени ойлоп тажаткан уйкусуз түндөрүмдү. Карабай кетсең эгер, жүрөгүм сен деп жашайт. Айланып айлар өттү күндөр өттү. Соолуду жыпар жыттуу роза гүлдөр. Роза да башка жерди тандап өсөр. Саргайган сары талаада мен да калам роза гүлдөй. 0773575ххх
ОП-184-10. Мен сени сүйөм, жаным. Сенин сүйүктүүң
ОП-184-11. Токмоктун 3-микрорайонундагы досторум Талант, Эламан, Адилетке, жалпы Кыргызстандыктарга салам. Эрбол
ОП-184-12. Салам, достор, мен бир кызды сүйөм, ага бир жолу чалып сүйөрүмдү айтканымда "Жүрөгүм бош эмес" деп өчүрүп салган, анан номерин которуп салыптыр. Сен тааныбаган Эрбол
ОП-184-13. Алтыным, айтчы неге көрүнбөйсүң, оюмдан бир мүнөткө бөлүнбөйсүң. Саргайып, сагындырып жүрөктөрдү, жамгырдай неге эртерээк төгүлбөйсүң. Сен тааныбаган Эрбол
ОП-184-14. Сүйүнбай кызы Гүлданага: Сүйөмүн бирок өзүңө айта албаймын, сагынсам сагынычым жаза албаймын. Айлуу түн кеч киргенде уктабастан, жалгыз сен жөнүндө ойлоп дайым. Капыстан көрүп калсам алыс жерден, көрмөксөн болуп өтүп кетем башты ием. Жүрөктө алоолонгон сүйүү отун, сезерсиң бир күн келип, жаным эркем. Сен тааныбаган Эрбол
ОП-184-15. Гүлдана, 11-сентябрь өтүп кеткен туулган күнүң менен. Сени сүйөм, бирок өзүңө айта албайм, сүрдүүсүң. Сен тааныбаган Эрбол.
ОП-184-16. Эгерде мен деп соксо жүрөгүң. Ишенип кой мен да сени сүйөмүн. Азырынча капа болбой жүрө бер, келечекте болом сенин түгөйүң. Каролина 95
ОП-184-17. Адам үч нерседен тажабайт. Жообун билгендер болсо, 0707071195, 0773377994кө жибергиле. Каролина 95
ОП-184-18. Жазды сүйөм, жаздын жыты башкача. Кышты сүйөм, кыштын жыты башкача. Эгер кардай таза болсо ак сүйүү. Сени сүйөм башкалардан башкача. Каролина 95
ОП-184-19. Жолуңду карап олтурам, көрүнөбү деп. Келер бекен деп сени даана күтөмүн. Талыкпай да чарчабай да сени ойлоп жүрөмүн. Дайым эстеп чыгалбай, сүйүүмдү сага айта албай сагынам жаным сүйүүмдү сага бурамын, жаным. Сенден алыс кетким жок, сенден башка сүйүүм жок. Ойлоп сени күн батат, уктабастан күн жатат. Бир көрүнчү көзүмө, көңүл бөлчү сөзүмө.Азыр жалгыз жүрөмүн, сени күтүп жүрөгүм. Каролина 95
ОП-184-20. Махабат өчпөс сезим жалыны, өчпөйт анын жүрөктөгү жалыны. Күчтүү экен атың чиркин керемет, сезимдин чексиз тамыры. Каролина 95
ОП-184-21. Салам, "Обон", мен алыскы туулган жерим Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу "Алга" айылына ысык саламым жолдойм, бар бол! Азамат
ОП-184-22. Теңир бизди кыргыз кылып жараткан, тагдыр кээде жат душманга талаткан. Сай-сайларда кокту кырда жол таппай, кайран кыргыз канча жолдон адашкан. Касиет 95. Он- Бир -Жылгалыктарга сагынычтуу салам. 0700901ххх
ОП-184-23. Касиет 95. Кыргызстанга салам.
ОП-184-24. Салам! Анекдот жазсаң нормально жазбайсыңбы же жазбай эле койбойсуңбу! Сүйөм деп жазыш оор болуп жатабы? Сага күнүм түшкөн жок, керек болсо сага окшогондордон 1000ди таап алам. Сендейлер мага керек эмес! Эмне сенсиз күн өтпөй калат бекен?- дептир студент жукпаган ручкасына. 0700901ххх
ОП-184-25. Жакшылык каалайм. Касиет 95. Он-Бир-Жылга, салам.
ОП-184-26. Саламат, туулган күнүң менен куттуктайм. Бул дүйнөдөгү жакшылыктардын баарын сага гана каалайм. Өмүрүң дайрадай узун болсун! Көңүлүң эч качан өчпөсүн. Эч качан оорубай бактылуу кыздардан болуп, ар дайым күлүп жүрө беришиңди жана менин эң жакшы көргөн дос кызым болушуңду каалайм. 0700901ххх
ОП-184-26. Аваз Акимовго: Ар бир таңды сизди ойлоп атырам, токтобой өмүр чиркин өтүп барат. Он жетиге толгондо сизди жактырып, түбөлүк унутулбайт бул махабат. Ай
ОП-184-27. Салам "Обонушка!" Сен менен көчө бойлоп баскым келет. Сени менен түбөлүккө калгым келет. Сен кайда бассаң- турсаң. Мен дагы ошол жакка баргым келет. Сени менен кол кармашып бассам деймин, сени менен түбөлүккө калсам деймин. Мени сүйгөн адамга, бакыт мен гана арнасам деймин! Касиет 95
ОП-184-28. Салам, "Обон". Сен болдуң асмандагы толгон айдай. Мен болдум сенин жаныңда жаркылдап жанган жылдыздардай. Экөөбүз түбөлүккө бирге болуп калсак. Болобуз бир бутактын тамырындай. Касиет 95
ОП-184-29. Кандайсыз, Ильяз, сиздин качан үйлөнөйүн деген оюңуз бар? 0773822ххх
ОП-184-30. Ильяз, сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы? 0771822ххх
ОП-184-31. Менин Ноокат районундагы Баарын көчөсүндө жашап жаткан апам Насипа, сиңдим Тамара, иним Искенге чоң салам,- деп Айнуска.
ОП-184-32. Салам, Ильяз Андаш! Мен сизди Бөкөнбаевге концерт коюп келгенде көргөм.Ошондо сиз "Жок, жок тартынба" деген ырды ырдап жатканда, мени менен бийлегениңиз эсиңиздеби? Салкынай 1998, Ак-Сай
ОП-184-33. Жолуңду карап олтурам, көрүнөбү деп сени. Жолуң карап олтурам, сени гана күтөмүн. 0778965ххх
ОП-184-34. Байкабайсың кайрылбайсың кайрадан. Өзүң үчүн бардыгына даярмын. Наргиза 96
ОП-183-35. Салам, "Обон"

Айдана 97
ОП-184-36. Голландия футбол курама командасынын оюнчусу Снейдер жөнүндө маалымат бериңиздерчи.
"Обондон" жооп: Уэсли Снейдер Утрехте төрөлгөн. Амстердамдын жаштар академиясында "Аляскта" окуган. Снейдер футболчулардын үй-бүлөсүндө тарбияланган. Анын атасы профессионалдуу футболчу болгон. Ал эми агасы Джеффри "Стромвогелес Телстар" клубунда экинчи лигада ойнойт. Иниси мүмкүн келечекте ал дагы профессионалдык оюнчу болот. Снейдер 22-декабрь 2002-жылы "Алясктын" дебютанты болгон. "Эксельсиором" оюнунда 2:0 утушу менен аяктаган. Ошол убакта команда курамын Рональдо башкарган. Ал жакка жаштар командасы Данни Блинда көрсөтмөсү менен туш болгон. Башкы курамдагы оюнчулар көптөгөн жабыр тартышкан. Снейдер өзүнүн командасындагы башкы жарым коргоочу орунун алган.
ОП-184-37. Жумагүлдү 11-сентярь туулган күнү менен куттуктайм. Окууңа ийгилик. Арзыбек
ОП-184-38. Салам, менин жакын досторум Ак куу, Айназик, Каныкей, Беку, Урпия, Алина, Айзада-силерге чоң салам. Окууңарга ийгилик каалайм. Ар дайым бар болгула, мен силерди жакшы көрөм. Телегей
ОП-184-39. Өзүңсүң өмүрдөгү таалай-бактым. Оорусам түштө көрүп айыгамын. Ортобуз абдан алыс болгон менен, оюмда таңдан кечке жанымдасыз. Наргиза 96
ОП-184-40. Бек Ысмановичке эч ким жетпей. Бар бол +77028647ххх
ОП-184-41. "Обонтай". Бек Борбиев жөнүндө жазгылачы. Мага абдан жагат. Наргиза
ОПР-14-42. Салам, "Обон", ар дайым бар бол, жакшылыктын гана жарчысы бол ар дайым. Айнуска 94
ОП-184-43. Мен кино, клипке, рекламага тартылам. Мага чалсаңар болот. 0779795ххх
ОП-184-44. Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындажашаган ата-энеме ысык салам жолдойм жана эки эжеме Зарина, Нурзинага, жездем Туратка салам жолдойм. 0770313ххх
ОП-184-45. "Обондо" иштеген Динара Асылбекова, калемиң курчуй берсин. Ден соолук каалайм, бар бол. Гуля
ОП-184-46. Бек Борбиев жөнүндө маалымат бергилечи? Гуля
ОП-184-47. Сүйгөнүм Куштарбек мен сизди аябай жадабай сүйөм, садагам. Ал мени жалгызым деп, мен болсо жүрөгүм деп, мен сизди сүйөм. Динара
ОП-184-48. "Обон", мен Ноокаттын Арал айылында жашаган сүйгөнүм Куштарбекке салам жолдойм. Мен аны аябай сүйөм. Жалгызым, берекем, жүрөгүм. Динара
ОП-184-49. Салам,"Обон". Мен силерди абдан жакшы көрөм, мен силердин жаңы смсчиңер болуп кошулдум. менин жакшы көргөн досторум Айгерим, Айпери, Азиза сүйгөнүңөргө жеткиле,- деп Догдуров мектебинен 9-"Б" классынын окуучусу.
ОП-184-50. Салам, "Обон", мен 32-сентябрь Гүлзина эжемдин өздүк майрамы менен куттуктайм. Сизге каалоорум бул дүйнөдөгү 7 жакшылыкты каалайм. Анын бири ден соолук. Турдукожоева Айдана
ОП-184-51. Менин сүйүктүүмдүн бүгүнкү туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм жана дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. +Дөөлөт
ОП-184-52. Салам, "Обонушка", мен силерди жакшы көрөм жана ишиңерге ийгилик каалайм. Наргиза 96
ОП-184-53. Алакан ач периштелер гүл койсун, гүлдү жыттап жүрөгүңө күлкү толсун. Алладан тилегениң кабыл болсун, ар дайым жүрөгүңдө бирөө болсун. Менин сүйүктүүм жаныма арналат, аты Дөөлөт. Мен сизди абдан сагындым. 0773175ххх
ОП-184-54. Депутаттар 120 экен, аларга жакшы маяна, машини жана квартира берилет. Бирок, эч нерсени деле чечишкен жок, баягы эле көрүнүш, баягы эле кор болгон кыргыз. Буларга караганда смсчилер мыкты, көп нерсени айтышып бир тобун талкуулап да жиберишет. Кыргыз тилине күйгөндөр да ошолор алдым-жуттумдарга ачуулангандар да ошолор. Карап туруп ("Учур" гезити "парламент" Асланбек спикер)деп ойлойсуң. 0778242ххх
ОП-184-55. Салам, Ильяз, кандай? Ден соолук, иштер? Сага суроо берейин дедим эле, биринчи суроом үй-бүлөң жөнүндө айтып берчи жана сенин сүйлөшкөн кызың барбы? Курманжан
ОП-184-56. Мен Бруна Марс жөнүндө сиздерден билейин дедим эле. Мүмкүн болсо сүрөтүн чоң кылып бересиздерби? Салкынай
"Обондон" жооп: Бруна Марс 1985-жылдын 8-октябрында жарыкка келген. Гавайидеги Вайкик кыштагындагы филиппиндин үй-бүлөсүндө өскөн. 13 жашында Бруна деген атка ээ болгон. Анткени ал тоголок бет бала болгондуктан, ошол убактын белгилүү рестлеранын урматына. Санмартино регги, рока, хип-хоп ушулардын көзөмөлүндө чоңойгон. Жалпысынан Бруна Марс Майкл Джексондун чыгармасына кызыккан. 2003-жылы Марс Лос-Анджелеске келген. Өзүнүн музыкалык чыгармачылыгын баштаганга. Азыркы убакта Бруна Марс эң атактуу ырчылардын катарын толуктайт.
ОП-184-57. Апам Алтынай, атам Таштемир, бир туугандарым Тимурлан, Исламидин, Райана, дайым бар болгула. Өмүрүңөр узун болсун, эч качан оорубай, ойноп-күлүп жүрө бергиле. Кызбурак
ОП-184-58. Дастан 94, мен мени сагындым. В. Жоли
ОП-184-59. Салам, кыргыз элим. Менин сүйүктүү ырчыларым Даниэль жана Иса, сиздерге чыгармачылык ийгилик. Ошондой эле Кыдырша айылына менден чоң салам.
Кызбурак
ОП-184-60. Талас шаарындагы 8-орто мектебиндеги 10-"А" класска чоң салам. Жанка, Мемка, Бахияна, мен силерди жакшы көрөм. В. Жоли
ОП-184-61. Менин сүйүктүү апам Бахтыканга жана байкем Бахтиярга чоң салам. Мен сиздерди жакшы көрөм. Бахияна
ОП-184-62. Ош шаарында тоюңуздарга кызмат кылабыз: тамада, эстрада ырчылары, бийчилер. Сьемка тартуу жана монтаждоо 0770458899
ОП-184-63. Салам, "Обонушка". 11-сентябрь жанымдын туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. 0779004ххх
ОП-184-64. Урматтуу мугалимдер! Келе жаткан майрамыңар менен!
ОП-184-65. Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Большевик айылында жашаган чоң атам Чоңкого, чоң энем Атыйга, апам Айнурага, атам Дамирге салам жолдойм. Аларга каалаарым: чын ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ар дайым биздин төрүбүздө сый көрүп жүрө беришине тилектешмин. 0770459ххх
ОП-184-66. Көк-Жар кичирайонунда шашылыш түрдө иштеп жаткан павильон сатылат. 0779696116
ОП-184-67. Мен атактуу жылдыз Жениффер Энистон жөнүндө маалымат алгым келет. Ал канчанчы жылы, кайсыл күнү, кайсыл шаарда төрөлгөндүгү тууралуу жазыңыздарчы? Асел
Белгилүү Голливуд жылдызы Жениффер Энистон Калифорния штатынын Окус деген кыштагында 1956-жылы 11-февралда Ненси Дау жана Джана Энистона деген жылдыздардын үй-бүлөсүндө туулган. Кызы төрөлгөндөн кийин бир канча убакыт ата-энеси Нью-Йорк шаарында жашашкан. Качан Жениффер тогузга толгондо, келечектеги жылдыздын ата-энеси ажырашып кетишкен. Болочок жылдыз ошол убакта апасы менен калган. Ошол эле учурда Жениффер атасы менен жолугуп турган. Голливуд жылдызы көркөм чыгармачылыкка кичинекей кезинен эле аралаша баштаган. Он бир жашка чыкканда Рудольф атындагы клубда биринчи чыгармачылыгын көргөзгөн. Жениффер Энистон өзүнүн талантын өркүндөтүш үчүн Нью-Йорк шаарындагы драм театрына тапшырган. 1987-жылы дипломун алган соң кинолорго тартыла баштаган.
ОП-184-68. 12 сот. участогу менен Ново-Павловкадан чоң үй сатылыт. Баасы келишим түрдө. 0778405019
ОП-184-69. Аваз Акимовго салам. Мен аны жакшы көрөм. Сиздердин "Кумир менен баарлашуу" деген рубрикаңарга чакыргылачы, суранам. Мен аны абдан жакшы көрөм жана талантын баалайм. Айчүрөк
ОП-184-70. Айдай деген МУКта 1-курста окуган кызга салам жолдойм. Сенин окууңа чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Бул жашоодо сүйүктүүң менен бактылуу болуп, узак жаша, мен сени урматтайм. 0700893ххх
ОП-184-71. Салам Шириним, туулган күнүң менен! Бул дүйнөдө сүйүктүү инсаның менен бактылуу бол. Мээрим
ОП-184-72. 11-сентябрь сүйгөнүмдүн туулган күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бар болгула, мен сизди чын жүрөктөн сүйөм жана сыйлайм,- деп Самара 96.
ОП-184-73. Быйылкы бүтүрүүчүлөргө жана жаңы студенттерге салам. Сабагыңарды жакшы окуп, келечекте Кыргызстандын намысын коргогон жаштардан болгула. Камил
ОП-184-74. Кыргыз тилим кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан демекчи, кыргыз тили майрамыңыздар менен куттуктайм. Келгиле, биргеликте кыргыз тилин өнүктүрөлү. Жаркын
ОП-184-75. Ильяз Андашка салам. Мен сени жакшы көрөм. Сенин ырларыңдын мааниси ушунчалык күчтүү, сен ушул сапатыңдан жазба. Дайыма алдыга гана умтулуп жүрө беришиңди каалайм. Мен сенин чыныгы күйөрманыңмын. Айкөкүл
ОП-184-76. Салам, "Обонушка". Мен курбум Гүлбарага салам жолдойм. Ар дайым бар жана бай бол! Мен сени жакшы көрөм. Динара
ОП-184-77. Менин жанымда мага жөлөк болуп, мага дайыма колдоо көрсөткөн алтынга тең келгис асыл апам Чынарага салам айтам. Апа, биздин маңдайыбызда бар болуңуз. Мен сиздин энелик ак сүтүңүздү актоого аракет кылам. 0705007ххх
ОП-184-78. Тогуз-Тородо жашаган иним Шабдандын окууга өтүп 1-курстун студенти болушу менен куттуктайм. Орозгүл
ОП-184-79. Ильяз, биз үй-бүлөбүз менен сенин чыгармачылыгыңызды баалайбыз. Мындан дагы жакшы ырларды жаратып, дайыма алдыда жүрө бер. Сен чыныгы таланттуу ырчысың, сенин булбулдай болгон үнүңө баракелде! Айчүрөк
ОП-184-80. Аваз Акимов, эмнеге сахнадан көрүнбөй калды, же эс алууда жүрөсүңбү? 778990ххх
ОП-184-81. Дамира Турдакматовага салам айтам. Балдарыңдын урмат сыйын көрүп, бактылуу байбиче болуп төрдө олтура бер. Үпөл
ОП-184-82. Ильяз, сен жашоодо эмнеден коркосуң? Сен кандай адабий чыгармаларды окуганга кызыгасың? Сага кандай кийинген жагат? Бул менин сага арнаган суроолорум, мүмкүн жооп берип кетерсиң. Зарина
ОП-184-83. Океандын ары жагынан келген досум Юлькага жалындуу ысык салам. Дос, сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин, мени тезирээк аяштуу кыл. Гюлбешекер
ОП-184-84. 13-сентябрь жээнибиз Токтосун кызы Сауленин беш жашка толушу менен куттуктайбыз. Биз сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз. Бактылуу балалыктын даамын татып, бактылуу көз ирмемдерди өткөрө бер. Тайкең Нурлан, Нурсултан, таажеңең Айнура
ОП-184-85. Балалыкка балкып турам карачы, жаш болсом да сени сүйдүм, аячы. Бир болобуз бул дүйнөдө экөөбүз, сен да мени сүйөсүңбү, кыязы. Рима
ОП-184-86. Жанат, мен сени сагындым, качан жолугабыз? Мен сенсиз жашай албашымды түшүнөм, ошон үчүн сени сүйүп жашайм. Бекзат
ОП-184-88. Бегимжан, кара жаным, кандай жүрөсүң? Мен сени сүйөм.Амантур
ОП-184-89. Курбум Нуржамал, аяшым Бакыт, бактылуу болгула. Уулуңар Руслан бактылуу балалыкта өмүр сүрсүн. Өмүр кемесинде бирге жүрүп, бактылуу болгула. Динара
ОП-184-90. Чоңко айылында жашап жаткан тургундарга салам айтам. Мен ошол айылды абдан сагындым, бар болгула. Жибек
ОП-184-91. "Обондо" иштеген бардык кабарчыларга салам. Силер эң сонун жаңылыктарды жазасыңар. Мен силерди окуп, көп нерселерди билдим. Эми алдыга гана умтулгула. Айжан
ОП-184-92. Ырчы Омарга салам айтам. Омар, сенин ырларыңды канча уксам да, эч качан тажабайм. Элиза
ОП-184-93. Нургазы деген жигитке салам. Салима
ОП-184-94. МУКта окуган студентка кыз Айгеримге салам айтам. Сабактарыңдан беш алып, жакшы оку. Дамир
ОП-184-95. Мен сүйгөнүм Рысбекке салам айтам. Мен аны дайыма көрсөм да, ага сүйлөй албай айбыгып, андан тартынып турам. Аны сүйөрүмдү айткым келет, бирок бул сөз өөн учурайбы деп күдүктөнөм. Сенин сүйгөн кыз
ОП-184-96. Ильяз Андаш, мен сенин талантыңа таазим кылам. Кайсыл окуу жайды бүттүң эле? Алина






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??