п»ї

"Хе" корей салаты
Керектелүүчү азыктар:
Эт - 400 г;
Сабиз - 350 г;
Пияз - 1;
Уксус - 3 кичине кашык;
Соя соусу-1 кичине кашык;
Тамак майы, жашылча, кара мурч, туз;
Жасалышы:
Этти алып сөөгүнөн ажыратып алгандан кийин ичке кылып кесип даярдайбыз. Анан казанды отко коюп, май куюп биртке ысыгандан кийин этти салып, анча-мынча туздан сээп, чоң жалындаган отко улам-улам аралаштырып бышырабыз. Сабизди аарчып чоңураак кылып туурап, пиязды болсо майда туурайбыз. Анан аралаштырып жашылчалардан кошуп татымына жараша туз салабыз. Ушунун баарын кайра биз кууруп алган этке кошуп, кичине кашык менен соя соусунан, туздан салабыз. Кийин 3 кичине кашык менен уксусту кошуп, кылдаттык менен аралыштырабыз. Эми казанга май куюп, буу чыкмайынча майды ысытып, андан кийин ысык майды даярдап койгон салаттын үстүнө куюп аралаштырабыз. Мына сиздин ушуну менен "Хе" салатыңыз даяр болду.


"Краб" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Краб этин же краб таякчаларын салабыз;
2 сууга бышырылган жумуртка;
1 жаңы бадыраң;
1 банка консервадагы жүгөрү;
Майонез;
Жашыл укроп;
Туз;
Жасалышы:
Жумуртканы бүтүн бойдон кайнатып, майда кылып кесиш керек. Андан соң краб этин бөлүп алып, майда бөлүкчө (кубик) кылып туурайбыз. Бадыраңды болсо жууп тазалап, аны дагы майда кубик түрүндө турайбыз. Бардыгы даяр болгондон кийин идишке салып, даамына жараша туздайбыз. Консервадагы жүгөрүнү жана майонезди кошуп жакшылап аралаштырабыз. Андан кийин атайын салат идишке салып, майда тууралган укроп менен кооздоп коёбуз.


"Авакадо" салаты
Керектелүүчү азыктар:
Кызыл пияз-1 даана;
Лимондун согу (жакшы сыгылган)-2 кашык;
Помидор(орточо)-2 даана;
Сары болгар калемпири-1 даана;
Чоңураак жаңы бадыраң-1 даана;
Авакадо (орточо)-1 даана;
Оливка майы-1 же 2 стакан;
Рока-1 чымчым;
Туз, ачуу калемпир даамына жараша;
Жасалышы:
Жашылчаларды жууп-тазалап туураганга даярдап алабыз. Жарым тегерек кылып пиязды туурап идишке салабыз, ага лимондун согун кошуп колубуз менен этияттап аралаштырабыз. Калган жашылчаларды туураганча пияз жумшарып турат. Помидор менен авакадону чоң кылып кубик түрүндө туурайбыз. Анан бадыраңды экиге бөлүп алабыз, болгар калемпирин чоң жарым шакекче кылып туурайбыз. Роканы кол менен 3 же 4 бөлүккө бөлөбүз. Бардыган туурап бүткөндөн кийин атайын даярдап койгон салат идишке салып татымына жараша туз, ачуу калемпир кошуп, олив майын куюп аралаштырабыз.


Жылдыз
Абдыкерим кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??