п»ї
 Таанышуу жарыясы


"Биздин максат чемпион болуу эмес, "ТамаШОУда" ойноо"
Өзгөчө тамашалары мегнен боорду эзген, көптөгөн кыздардын кумири болгон "KG 77" командасынын капитаны Зыяш биз менен командасы, жеке жашоосу тууралуу ой бөлүштү.

- "ТамаШОУга" кандайча келип калдыңар эле?
- Ал убакта мектепте окучумун. Негизи, гезит окубайм, сүрөттөрүн көрүп эле жаап койчумун. Анан бир күнү гезитти барактап олтурсам,"кыргызча КВНге кастинг болот" деп жазылып, анын жанында Эрмек байкенин сүрөтү жүрүптүр. Ошол жарыя аркылуу барып ойноп калгам, 2008-жылдын ноябрь айы болчу.
- Командаңар кандайча түзүлгөн?
- Биз баарыбыз чогуу окучубуз, анан мен идея көтөрүп, команда түзүп, "ТамаШОУга" алып чыккам. Командабыздын атын "KG 77" деп койгонбуз. Ал Kыргызстандагы 77-мектептин оюнчулары дегенди түшүндүрөт. Себеби, окуган мектебибиздин номери 77 болчу.
- Башка командалардан кандай айырмаңар бар?
- Аткарган тамашаларыбыз менен айырмаланабыз. Биз тамаша аркылуу жаштардын туура эмес кылган нерселерин чукуп беребиз. Анан да командалар коомдо эмне актуалдуу болуп жатса, ошону беришет. Биз ошол убакта тескерисинче башка багыттагы тамашага ыктайбыз. Көбүнчө башка командалар такыр ойлобогон тамашаларды бергенге аракет кылабыз.
- Силердин көрөрмандардын эсинде калган "Самсалардын сүйүүсү", "Байпактардын сүйүүсү" аттуу тамашаларыңардын идеясы кимге таандык, эмне болуп жаралып калган?
- Бир жолу даярданганы менин үйүмө чогулуп калдык. Балдарга чай даярдап жүргөм, аны менен катар тамаша ойлонуп. Үйүбүздө тандыр бар болчу, эшикке чыгып тандырды көрө калып, самса эске түшүп ошондон жаралып калган. Ал эми байпакты бизден кийинки "Мектеп лига" деген балдарыбыз бар, алар биздин самсага окшоштуруп байпакты ойноп чыгышкан. Ошолордун тамашасын алып, кайрадан иштеп, биз ойноп чыкканбыз.
- Алдыңкы командалардын бирисиңер, эгер чемпион болсоңор, "ТамаШОУну" таштайын деген оюңар жокпу?
- Биз быйыл жакшы эле финалга келе жатып: "Ким тапан?"(Разминка) конкурсунан уттуруп койдук. Ал эми чемпион болсок деле ойной беребиз, кетпейбиз.
- Калыстар тобунда олтургандардан кимге нааразысың?
- Замира Молдошевага нааразымын. Себеби, биз тамаша аткарып жатканда калыс болуп олтургандардын баары күлүп жатса, ал күлбөй олтурган болот, же биздин тамашага түшүнбөйбү, билбейм. Баа койгондо да баары "5" көтөрсө, ал "4" көтөрүп коёт. Финалда да калыстар чыгып сүйлөп жатканда, бир команданы айтып: "Аларга "5" көтөргөнүмдүн себеби, формалары жакшы экен",- деп жатпайбы? Ал эми "ТамаШОУда" кийим эмес, аткарган тамаша негизги ролду ойнойт да.
- Тамашаларыңарда ырчыларга да көп тийишесиңер, алардан кандай пикир угасыңар?
- Бир жолу "Жылдыздар таразада" аттуу тамаша койгонбуз. Айрым ырчыларды тартып, анан Айгерим Расул кызы келе жатканда, "сынып калат" деп таразаны алып качкан жери бар болчу. Кийин Айгеримге жолугуп калып, ал мага таарынган. "Эмнеге таарынасың?"-десем, "Менин ордума Бактыгүл Бадыеваны кылбайт белеңер, мага караганда семизирээк го?"-дейт. "Эй, кайра жакшы го, пиар болот. Мени бирөө ошентип тамашага кошсо сүйүнмөкмүн",-дегем.
- Силер үч бала, бир кызсыңар. Балдар арасында Аидага ашык болгонуңар жокпу?
- Башында Кубаныч чуркап жүргөн. "ТамаШОУдан" кийин "мен жеткирип келе калайын" деп, болбой калды окшойт, кийин башка кыз менен жүрүп алды.
- Өзүңдүн жеке жашооң туурасында айтып берсең?
- Апам боюнда бар кезинде Брюс Линин киносун көрүп жатса, мен да көргүм келип төрөлүп калыптырмын. Учурда Кыргыз-Түрк Манас Университетинде күндүзгү бөлүмдө жана Искусство Институтунда сырттан окуйм. Негизи, биринчи КГУСТАга тапшыргам, ал жактан "ТамаШОУ" деп окубай жүрө берип, анын үстүнө да контракты азайтабыз деп кайра азайтпай коюшуп, төлөгөнгө акча жок чыгып кеткем.
- Келечекте кайсыл кесиптин ээси болосуң?
- Манаста-режиссёрлукта, Искусство Институтунда актёрдукта окуйм. Кудай буйруса, кинорежиссёр болом деген үмүтүм бар. Өзүм, негизи, искусствого жакынмын. Ага карабай ата-энем КГУСТАнын архитектура бөлүмүнө киргизип коюшкан, андан тигинтип чыгып кетип жатпаймынбы?
- Режиссёр болсоң, кайсыл багыттагы кинону тартууну кыялданасың?
- Азыр биздин чет жерде жүргөн мекендештерибиз бар. Алардын көпчүлүгү кыйынчылык көрүп, айрымдары документи жок чет өлкөдө кул болуп жүрүшөт. Ошолордун бардык көйгөйлөрүн чагылдырган кино тартсам дейм.
- Эмнеге Манас Университетинин атынан ойногон "Ак кеме" командасына кошулган эмессиң?
- Биз окуучулук кезде чогуу окугандарбыз, анын үстүнө да команданы өзүм түзгөм. Атын өчүргүм келбейт.
- Көңүлүңө жаккан адамың барбы?
- Сүйлөшкөн кыздарым көп, бирок сүйгөн кызым жок. Бир кызды жактырып, сүйүүмдү айтсам ишенбей койгон. Негизи эле "ТамаШОУнун" балдарына кыздар оңой менен ишенишпейт.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??