п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Марат Жанталиев:

"Бизди көргөндө окуучулар "бит атарлар келе жатышат" дешчү"
Балалыкты кимдер гана сагынбайт, кимдер гана эңсебейт. Белгилүү актёр Бопуш- Марат Жанталиевге өмүрүңүздөгү кайсыл убактын кайра келишин каалайсыз деген сурообузга "Балалыкка кетеличи, апаке" деген жообу менен балалык кездеги жагымдуу көз ирмемдерин биз менен бөлүшүп, бир жылмайып алды.


Ажалдан аман калганда…
Кичи мекеним Нарындын Кара-Кужур жергеси, ошол жакта төрөлүп, чоңоюп өстүм. Ата-энем экөө тең медиктер болчу, мен абдан тартиптүү, жакшы таалим-тарбия алган жоош бала элем. Балалык кезимдеги бир окуя эч эсимден кетпейт. Ал кезде айылда бирин-экин орустар бар болчу. Биздин кошунабыз орустар эле, алардын Андрей деген кыргызчаны суудай сүйлөгөн кичинекей баласы бар болчу. Бир күнү ал алмуруттун данындай болгон кичинекей бирдемелерди жеп жүрүптүр. Мен да жегим келип: "Берчи"десем, бирөөнү берди, жеп көрсөм, таттуу экен дагы сурасам: "Бул айдоого кирсең толтура",-дейт. Айдоого кирсем толтура, көрсө, ал меңдубана экен да. Меңдубана-уулуу чөп, бирок даны таттуу болот да. Мен кирип кечке терип жей бериптирмин. Жыргап жеп жүргөнүмдү билем, бир убакта эсиме келип ойгонсом, атам менен апам мага клизма жасап жатышыптыр. Көрсө меңдубана адамды ууландырат экен да. Ошол күнү атамдар бирөөнүкүнө конокко кеткени жатышыптыр да, эгер мени көрбөй кетип калышканда өлүп калмак экемин. Кошуна кемпирдикинен сүт алчубуз, мен ошондо ак битон көтөрүп сүткө бара жаткам да, анан меңдубанага кирип кетип жатпаймынбы. Аны жеп чыгып башым айланып, көчөгө олтуруп алып битонго кумду салып, башыма чачып, каткырып күлө бериптирмин да. Жолдон мени кыздар көрүп калып, атамдарга айтып барыптыр. Атам чуркап келип караса, көзүм алайып калыптыр, аны көрүп медик болсо билет да ууланганымды. Үйгө көтөрүп барып кустуруп, клизма жасап араң айыктырышкан. Эртеси ошол жакка ээрчитип барып: "Дагы жейсиңби?" -деп анын баарын оруп салган. Атам ошол окуяны азыркыга чейин эстеп: "Ошондо биз конокко кетип калганда, өлүп калмаксың",- деп калат.
"Бит атар" аталганда…
Окуучулук кезде пионердин галстугу мойнумдан түшчү эмес, тырмактарымды тыкырайта алган, очкини тагынган эң мыкты окуган бала элем. Сабактан такыр калчу эмесмин. Мектепте жакшы окуган, активдүү окуучулар "тазалык" болуп шайланчу, алардын арасында мен да бар элем. Биз ар класска кирип тазалык карачубуз. Кыздардын башындагы биттерди кыздардан шайлангандар карачу, биз балдардын колтуктарын ачып алып, аларды карачубуз. Айылда чабандардын балдары көпчүлүк учурда биттеп кетишчү да, анан биз келе жатканда "бит атарлар" келе жатышат деп калышчу.
Китепти көп окуган бала…
Китепти көп окучумун, ошондуктан 5-класстан 10-класска чейин көз айнек тагынып калдым. Классташтар мени төрт көз деп коюшчу. 1-класста тамга тааныгандан баштап эле жомок, романдардын баарын окудум. Мен 5-класста окуп жүргөндө "Миң бир түн" деген китеп чыкты, аны сатып алгам. Ата-энем "аны окубагыла уят" деп окутпаса, төшөктүн алдына кирип жашынып жатып алып окучумун. Бир жолу окуп жатсам күлкүлүү жери бар экен, окуп алып күлүп жатсам, атам эшиктен келип, жуурканды алып ыргытып: "Атаңдын оозун урайын, мындай китепти окубайт",-деп китебимди алып алганы эсимде.
Таланттын башталышы
8-класста окуп жүргөндө Касымаалы Жантөшовдун "Курманбек" драмасын койдук. Кийин 10-класста дагы кайталап коюп, коңшулаш айылдарга гастролго чыкчубуз. Мен анда Тейитбектин ролун аткаргам. Азыр элестетип көрсөм балалык менен аткарыптырбыз, бирок жакшы аткарган экенбиз кадимки артисттердей болуп. Негизи эс тарткандан бери эле артист болом дечүмүн. Ал кезде "Нарын" театры күчтүү болчу, ошол жерде иштеген артисттерди көрүп, алардын жашоосу мага жыргалдай сезилчү. Ошол кезде Индия кинолору дегенде өлүп калчыбыз, "Зита жана Гита" деген кинону көрүп алып Зитасын сүйүп калып, ушуларга кантип жетем, Индияга кантип барам?" деп ойлоно берчүмүн.
Жакшы окуган бала…
10-классты жалаң "5" менен бүтүрдүм. Мугалимдер мени жакшы көрүшчү, өзүм жакшы окуган бала болсом, тентектик кылбасам. Бир жолу бир мугалим жанымдан сүйлөп өтүп кетип жатып "Марат, тынч өтур" деп башымдан сызгыч менен сылап өттү да. Ой ошондо ыза болгонумду айтпа, буулугуп: "Эмнеге тынч олтурсам деле, башка чабат",- деп жиним келген. Өмүрү бир мугалимден жаман сөз угуп көрбөгөм да. Балдар менен урушкан жокмун, ал кезде топ болуп алып урушкан балдар жок болчу. Бизде "А" класс, "Б" класс болуп атаандаштык деген бар болчу, тазалык, окуудагы жетишкендик, сабакка катышуу боюнча. "Кирпи", "Найза" деген стенгазетабыз бар эле, сабактан "2"деген баа алып калгандар, биттегендер ошол газетага чыгып шылдың болушар эле. Мен адабият, тарых сабактарынан жана драм кружокторго катышчумун.
Алгачкы сүйүүлөр…
Алгачкы сүйүүгө "жашабагыр" 3-класста кабылыптырмын. Биздин эшиктин алдынан апаппак бантик тагынган эле, кара тору кыз мектепти көздөй өтөт. Ал кезде сүйүү эмне экенин билбечүмүн, бирок ошол кызды көргөндө жүрөгүм элеп-желеп болуп жаман толкунданчумун. Күндө койкоңдоп үйдүн жанынан мектепке өтөт, мен артынан ээрчип алам же сүйлөй албайм. Ошол биринчи сүйүүм болгон жана ошол бойдон калган. Андан кийин 5-класста Ысык-Көлгө пионердик лагерге барып калдык. Ошондо биринчи жолу кыз менен бийледим. Ал кыздын аты Гала болчу, азыркыга чейин эсимде. Экөөбүз бири-бирибизден алыс туруп алганбыз, бүткөн боюм калтырап, бий бүткөнчө тердеп өлүп кала жаздагам. Ошол кызды аябай сүйүп калдым, жатсам деле, турсам деле эстей берем.
Үйлөнгүсү келип кыялданганда…
Андан айылга келсем, классыбызга чачын беш көкүл кылып өргөн бир кыз келип калды. Мына ошол кызды чындап сүйдүм. Күнүгө жатып алып "ата-энем ушул кыздын ата-энесине барып куда түшсө: "Балам, кызыңарды жактырып калыптыр, экөөнү үйлөндүрүп коёлу, жаш болсо да эптеп оокатын кылып кетишет да" деп айтса",- деп жаман кыялданат элем. Бирок ойлосом ошол сүйүүм олуттуу эле сүйүү болуптур. Ал кызды 10-класска чейин сүйүп жүрдүм, бирок айта алган жокмун ичимде эле калды. Экөөбүз бир партада олтурабыз, же кат жаза албайм. Ошентип үчөөнө тең жетпей калдым, ал эми орус кыз лагерден келгенден кийин эле эстен чыккан. Негизи мектептен мени көп кыздар жакшы көрүшчү, балдардын баары бирден белек алса мен 7-8ди алчумун. Ата-энем медиктер болсо, өзүм жакшы окуп, тыкырайып жүрсөм, анан кыздар ошону үчүн деле сүйчү болушу керек да.
Окуучулук кездеги отуруш
Отурушка бир эле жолу бардык. Эжесинин үйүндө жашаган бир классташ кызыбыз бар эле. Бир күнү эжем шаарга кетти деп үйүнө отуруш өткөрүп калды. Баарыбыз барып, "Бобби", "Зита жана Гита" аттуу Индия кинолорунун музыкаларына тытып бийлеп жатсак, директорубуз кирип келип жатпайбы. Аны көрүп баарыбыз катып туруп калдык, агай классташ кызыбызга: "Эжеңдер кайда?" десе, анын алласы оозунан түшүп калган, акырын: "Шаарга кетип калышкан"-десе, үн чыгарып коюп чыгып кетип калды. Баарыбыздын маанайыбыз түшүп "өлдүк" дедик да, корксок да бүттү деп, тамакты бат-бат жеп алып качкан бойдон кетип калдык. Эртеси мектепке калтырап бара жатабыз: "Эми мугалимканага алып барып урушат, ата-энебизге айтат",-деп. Коркуп барсак, директорубуз алдыбыздан өтүп кетти, эч нерсе дебей, ошол боюнча унутулуп калды. Андан кийин отурушка барбай деле калдык. Биздин класстагы айрым балдар тамеки чегип, арак ичип коюшчу, мен аларды бузулган балдар катары карачумун. Окууну бүткөндөн кийин өзүм деле ичип чегип көрүп, жакшынакай адамдар деле ичет экен деп калдым.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??