п»ї

ТҮЛЕЕВДИ МЕДВЕДЕВ КОЛДОЙБУ?!
Президенттик жарыштын фавориттеринин бири Түлеев жакындан бери Москвада жүргөнү маалымат каражаттарында кызуу жазылып жатат. Нариман Ташболотовичтин мурда жарыялангандай 11-сентябрда тил комиссиясына кирбей калгандыгы анын Кыргызстанда жок экендигин тактап койгонсуду.
Айрым басылмалар - "Чалкан" гезити, "Гезиттер" сайты Түлеевдин агасы Россия президенти Медведевдин кайын атасы менен көп жылдардан бери бизнес боюнча өнөктөш болуп иштешерлигин белгилешти. Биз тактасак кеп Нариман Ташболотовичтин бир тууган агасы Бексултан Ташболотович тууралуу болуптур. Ал киши чындыгында эле 1988-1990-жылдарда Москвада СССР министринин орун басары болуп иштеп, азырга чейин ал жактагы белгилүү саясий ишмерлер менен мамилелеш болуп чыкты. Ал эми Нариман Ташболотовичтин убагында Москванын экс-мэри Ю. Лужков, Россиянын темир жол министри Якунин баш болгон Кремлдин бир катар көрүнүктүү адамдары менен жакын мамилелеш экенин, азыр эске алсак, Түлеевди Россия президенти Медведев колдошу мүмкүн болуп чыгат. Белдүү саясатчы Марат Султанов да Нариман Түлеевди колдоорун билдирди жана буга окшогон саясатчылардын көбү колдогону жатышат.


А. Сариев БШКны сотко берди
Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кол топтоо баракчасына кол тамганы ар бир шайлоочу өзү коюш керек деп жазылган эмес.
Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берди. Бул тууралуу ал 12-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча кол топтоо баракчасына кол тамганы ар бир шайлоочу өзү коюш керек деп жазылган эмес. Ал эми БШК шайлоочулар өзү толтуруусу керек деген талап койду. Ошондой эле, жашаган жери дегендин ордуна иштеген, же болбосо окуган жерин каттаса туура болмок, себеби кыйла дадилдүүрөк болмок, -деди А.Сариев. "Кол топтоого көпчүлүк талапкер физикалык жактан жетише алган жок. Мисалы, кол топтоп жүргөн адам шайлоочунун аты-жөнүн жана башка маалыматын жазып, шайлоочудан колун эле алып койсо, иш бир топ ылдам бүтмөк", - деп кошумчалап өттү.


Ош губернаторунун орун басары А. Махамадов В. Дуглас менен жолугушту
Ош облусунун губернаторунун орун басары А.Махамадов Швеция парламентинин депутаты Валбург Хабсбург Дуглас менен жолугушуп, Дугластын облусттагы коопсуздук, алдыдагы президенттик шайлоого даярдык тууралуу суроолоруна жооп берди.
Ош облусунун губернаторунун орун басары А.Махамадов Швеция парламентинин депутаты Валбург Хабсбург Дуглас менен жолугушту. Анда В. Дуглас облустагы коопсуздук, алдыдагы президенттик шайлоого даярдык тууралуу суроолорду узатты. А.Махамадов Ош облусунда абал туруктуу экендигин баса белгилеп, алдыдагы шайлоолорго даярдыктар жакшы экендигин, ар бир айылдык округдарында шайлоо участкалары түзүлүп, шайлоочулардын тизмелери такталгандыгын билдирди. Мындан сырткары, облуста 2011-жыл "Инвестицияларды тартуу жана өндүрүштү көтөрүү жылы" деп жарыяланып, чет мамлекеттер менен 12 долбоор боюнча келишимдерге кол коюлуп, 24 млн долларлык инвестиция тартылгандыгын белгилеп, бул иш-чаралардын башталышы мамлекеттин, ошонун ичинде облустун өнүгүшүнө жол ачыларына ишенээрин айтты.


СДПКнын депутаттары Келдибековго ишенишпей…
СДПКнын депутаттары спикер Келдибековго болгон нааразычылыгын билдирип, ага ишенбей, Келдибеков мыйзам бузду дешүүдө.
Социал-демократтар спикер Ахматбек Келдибеков регламентти бузуп атат деп жатышат. Алардын мындай пикири жума күнкү ЖКнын отурумунда, Келдибеков пенсияны көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорун жылдырганынан улам пайда болгондугун айтышууда. Анын ордуна жыйында пландалбаган эле суроолорду карагандыгына СДПКнын депутаттары нааразы. Жыйын учурунда Д.Ниязалиева А.Келдибековду күн тартибине кайрылалы деп чакырган. "Жыйында эң биринчи социалдык маанилүү маселелер турган. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, жыйындын аягына калды. А.Келдибеков мыйзамды бузбоосун талап кылабыз", - дейт депутат Ниязалиева.


Тимошенконун сотунда эки аптага тыныгуу жарыяланды
Судья Родион Киреев эки апталык тыныгуу жарыялануусун айыпкер өзүн коргоо үчүн даярданууга убакыт сураганы менен түшүндүрдү.
Өткөн сандарыбызда Украинанын мурунку премьер-министри Юлия Тимошенконун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Юлия кармалгандыгы жөнүндө маалымдаган эле. Сот олтуруму жыйынтыктоочу баскычка келип, балким өкүм ушул аптада чыгат деп күтүлүп жаткан кезде токтотулду. Юлия Тимошенко "2009-жылы премьер-министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланып, Орусия менен Украина үчүн зыяндуу газ келишим түзгөн" деп айыпталууда. Азыр оппозиция лидери катары эсептелген Тимошенко август айында соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судьяны сыйлабаганы үчүн деген жүйөө менен камакка алынган.Судья Родион Киреев эки апталык тыныгуу жарыялануусун айыпкер өзүн коргоо үчүн даярданууга убакыт сураганы менен түшүндүрдү. Үстүнөн жүрүп жаткан сотту саясий жүйөөсү бар деп эсептеген Тимошенко болсо жараяндын эки аптага токтотулушун кылмыш иши кыйраганынын далили катары сыпаттады. Соттун кийинки олтуруму 27-сентябрда болот.


P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды



Антимонополия агенттигинин мүдүрү Бабырбек Жээнбеков менен маек.
Бабырбек Жээнбеков:
"Равшан мени "запойдон" чыгарган эмес"
- Бабырбек мырза, алтымыш жылдык мааракеңиз менен куттуктайм! Сизди өтө бай эмес, орто жашаган эле адам дешет. Алтымыш жылдык мааракеңизди "Ак кемеде" өткөрдүңүз. Мындай нерсе анча-мынча байлардын да колунан келе бербейт. Ким демөөрчүлүк кылды, же Антимонополия агенттиги ушунча эле майлуу-сүттүү кызмат бекен?
- Туура, мен өзүм орто жашаган адаммын."Ак кемеде" өткөрүш деле чындыгында оор. Башка ресторандарга салыштырмалуу "Ак кемеде" өткөрүү жеңилирээк экен. Мүмкүн, сүйлөшүп ошондой арзандаттыкпы, айтор, ар бир кишиге 25 доллардан айланды. Негизинен уулум өткөрүп, уулум жардам берди. Мааракемди өткөрүү оюмда да жок эле. Анан уулум 60 жылдыгыңызды өткөрүп коёлу, канча жылдан бери оппозицияда жүрдүңүз, кыйын учурларды башыңыздан өткөрдүңүз, эми адам баласынын башына келип аткан мындай дата кубанычтуу окуя, муну бир белгилеп коюш керек деп демилге көтөрдү. Кыргызда тойду баштап койгондон кийин ары жагын жөндөп кетиш жеңилирээк. Тууган, урук, дос, тааныштар, чогуу иштешкендер бар, алар жардам беришет. Алдын ала ресторандын тейлөө акысын төлөгөн эмесмин. Той өткөндөн кийин эртеси түшкөн тыйындарды эсептеп, кошумчалап атып кутулдук.
- Журналистикага кандайча келип калдыңыз эле?
- Мен 13 жашыман баштап журналистикага аралашканымды көп адамдар биле бербейт. 7-класстан баштап райондук гезиттерге макалаларымды жазып жүрчүмүн. Ошондуктан, гезит чыгаруу мен үчүн жаңылык деле эмес болчу. Э.Кулуева, А.Надырбекова, Ы.Момбековдор 2005-жылдан баштап гезит ачсак деп мага көп келишти. Алардын суроо-талаптары гезит ачууга түрткү болуп берди. Гезитти иштетип кетериме көзүм жеткенден кийин "Алиби" гезитин ачтык.
- "Алиби", "Назар" гезитинин мурунку курамын жалаң Таластык журналисттер толуктачу эле. Ал эми "Алибинин" азыркы редактору З.Сапанов Таластан эмес экени элге маалым. Сүткө оозуңуз күйүп, эми айранды үйлөп ичип атасызбы?
- "Алибинин" алгачкы редактору Э.Кулуева, А.Надырбековалар Таластык эмес. Бири кетип, бир келип иштеп атышты, мүмкүн кайсы бир убакта негизги курамы Таластыктар болуп калгандыр. Бирок, мен эч убакта Таластык, Нарындык же Оштук деп бөлгүм келбейт. Бүгүнкү күндө "Алибиге" З. Сапановду башкы редактор кылып койдум. Ал түштүктүн,
Памирдин кулуну. Оозумду күйгүзгөн жокмун. Турмушта ар кандай нерселер болот. Кээде сени сатып кетет. Кээде сен ал адамдардын жасап аткан иштерине алымсынбайсың, көңүлүң тойбойт. Ошондой учурда андай кадрлар менен коштошууга туура келет. Башкы редактор туура эмес саясат жүргүзсө, элдин алдында сен да жаман болосуң, коллектив да жаман көрүнөт жана гезиттин окумдуулугу да болбойт. "Алиби" гезити бирөөнү сынга алса, сын калыс болсун, эки тараптын оюн ар дайым беришке аракет кылгыла дейм.
- Аялыңыз финансы маселелерине кийлигишкендиктен улам, кол алдыңызда иштегендер менен көп келишпестиктер болуп турат экен. "Алибиге" келип кайра кеткен журналисттер да аялыңыздын айынан кетишеби?
- Финансы маселесин аялым өзү чечиш керек. Гезиттин расмий ээси ошол киши. Мен гезитти иштетип жолго салып, кармап жүрдүм. Бүгүнкү күндө а киши иштетип атат. А кишинин финансы маселесин чечиши табигый иш да. Мен иштетип аткандан кийин ал жооп берет. Экинчиден, доомат койгон адамдар менен сүйлөшүп көрсөң да болот. Убагында акча берилген, анан албай коюшкан. Кабинетке чакырып, акчаңарды алгыла десем, ортодон бирөө албагыла деп чыгып кеткен нерсе.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??