п»ї

Бабырбек Жээнбеков:
"Равшан мени "запойдон" чыгарган эмес"
- Өкүл балаңыз Адилет Айтикеевди кызматтан эмнеге кетирдиңиз?
- Адилетти өкүл балам эмес, балам деп коём. Аны кетирген жокмун. Балам катары ага катуураак айтсам болмок. Адилет азыр жаш, курч, көп нерсени өтө курчтук, тездик менен кабыл алат. Ар бир нерсеге баа берүүдө туш тарабынан изилдеп көрүш керек. Мен айрым адамдардын айткан сөзүнө ишенип кетип атамбы деп да ойлош керек. Кээде курчтугун кылып коёт дагы, көп нерсеге терең баа бербей калат. Башка жакка кетиптир. Анын кеткен себебин да жакшы билбейт экемин. Анткени, гезит иштерине аралашууга убактым болбой калат. Негизги башкарууну редакторго берем. Гезитке тиешелүү маселелерди редактор өзү чечет.
- Бакиевдердин убагында бир гезит сизди тамашага салып, катуу коркутканын, сиз сизден кичүү баланын телефон чалганынан "Сиз" деп жооп бергениңизди окуп калган элем. Азыр да ошондой коркутуулар болсо, кандай кадам кылмаксыз?
- Бүгүнкү күндө ал мезгилдегидей реалдуу коркутуу жоктугун мен билем. Ал кезде, чындыгында, бычактын мизи менен басып жүрдүк. Бакиев бийлиги кимдерди жок кылуунун планын иштеп койгондугун, мен канчанчы кезекте тургандыгымды да билгем. Чындыгында, кабинетке чейин келип коркуткандар болгон. Биздин редакциянын тегерегинде эртеден-кечке аңдуулар жүрүп, телефондорду тыңшоолор болуп аткан. Мен жашаган үйдүн тегерегинде УКМКнын кызматкерлеринин аңдып жүргөндүгүн жакшы билем. Бүгүнкү бийлик андай иштерге барбайт деп ойлойм. Булардын баары ушундай мектептен өткөн адамдар.
- Өзүңүздүн гезитиңиз турса, эмне үчүн уулуңуз башка гезитте кабарчы? Же уулуңуз менен пикириңер дал келишпейби?
- Керели-кечке эле өзүңдүн гезитиңден чыга берген да туура эмес болуп калат. Мына алтымыш жылдык мааракемдин алдында эки жолу беришти. Мен өзүм дагы ыңгайсыз сезип калдым. Колдон келсе, сен жөнүндө өзүңдүн гезитиң эмес, башка гезиттер жазыш керек. Равшандын башка гезиттерге көп чыгып, аракет кылышын туура деп эсептейм.
- Бир мезгилдерде алкоголго берилип кетип, "запойдон" уулуңуз Равшан мырза чыгарды беле?
- Равшан мени "запойдон" өмүрүндө чыгарган эмес. Бул жерде бир нерсени моюнга алыш керек. Чындыгында эле ичкен убактарым болгон. Эми ичпеген адам жок. Ар бир кырдаалга жараша ичиш керек. Мен ичкенде көчөгө жатып калып же айрым адамдардай болуп "сен мага жүз грамм алып бер" деп артынан ээрчип алган убактар болгон эмес. "Запойго" түшкөн адамды "алкоголик" деп коёт. Андай адамды көтөрүү өтө кыйын. Кудайга шүгүр, өзүмдүн өлчөмүмдү, ченимди, кадыр-баркымды билген адаммын. Ошондуктан, көрө албаган адамдардын ар кандай айткан сөздөрүнө эч убакта көңүл бурбайм. Мындай көрө албастык алмустактан бери болуп келген жана боло берет.
- Азыркы антимонополия агенттигинин мүдүрү ордуңузду акча берип сактап калганыңыз чынбы?
- Мени кызматтан алабыз деген сөз болгон жок. Техникалык өкмөт кетип, коалициялык бийлик келгенде бир топко чейин созулуп барды. Жетекчилердин аяк жагында бекидим. Ал жерде акча маселеси жөнүндө эч кандай сөз болгон жок. Болгону тиешелүү жетекчилер менен сүйлөштүм. Ар бир ведомствону, ар бир министрликти коалицияга кирген беш партия бөлүп алган. Монополияны жөнгө салуу агенттиги "Республика" партиясына тийген. Алар өздөрүнүн кишисин алып келсе болмок. Бирок, бул жерде премьер- министр Алмазбек Атамбаевдин принципиалдуу позициясы менимче чоң роль ойноп кетти. Коалициялык бийлик ишти создуктуруп туруп алганда Алмаз Шаршенович мени чакырып алып: "Иштеп аткан ишиңизде каласыз, кам санабай иштей бериңиз", - деди. Ошондой созулуп кеткен убактарда жанагындай сөздөр чыгып кетиши мүмкүн. Акча берип ордумду сактап калгандардан эмесмин. Адамдык намысым андан бийик турат.
- Кыргызстандын тарыхында кандай ат менен калам деп ойлойсуз?
- Мындай суроого жооп бериш-өтө кыйын нерсе. Мен мындай иш жасадым деп көкүрөк кагыштын өзү да туура эмес болуп калат. Сен кандай иш жасадың, ошол элдин жашоо-турмушун жеңилдетип, элге пайдасы тие турган болсо, ал иштин майдасы, чоңу деген болбойт. Бакиев бийлигин жүргүзүп аткан саясатына макул болбой, өзүбүздүн пикирибизди айтып чыгабыз деп бир топ пикирлеш адамдар чыктык. Алардын арасында мен да бар болчумун. Куугунтугуна карабай, өзүбүздүн принциптерге, позицияга бекем турдук. Өзүмдүн абийиримди, ар-намысымды саткан жокмун. Тарыхта мындай же тигиндей ат менен калам деп айта албайм. Бардык кылган иштериме эл өзү баа бериш керек.
- Президенттик шайлоодо кимди колдогону жатасыз?
- Алмаз Атамбаевди колдойм. Ал киши менен оппозицияда чогуу болдум, жакшы-жаман жактарын, кемчиликтерин, ийгиликтерин билем. Кыргызстанга реалдуу иштеп бере турган адамды алып келишибиз керек.
- Ушуга чейин позицияңызды өзгөрткөн учурларыңыз болду беле?
- Ооба, позициямды өзгөрткөн учур болду. 2009-жылы президенттик шайлоодо Сариевди колдогом. Атамбаевди колдогондор өзүнчө кетип, Сариевди колдогондор азчылыкта калганбыз. Ал үчүн өкүнбөйм, анткени, өзүмдүн позициям бар экенин, бир адамды колдойм десем акыр аягына чейин туруп береримди көрсөттүм. Шайлоодо Сариев өтпөй калды. Ошондо деле Сариевге да, Атамбаевге да ойноп, эки тараптуу болуп жүргөндөр болгон. Мен аларды билем. Атамбаев экөөбүз 2009-жылы күзүндө жарашып, бир сөзгө келгенбиз. Ошондон бери мамилебиз жакшы.
- Сиз "Ак шумкарга", андан кийин "Ата Мекенге", андан бир аз өтпөй эле "СДПКга" өткөнүңүзгө эмне себеп болду?
- Мен эч кимисине, эч бир партияга өткөн жокмун. Бул ар кандай айтылып жүргөн сөз болсо керек. Чынында, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болчумун. Мен шайлоо мезгилинде "Ата Мекен" партиясында жүрсөм да Сариевге жардам бердим. Бирок анын партиясына өткөнүм жок. "Ата Мекен" партиясында мүчөлүктө калгам. Өткөн жылкы революциядан кийин арызымды жазып партиядан чыктым. Себеби, мамлекеттик кызматта иштеп аткан адам партияда турбаш керек. Азыр бир да партиянын мүчөсү эмесмин.
- 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөткө келип, мага Юстиция, уулума Тышкы иштер министрлигин бергиле деп сураганыңыз чынбы?
- Толук болбосо да чындыктын кандайдыр бир үлүшү бар, аны моюнга алам. Болгон нерсени болгон деп айтыш керек. Анткени, 7-апрелде Таласта ок кечип жүрдүм. Бүгүнкү күндө баатырмын деп төшүн каккандардын көбү мага окшоп жүргөн эмес. Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк өкүлдөрү УКМКнын СИЗОсунда отурушкан. Мени Роза Исаковна Таластын элин жакшы билесин, Таласка бар деп өзү жөнөткөн. Атамбаев өзү айткан: "Байке, эртерээк кетиңиз, УКМК бирден камай баштайт, аларда 20 кишинин тизмеси бар, сиз да барсыз",- деген. "Таластан элдин арасына кирсеңиз, сизди тааныбай калышы мүмкүн"- дегенинен Таласка бардым. Керектүү орундардын баарын ээлеп алышкан экен. Мен келгенден кийин мага бийлик бергиле деп кирген жокмун. 4-5 күндөн кийин Исаков Коргоо министри болуп калган экен, а киши менен сүйлөшүп калсам: "Эмне кылып атасың?"-дегенинен, "үйдө эле отурам" дедим. "Юрист эмессиңби, өзүңдүн тармагың менен кетпейсиңби, Азимбек менен сүйлөшөйүн",- деди. "Андай болсо, мага Юстицияны бергиле",- дедим. Бул мыйзам ченемдүү деп ойлойм. Юридикалык тармакта бир орун Юстиция министрлиги экен. Уулума ТИМди бергиле деген эмесмин. Анткени, Равшан ТИМге Руслан Казакбаев отуруп калгандан кийин Америкадан кечирээк келип калды. 17-18-апрелде келди. Ал кезде баары отуруп калган.
- Равшан мырза эртерээк келип калса ТИМди сурамак экенсиз да?
- Равшан келсе да сурамак эмесмин. Эртеси күнү айтыла турган сындар, дооматтар болот. Америкада качып жүрүп, келип кызмат талашып атат деген сөз болмок. Уулума андай сөздөрдүн айтылышын каалаган жокмун. Бирок, уулум кайсы гана тармак болсо алып кетерине көзүм жетет. Колуңдан келсе партиялар менен иштешип, өзүңдү көргөз дедим. Кызматка барбайсың дегем. Бирок, Америкадан келгенден кийин кызмат сурап эмес учураштырып коюш максатында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жолуктуруп койгонум ырас. Бирөөсүнөн да кызмат сураган жок.
- Эмне үчүн түрмөгө отуруп чыктыңыз эле? Толук акталып чыктыңызбы?
- Бакиевдердин убагында "Алиби" гезитин жапканда, сот тарабынан 1 миллион сом мойнубузга жүктөлгөн. Мага башкы редактор катары бир миллион сомду төлөп бересиң деди. Бизге 3 айлык мөөнөт бергиле десек, макул болгон жок. Жерден чукусаң да 3 күндүн ичинде төлөйсүң, төлөбөсөң камайбыз деди. Чоң акчаны 3 күндүн ичинде таба албаганымдан улам, мени камап, 2 күндөн кийин коё беришти. Мындан башка дагы экинчи маселе бар. Ал азыркы депутат Садыр Жапаровдун агасынын жазган арызы боюнча. Ал жерде да иш козголгон. Азыр бул боюнча эч нерсе айтпай эле коё турайын. Бирок бул маселе сотко чейин жетип, соттон кыскартылган.
Төлөбүбү
Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??