п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Классташ

Айнура
Момункулова:
"Мугалимдерди көргөндө сестенип турчубуз"
Кабынан чыгып кетчүдөй жүрөк туйлаткан уккулуктуу ырларды элге тартуулап, колунан комуз түшпөгөн ырчы Дамира Ниязбекованы кимдер билбейт? Бул ырчы кызыбыз элдик ырларды катыра ырдап, ыр дүйнөсүнө сүңгүп жашап келет. Дамира айымдын окуучулук күндөрүн эске салган классташы менен баарлашууну эп көрдүк.

Ынтымактуу элек
Дамира экөөбүз Талас районунун Көк-Кашат айылында кичинебизден тартып бирге өсүп, бирге чоңойдук. Ак бантикти чачыбызга байлап, форма-фартук кийип биринчи класстын босогосун аттадык. 1-8-класска чейин айылыбызда, ал эми 9-10-классты кошуна айыл Кырк-Казыктан бүтүрдүк. Мектепке жөө барып келгендиктен, балдарыбыз сумкаларыбызды көтөрүп алышчу. Классташтар бир нанды бөлүштүрүп жеп, бир туугандай болуп ынтымактуу элек. Жолдо чарчап отуруп, үйдөн алып алган нан, консерваланган бадыраңдарды жеп курсакты тойгузуп, андан ары жолубузду улачубуз.
Тамеки тизген күндөр
Эстесем балалык күндөрүбүз жакшы учурга туш болгон экен. Ак-Жар айылына октябрь айларында колхоз-совхозго тамеки тизип жардап берчүбүз. Ошол маалда Береналива Гүлбайранын туулган күнүнө бардык. Ар бири колунан келишинче белек алып барышар эле. Мисалы: чыны, жоолук, жалпы дептер ж.б. Балдарды чакырбай коюп кошуна айылдагы балдарды конокко чакырсак, биздин балдар угуп алып кызганышып барышкан.
Мугалимди сыйлачубуз
Ыраматылык Майрам эже биринчи мугалимибиз болчу. Англис тилинен берген Анапия эже бизди мыкты окуткан. Биринчи сабактарда тилине түшүнбөй, эмне деп атат деп күлгөн учурларыбыз болгон. Дамира азыр элдин адамы болуп калбадыбы, чет жакка көп чыгат. Анапия эженин таасиринен улам англис тилин мыкты өздөштүрүп, элдер менен кенен пикир алыша алат. Геометриядан берген Төтөшов деген агайыбыз бар эле. Окуучулардын баары коркчу. Агай келе жатат дегенде, кээ бир суу жүрөк классташтарыбыз партанын астына жашынып алчу. Буту-колу узун болгондуктан, шоктук кылган бала качып баратса, колу менен жетип алчу. Мугалимдерди көргөндө сестенип турчубуз. Бул коркуу эмес, сыйлоо дегенди билдирет.
Сүйүүгө жетелеген Индия киносу
Атайын шаардан дем алыш күндөрү Индия киносу келчү. Үйдөкү отургучтан бери алып-барып, берилип ыйлап көрчүбүз. Ата-эненин уруксатысыз кыздар эч жакка чыкчу эмес. Киного барыш, ата-энеңден уруксат сураш үчүн бир жума даярданасың.Киного барган убакта сүйлөшүп жүргөн балдарга жолукчубуз. Ал убакта биздин тема балалык темалардан эле. Мисалы, эртең сабакка канчада барасың, үй тапшырманы аткардыңбы, жарытылуу деле сүйүү темасын сүйлөшпөй, болгону ушу сөздөр эле экен.
Кыздардын жүрүм-туруму мектептин көзөмөлүндө
Дамирага көз кырын салып жүргөн Алтынбек деген бала бар болчу. Тарыхтан берген Кыялбек агайыбыз китепти ачып, Алтынбектин катын баарыбызга окуп берген. Дамиранын бети кызарып-татарып жаман болгон. "Сен ушу менен жүргүң келеби, же тийгиң келеби?"-деп баарыбызга уят кылган. Кызга кырк үйдөн тыюу дегендей, кыздардын жүрүм-туруму мектептин көзөмөлүндө болчу. Арабызда шок кыздар болсо аларды кадимкидей кыздар советине чыгарчу. Адеп-ахлакка үйрөтүп, энеңден кийин мугалим таалим-тарбия берчү.
Алтыбакан орнотуп, ыр ырдап...
Ал убакта азыркы пикникти экскурсия дейт элек. 3 литрлик банкага муздак чай, айран толтуруп алып, кыздар үйлөрүбүздөн тамак жасап чыгат элек. Бекеринен кыргыздын жери бейиштин төрү дешпейт чыгар. Биздин айыл да айтып бүткүс кооз сулуулукту чачып турат да. Бизде бак-дарактар көп болгондуктан сайраган булбулдун үнүн кайра-кайра уккуң келет. Балдарыбыз алтыбакан орнотуп, ыр ырдап ойночубуз. Ойлоп көрсөм, унутулгус сонун күндөр өткөн экен.
Үй-бүлөсү менен ыр жандуу
"Кана эмесе, кыздар" конкурсунда биз биринчиликти эч кимге берчү эмес элек. Дамира биринчи класстан баштап ырга ышкыбоз, таланты ачыла баштаган. Үй-бүлөсү менен ырга шыктуу болчу. Республикалык деңгээлде өтүүчү "Ыр-кесе" долбооруна да үй-бүлөлүк топ болуп катышышчу.
Теңдик заман болчу
Эми биз сүргөн доорду айта берсе бүтпөгөн дастан болчудай. Көрсө, жакшы заманда жашаган экенбиз. Союз маалында коммунизмди куруучу жаштардан болгула деп аксакалдарыбыз бата беришчү. Чыныгы коммунизм ошол маал болгон тура. Ал убакта теңдик заман болчу. Мугалим менен окуучунун айырмасы бар эле. Окуучулар ак кофта, кара юбка кийип, кызыл жагоо тагынышчу. Жакаңда кызыл жагоо жок болсо, мектепке барбай койгонуң дурус эле. Мектептин талабы мыйзам, ал эми тартип темирдей бекем болчу.




Халил Момунов:
"Жаа жасап ойногонум талантыма шык берди"
Өнөр адамдары кайда болбосун нан таап жеши бышык тура. Ар бир кол өнөрчүлүк өзгөчө касиетке ээ эмеспи. Кол өнөрчүлүк кесипти аркалаган мырзабыз менен пикир алыштык.

- Искусство адамдары башкалардан айырмаланып турары бышык. Сиздин өнөргө шыктуулугуңуз качан калыптана баштаган?
- Мен бул өнөргө жаш кезимден кызыга баштагам. 7 жашымда туугандардын үйүнө конокко барсам, жеңем талаа иштерине чыгайын десе, кетмендин сабы жок. Мен жыгачтан сап жасап жатып, эргүү келип, өтө кооздоп жиберипмин. Жеңем: "Бул кетмен көргөзмөгө койчудай го",-деп алгачкы ишиме таң калган. Мектепте окуп жүргөнүмдө Индия кинолоруна таасирленгендиктенби, Митхун Чакрабортинин сүрөтүн атам тартып берсе, кийинчерээк өзүм окшоштуруп тарта баштагам. Ойноп жүрүп жыгачтардан жаа жасагам. Таланттардын башаты ошондон улам болгондур. Ошол балалык таттуу учурдагы жасаган кол өнөрчүлүк дале да бүгүнкүсүндөй сакталуу.
- Сиздин колуңуздан жасалган чеберчилигиңиз белдүү журт башчыларына тартуу кылынганы чынбы?
- Чуйков окуу жайында кыргыз кол өнөрчүлүк бөлүмүн бүтүргөм. Улуттук Көркөм сүрөт академиясына тапшырып атайын кесиптик бөлүмүн аяктагам. Өз кесибим боюнча практикага чыгып, аркар, бугу, топоздордун мүйүзүнөн ар түрдүү сувенирлерди жасадым. Менин кол өнөрчүлүк чеберчилигим жогору бааланып, мен жасаган жааларды Орусиянын экс-президенти В. В. Путинге атайын ыйгарышкан. Экс-мэри Лужковго, Жорж Сороско сый-белек катары ыйгарышты. Экс-президент К. С. Бакиевге да арстан сувенирин тартуулагам.
- Кино жаатындагы атактуу инсандар менен биргелешип иштешесизби?
- Режиссёр Э. Абдыжапаровдун "Уурунун махабаты" киносундагы байыркы жомокту ачып берген кадрларында кийим-кечек, курал-жарактар да менин колумдан чыккан. Тарыхый чыгармаларды экрандаштырыш көп акчаны талап кылышы жалпыбызга маалым. Кантсе да биздин режиссёрлор бара-бара өзөктүү тарыхый окуяларга кайрылышаттыр. Мен да өз эли-жериме салым кошуп, тубаса өнөрүмдү тартуулай берем деген ойдомун.
- Устат-шакирт демекчи, шакирттериңиз барбы?
- Эки агамдын балдары-шакирттерим Зарлык, Сагын. Жасаганың бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн деп бекер айтылбаган чыгар. Бүт өнөрүмдү үйрөтүүдөмүн, кийин устаттан шакирт өтөт болуп, элдер шакирттериме суктанышса, анда менин бактым ошо. Азыр Авто жол техникумунда окушат, сабак бүтөрү менен иш бөлмөмө шашып келгени мени кубандырбай койбойт.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Баткен шаарында өзүмдүн туристтик фирмамды ачтым. Кантсе да Кыргызстандын экономикасына салым кошуп туризмди өнүктүрүү боюнча иш алып баруу менин милдетим. Кыргыздын тээ унутта калган жамбы атуу оюнун жандандырууну көздөп жатам. Ошол оюндун курал-жарагын жасап, ал оюнду билгендерден биздин жаш балдар үйрөнүп алса экен деген тилек. Ошол тарыхыбызга кайрылып жатабыз.
- Таланттуу адамдар ар тараптуу болот дейт?
- Кудайым дагы бир талантты берген экен. Ыйык сахнага ырдап чыксамбы деген оюм бар. Өзүмчө отуруп алып, Айгүл гүлүнө арнап композиция ойлоп табуунун аракетиндемин. Легендасын айтып анан ыр ырдасамбы деген ой бар. Ыр жазган акындар менен биргеликте ыр жаратсакпы деп турам. Апрель айында гүлдөйт, ошол маалда барып клип тартып келсек деген пландар бар.


Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??