п»ї

  Жалгыздык

Отуз уулум болгончо…
Көнүп да бүттүм жалгыздык деген немеге,
Кааласаң уруш, кааласаң мени жемеле.
Кантейин анан адашып тушуп калыпмын,
Желбиреп жаткан жалгыздык деген кемеге.-деп Марат Касыбаев жазгандай, жалгыздык кары-жашына карабай, ар бир адамдын башына келе турган нерсе. Жалгыздык тууралуу учурда түгөйү жок белгилүү инсандарыбызга айрым суроолор менен кайрылдык.

1. "Отуз уулум болгончо, осурак чалым болсочу" деген сөздү кандайча түшүнөсүз?
2. Жалгыз экениңизди кайсыл убакта сезесиз?
3. Турмушка чыкпай жүргөнүңүздүн себеби?

Динара Акулова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Жашоодо ар бир инсан түгөйү менен болсун"

1. Ар бир адамдын башынан жалгыздык өтмөйүнчө мындай суроого түшүнө бериши кыйыныраак. Мисалы, аялзаты канчалык күчтүү болсо дагы, жанында жолдошу жок болсо кыйыныраак болот. Негизи аял кишиге, дегеле бул жашоодо ар бир жанга жалгыздык жарашпайт деп ойлойм. Экинчиден ар бир инсан үй-бүлө күткөндөн кийин "балалуу болсок, уул үйлөп, кыз узатсак" деп тилеп, колдон келген ишин жасап, жай жайына коёт. Ошондон кийин ар кимиси өз үй-бүлөсүн карап кеткенден кийин ким калып калып жатат? Жалгыз эле атасы же апасы калат. Жалгыздык жаш кезде билинбей, жаш өткөндөн кийин ошол сөздү айтат экен да. Мен бул сөздү көптөгөн улуу адамдардан угуп келем. Таежем энемди багам деп жалгыз иштеп жүрдү, ошондо айтчы да: "Силерди эмнеге бактым, андан көрө "осурак" чал таап алсам, ошонум жанымда чай ичип олтурмак экен",-деп бизди тамашалайт эле.

2. Менин кесибим кыйыныраак болгондуктан, ар кандай сөздөрдү, ушактарды угам. Жалгыз кишиге чөп деле, ит деле жармашат. Учурда мен деле жалгыз жүрөм, эки кызымды кагып койбосун деп аларды ойлоп турмушка чыкпай жүрдүм. Эми алар чоңоюп, кенжетайым 11-класска окуп калды.Азыр апам айткан сөздөрдү эстеп, аа ошол сөз туура турбайбы деп калам. Мен теңдүүлөр уул үйлөп, кыз берип жатышат. Алардын тойлоруна жалгыз барганда тартынып уялып калат экенсиң, барсам чуркап кирип ырдап алып эле кетип калам. Эгерде ошол тойдо менин жолдошум да олтурган болсо, ошол үчүн деле катышып олтурмакмын.

3. Чынында турмуштан көңүлүм абдан калып калган. Ден соолугума да терс таасири тийип, эркектерге болгон көз карашым башкача болуп калды. Колумда да жалаң кыз балдар чоңоюп калгандыктан чочулачумун. Билбейм эмне экенин, мени бир нерсе кармап келген. Болбосо канча жигиттер болду, алардан сунуштар болду. Бирок аларга жок дей албай жүрө бердим да. Негизи ичкен адамдардан корком, же ошондуктанбы, билбейм. Анын үстүнө да, азыр мага жага турган жигиттер үй-бүлөлүү, ал эми сунуш кылгандар менден жашы кичүү, же өтө эле улуу, же көңүлүмө жакпайт. Каалаарым жашоодо ар бир инсан түгөйү менен болсун.


  Мырзаларга жалгыздык сезилеби?

Темир Бирназаров, режиссёр:
"Жалгыздык, негизи, жумушу жок бекерчилерге жакшы сезилет болуш керек"
Жалгыздык - бул жынысына карабай баарына сезилет. Ал эми чыгармачыл адамдарга, мисалы мага каяктагы жалгыздык, жумуштан түнкү саат 12де келем. Менин жашоом кечке жумуш менен өтөт, жалгыздыкты сезмек тургай китеп окуганга убактым жок. Кызым бар, силер бар, эл журтум бар эмнеге жалгызмын. Элдин баары эле үй-бүлө күтө берет экен, мен күтпөй эле коёюн деп чечтим. Мен эч кимди сүйбөйм, башкалардын сүйүүсүн кино кылып тартам, ошол мага болот. Жалгыздык негизи жумушу жок бекерчилерге жакшы сезилет болушу керек. Мисалы тойлорго барганда "тигини жебе, муну караба" деп акырайышып, кызганышып олтургандарды көрүп ушунчалык рахат алам. Мен жалгыз олтурам, каалаганымды кылам, каалаганымды ичип олтурам. Ошондо да айрымдар ичи тарып, менин бактымды көрө албай "жалгыз олтурат сороюп" деп сөз чыгарышат. Негизи ар бир адамдын жаратылышы ар башка болот, кээ бири үй-бүлө күткөндөн рахат алса, айрымдар чыгармачылык же башкадан рахат алат.






Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
"Алтымышты таяп калдым, аябай эле билинип калды"

1. Уулдардын, кыздардын баары таштап кетип калат турбайбы?(Күлдү) Баарын баралына жеткирип, акыл-эсине киргизип койсоң, ар ким өз жолу менен кетет ,анан канчалаган аталар, канчалаган энелер жалгыз калып жатпайбы? 10 баласы бар менин ата-энем баарыбыз кеткенде жалгыз калышкан. Атам өзү айдоо аянтында иштеп калган. Ошондо барсам апам: "Отуз уулум болгончо, "осурак" чалым болгону жакшы турбайбы? Жанымда караан ушул болуп жатат"-деп айткан, демек ушул айтылган сөз туура да. Балдардын баары өз жашоосу менен кетсе, жалгызсырабай чалы менен кемпири бирге калган жакшы го дейм.

2. Жалгыз экенимди тойлорго барганда абдан сезем. Досторумдун арасында олтурганда жалгыз экеним билинип калат. Азыр өзү да алтымышты таяп калдым, аябай эле билинип калды, дагы жакш кызым Сайкал, уулум Эркин жанымда. Бирок алар да эртеңки күнү канат кагып кетсе жалгыз калышым мүмкүн. Бирок айланамда курчап турган кыздар, балдар бар. Ал эми жаздыкка жатканда эч нерсе деле сезбейм. Керек болсо ойлонгонго убакыт жок, чарчап шарт эле кулайм.

3. Бир гана себеби "Кыз-Бурак" тобу. "Ошол тобунду таштачы" дегендер көп болду. Мен "жок" деп жеке бактымды "Кыз-Буракка" арнадым.




Айжан Газиева, ырчы:
"Азыр турмушка чыгуу оюмда жок"

1. Эгер балдары жаман болуп чыкса, энеси ошондой деп айтса керек. Мен андай деп айта албайм, менин жашоом жалгыз гана балам.

2. Айрым убактарда оор иштерди өзүм жасаганда сезип калам, анан "жанымда жакшыраак эркек болгондо болбойт беле" дейм. Жалгыз болгондон кийин аялдын да, эркектин да ишин кылууга туура келет.

3. Менин кыялым өтө эле эркек сыяктуу болуп калды, ошондуктан ойлойм, мага мырзалар чыдабайт. Өзүм да абдан талап кылганга көнүп калгам, бир нерсе кыла албай калдыбы ал мен үчүн-катастрофа. Азыр турмушка чыгуу оюмда жок, балдарым, жаңы ачкан студиям менен алекмин.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??