п»ї
 Таанышуу жарыясы


 "Досторго" тобунун солисткасы

Гүлбүбү Ороскул кызы:
"Өзгөнүн сырын билүүнүн өзү-күнөө"
Болливуд киножылдызы Айшвария Рай 1-ноябрда жарык дүйнөгө келген экен. Ырчы кызыбыз Гүлбүбү да 1-ноябрда туулган экен. Сулуунун көркү көзүндө болсо да, чырайлуу көзүнөн эмес, сөзүнөн дейт. Эсенбек Мааданбековдун "Балама" атуу ырын каухардай үнү менен созгондо, кудум Гүлмайрам Момушева эсиме түшөт.

- "Мен кылдым" деп, көпчүлүк көзүнчө төш койгулаганың эмес, көмүскөдө бекинип жасаган ишиң эрдик" деген бир француз жазуучусу. Чыгармачылыктагы сиздин тыныгууңуз да балким ушундайдыр?
- Негизи, мен кылдым деп төш койгулай турган иш жасай элекмин. Келечек пландарымдын баары алдыда. Кудайым буйруса, эми чыгармачылыкка сүңгүп киришем деп ойлойм. Жакшылыктарга барып ырдап турам. Менин максатым бир топ тыныгуудан кийин элге кыргыз жыттанган ырларды тартуулап, нукура жүз, өзгөчө үн менен өз стилим менен чыгуу астындамын.
- Баары эле бирөөнүн сырын билгиси бар, бирок эч ким өзүнүн сырын бирөөлөр билишин каалабайт. Сиздин да жан адамга айткыс купуя сырыңыз бардыр?
- Өзгөнүн сырын билүүнүн өзү- күнөө. Ар бир адамдын купуя сыры бар. Ал сырды жада калса жакын адамына же курбусуна да айтуу мүмкүн эмес. Сыр адамдын ичинде гана катылуу, сыр ошон үчүн сыр. Билем деген адам убара болот.
- Кара жанды карч уруп иштесең, жан кайгыны сезбейсиң. Мээнеткеч ошон үчүн бактылуу экен. Сизди иштин көзүн билген айым дешет?
- Бирок мен, чынында, кара жанды карч уруп чыгармачылыкка эмес, буга чейин үй-бүлөлүк жумуштарга жумшап келдим. Иш боюнча анча-мынча эркектерге караганда алардын ишин жасап коюуга даярмын. Мен таята-таенемдин колунда чоңойдум. Элет жеринде жашаган үчүн үй иштерин да, талаа иштерин да бирдей жасачумун.
- Кызганыч сүйүүдөн чыгат дешет. Андай эмес. Сүйүүдөн чыккан күндө деле ал кудум оттун күлү сымал. Отту оттон чыккан күл, сүйүүнү сүйүүдөн чыккан кызганыч өчүрөт. Сиз кызганууну кандай кабылдайсыз?
- Эң туура айтылган, таамай сөз экен. Буга эч кандай жооп берүүнүн кажети жок.
- Жылтырата тазаланган өтүк эмес, кычырата тигилген өтүк бутуңду жарашыктуу көрсөтөт. Сизге кандай өтүк ыңгайлуу?
- Бул жерде философиялык ой жатат. Кандай адам менен учурушпа, биринчи кезекте бутуна тигилесиң да. Шартка жараша бут кийим тандайм. Кандай өтүк болбосун, эң негизгиси, жарашыктуу жана таза болсо болду. Себеби, бут сүргүч менен сүрө бермей адатым бар. Бийик таканы мен концерт учурунда гана кийбесем, мындай күндөрү жапыз таканы гана кийем. Мага ыңгайлуу спорттук кийим табитиме жакын.
- Сиздей чыгармачыл инсандын элге бүдөмүк жеке жашоосу кандай болду экен?
- Азыркы жашоомду жаңы барактан ачкам. Мурдагы жашоомдун эшиги жабык. Азыр өзүмдүн жан-дүйнөмө туура келген нерсени жети ойлонуп бир кесип жасаганга аракет кылам.
- Кайсы спектакль эсиңизде калды?
- Театрдагы спектакль негизи жашоодон алынат да. Бакен Кыдыкеева жөнүндө режиссёр Алмаз Сарлыкбеков "Талант жана тагдыр" аттуу спектаклин 2004-жылы койгон. Бакен эженин ролун КРнын Эл артисти Назира Мамбетова улуу актрисаны дал өзүндөй кылып ачып берген. Назира эженин ошол ойногону эч эсимден кетпейт.
- Ушундан арылсам болмок деп сизди көп түйшөлткөн адатыңыз?
- Өтө түйшөлткөн деле татаал сапатым жок. Бирөөлөргө ичкен ашымды жерге коюп жакшылык кылууга даярмын. Бирок канчалык алардан запкы жебе, бары бир деле калыптанган адатың дээриңде бар экен да. Адам, тескерисинче, бирөөлөрдүн сага жасаган мамилесинен улам сабак алып катаны өзүңдөн издеп, улам өйдөлөп, өсүп отуруш керек деп ойлойм.
- Сынга кандай карайсыз?
- Абдан жакшы көз караштамын. Негизи, сынды ким айтат, кандай адам айтканы эң чоң роль ойнойт. Кимдин сынын кабыл алышты билем. Анча-мынчаларын кулак сыртынан кетирем.
- Кыздарыңыздын келечегин кандай элестетесиз?
- Аракетимдин бардыгын кыздарым үчүн жумшап келдим. Ырдап жүрүп кыздарын деле тарбиялабаптыр деген сөзгө калбайын деп кыз балага тиешелүү нерсенин баарын үйрөтүп жатам. Улуу кызым Айзуура 16 жашта, кичүүсү Сезим 14 жашта. Булар турмушка чыкканча кудайга шүгүр деймин, үйгө кайсы убакта барбайын үй жыйналуу, тамак жасалуу болот.
- "Досторго" тобу кандайча түзүлгөн?
- Биз ошол "Досторго" тобундагы кыздар болуп чогулуп шерине өткөрүп жүрдүк. Баарыбыз чогулуп, өзүбүзчө топ түзбөйлүбү деп ойлодук. Шартка байланыштуу жетөөнүн бири кыдыр дегендей, 7 кыз калдык. Концерттерге барсак "Үкүлөр" деп чакырышар эле. Себеби баарыбыз кыргыз көйнөк, үкү топу кийип алчубуз да. Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей, баарыбыз дос болгондуктан, "Досторго" аттуу топ түздүк. "Досторго" топ болгону менен мен баарынан эң кичүүсү катары баарын өз эжемдей көрүп, сыйлайм. Мага акыл-насааттарын гана айтып, мен үчүн күйүп-бышып турушат.
- Китеп дүйнөсүнө кандай карайсыз, акыркы жолу колуңузга кармаган китебиңиз?
- Жайлоого чыкканда чоң таштардын арасында, бак-дарактардын көлөкөсүнө жашынып алып китеп окуйт элем. Таенем кыйкырып калчу: "Ай, Гүкү, дагы акты бетиңе жаап алып дымып калдыңбы?". Себеби, китепти ак деп койчу. Кечинде баары уктап калганда, араба чыракты коюп алып, Айтматовдун, Мурза Гапаровдун, Зуура Сооронбаеванын чыгармаларын көзүм жумулуп калгычакты окучумун. Шайтан көпөлөктөр чыракка жабыла тегеренип тоскоолдук жаратса да, ага да кайыл элем. Кийинчерээк турмуш-шартка байланыштуу адабий китептерден бир топ эле алыстап кеттим. Азыр ушул маалда Бүбүмариямдын аяны аркылуу кабыл алган "Айкөл Манас" 10 томдугун жана С. Орозбаковдун вариантындагы "Манасты" окуп жатам.

Динара Асылбекова







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??