Эне тилиңизди канчалык деңгээлде билесиз?
Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилди эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет,- деп белгилүү акын Алтынбек Исмаилов жазгандай, учурда өз эне тилин чанып, башка тилде сүйлөп, а түгүл эне тилин унуткандардын саны арбыды. 23-Сентябрь-Мамлекеттик тил майрамына карата биздин белгилүү инсандарыбызды кыргыз тилин канчалык деңгээлде билет деп, эски сөздөрдөн сурап көрүүнү эп көрдүк.

1. Ажыноолук
2. Азар- түмөн
3. Көк жал
4. Көнөчөк
5. Керегем сага айтам, келиним сен ук

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
1. Билбейт экем.
2. Аны да укпаптырмын.
3. Өткүр, жан кечти кишилерди ушинтип айтып коёт, жетем дегенине эч нерсеге карабай башын сайып коюп, максатына жеткендерди айтат.
4. Билбейт экем.
5. Бул кыйытып айтылган сөз да, түзмө-түз орой болуп калбаш үчүн бир нерсе айтсам түшүнүп ал деген кыйытма сөз.

Кубик Калыков, куудул:
1. Силер эмне орусча менен аралаштырып жатасыңарбы? Билбейм андайды.
2. Билбейт.
3. Жылкыга карата айтылса керек.
4. Көнө түшкөн адамга карата айтылса керек.
5. Бирөө эгер бир нерсеге түшүнбөсө, ошентип айтат да.

Гүланда, ырчы:
1. Билбейт экем.
2. Күмөн саноо.
3. Көк бет адамга карата айтылса керек.
4. Көнүп калган адамды ушинтип атаса керек (Мен укпаган сөздөрдү айтасыңар го?).
5. Ишенген адамына бир нерсени тапшырат го? Ошондой мааниде.

Салима Балтаева, ырчы:
1. Жиндилик, чектен ашкан обу жоктук деген мааниде болушу керек.
2. Аябай көп.
3. Баатыр, эрдик кылган, эч нерседен тайманбагандарды айтат.
4. Жарма куя турган идиш.
5. Кыйытып айтуу иретинде адамга сөз жеткирүү.

Сьездбек Искеналиев, ырчы:
1. Билбейм.
2. Билбейт экем, чынын айтсам, биринчи жолу угуп жатам силерден.
3.Тайманбас, чоң кишилерди айтат болуш керек.
4.Көнөчөгүнөн чыгып кетти көзү деп айтылат го? Менин оюмча, көздүн чекесин айтат болушу керек.
5.Сөздү бирөөнүн бетине айтпай, аны таарынтпастан жеткире айтылган сөз да.

1. Ажыноолук - оң айтса көнбөй тескери качкан, кежир кишилер.
2. Азар - түмөн- өтө көп сансыз, эсепсиз.
3. Көк жал- баатыр, эч нерседен тайманбаган, баарын бетке айткан кишилер.
4. Көнөчөк- уйдун, төөнүн терисинен жасалган идиш.
5. Керегем сага айтам, келиним сен ук- бул сөз кыргыздын маданияты жогору экенин көрсөткөн, келининин кемчилигин көзүнө сайып көрсөтпөй, кыйытып айтсам түшүнөр бекен деп ушинтип айткан. Ал эми түшүнгөн акылдуулары "мени айтып жатат" деп уялып калган.

Бул материалды даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевге ыраазычылык билдиребиз.
Динара Чокоева





Өнөрүң болсо өргө чап

Темираалы Кунашев:

"Спикерибиз 5000 долларлык гитара белек кылды"

Т. Казаковдун "Жамгыр төктүсүн", Атайдын "Эсимдесин", Ниязалынын күүлөрүн, Р. Абдыкадыровдун ырларын гитарага түшүргөн музыкант кандай болду экен? Эң оболу мына ушундай суроо туулат. Дал ушул өнөрдү туу туткан гитарист менен маек курдук.
"Конкурс мен үчүн эмес"
Конкурска ыр ышкыбоздору профессионал эмес музыканттар катышат. Мактаныч катары деле айтпайм, бирок мен үчүн конкурс төмөнкү деңгээлде. Чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган Бетховен, Моцарт эч качан конкурска катышкан эмес. Алар дыйкан катары эккен үрөөнүнөн түшүм алышкан. Менин максатым элдик күүлөрдү, ырларды гитарага түшүрүү жана жакынкы чыгыштын(араб, түрк, иран) музыкасын кыргызчага айкалыштырып түшүрүү. Негизи, батыш музыкасын чыгыш музыкасынан бөлүп караш керек. Мисалы, Моцарт "Турецкий марш" чыгармасын жаратты. Моцарт гений экендигин ким танат? Бирок анын сонотасында бир да түрк музыкасынын элементи жок.
Назарматов кыргызга гитараны тааныткан
Профессор, композитор
Д.М. Назарматов биринчилерден болуп гитаранын дабышын жайылтуу максатында иш жүргүзгөн. Бирок ал өзүнүн ырларын, күүлөрүн кыргыз калоритине түшүрө алган жок. Ал кыргыздын музыкасына Европанын көзү менен карады да.
"Гитара лөлүлөр аркылуу бизге жеткен"
Бул гитаранын өзгөчө түрү-Хосе Ромирес. Андрес Сироя ушул гитаранын өнүктүрүүчүлөрүнүн бири, 94 жашында каза болгон. Өмүрүндө 70тен ашык өлкөгө 80 жыл концерт койгон экен. Альбенистин "Уламыш" аттуу чыгармасын ойноймун. Гитаранын бул түрү 13-кылымда пайда болсо, байыркы чыгышта 5-7- кылымда эле калыптанган. Гитара деген сөз латын тилинен алынган бизче "гү"- дабыш "тар" -кыл деген мааниде. Биринчи араб халифатында пайда болгон. 9-кылымда Лютнядан алынып келинген. 15-кылымда Темирлан Индиядан лөлүлөрдү сүрүп чыгарганда, алар Кавказ аркылуу Орусияга бир аспап алып келет. "Өмүрүмдө эки мажнунду учураттым"
Сүйүүдөн жапа чеккен дербишти Мажнун дейт. Мен өмүрүмдө эки мажнунду учураттым. 86-жылдары Рыспай акенин үйүндө 2 жылча жашап калдым. Анын бир кызык адаты бар эле, түн бир оокумда эргүү келип фортепьяно ойнойт. "Эл уктап жатса сен фортепьяно ойнойсуң"-десем, "эмне элдин баары мендей музыкант беле?"- деп коёт. Көрсө, "Сагынууну" нотага түшүрө албай кыйналып жатыптыр. Мен карап туруп: "Рыспай аке, сиз туура эмес ойноп жатасыз"-десем, анда сен ушуну гитарага түшүрүп көрчү деди. Анан Рыспай акенин "Сагынуу" деген ырын 2 айдын ичинде гитарага түшүрсөм, угуп алып жаш баладай шолоктоп токтоно албай жатса, коркуп кеттим. Апрель айы эле. Дароо ваннага алып барып соолуктурдум. Бул гениалдуу чыгарманы черткениме сыймыктанам. Мындай чыгарма дүйнө классиктеринин да оюна келген эмес.
Айтматовду ойго салган Рыспайдын "Сагынуусу"
- Рыспай акенин "Сагынуусун" черткенде, Айтматов "Кассандра тамгасы" романындагы "И послышалось задушевное пение. Это была японская энка - лирика, тоска по любимой, заклинание и непонимание, ожидание и прощание… И я подумал, что Она где-то рядом, возможно, вон там, на том островке, и что она слышит это пение и знает, что я думаю о ней…" деген сөздөрүнөн улам Бүбүсара Бейшеналиева эсине түшкөнбү, айтор, кызыктай боло түштү. Сүйүү азапка салган сагынууну-энка деп коёт, ошол сагынуу эсине түшкөндүр. Мен баштаганда бутунун учу кичине кыймылдай баштады. Кайырмасын черткенде отургучту бекем кармап алыптыр жыгылып кетпейин деп. Дене бою дүркүрөп муздак тер басып кетиптир. Башка дүйнөгө сүңгүп кирип таш дубалдай катып калыптыр…Гитараны таштап, өзүм коркуп кеттим. Резиденциянын ичиндебиз, президенттин кароолчулары турат. Мындайда жамандык биринчи оюңа келет. Кокустук болуп, Чыңгыз ага жан таслим болсо, мени түрмөгө камап коёру анык эле. Гитаранын дабышынан ушундай болду дегенге ким ишенсин, гитара менен жыга чапты деп ойлошу мүмкүн.
Спикер гитара алып берди
Андан соң 97-жылдары жолукканда Айтматов: "Сен мыкты чертет турбайсыңбы, концерт беришиң керек экен"-деди. Айтматовдун демилгеси менен ошол жылдардан тартып, өмүрүнүн акырына чейин барып жүрдүм. Спикер Ахматбек Келдибеков 5000 доллар турган гитара алып берди. Азыр Айтматовдун мааракесине арнап, Америка композитору Жоэль Шпигельман менен биргеликте концерт койгону даярданып жатам.
Динара Асылбекова