п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Элира:
"Кызымдын ичинен эркектин үнү чыгып..."
Ушул маалга чейин адамга жин кирип кетет десе такыр ишенчү эмесмин. Молдовановка айылында жашаган Камила аттуу 12 жаштагы кызга жин кирип кетиптир деп уккандан кийин, барып өз көзүм менен көргүм келди. Алгач Камиланын ата-энесине телефон чалсам шаарда жүргөнүн айтып, бирок Камиланын оорусу сабак учурунда кармап, айылга шашылыш кетип жатканын айтты.

Классташы калтырап, сүйлөй албай калыптыр
Үйгө жете бергенимде эшиктин алдында Камиланы бир туугандары эки жагынан эки колун кармап отурган экен. Өзүн жоготуп койгон классташы калтырап, сүйлөй албай калыптыр. Анткени, мектептен чыккан кыз Молдовановка айылындагы каналга өлөм деп секирейин деп жаткан жеринен араң кармап калса, жулкунуп, оор ташты көтөрүп башына таштап жиберер алдында кармап калышыптыр. Башкача күчкө ээ болгон кыз, эч кимге ээ-жаа бербей чуркап бараткан жеринен бир туугандары кармап, үйүнө эптеп алып келип, кир десе "кирсем, бычак сайынып өлөм" дегенинен, биз барганда колу-бутунан кармап отурган экен. Биз барып: "Камила, үйгө кир, жүр"-десек, "кирбейм" деп чаңырып жиберди. Тек гана атасы колунан кармап, жүр деп жетелеп ички үйгө киргизгенден кийин жатып алып, шыпты тиктеген боюнча сүйлөп да, ыйлап да жатты: "Менин ичимде Айчүрөк деген 12 жаштагы кыз бар, ал мени өлтүрөм деп жатат. 10-октябрга чейин апам, атам, бир туугандарым, мен-баарыбыз, алтообуз тең намаз окуп калышыбыз керек, окубасак өлтүрөм дейт. Менин жашагым келет, ата, сиз да намаз окуңузчу, сиз эле калдыңыз го",-деп жатты. Кайра туруп, "жок Айчүрөк эмес, мага бир киши айтып жатат, калп" деп башын кармап отуруп калды. Эмне деген шумдукту көрүп жатканымды түшүнбөй, кызды сооротууга аракет кылдым. Ата- энеси мечиттеги молдолорго алып барса, "намаз окугула, аят Ал-урсини окуй бергиле, күткүлө, атын азан чакырып, башка ат бергиле" деп айтыптыр. Азан чакырып Айчүрөк деген ысымын Камилага алмаштырган экен. Ушинтип эле кызыбыз кыйнала береби дейт Камиланын апасы. "Эмне себептен ушундай болуп калды билбейм, үйдө кышкыга салат жасап жатканбыз. Камила болсо жанымда сарымсак тазалап отурган. Телефонумда кудай жөнүндө жазылган ыр бар болчу, ошону угуп отурганбыз, анан эле кызым конок бөлмөгө чуркап кирип кетип эле бакырып ыйлап жиберди, эмне болгонун түшүнбөй калдым".

"Теспени өрттөгүлө!" деп чыр чыгарып
Камила, эмне болду? десем, "апа, тигилерди караңызчы, көп сакалы узун чалдар жүрөт",-деп үрөйүбүздү учурду. "Келме келтир, кызым" деп, атасы кошо келме келтире баштаса, эки кулагын басып алып окубагыла деп чаңырып жиберди. Эмне кыларыбызды билбей, мечитке алып жөнөдүк, ал жакка барганыбызда да кирбейм деп чыр салып жатып, эптеп киргиздик. Молдо дем салып жатса, колдорун майда калтырак басып, көздөрү кан басымы көтөрүлгөн кишидей болуп кызарып чыкты. Арадан бир ай өттү, дагы деле кыйналып жүрөбүз, кимге алып барып көрсөтүштү да билбей калдык. Ар кармаган сайын айткан дубаларды окусак эле кызыбыз эки кулагын жаап окубагыла деп чаңырып эле жатып калат. Намаз окугула деген кудайым буйруса, окуп калдык, бирок, намаз окуп жатканда жаныбызга келип ыйлап, намазга тоскоолдук кылып: "Окубагыла, менин кулагыма бирөө кыйкырып жатат"- деп ыйлап кирет.

"Кызымдын ичинен эркектин үнү чыгып…"
Өткөндө мындай окуя болуп кетти. Күндөгүдөй эле намаз окуп жаткам, анан Камила жүгүрүп келип эле мойнума асылып: "Окуба намаз, теспени өрттөгүлө!"-деп чыңырып, чыр чыгарып жиберди. Эмне кыларымды билбей, кызымды мойнунан муунтуп, "өрттөбөйм, окуйм намазды, чык кызымдын ичинен" деп, дуба кылып кирсем, тобо кылдым, кызым эмес, башка эркектин үнү чыгып, "чыгам, макул кетем болгону намаз окубагыла, мени өлтүрбөгүлөчү" деп жатпайбы. Анан Камила: "Апа, тигине карасаңыз чыгып жатышат, тиги жерде жүрөт, көп экен, терезени ачыңыз",- деп ыйлап жиберди. Атасы чуркап барып терезелердин баарын ачып, арча түтөтүп жиберди. Ушу менен чыгып кетти окшойт деп ойлогонбуз, көрсө, чыкпаптыр,- дейт Камиланын апасы.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??