п»ї

Кантип тандайбыз?
Тамак-аш
Дарбызды кантип тандайбыз?
Дарбыз сатып алар алдында жакшылап черткилеп көрүңүз, бышкан дарбыздын ичинен үн бир идишке суу куюп алганда чыккан сыяктуу чыгат.
Сатып алар алдында чертип көрүп, сыртынан тарсылдаган үн чыкса, бышкан деп алып кетүү туура эмес. Бир эле чертип көрбөстөн, колго алып бекемирээк кысып көрүңүз, себеби, бышкан дарбыз морт болуп, жарака кетчүдөй болгон үн чыгат. Кээ бир дарбыз менен алектенгендер, бышпай жаткан дарбызга марганцовка менен ийне сайып коюшу ыктымал, кызыл өң берип, бышкандай болуп көрүнүш үчүн. Эгер сиз дарбыз сатып аларда кестирип көрүп, анан алып жүргөн болсоңуз, биринчи дарбыздын чел кабык жагына маани бериңиз. Себеби, эч кандай химиялык зат кошулган эмес болсо, марганцовка менен ийне алган эмес болсо, чел кабыгы ак өңдө болот. Эгер саргыч тартып турган болсо, албай эле койгонуңуз оң, демек, ал дарбызга марганцовка берилген. Ал эми эрте чыккан дарбызды жээр алдында бир тилим жеп туруп, 10-15 мин күтүңүз, эгер ден соолугуңузда эч өзгөрүү болбосо, жей берсеңиз болот. Ал эми жаш балдарга эрте бышкан дарбыздан бербей, июль айынын аягына чейин чыдап коюңуздар.


Мода
Кандай тон жарашыктуу?
Тон сатып алардан мурда биринчи өзүңүз чечип алыңыз, кандай максат менен сатып алып жатканыңызды. Эгер сиз жөн эле кооз имидж катары кийгиңиз келип жатса, демек, чөнтөгүңүзгө карап, жаңы саркечтеги тон алсаңыз болот.
Тон кышында жылуулук үчүн керек. Ошол себептен улам жылуу териден тон алыңыз, мисалы үчүн норка. Эгер тонуңуз көпкө чейин сапатын жакшы кармасын десеңиз, анда суурдун терисинен тигилген тон алыңыз. Ал эми түлкүнүн, кочкордун терисинен тигилген тондорду жети мезгил кийсеңиз болот. Мындан тышкары, суурдун, коёндун, ондатранын, тыйын чычкандын терисинен тигилген тондор төрт мезгил өткөнчө сапатын жакшы кармайт. Баса белгилеп кетчү нерсе, тон сатып алар алдында дүкөндөрдү кыдырып, баасын, сапатын билип алуудан эринбеңиз. Классикалык түрдө тигилген тонду алыңыз, себеби, мындай тондор сизге көпкө кызмат кылып берет. Тонду кийгенде сизге жеңил жана ыңгайлуу болушу шарт. Сапаттуу тери жалтырак, жумшак болот. Тондун сапаттуу экенин билиш үчүн, биринчи терини бекем сыгып көрүңүз. Эгер чындап сапаттуу тери болсо, сыгылгандан кийин кайра калыбына келип калат.


Тиричилик буюмдары
Кандай үтүк жакшы?
Биринчиден, сизге кандай функциялуу керек экенин аныктаңыз. Эгер сиз бырышкан пальто кийгиңиз келбесе, демек, сизге кошумча пары бар үтүк керек.
Эгерде дайыма жынсы кийип жүрсөңүз, анда сизге "турбопар"үтүгү керек. Мындан тышкары, үтүктүн күчтүүлүгүнө да көңүл бөлүңүз. Сиздерге үтүктүн таман асты керамика болушун сунуштайбыз, себеби, темирге салыштырмалуу жакшы. Мындай үтүктөр кымбат болгону менен сиздин кийимдериңизге залакасы аз болуп, сапатын көпкө кармайт. Эң сапаттуу үтүк катары TEFAL жана PHILIPS фирмасынын үтүктөрү саналат. Эгер сиз арзан жана көп функциялуу үтүк алгыңыз келсе, VITEK фирмасынын үтүгүн колдонсоңуз болот.




Сулуулук
Кээ бир айымдарыбыз жаратылыш берген келбетине, өң-түсүнө, чачына нааразы болуп кандайдыр бир жаңылануу киргизип турганды жактырат эмеспи. Айрыкча, чачтын өңү көпчүлүк эле айымдарыбызга проблема туудурбай койбойт. Жаратылыш берген чачтын өңү өзүнө жарашпайт, же болбосо ак түшүп кеткен чач айымдар үчүн трагедия десек болот.
Чачыңызга жаңы боёк сатып алардан мурда биринчи өзүңүздүн өң-келбетиңизге, көзүңүздүн өңүнө, териңизге, чачыңыздын узундугуна, коюулугуна жакшылап көңүл бөлүңүз. Боёк сатып алардан мурда анын сапатына да көңүл бөлүңүз. Негизи эле чачты боёо - чач үчүн чоң сыноо, ал эми чачты күйгүзүү бул оор деп айтса болот. Эгер чачыңызды күйгүзөм деп самап жүргөн болсоңуз, анда кылдаттык менен чачыңыздын учтарынан баштап күйгүзүңүз. Көпкө кармалуучу боёктордун чачка зыяны көп, ал эми аз убакытка чейин кармалуучу боёк чачыңызга сиз каалагандай өң бербей калышы мүмкүн. Ошол себептен улам боёк алардан мурда анын сапатына маани берип, канча убакыт кармаш керек экенин так билип алганыңыз оң. Боёктогу химикалык заттар чачыңыздын терисине сиңип кетпеш үчүн, боёлгон чачты жакшылап кароо шарт, атайын бальзамдарды колдонуп, үч күн сайын жууп турууңуз кажет. Сиздин чачыңыздын боёгун көпкө кармап, түшүп калышына шарт бербейт. Чачты кайра-кайра
боёгондо да болбойт, сөз жок эс алдырып туруңуз.


Спортко ылайыктуу бут кийим
Эгер сиз спорт менен машыккан адам болсоңуз, сиз үчүн ыңгайлуу бут кийим керек экенин билсеңиз керек.
Эгер сиз теннис менен машыксаңыз, демек, сизге бутуңуздун согончогуна ыңгайлуу бут кийим керек, бүт жагынан жабык. Ал эми бут кийимдин таманы жумшак болушу шарт. Эгер чуркасаңыз, демек, сизге чуркаганда бутуңуздун согончокторун оорутпаган, жеңил бут кийим керек. Таман асты аба толтурулган, чөнтөкчөлөрү менен. Ошол аба толтурулган чөнтөкчөсү сиздин бутуңузга катуу тийген нерселерден сактап турат.
Эгер сиз степ-аэробика менен машыкканы жатсаңыз, анда биринчи бийик бут кийимге көңүл бөлүңүз жана албетте, жеңил болсун. Алып жатканда бут кийимдин таманына да көңүл бөлүңүз, себеби, таман астында аба толтурулган чөнтөкчөсү болсо, өзүңүздүн бутуңузга эле жакшы болот. Эгер сиз спорт менен машыкпай, жөн эле спорттук бут кийимге кызыксаңыз, демек, сизге кадимкидей эле спорттук бут кийим болот.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??