п»ї

  Обон почта

ОП-185-01. Азамат уулу Калдыбай орто мектебинин 8-классынын кыздары жана 9-класска салам. 0779934ххх
ОП-185-02. Саламатсыздарбы, "Обондун" жалпы жамааты. Мен сиздер аркылуу дүйнөлүк масштабдагы маалыматтар менен камсыз болуп келем. Бул жолу мен Максим Галкин жөнүндө билгим келет. Маалымат бересиздер деп ишенем. Жайна
Максим Галкин 1976-жылы 18-июнда төрөлгөн. Атасы Александр Александрович 1987-1997-жылдар аралыгында танк аскер башчысы, апасы Наталья Григорьевна техника илимдеринин кандидаты болгон. Ушундай тартиптүү үй-бүлөдө чоңойгонуна карабастан, Максимдин искусство тармагына аралашкандыгына үйдүн эң кичүүсү болгону гана түрткү болгон. Максимдин атасы аскер адамы болгонуна байланыштуу ар кайсы жерде көчүп жүрүштү. Максим кайсы гана жерлерде жашабады. Бир канча жыл ата-энеси менен Германияда да жашады. Андан Одессага көчүп кетишкен. Максим Галкин ошол жерден үчүнчү классты бүтүп, андан кийин Забайкальеге көчүп барышкан. Бир канча убакыттан кийин Москвага келишкен. Ошол жерден жаш жылдыз окуусун уланткан. Анын биринчи таланты бала бакчада эле ар кандай майрамдарга катышып жүргөндө айкын болгон. Мектептеги спектаклдерде ойноп, Максим көп жерлерге катышкан. Ал иттин, алкаш адамдын ролдорун жана Остала Бендра сыяктуу атактуулардын чыгармаларын да ойногон.
ОП-185-03. Гүлдана, гүлүм сени сүйөм. Кантип батынып барып сени сүйөм дейм. Сен эмне себептен жүрөгүм бош эмес дедиң? Айтчы мени кыйнабачы, гүлүм. Эрбол
ОП-185-04. Адамга жаралган жалгыз жүрөк, ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Ошондой жалгыз жүрөк менде да бар, ал жүрөк Гүлдананы тандап, Гүлдананы сүйөт. Эрбол
ОП-185-05. Алтыным, асмандагы айым, сени менен түшүмдө жолугушам. Сени эстеп кыялданам. Аттиң жаныңда боло алсам гана, сенин көзүңө карап. Сүйүүмдү айткым келет. Бирок, кандайдыр бир күч кармап калат. Эрбол
ОП-185-06. Сени эстеп көздөн ысык жаш тамды, сени күтүп карегим талды. Айталбаган ак сүйүүмдү сага арнап, ырга көчүп бир өзүңө арнаймын, жаным. Эрбол
ОП-185-07. Окууңарга ийгилик, таза, тунук сүйүү, бакыт жана дүйнөдөгү жакшылыктардын баарын каалайм. Кыргыз элим, өсүп-өнүгө бер!
Каролина 95
ОП-185-08. " Обонтай", баарыңарга салам.Өркүндөй бергиле.

Каролина 95
ОП-185-09. Бул жүрөк көптү көрүп, бирди сүйөт. Эгерде жетпей калса ал жүрөк, алоолонуп отко күйөт. Сүйүү үчүн жараланган жалгыз жүрөк.Сүйүүнүн көзү сокур, даамы да жок сүйүүнүн, бирок тартиби жок, өтө шок. Каролина 95
ОП-185-10. Эх! Сүйүү кандай күчтүү. Тоо-ташты да бузуп барат жалындап. Жалындаган күчтүүлүгүн карачы, бул махабат бакыт, дөөлөт, урушка да жол салат. Каролина 95
ОП-185-11. Сүйүү-өрт, сүйүү-жалын, сүйүү-үшүк. Сүйгөнүңдү сүйө билсең эң бир кызык. Каролина 95
ОП-185-12. Учуп келди сүйүп жүргөн күндөрүм,ар убакта сени сүйүп жүрөмүн. Айлар эмес жылдар өтүп баратат, бул ырым сүйгөнүм, сага арналат. Каролина 95
ОП-185-13. Жаным десем жашоом жарык болчудай, жүрөк аста кээде ылдам сокчудай. Жетпей жүргөн махабаттын сереси, жакын жерден мага колун сунчудай. Каролина 95
ОП-185-14. Махабат назданганда сүрүн ачат, махабат кулпурганда гүлүн чачат. Махабат сагынганда алып барат, сүйүүңдү ар дайым сактап калат. Алдабас үчүн сүй, таштабас үчүн сүй, өкүнбөс үчүн жаша, өлбөс үчүн жаша. Достор, силерге тунук сүйүү каалайм. Ар дайым жүрөгүңөрдүн жарымы менен бактылуу өмүр сүрүп, бул дүйнөдөгү жакшылыктарды көргүлө. Каролина 95
ОП-185-15. Белгилүү ырчы Рианна тууралуу так маалымат бергилечи. Махабат
Рианна 1988-жылы 20-февралда Рональдо жана Маники Фетнинин үй-бүлөсүндө туулган. Апасы Гайаналык, атасы болсо Барбадесте төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Өмүр бою Кариб аймагында жайгашкан 250 миң адамдан турган аралда жашагысы келген. Бирок, кызы кичинесинен айырмаланып турган. Рианна театрларга, маданий иш-чараларга катышып, дайыма утуп жүргөн. Ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы сулуулар сынагынан да жеңүүчү деп табылган. Рианна эс тарткандан баштап ырдап баштаганын эскерет:"Мага ата-энем анчалык деле көңүл бурушкан эмес. Мага дайыма ырдаган жакчу, ошондой эле музыканы жакшы көрчүмүн. Кандай музыка болбосун угуп, өзүмдүн билишимче ырдачумун"-деп, балалыгын ушундайча эскерет. Абдан таланттуу ырчы айым мектепте эле классташтары менен өзүнчө группа түзгөн. Ошол убакта Мэрайя Кэринин "Hero" деген хит ырын аткарчу. Ошондой эле 2004-жылы "Мектеп мисси" деген титулду утуп алган.
ОП-185-16. F4 жөнүндө маалымат бергилечи! 0778994ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, биз мурунку сандарыбызда булар туурасында маалымат бергенбиз.
ОП-185-17. Саламатсыздарбы, "Обон" газетасынын жалпы жамааты, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Айнуска 94
ОП-185-18. Жердин көркү көпөлөк, гүлгө конот көпөлөк. Гүл турмуштун жыргалын, өткөрсөк болду экөөлөп. Аза
ОП-185-19. Көпөлөк учат көкөлөп, артымдан кыздар бөпөлөп. Алдыда сонун өмүрдү, өткөрсөк болду экөөлөп. Аза
ОП-185-20. Элжиретип жүрөктү да эңсетпечи, өткөн күндү эске салып эстебечи. Өмүр бою күтөйүн, сүйөйүн сени, жүрөгүмдүн жалынына суу сеппечи. 0554051ххх
ОП-185-21. Мендеги болгон санаалар, толкуса колго барабар. Өзүңөн көңүл үзбөймүн, жаш жүрөк болду жарадар. 0554051ххх
ОП-185-22. Рустанбек кызы Зуля. Кандайсыз, бардыгы жакшыбы? Мен сизди издеп жүрөм, сизден жооп күтөм. Ринат
ОП-185-23. Саламатсыздарбы, Ильяз байке, сизге суроом: Эмнеге кичинекей айылдарга концерт бербейсиздер? Кызыл-Алай айылынан 11-класстын окуучусу Айбек кызы Гүласел.
ОП-185-24. Сүйүүнүн тамчысынан жаралат ыза, көз жаш. Сүйүүнүн каргышына калдымбы дейм. Күндөр өттү, айлар өттү, жылдар өттү магдырап. Махабаттын ысыгы да, суугу да, учуп кетти ак куу сымал. Оо жараткан, мени салдың тозокко. Кайсы күндү көргөзөйүн дедиң экен. Же мага сүйүүгө орун жок…0773575ххх
ОП-185-25. Жаным ыйлайт, жаным сыздайт. Сөөгүм калды ара жолдо чайналып. Сүйүү деген ысык жалын каргышына кабылып. 0773575ххх
ОП-185-26. Алтыным, айтчы неге баштагыдай эмессиң, оюңду неге мага бөлбөй калдың? Саргайып ушул күздө баратамын, сарсанаага батып турам. Сарсанаамды жамгыр жууса да, кетпей койдуң, сен мени аяйт белең? Берекем, же бул бир байкуш деп басып кетесиңби? 0771575ххх
ОП-185-27. Сүйүү ушул беле чынында. Түшүнбөстөн ишенбепмин башында. Эми ишенип жар саламын сүйүүмдү. Сүйүп калдым жаным ай. Ишендирип кантип даңазалайын сага деген сүйүүмдү. Айтам эми сени сүйөмүн деп жаратканга тиленип. Кагып салсаң кантемин, сүйүүмдү сага деген. Бирок, жаным, каксаң дагы, жаман көрсөң дагы өзүң бил, садагам. Сага деген тунук сүйүүм өчпөйт эми, элесиңди элестетип алып, жаным. Карегимде жашайт сенин элесиң. Бул сага, жооп күтөм. 0773575ххх
ОП-185-28. Бек, мен сени сүйөм. Айка
ОП-185-29. "Кыргызстан Обондорунун" жалпы жамаатына жана угармандарына менден ысык салам. Бар болгула, аман болгула. Мен силердин такай угарманыңар болом. Жаңыл
ОП-185-30. Кандайсыздар, гезиттин жалпы жамааты. Мен Казакстандын белгилүү ырчы жигити Айкын тууралуу маалымат алайын дегем. Айкын жөнүндө жазып койгулачы, силерден көптөн көп сураныч. Перизат.
"Обондон" жооп: Казакстандын ырчы жигити Айкындын толук аты-жөнү Толепберген Айкын Нуртан уулу 1982-жылдын 10-февралында Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген. Жылдыз белгиси-суу куйду. Көзүнүн өңү казак-түрк өңүнө окшош. Үй-бүлөсүндө апасы Гүльзада банкта бухгалтер болуп эмгектенсе, атасы Нуртан кесиби боюнча журналист. Айкын үч бир тууган. Агасы Айдын инженер, карындашы №140 мектепте билим алат. Айкын Казакстандын Улуттук Техникалык Университетинин К.И. Сатпаева атындагы инженер-полиграфик бөлүмүн аяктаган. Хоббиси-ырдап жана музыка жазуу, тамак ичип, сыналгы көрүү. Ошондой эле бильярд ойноо. Ал кызыл түстү жактырат. Айкын биринчи жолу экранга "Super star. kg" долбоорунан жеңишке жетип чыккан. Казакстан жаштар конкурсунда "Жаңы толкун-2006" сынагында 500 миңдин ичинен 80 ырчы финалга чыккан. Анын ичинен алтоо казактар болгон, бир гана Айкын өзүнүн жалгыз таланттуу экенин далилдеген.
ОП-185-31. Азиз деген досумдун жакынкы арада үйлөнүү тою болушу менен чын дилимден куттуктайм. Жа-шоонун арабасын тартып, турмуш жолго сапар алып, бир очоктун түтүнүн булатканы жатасың. Сага үй-бүлөдөгү эң чоң бакыттарды каалайм. Улан
ОП-185-32. Салам, "Обон!" Учкум келет байлап канат. Мени тоскон бакытка кучак жайып баралбаймын. Тушалгансып кайгыга.


Кара- Балтадан Нургиза
ОП-185-33. Салам, "Обон" гезити. "Кыргызстан Обондорунда" иштеген ди-диджей Мээрим Жыргалбекова жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, суранам. 07770505ххх
ОП-185-34. Салам, "Обон", гезиттеги эмгекчилерге, "Демир" банкта иштеген Гүлбара эжеге чоң салам. Упагүл
ОП-185-35. "Обончик", силердин гезитиңер аркылуу көп нерсени билип келем. Бул жолу мага актриса Сальма Хайек тууралуу маалымат бериңиздерчи, сүрөтү менен. Пери
"Обондон" жооп: Хайек Веракрус штатында Коацакоалкос шаарында төрөлгөн. Атасы Ливоно-Иорданский нефт компаниясынын директору. Апасы Диана Хименес Мексиканын ырчысы. Сальма Хайек жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгон. 12 жашында кыздар лицейине жөнөтүлгөн. Ошондой эле гимнастикага катышам деп көп аракеттерди кылган. Хайек актёр Эдвард Нортон менен төрт жыл аралыгында 1999-жылдан баштап 2003-жылга чейин мамиле курган. Андан кийин Джошен Лукас менен 2003-жылдан тартып 2004-жылга чейин жолугушуп жүргөн.
ОП-185-36. Кордобойлу кызыл жашыл гүлдөрдү. Көп гүл үзүп баарын бирдей сүйбөйлү. Гүл деген ыйык болот бул дүйнөдө. Ансыз мүмкүн эмес өткөрүү өмүрдү. Ойлонолу кыргызымдын жигиттери. Аялзаттын кадырына жетеличи. Аялзаты ыйык болот бул жалганда. Ошон үчүн жаратканым бизге берди. 0773160ххх
ОП-185-37. Аялзаты ыйык болот бул жалганда, жете билели аялзаттын кадырына. Бул дагы бир эненин гүлдөй кызы, ошону ойлонолу убагында. Бабник 94
ОП-185-38. Сезимимде учкун учуп, жүрөгүмдүн тамырынан. Элесиң жүрөктү эзип сагындырган. Жаман айт көңүлүмө отту ыргыт. Бирок, жаным, ак сүйүүмдү беките албайм. Билесиңби сени өмүрлүк жарым менен дайыма алдымдан кезиктирем, бирок, эмнегедир ишене албайм сенден кандайча айрылып калганыма. 0773160ххх
ОП-185-39. Сүйбө деп жүрөгүмдү муңга салба. Күтпө деп жүрөгүмдү жаралаба. Сен башканын түгөйүсүң, аны билем. Баары бир сүйөм, жаман көр, караба. Сен деп соккон жүрөгүмдү макул, сезбе. Макулмун, сезимимди жанчып, тепселе. Бирок билгин сүйгөнүмдү чын тана албайм, өмүр бою сен жашайсың. 0773160ххх
ОП-185-40. Салам, Бахина! Кечир, кабарымды билгизбей кеткениме, ортобузда бир гана достук бар, ошондуктан түшүнөрсүң, жаман көрбөсөң керек. Достугубузду аягына чейин уланта алган жокпуз, кечир. Бабник 94
ОП-185-41. Мен Аваз Акимовго салам айтам, анын чыгармачылыгына ийгилик. Мен сени жакшы көрөм. Асел
ОП-185-42. Салам "Обон". Мен сүйгөн роза гүлдү сагындым, ошол розадан, сүйүүмдөн да айрылдым. Кучак жайылган роза гүлүн берген элең сен, байкабастан аны мен... 0700901ххх
ОП-185-43. Аппагымсың ардагым жымыңдаган, сезимим сенсиз менин ырысым. Сезимиңдин ырларын, менин тунук сырларым сага гана арнадым. Касиет 95
ОП-185-44. Салам! Жумуп көрсөм козүмдү, элестетем өзүңдү. Сенин чырай жүзүңдү, сенин кара көзүңдү. Мага болгон сүйүүң барбы? Жүрөгүмдө толду кайгы. Сен башыма конгон бакты, мына ушу жашоо баркы. Карааныңа жалынып, мен жүрөмүн сагынып. Сенин үнүңдү укканда, жалгыз сага багынып. 0700901ххх
ОП-185-45. Турдукожоева Айдананын 23-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Дүйнөдөгү жакшылыктарды каалайм,- деп Самара жана бир туугандары.
ОП-185-46. Салам! Сени сүйгөм кадырыма жетет деп, түбөлүккө кол кармашып кетет деп. Бирок, жаным, түшүнбөдүм мен сага, ойлонбостон таштап мени кетет деп. Болду эми сүйбөйм сени эч качан, бактылуу бол менден башка жан тапсаң. Касиет 95
ОП-185-47. Салам, "Обон". Мен сиңдимдин 23-сентябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. 0779004ххх
ОП-185-48. Салам,"Обон". Мен сени күтүп келем алигиче, куса болуп сен үчүн жүрөгүм эзилгенче. Кусалык курчап алып жан дүйнөмдү, ыйлатып жүрөгүмдү кете берди! Он-Бир - Жылгалык Касиет 95
ОП-185-49. Салам, "Обон". Менин сагынычтуу саламым атама, апама жана бир туугандарыма. Ошондой эле мен тааныгандардын баарына салам. Жан группалаштарымдын баарына ысык салам жолдойм, КЭУнун СН-12 группасына. Мен силерди сүйөм! Касиет 95
ОП-185-50. Керим, сени чексиз сүйөм. Сага ишенем. 0778580ххх
ОП-185-51. Кантем жаным, сүйөрүңдү билбесем, кантем жаным жалгыз сени эстесем. Кантем жаным жалгыз сага жетпесем, кантем жаным сен мени эстебесең. Кантем жаным ойной мага ийилбесең, кантем жаным сагынганым сезбесең. 0771116ххх
ОП-185-52. Кыш-Абат айылындагы №102 Мамат Тешебаев атындагы орто мектебиндеги жалпы 95терге чоң салам. 0771116ххх
ОП-185-53. Мендеги болгон санаалар, толкуса көлгө барабар. Өзүңдөн көңүл үзбөймүн, жаш жүрөк болду жарадар 0554051ххх
ОП-185-54. Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы 11-"Б" классынын окуучуларына чоң салам! Ак жол силерге, бүтүрүүчүлөр! Канттан классташыңар Жибек
ОП-185-55. Салам, "Обоня". Арман аттуу ырчы жигит жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Жоли
ОП-185-56. Эт жүрөк сыздайт, эт жүрөк ыйлайт. Жалгыздык жаман, эки жүрөк ыйлайт. Жаным, кара көзүмө арналат, мен сизди сагындым. 0773175ххх
ОП-185-57.Салам "Обон", мага F4деги кыз Джекён жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. Аяна
ОП-185-58. Кара-Кулжа районундагы Баймырза айылында жашаган апам Нашираткан, иним Курманбек, келиним Айнурга чоң салам. Ар дайым бар болгула. Асманыңар ачык, жылдызыңар өмүр бою өчпөсүн. Кызың, эжең Бакыт
ОП-185-59. Кыдыраша орто мектебиндеги 9-"А" класска салам жана ийгилик. Класс жетекчиси Миңбаева Канзада эжекеме да салам. Эжеке, эч оорубай, бизге окшогон окуучулардын далайын тарбиялап бериңиз. Кызбурак 96
ОП-185-60. Салам, "Обон". Ырчы Сайкал Садыбакасовага менин номеримди берип койгулачы сураныч, мен да ырчы болгум келет. Сайкал, мага жардам бер. Үмүтай
ОП-185-61. К.К.У. мен силерди сагындым. Дайым бар болгула. Бемак
ОП-185-62. Нурлан Насипке: Жүрөгүм сыздаса баары бир арман, көңүлүң ыйласа да бир азап. Кылымга теңегем арзууларымда жашасаң, ошол да мен үчүн кыял. Айнура, Ош
ОП-185-63. Нурлан Насипке: Агарган булут асманды карап. Жүрөгүм турат бир сени самап. Айлам бар болсо, барсам не бир бакыт. Сен жашап жаткан айылды карап. Айнура, Ош
ОП-185-64. Айжамал аттуу оштук сулууга салам. Сени бир көрүп эле сүйүп калдым, көздөрүң мени арбап алды, фигураңа сөз жок, күлкүңөн сенин, жаным, ий. 0778048ххх
ОП-185-65. Бек Борбиев, 24-сентябрь туулган күнүңүз менен, узак жашаңыз. Гуля
ОП-185-66. Салам, "Обон" гезити. Мен жалпы Кыш-Абат айылынын тургундарына салам айтам. Кыш-Абаттан Орозбек kg 95
ОП-185-67. Кара-Суу совхоздуктарга салам. 94төр, кыздар, барсыңарбы? 0554174ххх
ОП-185-68. Салам, "Обон". Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди, өмүрүңүздөр дайрадай узак болушун, ушинтип эле кыргыз элиме кызматыңыздарды кылып жүрө беришиңиздерди каалайм! Касиет 95. Мен сиздерди сүйөм!
ОП-185-69. Салам, "Обонушка". Мен сени сүйөм, сенсиз күн жоктой сезилет. Алыстасам куса болуп сагынам, менин Кыргызстаным, Он- Бир-Жылгам, мен сени чексиз сүйөм. Касиет 95
ОП-185-70. Досум Азизге салам. Сага эң кымбат бактылуу күндөрдү каалайм. Эч качан азыркыдай ууртуңдагы бакыттын нуру өчпөсүн. Бактылуу жаштыктын өмүрүн сүрүп жүрө бергин. Сени урматтаган досуң Улан.
ОП-185-71. Эй, Эрбол, ошол да проблемабы? Башка кыз таап ал, эмне башыңды оорутуп... 0779739ххх
ОП-185-72. Эй, мен тааныбаган Эрбол, ошол да проблемабы, номерин алмаштырса, башкасын таап ал. 0779739ххх
ОП-185-73. Медер, сени сүйөм, сени абдан сагындым, сени көрсөм деп эңсейм. Мээрим 97
ОП-185-74. Азамат уулу Калдыбай орто мектебинин 1997-1996-жылкыларына чоң салам. 0779192ххх
ОП-185-75. Ассалому алейкум! Менин саламым ыймандуу, мээримдүү кыргыз эллине жолдонот. Мая
ОП-185-76. Тогуз-Торонун Дөмөмөл айылындагы апам Бурулча, атам Майрамбекке, иним Асылбекке, эжем Астрага, байкем Асылбекке чоң салам,- деп Айпери.
ОП-185-78. Медер 95, сени сагындым, мага чалчы. 0556001ххх
ОП-185-77. Кара-Суу айылынын тургундары атам Рыскулга, апам Алмашка жана бир туугандарыма ысык салам. 0779567ххх
ОП-185-78. Оорубачы Алиса, силер да айтып койгулачы, оорубасын. Али
ОП-185-79. Бардык кыргыз элиме салам. Ак - Суудан Айжан
ОП-185-80. Апама салам, мен сени чексиз жакшы көрөм. Сенин энелик ак сүтүңдү актоого тырышам. Бегимжан






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??